Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 22-майы № 254-т
2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы спорттук иш-чараларды сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына ылайык:
1. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы спорттук иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй ири масштабдагы спорттук иш-чаралар өткөрүлсүн:
1) 2024-жылдын 14-августунан 17-августуна чейин эркектер жана аялдар арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионаты, Ысык-Көл облусу;
2) 2024-жылдын 21-августунан 22-августуна чейин гиря спорту боюнча дүйнө чемпионаты, Ысык-Көл облусу;
3) 2024-жылдын 14-сентябрынан 15-сентябрына чейин триатлон боюнча Азия кубогу, Ысык-Көл облусу;
4) 2024-жылдын 9-октябрынан 12-октябрына чейин кармашып урушуу боюнча Азия чемпионаты, Бишкек шаары;
5) 2024-жылдын 15-ноябрынан 18-ноябрына чейин таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты, Бишкек шаары.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2024-жылга каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ири масштабдагы спорттук иш-чаралардын катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ири масштабдагы спорттук иш-чаралар өтүүчү жерлерде коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн, ошондой эле зарыл болгон учурда катышуучуларды коштоп жүрүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдын ала жөнөтүлгөн расмий өтүнүч каттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык чет өлкөлүк жарандардын - ири масштабдагы спорттук иш-чаралардын катышуучуларынын визаларын тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын алкагында ири масштабдагы спорттук иш-чаралардын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу коноктордун коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, чет өлкөлүк жарандардын - ири масштабдагы спорттук иш-чаралардын катышуучуларынын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө аларга көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоону жүзөгө ашырсын;
- ири масштабдагы спорттук иш-чараларды өткөрүүнү каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын;
- ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына ири масштабдагы спорттук иш-чараларга даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана трансляциялоону камсыз кылуу;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна ардактуу конокторду-делегаттарды "Манас-2" аэропортунун расмий делегация залы аркылуу тосуп алууну акысыз негизде уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын көчөлөрүн ири масштабдагы спорттук иш-чаралардын тийиштүү символикалары бар жарнамалык такталар менен жасалгалоо;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна ири масштабдагы спорттук иш-чаралар өтүүчү жерлерде электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы спорттук иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын директору;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын гиря спорту федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын кармашып урушуу федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын таяк тартыш (мас-рестлинг) федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын триатлон федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).