Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 240
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |