Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна) |
Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - мамлекеттик кесиптик лицейлер жана колледждер) чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдарынын сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен формалар боюнча аныкталат.
3. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетинин жалпы чыгымдарын келерки жылга аныктоодо ирилештирилген кесиптер жана адистиктер боюнча типтүү ченемдердин орточо наркына жараша түзүлгөн башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучуларды даярдоонун мамлекеттик наркынын финансылык камсыз болушунун орточо (эсептик) ченеми (мындан ары - чыгымдардын орточо ченеми) колдонулат.
2-глава. Мамлекеттик лицейлерди жана колледждерди бюджеттик каржылоонун көлөмдөрүн түзүү
4. Ченемдик каржылоого которулган мамлекеттик кесиптик лицейлер келерки жылга бюджеттин долбоорун окуу жана реабилитациялык топтор боюнча, окутуу мөөнөттөрү, кесиптик лицейлердин жайгашкан орду жана жылына бир билим алуучуга эсептөө менен чыгымдардын орточо ченемдери боюнча учурдагы окуу жылынын 1-октябрына карата билим алуучулардын санына ылайык аныктайт.
5. Мамлекеттик кесиптик лицейлер республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөнү төмөнкү формула боюнча эсептейт:
Пi = ПiЭТФ Î ПiСТИП + ПiТАМ + ПiУЧ + ПiОСТ + ПiКУ + РiЦХ
мында:
Пi - i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга чыгымдардын орточо ченемдерин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө.
6. ПiЭТФ - i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү кошкондо, эмгек акы төлөө фондуна чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- мамлекеттик кесиптик лицейлердин j-ошол келерки жылга окуу мөөнөтү боюнча эмгек акы төлөө фондуна чыгымдардын орточо ченеми;
- учурдагы окуу жылынын 1-октябрына j-ошол окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейде билим алуучулардын саны;
КСТ- стационардык ашкана болгон учурда ашпозчулардын жана ашкана кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдыруучу эмгек акы фондуна карата 1,04 жогорулоочу коэффициент;
КОБЩ- жатакана болгон учурда жатакана кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдыруучу эмгек акы фондуна карата 1,06 жогорулоочу коэффициент;
Ккотп - откана жана меш менен жылытууда от жагуучулар болгон учурда операторлордун эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдыруучу эмгек акы фондуна карата 1,03 жогорулоочу коэффициент;
КНАП - топтор 12-15 билим алуучулар менен түзүлгөн көркөм жана зергер буюмдарын жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү үчүн кадрларды даярдаган кесиптик лицейлерде билим алуучулардын санына карата 1,3 жогорулоочу коэффициент;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш стажы үчүн мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы;
- жогоруда аталган токтомго ылайык бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти.
7. ПiСТИП - i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга стипендияны төлөөгө чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылууга республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
- j-келерки жылга ошол окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлерде билим алуучулардын окуу жана социалдык стипендиясына чыгымдардын орточо ченеми;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында билим алуучулардын окуу жана социалдык стипендиясына кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти;
- бүтүрүүчүлөргө - жетим балдарга жана мамлекеттик кесиптик лицейлердин реабилитациялык топторунда билим алуучуларга келерки жылга бошонуу жөлөкпулуна чыгымдар;
- келерки жылга j-ошол окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейдин бошонуу жөлөкпулун алган жетим балдардын бүтүрүүчүлөрүнүн жана реабилитациялык топтордо билим алуучулардын саны.
8. - келерки жылга i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей боюнча билим алуучулардын тамактануусуна чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылууга республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
- келерки жылга j-ошол окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлерде билим алуучулардын тамактануусуна чыгымдардын орточо ченеми;
- келерки жылга j-ошол окуу мөөнөтү боюнча тамактанган билим алуучулардын саны.
9. - i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга окууда сарпталуучу материалдарга чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылууга республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
БКЧУЧ - келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерде билим алуучуларды окутууда сарпталуучу материалдарына чыгымдардын орточо ченеми;
OC - учурдагы окуу жылынын 1-октябрына карата мамлекеттик кесиптик лицейде билим алуучулардын саны.
10. - келерки жылга i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей боюнча калган чыгымдарга (окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле учурдагы оңдоо) чыгымдардын орточо ченемдерин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
БКЧОСТ- келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин калган чыгымдарына чыгымдардын орточо ченеми:
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- имараттарды учурдагы оңдоого.
ОС - учурдагы окуу жылынын 1-октябрына карата мамлекеттик кесиптик лицейде билим алуучулардын саны.
11. - келерки жылга i-ошол мамлекеттик кесиптик лидей боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (электр энергиясы, жылытуу, көмүр сатып алуу, суу керектөө жана байланыш кызматтары) акы төлөөгө чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
БКЧКК - келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө чыгымдардын орточо ченеми;
КПТ - Бишкек шаарынын № 20, 91, 94 мамлекеттик кесиптик лицейлердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө чыгымдардын ченемине карата 2,5 жогорулоочу коэффициент.
ОС - учурдагы окуу жылынын 1-октябрына карата мамлекеттик кесиптик лицейде билим алуучулардын саны.
12. - максаггуу мүнөздөгү i-ошол мамлекеттик кесиптик лицейге бөлүнүүчү республикалык бюджеттин чыгымдары (кымбат баалуу жабдууларды сатып алуу, капиталдык оңдоо жана курулуш, башка типтүү эмес чыгымдар).
13. Ченемдик каржылоого которулбаган мамлекеттик кесиптик лицейлер үчүн чыгымдар чыгымдардын бардык беренелери боюнча чыгымдарды эсептөө жолу менен колдонуудагы жол-жоболорго жараша аныкталат.
14. Келерки жылга чыгымдардын орто ченемин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (мындан ары - БИМ) мамлекеттик кесиптик лицейлер республикалык бюджеттин каражаттарына болгон жалпы керектөөнү экономикалык классификациянын беренелери боюнча берет.
15. БИМ келерки жылга чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик кесиптик лицейлердин республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөөсүн БИМдин бюджетинин жалпы долбооруна экономикалык классификациянын беренелери боюнча киргизет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - МФ) берет.
16. Ченемдик каржылоого которулган мамлекеттик колледждер келерки жылга бюджеттин долбоорун билим алуучулардын орточо жылдык санына жана жылына бир билим алуучуга эсептөө менен чыгымдардын орточо ченемине ылайык аныктайт.
17. Келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөнү эсептөө үчүн мамлекеттик колледждер пландалган жылдын
1-январына карата абал боюнча билим алуучулардын орточо жылдык санын, пландалган жылдын 1-сентябрынан тартып билим алуучуларды күтүлүүчү кабыл алууну жана 1-июлунан тартып билим алуучуларды бүтүрүүнү эсептейт. Бул көрсөткүчтөр жеке жактар менен алынат.
Билим алуучулардын жылдык орточо санын эсептөөнүн мисалы:
- жыл башында билим алуучулардын иш жүзүндөгү саны - 200 адам;
- 1-сентябрдан баштап билим алуучуларды кабыл алуу - 100 адам;
- 1-июлдан баштап билим алуучуларды бүтүрүү - 80 адам.
Жеке жактарда аныкталган жыл башында билим алуучулардын иш жүзүндөгү саны орточо жылдык көрсөткүчкө барабар деп кабыл алынат.
Билим алуучуларды кабыл алуунун жылдык орточо саны окуу жылынын башталышын эске алуу менен 1-сентябрдан баштап аныкталат, башкача айтканда билим алуучулар ушул жылы 4 ай окушат жана билим алуучулардын физикалык саны 100 адам деп кабыл алууда орточо жылдык кабыл алуу 33 студентти түзөт (100 адам х 4 ай: 12 ай).
Билим алуучуларды бүтүрүүнүн жылдык орточо санын аныктоо алар окубаган жылдагы убакыттын узактыгына жараша жүргүзүлөт. Билим алуучулардын физикалык саны 80 адам болгондо орточо жылдык бүтүрүү 40 билим алуучуну түзөт (80 адам х 6 ай: 12 ай).
Ошентип, бул мисалда билим алуучулардын орточо жылдык саны төмөнкүнү түзөт:
- жыл башындагы билим алуучулардын иш жүзүндөгү саны: 200 адам;
- 1-сентябрдан баштап билим алуучуларды орточо жылдык кабыл алуу + 33 адам;
- 1-июлдан баштап билим алуучулардын жылдык орточо бүтүрүүсү: - 40 адам;
- билим алуучулардын жылдык орточо саны: 193 адам (200+33-40).
18. Бюджеттик каражаттардын эсебинен билим алуучуларды даярдоону каржылоодо окуу тобундагы билим алуучулардын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик жана укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө жобого ылайык окутуунун күндүзгү формасы боюнча 25 адам, күндүзгү-сырттан окуу (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча топто кеминде 15 адам деп белгиленет.
19. Мамлекеттик колледж келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөнү билим алуучулардын орточо жылдык санына жана чыгымдардын орточо ченемине жараша төмөнкү формула боюнча эсептейт:
мында:
Пi - келерки жылга i-ошол мамлекеттик колледж боюнча чыгымдардын ченемдерин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө.
20. - i-ошол мамлекеттик колледж боюнча билим берүү процессине чыгымдардын ченемин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- келерки жылга j-ошол адистик боюнча мамлекеттик колледждердин билим берүү процессине чыгымдарынын орточо ченеми;
СС - мамлекеттик колледжде билим алуучулардын жылдык орточо саны;
КПОВ - "Музыкалык билим берүү" жана "Искусствонун көркөм жана колдонмо түрлөрү" адистиктери үчүн жогорулоочу коэффициент тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4, 8;
КОБЩ - иштеп жаткан жатакана бар болсо, жатакананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдыруучу билим берүү процессине 1,08 жогорулоочу коэффициент;
КСЕЛ - айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик колледждер үчүн 1,1 жогорулоочу коэффициент;
КРЕГ - калкынын саны аз болгон региондордо жайгашкан жана артыкчылыктуу адистиктер боюнча же даярдоо ошол уюмда гана жүргүзүлүүчү адистиктер боюнча кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик колледждер үчүн (Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжи, Талас агрардык-экономикалык колледжи, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу Нарын педагогикалык колледжи) 1,3 жогорулоочу коэффициент;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш стажы үчүн мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти.
21. - i-ошол мамлекеттик колледж боюнча билим берүү чөйрөсүнө чыгымдардын ченемин камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
БКЧОС - келерки жылга мамлекеттик колледждердин билим берүү чөйрөсүнө болгон чыгымдарынын орточо ченеми;
СС - мамлекеттик колледжде билим алуучулардын жылдык орточо саны;
КПОВ - Токмок агроэкономикалык колледжинин, Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин билим берүү чөйрөсүнө чыгымдар ченемине карата 3,0 жогорулоочу коэффициент.
22. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-январындагы № 7 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелерде тамак-аштын акчалай ченемдери жөнүнде" токтомуна ылайык жетим балдардын ичинен билим алуучулардын тамактануусуна кеткен чыгымдар.
23. - максаттуу мүнөздөгү i-ошол мамлекеттик колледжге бөлүнүүчү республикалык бюджеттин чыгымдары (кымбат баалуу жабдууларды сатып алуу, капиталдык оңдоо жана курулуш, башка типтүү эмес чыгымдар).
24. Келерки жылга чыгымдардын орто ченемин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колледждер республикалык бюджеттин каражаттарына болгон жалпы керектөөнү экономикалык классификациянын беренелери боюнча БИМге берет.
25. БИМ келерки жылга чыгымдардын орточо ченемин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колледждердин республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөөсүн БИМ бюджетинин жалпы долбооруна экономикалык классификациянын беренелери боюнча киргизет жана МФ берет.
3-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасын бекитүү
26. ФМ мамлекеттик кесиптик лицейлер жана колледждер боюнча экономикалык классификациянын беренелери боюнча билим алуучулардын саны, чыгымдардын орточо ченемдери боюнча аныкталган келерки жылга бюджеттик каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрүн БИМге жеткирет.
27. БИМ республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү экономикалык классификациянын чыгымдарынын беренелери боюнча бюджеттик каржылоонун керектөөсүнө жана керектөөлөрдү жабуунун бирдиктүү ченемине жараша аныктайт.
28. Ар бир мамлекеттик кесиптик лицей жана колледж боюнча келерки жылга контролдук көрсөткүчтөр БИМ бекиткен мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдарынын беренелери боюнча керектөөлөрүн жабуу ченемдерин эске алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ККi = Кi х р,
мында:
ККi - i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей жана колледж боюнча келерки жылга контролдук көрсөткүчтөр;
Кi - i-ошол мамлекеттик кесиптик лицей/колледж боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына мамлекеттик кесиптик лицейди жана колледжди бюджеттик каржылоонун керектөөсүн жабуунун ченеми;
р - мамлекеттик кесиптик лицейлерди жана колледждерди бюджеттик каржылоонун керектөөлөрүн жабуунун бирдиктүү ченеми.
29. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдар беренелери боюнча керектөөлөрүн жабуунун ченеми мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджеттик камсыз болуусун этап-этабы менен теңдештирүү саясатын жана республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
Р - мамлекеттик кесиптик лицейлерди жана колледждерди бюджеттик каржылоонун керектөөлөрүн жабуунун ченеми;
Б - келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөр;
К - мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөсү.
30. Билим алуучулардын санына жараша каржылоо шарттарында эмгек акы төлөө фонду боюнча жана коммуналдык кызматтардын чыгымдары боюнча бюджеттин жетишсиздигинин финансылык тобокелдиги бар мамлекеттик кесиптик лицейлер жана колледждер үчүн БИМ оптималдаштыруу иш-чараларын жүргүзүү мезгилинде 2025-жылы каржылоонун тартыштыгынын 70 пайызына чейин, 2026-жылы 50 пайызга чейин, 2027-жылы 30 пайызга чейин бюджеттен тышкаркы дотацияларды белгилөөгө укуктуу.
31. Финансылык тобокелдиктер деп эмгек акы төлөө фонду жана коммуналдык кызматтардын чыгымдары боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына иш жүзүндөгү керектөөгө салыштырмалуу чыгымдардын ченеми боюнча эсептелген мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетинин тартыштыгы түшүнүлөт.
32. Дотациялар натыйжалуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджеттик чыгымдарынын чектеринде мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетинин өсүшүн төмөндөтүүнүн бирдиктүү пайызынын эсебинен төмөнкү формула боюнча бөлүнөт:
,
мында:
ТБП - натыйжалуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетинин өсүшүн төмөндөтүүнүн бирдиктүү пайызы;
Д - бюджеттин чегинде дотациянын суммасы;
БӨЭФ - натыйжалуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетинин өсүшү.
4-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетин тактоо
33. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдарынын сметасын тактоо МФ менен макулдашуу боюнча БИМ тарабынан жүргүзүлөт.
34. Чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
- бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына же колдонуудагылардын өзгөрүшүнө байланыштуу;
- окуу жылынын башталышына карата топтордун санын көбөйтүүгө (азайтууга) алып келген билим алуучулардын санынын көбөйүүсү (азайуусу);
- республикалык бюджеттен кошумча ассигнованиелерди максаттуу бөлүүгө байланыштуу.
35. Билим алуучулардын санынын жана топтордун санынын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин чыгымдарынын сметасын тактоо мамлекеттик кесиптик лицейлер менен колледждердин ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү же кошумча каражаттарды бөлүү жолу менен жүргүзүлөт.
5-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин бюджетинин аткарылышы
36. БИМ мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин экономикалык классификациянын беренелери боюнча алдыдагы жылдын чыгымдардын сметасын жазуу менен түзөт. Мында экономикалык классификациялар боюнча бюджеттик чыгымдар ар бир чыгымдар беренеси боюнча түзүлгөн керектөөнү жабуу ченемин эске алуу менен аныкталат.
37. БИМ ар бир мамлекеттик кесиптик лицей жана колледж үчүн ай сайын өзүнчө кредиттерди ачат. Мамлекеттик кесиптик лицей жана колледж бюджеттик каражаттарды алуучу болуп саналат.
38. Бөлүнгөн каражаттардын суммасы бюджеттерди аткаруу процессинде мыйзамдарда белгиленген тартипте аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырылган сметалардын чегинде болууга тийиш.
39. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана финансылык жылдын аягында кредиттик карыздардын болушуна жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
40. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын түзүүдө мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин түзүмүн жана чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча пландалган иш-чаралар эске алынат.
41. Оперативдүү жана бухгалтердик эсеп "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
42. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин эсепке алуусу жана отчеттуулугу экономикалык классифкациялардын чыгымдардын бардык беренелери боюнча белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
43. БИМ мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин отчетторунун негизинде республикалык бюджеттин каражаттары боюнча жыйынды отчет түзөт жана ФМ белгиленген мөөнөттөрдө берет.
6-глава. Жогорку окуу жайлардын алдындагы өз алдынча бухгалтериясы жок мамлекеттик колледждерди каржылоонун өзгөчөлүктөрү
44. Жогорку окуу жайлардын алдындагы ченемдик каржылоо шарттарында иштеген, өз алдынча бухгалтериясы жок мамлекеттик колледждер (мындан ары - ЖОЖдун алдындагы мамлекеттик колледждер) ФМ тарабынан бекитилүүчү казыналык жол-жоболорго ылайык республикалык бюджеттин каражаттарын эсепке алуу үчүн "1S: Казна. Бюджет" маалыматтык системасында жеке бюджеттик, депозиттик жана атайын эсептерди ачууга укуктуу.
45. Мамлекеттик колледжди ЖОЖдун бухгалтериясы тарабынан акысыз же келишимдик негизде тейлөөдө мамлекеттик колледждин кирешелерин жана чыгашаларын эсепке алуу өзүнчө жүргүзүлөт жана эсепке алууда юридикалык жактын статусу бар өз алдынча уюм катары чагылдырылат.
46. ЖОЖдордун алдындагы мамлекеттик колледждер келерки жылга БИМ тарабынан аныкталган бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдардын өзүнчө сметасын өз алдынча түзөт.
47. ЖОЖдун алдындагы мамлекеттик колледждин чыгымдарынын сметасы ЖОЖдун алдындагы мамлекеттик колледждин жетекчиси тарабынан бекитилет.
48. Бюджетти аткаруу процессинде БИМ өтүнмөгө ылайык ЖОЖдун алдындагы мамлекеттик колледждин эсебине каражаттарды которот.
49. Финансылык документтерди тариздөөдө биринчи кол коюу укугу ЖОЖдун алдындагы мамлекеттик колледждин жетекчисине таандык.
50. Экинчи кол коюу укугу мамлекеттик колледжди тейлеген ЖОЖдун бухгалтериясынын башкы бухгалтерине таандык.
51. ЖОЖдордун алдындагы мамлекеттик колледждер БИМ тарабынан белгиленген формалар жана мөөнөттөр боюнча отчетторду берет.