Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-майы №55
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-беренелерине, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 109 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнунда № 117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобонун жетекчилигинде, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун сунушун эске алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 1-тиркемеге ылайык төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары аккредитациялансын:
- 12 (он эки) жалпыга маалымдоо каражаттары;
- 3 (үч) интернет-басылмасы.
2. Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-майындагы № 38 (3591) саны менен жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К.Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Тиркеме 1 |
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 5 Ноокат, № 36 Ысык-Көл шайлоо
округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын
мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн аккредиттелген Кыргыз
Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары
№ | ЖМКнын аталышы |
Басма басылмалар - 2 | |
1. | Кыргыз Туусу |
2. | Эркин-Тоо |
Интернет басылмалары – 3 | |
1) | ОсОО "МИА Говори" GovoriTV |
2) | Сереп медиа (serep.kg) |
3) | Akipress |
Радиостанция - 3 | |
1) | ЭлFM |
2) | Миң кыял |
3) | Биринчи радио |
Телевидение - 7 | |
1. | НТРК |
2. | ЭлТР |
3. | НТРК Ош "Ынтымак" |
4. | НТРК Ысык-Көл |
5. | ОсОО "Бакайнур-Мега" Next TV |
6. | ОшТВ |
7. | Супер ТВ Super TV |