Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-майы № 60
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Токмок, Сокулук, Сүлүктү, Баткен шаардык жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 1/2 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 10.05.2024-ж. № 8 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 5 - Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 6 - Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 11.04.2024-ж. № 7 - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 28 - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 16.05.2024-ж. № 7 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 4;
- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 4 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 7 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 1/1 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 6 - Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 1/2 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 10.05.2024-ж. № 8 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 18.04.2024-ж. № 8 - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 29 - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 4 - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 4 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 6 - Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 6 - Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 16.05.2024-ж. № 7 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 15.05.2024-ж. № 7 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Токмок, Сокулук, Сүлүктү, Баткен шаардык жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек, Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Токмок, Сокулук, Сүлүктү, Баткен шаардык жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Бишкек, Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Токмок, Сокулук, Сүлүктү, Баткен шаардык жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-майындагы № 39 (3592) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-майындагы № 60 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1. | Бишкек шардык | Жолдошбекова Наргиза Камчыбековна (3) «Ынтымак» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 1/2, 17.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
2. | Нарын шаардык | Турдубек уулу Акылбек (5) «Бийлик Элге» депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 8, 10.05.2024-ж. (10.05.2024-ж. өз арызы) |
Кочкор району | |||
3. | Чолпон айылдык (№ 4 Эпкин шайлоо округу) | Жеңишбеков Чолпонбек Абракманович | Кочкор АШК, № 5, 15.05.2024-ж. (15.05.2024-ж. өз арызы) |
Нарын району | |||
4. | Ак-Кудук айылдык (№ 1 8-март шайлоо округу) | Жусубалиева Назгүл Токтобековна | Нарын АШК, № 6, 17.05.2024-ж. (24.04.2024-ж. өз арызы) |
Талас облусу | |||
Талас шаары | |||
5. | Талас шаардык | Жыргалбаев Кубан Жыргалбаевич (7) «Асыл Мурас-Жаштар» депутаттык фракциясы | Талас шаардык АШК, № 7, 11.04.2024-ж. (09.04.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Токмок шаары | |||
6. | Токмок шаардык | Насеков Айбек Рысбекович (10) "Асыл Мурас-Жаштар " депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 28, 15.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) |
7. | Арлиев Рахи Арлиевич (11) «Асыл Мурас- Жаштар» депутаттык фракциясы | Токмок АШК, № 28, 15.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) | |
Сокулук району | |||
8. | Новопавловка айылдык (№ 5 шайлоо округу) | Османов Александр Байрамович | Сокулук АШК, № 7, 16.05.2024-ж. (22.04.2024-ж. өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
9. | Сүлүктү шаардык | Акимбеков Замирбек Кутбидинович (4) «Ыйман Нуру» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 4, 15.05.2024-ж. (06.05.2024-ж. өз арызы) |
Баткен шаары | |||
10. | Баткен шаардык | Гапаров Исмаил Тургунбаевич (20) «Ала-Тоо Кыргыз жери» депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК, № 4, 17.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
11. | Масы айылдык (№ 1 Богот шайлоо округу) | Калимбетов Талантбек Дарманкулович | Ноокен АШК, № 7, 15.05.2024-ж. (ЖААКтын 04-06 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 28-мартындагы берилген каза болгондугу тууралуу № KG207 0260740 күбөлүгү) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-майындагы № 60 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган
тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1. |
Бишкек шардык | Карымшаков Фархад Саалиевич (8) «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 1/1, 17.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) |
2. | Каримов Алтынбек Эргешович (10) «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 1/1, 17.05.2024-ж. (06.05.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Аскарбеков Улан Суйуналиевич (11) «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 1/1, 17.05.2024-ж. (15.05.2024-ж. өз арызы) | |
4. | Исламов Мухамедазиз Алимжанович (13) «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 1/1, 17.05.2024-ж. (16.05.2024-ж. өз арызы) | |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
5. | Ак-Кудук айылдык (№ 1 8-март шайлоо округу) | Абдрахманов Мирлан Салбарович | Нарын АШК, № 6, 17.05.2024-ж. (15.05.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-майындагы № 60 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1. | Бишкек шардык | Токомбаева Айгул Омурбековна (9) «Ынтымак» саясий партиясы | Жеке ишкер | Бишкек АШК, № 1/2, 17.05.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2. | Нарын шаардык | Кубатбеков Сади Кубатбекович (7) «Бийлик Элге» саясий партиясы | Нарын шаардык электр тармактар ишканасы, башкы инженер | Нарын шаардык АШК, № 8, 14.05.2024-ж |
Кочкор району | ||||
3. | Чолпон айылдык (№ 4 Эпкин шайлоо округу) | Жетигенов Тилек Медетович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Кочкор АШК, № 6, 15.05.2024-ж. |
Нарын району | ||||
4. | Ак-Кудук айылдык (№ 1 8-март шайлоо округу) | Кайбылдаев Асылбек Салымбекович | 8 март айылынын мектеби, мугалим | Нарын АШК, № 6, 17.05.2024-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
5. | Талас шаардык | Жусупов Шабдан Талантбекович (7) «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясы | Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектеби, чарба башчы | Талас шаардык АШК, № 8, 18.04.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
6. |
Токмок шаардык | Замирбеков Максат Замирбекович (13) «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Токмок АШК, № 29, 15.05.2024-ж. |
7. | Момуналиев Уметалы Кубатбекович (14) «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясы | Кемин райондук суу чарба башкармалыгы, башкы механик | Токмок АШК, № 29, 15.05.2024-ж. | |
Сокулук району | ||||
8. | Новопавловка айылдык (№ 5 шайлоо округу) | Акматов Арафат Кудайбергенович | Ветеринар | Сокулук АШК, № 7, 16.05.2024-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
9. | Сүлүктү шаардык | Абдибахапов Асылбек Бердымуратович (6) «Ыйман Нуру» саясий партиясы | Ленин атындагы орто мектеби, социалдык педагог | Сүлүктү АШК, № 4, 15.05.2024-ж. |
Баткен шаары | ||||
10. | Баткен шаардык | Абдикаримов Саатбек Жигиталиевич (26) «Ала-Тоо Кыргыз жери» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Баткен шаардык АШК, № 4, 17.05.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
11. | Масы айылдык (№ 1 Богот шайлоо округу) | Мирзахмедова Самарбу Абдухалиловна | № 24 балдар бакчасы, директор | Ноокен АШК, № 7, 15.05.2024-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |