Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-майы № 250
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү, анын статусун жана беделин жогорулатуу жана ишкердик субъекттеринин кызматтык паспортторду алуусу үчүн критерийлерди жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 6-пунктчасында "акционердик коомдор" деген сөздөр "чарбакер субъекттер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттун 11-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды жылына 5 (беш) миллион сомдон кем эмес көлөмдө экспорттоону жүзөгө ашырууга, экспорттук көлөм жок болгон учурда өткөн жыл үчүн 15 (он беш) миллион сом көлөмүндө төлөнгөн салыкка ээ болууга же кызматтык паспортко документтерди берген учурда 50дөн (элүү) кем эмес түзүлгөн туруктуу иштеген жумуш орундарына ээ болууга;";
- 151-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды өткөн жылы 5 (беш) миллион сомдон кем эмес көлөмдө экспорттоону жүзөгө ашыргандыгы жөнүндө салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган документ, экспорттук көлөм жок болгон учурда өткөн жыл үчүн 15 (он беш) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө салык төлөгөндүгүн ырастаган документ же кызматтык паспортко документтерди берген учурда 50дөн (элүү) кем эмес туруктуу иштеген жумуш орундары бар экендигин ырастаган документ берилет;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |