Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы № 58
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
«№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-майындагы № 116 Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-майындагы № 38 (3591) саны менен жарыяланды
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-майындагы № 58 токтомуна тиркеме |
Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамы
дареги: Бишкек ш., Москва көч. 15, имараты. тел./факс 0 (312) 360332
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Статус |
1. | Конуров Бахадыр Арунович | төрага |
2. | Нурланова Жанэт Нурлановна | катчы |
3. | Джумалиева Роза Усеновна | мүчө |
4. | Дукембаева Эльмира Абуевна | мүчө |
5. | Джумагулов Каныбек Калыбекович | мүчө |
6. | Щербинина Ольга Анатольевна | мүчө |
7. | Джетенбаев Канат Рахимбаевич | мүчө |
8. | Кулданов Айбек Панарбекович | мүчө |
9. | Исаков Азамат Токторбекович | мүчө |
10. | Умирбекова Айгуль Зеилбековна | мүчө |
11. | Федотова Виктория Вячеславовна | мүчө |
12. | Канатов Мекен Капарович | мүчө |