Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЭТИЛ СПИРТИН, АЛКОГОЛДУК ПРОДУКЦИЯНЫ ӨНДҮРҮҮНҮ ЖАНА ЖҮГҮРТҮҮНҮ КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2024-жылдын 14-майы № 3
Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Биоэтанол жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунун 16-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
- Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, тиркемеге ылайык;
2. Уюштуруу жана укуктук иштери боюнча бөлүмүнө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдеринде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары А.К. Аманбаевге жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 16-майында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Директор | А.А. Токтогулов |