Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 127
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоого өкүлчүлүктүү жыйын чакыруу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 16-ноябрында биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын чакырылсын.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынга Бекмолдо айыл аймагындагы калктуу конуштардын жыйындарынан баардыгы 50-катышуучу өкүлдөр шайлансын.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча Бекмолдо айыл аймагы калктуу конуштары боюнча Кара-Ой айылы ,Сасык- Булак айылы, Кеңеш айылы, Чоң-Токой айылы болуп бөлүнсүн.
4. Айылдар боюнча жыйындардын графиги жана катышуучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
- Кара-Ой айылында жыйын 16-октябрь күнү саат 11:00 А.Бөрүбаев орто мектебинин актовый залында өткөрүлсүн. Шайлануучу жыйындын катышуучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүү ченеми 20-өкүл;
- Сасык-Булак айылында жыйын 18-октябрь күнү саат 11:00 Маданият үйүндө өткөрүлсүн. Шайлануучу жыйындын катышуучу өкүлдөрүнүн өкүлчүлүктүү ченеми – 18 өкүл;
- Кеңеш айылында жыйын 19-октябрь күнү саат 11:00 “Сулайман уулу Билал” атындагы спорт комплексинде өткөрүлсүн. Шайлануучу жыйындын катышуучу өкүлдөрүнүн өкүлчүлуктүү ченеми -6 өкүл;
- Чон-Токой айылында жыйын 20-октябрь күнү саат 11:00 “Б.Бегалиев” атындагы спорт комплексинде өткөрүлсүн. Шайлануучу жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүү ченеми -6 өкүл;
5. Өкүлчүлуктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү төмөндөгү депутаттарга милдеттендирилсин. Алар
- Мадраимова А-Кара-Ой айылынын жыйынын өткөрүүгө,
- Момоконова Л, Мырзалиева С- Сасык-Булак айылынын жыйынын өткөрүүгө,
- Арыкбаева К- Кеңеш айылынын жыйынын өткөрүүгө,
- Тургунбаева С -Чоң-Токой айылынын жыйынын өткөрүүгө;
6. Өкүлчүлуктүү жыйын өткөрүү жана уюштуруу боюнча төмөндөгү жумушчу топтун курамы бекитилсин. Алар;
-Осмонов С.А-айылдык Кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
-Кулубаева Э.А -жооптуу катчы, жумушчу топтун катчысы;
мүчөлөрү:
- Мадраимова А.- Айылдык Кенештин депутаты;
- Момоконова Л.- Айылдык Кенештин депутаты;
- Арыкбаева К .- Айылдык Кенештин депутаты;
- Борукеев А.Б.- Айылдык Кенештин депутаты;
- Мырзалиева С- Айылдык Кенештин депутаты;
- Кулбачаева А. –аялдар кенешинин төрайымы;
- Д.Рахматов –Кара-Ой айылынын башчысы;
- Исагалиев А – Чоң- Токой айылынын башчысы;
- Осмонов А- Аксакалдар кенешинин төрагасы;
7. Өкүлчүлуктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча жыйындар өткөрүлө турган күн, убакыт, өткөрүлүүчү жай тууралуу айыл тургундарынын ватсап группаларына, жарыя такталарына маалымат таратылсын.
8. Жыйындар өтүүчү жайды тиешелүү техникалык жабдуулар менен жабдуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө калтырылсын.
Төрага | С.Осмонов |