Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна) |
Кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу басылмаларына Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын грифин ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан кесиптик билим берүү уюмдарынын билим берүү процессинде колдонулуучу окуу басылмаларына гриф ыйгаруу тартиби менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги аныктамалар:
1) тышкы рецензия - башка билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери, илимий уюмдун өкүлү же практикалык тажрыйбасы бар тиешелүү чөйрөдө таанылган башка адис тарабынан окуу басылмасына берилген аргументтүү пикир;
2) ички рецензия - окуу басылмасынын автору ушул дисциплинаны окуткан билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери тарабынан берилген аргументтүү пикир;
3) гриф - бул титул барагындагы экспертизадан ийгиликтүү өткөндүгүн жана бул окуу басылмасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык келишин күбөлөндүрүүчү жазуу;
4) рецензент - сунушталган окуу басылмасына тиешелүү тармакта керектүү деңгээлдеги теориялык/практикалык билимге ээ болгон адис;
5) рецензия - рецензиялануучу окуу басылмасын кыскача талдоо жана баалоо, анын актуалдуулугунун деңгээлин аныктоо, окуу басылмасынын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо;
6) стереотиптик чыгарылыш - өзгөртүүсүз кайра чыгаруу;
7) окуу китеби - бул конкреттүү бир дисциплинанын негизги окуу китеби. Анда окуучулар милдеттүү түрдө өздөштүрүүчү базалык билимдин системасы баяндалат. Окуу китебинин мазмуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын (мындан ары - МБС) талабын канааттандырып, конкреттүү бир дисциплинанын программасын толугу менен ачуусу зарыл. Окуу китебинин аталышы МБСда көрсөтүлгөн дисциплиналардын аталыштарына ылайык келиши керек;
8) окуу басылмасы - окуу жана окутуу үчүн ыңгайлуу формада баяндалган илимий же колдонмо мүнөздөгү системалаштырылган маалыматтарды камтыган, кесиптик билим берүүнүн ар кандай деңгээлдериндеги окуучуларга эсептелген басылма (китеп түрүндө же электрондук форматта);
9) окуу куралы - окуу китебине кошумча. Окуу куралы дисциплинаны толугу менен эмес, болжолдуу программанын бөлүктөрүн гана (бир нече бөлүмдөрүн) камтышы мүмкүн. Окуу куралы негизги окуу китебинен айырмаланып апробациядан өткөн жалпыга бирдей таанылган билимди жана жоболорду гана эмес, тигил же бул проблемалар боюнча ар түрдүү пикирлерди да камтышы мүмкүн;
10) электрондук окуу китеби - бул мультимедиялык мазмунду жана интерактивдүү компоненттерди (аудио, видео, тексттер, сүрөттөр, анимациялар жана башка графикалык каражаттарды) камтыган негизги электрондук окуу басылмасы. Электрондук окуу китебинин мазмуну багыты/адистиги боюнча МБСке толугу менен ылайык келиши керек;
11) электрондук окуу куралы - бул дисциплинаны толугу менен эмес, анын бир бөлүгүн (бир нече бөлүмдөрдү) камтыган кошумча электрондук окуу басылмасы. Электрондук окуу китебинен айырмаланып, апробациядан өткөн жалпыга бирдей таанылган билимди жана жоболорду гана эмес, тигил же бул проблемалар боюнча ар түрдүү пикирлерди да камтышы мүмкүн. Ал билим берүү дисциплинасынын программасынын талаптарына жана мазмунуна дал келип, заманбап маалыматтык технологияларды жана мультимедиялык мүмкүнчүлүктөрдү камтышы керек.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик билим берүү уюмдарында окуу басылмаларын колдонууга гриф ыйгаруу жол-жобосу аркылуу жол берет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи окуу басылмасы кесиптик билим берүүнүн МБСтин талаптарына, билим берүү программаларына жана башка ченемдик талаптарга жооп бере тургандыгын күбөлөндүрөт.
2-глава. Окуу басылмаларына ыйгарылуучу грифтин мазмуну
5. Грифтин текстинде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) окуу басылмасынын түрү;
2) дисциплина (предмет) боюнча билим берүү программасына ылайык окуу басылмасынын предметтик мазмуну;
3) кесиптик билим берүү уюмунун түрүнө, даярдоонун деңгээлине, билим берүүнүн деңгээлине жана окурмандын категориясына жараша окурмандык дарек (арналышы).
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифинин тексти окуу басылмасынын титулдук барагынын алдыңкы бетинде башкы маалыматтарда орун алат. Гриф чыгаруучу же автор тарабынан редакцияланбайт.
7. Окуу басылмасынын титулдук барагынын арткы бетинде (титулдук беттен кийинки бетте) окуу басылмасына оң корутунду жазган рецензенттер көрсөтүлөт.
3-глава. Кесиптик орто, жогорку жана кошумча билим берүү үчүн окуу басылмаларына гриф ыйгаруу тартиби
8. Окуу басылмаларына грифтерди ыйгаруу жөнүндө маселени чечүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу төмөнкү документтердин электрондук версиясы (PDF форматында) берилет:
1) автор/авторлор жамааты иштеген кесиптик билим берүү уюмунун ушул окуу басылмасына гриф ыйгаруу маселесин кароо жөнүндө өтүнүч каты. Өтүнүч катта окуу басылмасы жөнүндө кыскача маалымат, анын басылып чыгарылышы жөнүндө маалыматтар (автордун же авторлор жамаатынын аты-жөнү), окуу басылмасынын аталышы, басылманын номери (биринчи же кайра басылышы), көлөмү, пландаштырылган тиражы жана чыгарылган жылы, окуу басылмасы кайсы окуу программасы боюнча даярдалган, анын окурмандык дареги (арналышы), каржылоо булагы көрсөтүлөт;
2) окуу басылмасынын рецензиялары (тышкы жана ички), аларды рецензенттердин кол тамгалары жана кесиптик билим берүү уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүү зарыл. Рецензияларда окуу басылмасынын актуалдуулугу, методикалык артыкчылыктары, окуу дисциплинасынын конкреттүү программасына ылайыктуулугу, жаңылыгы белгиленет;
3) окуу-методикалык бирикме (мындан ары - ОМБ) жайгашкан билим берүү уюмунан плагиатка текшерүү жөнүндө расмий маалымкат. ОМБ плагиатка текшерүү жөнүндө расмий маалымкатты (оригиналдуулугу 65%дан кем эмес) окумуштуу катчынын колу жана кесиптик билим берүү уюмунун мөөрү менен берүүгө тийиш;
4) окумуштуулар/педагогикалык кеңештин бул окуу басылмасын гриф ыйгаруу сунуштоо жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
5) окуу басылмасынын тексти.
9. Грифти ыйгарууга берилген бардык документтер окуу басылмасынын текстинин тилине жараша мамлекеттик же расмий тилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
10. Басууга даярдалган окуу басылмасынын электрондук форматтагы тексти бир нускада берилет. Экинчи жана андан кийинки басылыштарга оңдоолор жана толуктоолор (түп нуска - макеттин көчүрмөсү, даяр басылма) менен чапталган барактары берилиши мүмкүн.
11. Берилген материалдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат жана эксперттик корутунду берүү үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы ОМБга жиберилет.
12. Документтердин пакети толук берилбеген же берилген материалдар ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтердин пакетин он төрт календардык күндүн ичинде кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
13. Берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча ОМБ эки айдын ичинде эксперттик корутундуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет. Корутундуда окуу басылмасынын текстинин кесиптик билим берүүнүн МБСнын талаптарына, психологиялык-педагогикалык талаптарга ылайык келүүсү тастыкталат, актуалдуулугу, башка окуу басылмалары менен бирге колдонуу мүмкүндүгү белгиленет. Корутундуда окуу басылмасынын мазмунуна жана түзүмүнө ар тараптуу жана объективдүү баа берилет, бул басылманын азыркы басылмага салыштырмалуу айырмалоочу өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат, анын методикалык артыкчылыктары менен кемчиликтеринин талдоосу да берилет, материалды баяндоонун илимий деңгээли бааланат, окуу дисциплинасынын программасына ылайыктуулугу белгиленет. Окуу басылмасынын текстин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи менен басып чыгаруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө негиздүү тыянактар берилет, окурмандык дарек аныкталат, грифтин редакциясы сунушталат.
14. ОМБ терс эксперттик корутундуну берген учурда тыянактар аргументтелүүгө жана так баяндалууга тийиш.
15. Окуу басылмаларын кайра басып чыгарууга грифтерди тариздөө ОМБнын эксперттик корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Эгер алар чыгарылган учурдан тартып эки жылдан ашпаган убакыт өтсө, окуу басылмаларынын стереотиптик басылмалары кесиптик билим берүүнүн МБСнын же дисциплинанын программасынын колдонуу мөөнөтүнүн чегинде эксперттик корутундусуз чыгарылат.
16. Биринчи басылышында окуу басылмаларына "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан окуу басылмасы катары уруксат берилет..." грифи ОМБнын оң корутундулары болгондо берилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кесиптик билим берүү маселелерин тейлеген министрдин орун басарынын колу коюлган буйругу менен таризделет.
17. "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан окуу басылмасы катары уруксат берилет..." деген грифи бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесиптик билим берүүнүн тиешелүү уюмдарында апробациядан өткөн окуу басылмаларына кийин кайра басып чыгарууда "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан окуу басылмасы катары сунушталат..." деген гриф берилет, ал ОМБнын оң корутундуларынан кийин ыйгарылат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кесиптик билим берүү маселелерин тейлеген министрдин орун басарынын колу коюлган буйругу менен таризделет.
18. Грифти ыйгаруу үчүн берилген документтерди кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып үч айдан ашпайт.
19. Грифти колдонуу мөөнөтү - 5 жыл. Эгер бул убакыттын ичинде окуу басылмасынын тексти басылбаса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жаңы грифин алуу зарыл.
20. Окуу басылмасынын четке кагылган тексти эксперттик корутундуда баяндалган эскертүүлөр жоюлгандан кийин, бирок четке кагылгандан кийин алты айдан эрте эмес ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна кайрадан берилиши мүмкүн.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи менен окуу басылмасын чыгарган басмакана (чыгаруучу уюм) же кесиптик билим берүү уюму (автор) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул басылманын бир нускасын эсептик каттоо үчүн берүүгө тийиш.
22. Которулган окуу басылмаларына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи берилбейт.