Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 255 токтомуна) |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн ТИПТҮҮ ТАРТИБИ
1. Жалпы түшүнүктөр
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби (мындан ары - Тартип) жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөнкү мамлекеттик органдар жана уюмдар саналат:
1) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү;
2) прокуратура органдары;
3) ички иштер органдары;
4) эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү;
5) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү;
6) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү;
7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
8) жаштар үйлөрү, борборлору, уюмдары жана бирикмелери.
3. Жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу, ошондой эле жаштардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча субъекттер менен өз ара аракеттенет.
2. Өз ара аракеттенүүнүн милдеттери жана негизги түрлөрү
4. Өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштарды жана жаштардын аялуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүнө тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү;
2) жаштардын маселелерине багытталган уюмдарды түзүү жана алардын ишине катышуу жолу менен жаштардын өзүн-өзү уюштуруусуна көмөктөшүү;
3) жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү орнотуу;
4) жаштар демилгелерин ишке ашыруу жолу менен чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга болгон жаштардын кызыгуу деңгээлин жогорулатуу;
5) жаштардын өзүн-өзү кесиптик аныктоосуна жана ишке орношуусуна көмөктөшүү;
6) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык макулдашууну чыңдоо;
7) экстремизм, улутчулдук идеологияларына, коррупциялык көрүнүштөргө, социалдык, диний, расалык, улуттук таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоого жана башка социалдык терс кубулуштарга каршы турууга мүмкүндүк берген адеп-ахлак принциптеринин системасын түзүү;
8) үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо;
9) сергек жашоо образын пропагандалоо;
10) жергиликтүү деңгээлде бюджетти, архитектураны, инфраструктураны иштеп чыгуу боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү жаштарды тартуу.
5. Өз ара аракеттенүүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү:
1) Кыргыз Республикасында жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн жана жаштардын коомдук бирикмелеринин абалы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жалпылоо, талдоо жана алмашуу;
2) жаштар арасында улуттар аралык макулдашууну камсыз кылуу;
3) экстремисттик жаштар бирикмелеринин калыптанышына жана экстремизм идеологиясынын башка көрүнүштөрүнө бөгөт коюу.
3. Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
6. Жаштар саясатын калыптандыруу, ишке ашыруу, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардын жана электрондук кайрылуулардын негизинде маалымат алмашуу формасында жүзөгө ашырылат.
7. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымат берүү жөнүндө суроо-талабын алган мамлекеттик орган өз компетенциясынын алкагында 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде жооп берүүгө тийиш.
8. Функциялары жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүнө тыгыз байланыштуу болгон мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 9-июлундагы № 404 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн тиркелген типтүү регламентине ылайык өз ара аракеттенүүнүн регламенттерин өз ара түзөт.
9. Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштар маселелери боюнча укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыз кылат.
10. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен төмөнкүдөй жолдор аркылуу өз ара аракеттенет:
1) методикалык, маалыматтык материалдарды жиберүү, консультациялык жана уюштуруучулук жардам берүү;
2) жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишти өркүндөтүү боюнча жазуу жүзүндөгү сунуштамаларды жиберүү;
3) жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча маселелерди тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана координациялык кеңештердин кароосуна киргизүү;
4) мамлекеттик жаштар саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаштар менен иштөөнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин контролдоо жана координациялоо;
5) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү негизги багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жаштардын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
11. Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун артыкчылыктуу багыттары жана болжолдуу мазмуну:
1) турмуштук оор кырдаалда турган жумушсуз жаштар үчүн сезондук иш менен камсыздоону жана жумуш орундарын уюштуруу;
2) тобокелдик тобундагы жаштардын жүрүм-турумун тарбиялык коштоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн жаштар социалдык жумушчуларынын кызматтарын түзүү жана өнүктүрүү;
3) толеранттуу жүрүм-турумду пропагандалоо формаларын өнүктүрүү;
4) асоциалдык багыттагы формалдуу эмес жаштар бирикмелери менен иштөө боюнча мобилдик топторду түзүү;
5) жаш үй-бүлөлөргө, анын ичинде турак жай көйгөйлөрүн чечүүдө колдоо көрсөтүү, турак жай көйгөйлөрүн чечүүдө жаш үй-бүлөлөргө консультациялык жардам уюштуруу;
6) жеңилдетилген ипотекалык кредит берүү программалары боюнча жаш үй-бүлөлөргө турак жай шарттарын жакшыртууда колдоо көрсөтүү;
7) жаш үй-бүлөгө консультация берүүнүн ведомстволор аралык түзүмдөрүн түзүү (медициналык-педагогикалык жана укуктук маселелер боюнча).
12. Жаштар менен иштөөнү маалыматтык камсыздоо:
1) жаштар саясатынын бардык багыттары боюнча маалыматтарды топтоо жана талдоо;
2) жаштарга, жаштардын коомдук бирикмелерине, жаштар менен иштеген адистерге маалымат берүү;
3) жаштар үчүн маалыматтык, методикалык жана изилдөө материалдарын жайылтуу;
4) жаштар тематикасы боюнча теле- жана радиоберүүлөрдү уюштуруу;
5) жаштардын көйгөйлөрү маселелери боюнча мониторинг жана комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) маалыматтык каналдар системасын колдоо жана өнүктүрүү (ишеним телефону, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаштар менен иштөө маселелерин чагылдырган Интернет тармагындагы сайттар ж.б.).
13. Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштурууда жана жүзөгө ашырууда бул ишти кадрлар менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү зарыл, анын ичинде:
1) жаштар менен иштөө үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;
2) жаштар менен иштөө үчүн кадрларга стажировка уюштуруу;
3) жаштар менен иштеген кадрларга дем берүү, алардын эмгегинин аброюн көтөрүү үчүн шарттарды түзүү.