Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 240 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк
объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка
өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга
киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин
шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объекттерди долбоорлоого жана курууга документтерди берүү процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
2. Бул Жобо төмөнкү процесстерге кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүү тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салат:
1) макулдашылган долбоор менен шаар куруу корутундусун даярдоо жана берүү;
2) долбоордук документтерди экспертизалоо;
3) эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо.
3. Кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүгө жер мамилелери, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) жана мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар укуктуу.
4. Курулуш ниети тарыхый-маданий мурастардын жана жаратылыштын эстеликтери болуп саналган кыймылсыз объекттерге, алардын коргоо зоналарына таасирин тийгизген учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык заказчы архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү аймактык органга арыз бергенге чейин тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алууга милдеттүү.
5. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
автордук көзөмөл - долбоордун автору тарабынан курулуш объекттерин куруу жана эксплуатацияга киргизүү мезгилинде архитектуралык-курулуш, технологиялык жана башка техникалык чечимдердин долбоордук чечимдерге шайкештигин контролдоо;
архитектуралык-шаар куруу кеңеши (АШК) - шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштөөчү коллегиялуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары архитектура жана шаар куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет;
архитектуралык-техникалык кеңеш (АТК) - курулуш, инженердик камсыздоо жана курулуш ченемдери маселелерин стратегиялык чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштөөчү коллегиялуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары архитектура жана шаар куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет;
аймакты көрктөндүрүү - инженердик даярдоо жана коопсуздукту камсыз кылуу, жашылдандыруу, катмар жайгаштыруу, жарыктандыруу, чакан архитектуралык формаларды, монументалдык искусство объекттерин жайгаштыруу боюнча иш-чаралар комплекси;
блоктолгон турак үй - эки же андан көп квартиралардан жана көмөкчү жайлардан турган, алардын ар бири үйдүн жанындагы аймактан түздөн-түз кире турган турак үй;
башкы долбоорчу - тиешелүү лицензиясы бар долбоордук уюм, ал инвестор же заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарат;
долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) (ДБА жана ДБИ) - объектти долбоорлоодо долбоорлоо-изилдөө иштерине техникалык жетекчиликти жана анын курулушуна, ишке киргизилишине жана долбоорлоо кубаттуулуктарын өздөштүрүүгө автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу долбоорлоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен дайындалуучу жана бошотулуучу тиешелүү квалификациялык сертификаты бар адис;
мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл - архитектура жана курулуш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында курулуш процессинде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылуучу көзөмөл;
шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, схемалар, чектөө долбоорлору, кварталдарды, кичи райондорду, шаар куруу түйүндөрүн жана калктуу конуштардын пландоо түзүмүнүн башка элементтерин куруу долбоорлору;
шаар куруу корутундусу (ШК) - шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, объекттин негизги шаар куруу, функциялык параметрлерин, долбоорлоо документтерин макулдашуу менен долбоорлоого карата шарттарды жана талаптарды аныктоочу укук белгилөөчү документ;
шаар куруу регламенти - калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат берилген пайдалануунун шаар куруу документтери менен белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар түзүүчү объекттер - тарыхый-архитектуралык жана шаар куруу баалуулугу бар имараттар жана курулмалар шаар куруу документтерине ылайык курулушту түзөт;
жеңил конструкциялардан имараттар, курулмалар - бул каркастын негизи металл, жыгач конструкциялар болгон тез курулуучу имараттар жана/же курулмалар;
аймактарды пайдалануунун өзгөчө шарттары бар зоналар - маданий мурас объекттерин коргоо зоналары, маданий мурас объекттеринин коргоо зонасы, электр энергетика объекттеринин коргоо зонасы, автомобиль жана темир жолдорунун коргоо зонасы, автомобиль жолдорунун жол боюндагы тилкелери, өткөргүч түтүктөрдүн коргоо зонасы, байланыш линияларынын жана курулмаларынын коргоо зонасы, аэродром жанындагы аймак, аскердик объекттин коргоо зонасы, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын коргоо зонасы, сууну коргоо зонасы жана жээктеги коргоо тилкеси;
жеке турак үй - жеке турак жай курууга берилген жер участогунда курулган, анын менчик ээси же пайдалануучулары тарабынан жашоо үчүн колдонулуучу жекече-аныкталган турак имараты;
инженердик камсыздоо - адамдардын жашоо-турмушунун ченемдик шарттарын, материалдык баалуулуктарды сактоону жана өндүрүштүк процесстерди камсыз кылуучу инженердик тармактардын, системалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;
инженердик-техникалык кызматтар - долбоорлонуучу курулуш объекттерин электр, жылуулук, газ, суу менен камсыз кылуучу жана саркынды сууларды чыгаруучу (канализация) уюмдар;
инженердик-техникалык изилдөө - изилдөө объектинин техникалык абалы жөнүндө маалымат алуу жана техникалык корутунду иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштердин комплекси;
инженердик изилдөөлөр - аймактарды алардын чектеринде сарамжалдуу жана коопсуз пайдалануу, аймакты пландоо жана архитектуралык-курулуштук долбоорлоо үчүн зарыл болгон материалдарды негиздөө боюнча маалыматтарды даярдоо максатында капиталдык курулуш объекттеринин аймагына аймактын жаратылыш шарттарын жана техногендик таасир этүү факторлорун комплекстүү изилдөөнү камсыз кылуучу шаар куруу иши;
капиталдык оңдоо - капиталдык курулуш объекттеринин курулуш конструкцияларын же көтөргүч курулуш конструкцияларын кошпогондо, мындай конструкциялардын элементтерин алмаштыруу жана (же) калыбына келтирүү, инженердик-техникалык камсыздоо системаларын жана тармактарды алмаштыруу жана (же) калыбына келтирүү;
линиялуу объекттерди капиталдык оңдоо - линиялуу объекттердин же алардын участокторунун (бөлүктөрүнүн) параметрлеринин мындай объекттердин классынын, категориясынын жана (же) иштешинин алгачкы белгиленген көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө алып келбеген жана мындай объекттердин бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин өзгөртүү талап кылынбаган өзгөрүүсү;
линиялуу объекттер - электр берүүчү линиялар, электр байланыштын кабелдик каналдары, анын ичинде линиялуу-кабелдик курулмалар, түтүк өткөргүчтөр, мелиорация каналдары, дренаждык коллекторлор, селден коргоочу дамбалар, автомобиль жолдору, темир жол линиялары жана башка ушул сыяктуу курулмалар;
чакан архитектуралык формалар - декорациялык жана монументалдык искусство объекттери (таш мамылар, эстеликтер, аркалар), оюн-зоок жана эс алуу, коомдук жайлардын жана ар кандай объекттердин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, үйлөрдүн, имараттардын, алардын комплекстеринин жана аймактарынын композициясын толуктоочу мейкиндикти жана ар кандай аянттарды уюштуруу үчүн арналган декорациялык, көмөкчү же башка багыттагы чакан курулмалар жана/же жабдуулар;
капиталдык эмес курулуштар, курулмалар - жер менен бекем байланышы болбогон жана конструкциялык мүнөздөмөлөрү арналышына ченемсиз зыян келтирбестен жана курулуштардын, курулмалардын, анын ичинде күркөлөрдүн, бастырмалардын жана башка ушул сыяктуу курулуштардын, курулмалардын, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекти болуп эсептелбеген башка курулуштардын жана курулуштардын негизги мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн аларды жылдырууга жана (же) демонтаждоого жана кийин жыйноого мүмкүндүк берген жеңилдетилген типтеги курулуштар, курулмалар, объекттер;
ченемдик техникалык документтер (ЧТД) - белгиленген тартипте бекитилүүчү курулуш ишинин ар кандай түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документтер;
капиталдык курулуш объекти - капиталдык эмес курулуштарды, курулмаларды кошпогондо, жер менен бекем байланышкан имарат, курулуш, курулма;
курулуш объекти - курулуп жаткан имарат, курулма же имараттардын жана курулмалардын комплекси, ошондой эле курулуп жаткан линиялык объекттер;
көлөмдүк-пландоо чечими - имараттын жана курулманын элементтеринин белгилүү эксплуатациялык жана конструкциялык талаптарды канааттандырган көлөмдүк-пландоо компоновкасы;
кооптуу өндүрүш объекти - өндүрүштүк объект, анын ичинде ишкана, цех, участок, аянтча, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө потенциалдуу коркунуч туудурган, авария болгон учурда орун алышы мүмкүн болгон жогорку коркунучтагы башка объект;
өзгөчө татаал жана уникалдуу курулуш объекттери - долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык линиялык эмес параметрлерди эске алуу менен эсептөөнүн стандарттуу эмес методдорун колдонуу менен конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулган капиталдык курулуш объекттери;
эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо - курулушу аяктаган объекттин техникалык регламенттердин, долбоордук документтердин жана энергетикалык натыйжалуулук классынын талаптарына шайкештигин ырастоо;
кайра пландоо - кыймылсыз мүлк объектинин колдонуудагы пландоо чечимдерин, анын ичинде имараттарды, курулмаларды, жайларды же алардын айрым бөлүктөрүн өзгөртүү;
профилин кайра өзгөртүү - имараттын же жайдын функциялык багытын өзгөртүү;
кайра колдонулган долбоор - экспертизанын оң корутундусун алган жана капиталдык курулуш объектинин багыты жана долбоордук кубаттуулугу боюнча окшош курулуш үчүн долбоордук документтерди даярдоодо толук же жарым-жартылай пайдаланылышы мүмкүн болгон капиталдык курулуш объектинин долбоордук документтери;
кошумча курулуш - сырткы дубалдардын контурунун артында жайгашкан, бир же бир нече жалпы дубалы бар, имаратка карата көмөкчү болуп саналган имараттын бөлүгү;
курулуш долбоору - шаар куруу, архитектуралык-көркөм, көлөмдүк-пландоо, конструкциялык, технологиялык, инженердик-техникалык, энергоэффективдүү, жаратылышты коргоочу (зарыл болгондо), экономикалык (зарыл болгондо) жана башка чечимдерди камтыган курулушту жүргүзүү, аймакты инженердик даярдоо жана аны көрктөндүрүү үчүн долбоордук (долбоордук-сметалык) документтер;
долбоордук документтер - аймакты курууну, реконструкциялоону, инженердик даярдоону жана аны көрктөндүрүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык-шаар куруу, көлөмдүк-пландоо, функционалдык-технологиялык, конструкциялык, инженердик-техникалык жана башка чечимдерди камтыган графикалык, тексттик жана башка документтер;
долбоордук документтерди иштеп чыгуучу - долбоордук документтерди (долбоорлоону) иштеп чыгуу үчүн заказчы, куруучу, инвестор тарабынан тартылган жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жана/же жеке жак;
курулуп жаткан объекттердин реестри - курулуш объекттери жөнүндө, курулуш объектине кардарлардын финансылык каражаттарын тартуучу заказчылар (куруучулар) жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде башкы подрядчы жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик экспертизалардын бар экендиги жөнүндө жана проблемалуу курулуш объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү электрондук маалымат базасы;
реконструкциялоо (кеңейтүү) - ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү;
линиялуу объекттерди реконструкциялоо - линиялык объекттердин же алардын участокторунун (бөлүктөрүнүн) параметрлеринин өзгөрүшү, ал мындай объекттердин (кубаттуулуктун, жүк көтөрүмдүүлүктүн жана башкалардын) классынын, категориясынын жана (же) иштешинин баштапкы белгиленген көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө алып келет же мындай объекттердин бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин өзгөртүү талап кылынат;
капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоо (линиялуу объекттерди кошпогондо) - капиталдык курулуш объектинин параметрлерин, анын бөлүктөрүн (бийиктигин, кабаттардын санын, аянтын, көлөмүн) өзгөртүү, анын ичинде капиталдык курулуш объектин кеңейтүү, кайра куруу, үстүнө куруу, ошондой эле мындай конструкциялардын айрым элементтерин окшош же ушундай конструкциялардын көрсөткүчтөрүн жакшырткан элементтерге алмаштырууну жана (же) көрсөтүлгөн элементтерди калыбына келтирүүнү кошпогондо капиталдык курулуш объектинин көтөргүч курулуш конструкцияларын алмаштыруу жана (же) калыбына келтирүү;
курулмалар - жер үстүндөгү, жер алдындагы (жер астындагы) бөлүктөрдөн турган линиялык, жалпак же көлөмдүк типтеги курулушу аяктаган объект, анын курамына милдеттүү түрдө көтөрүүчү, кээде тосуучу конструкциялар (плотиналар, жолдор, телемунаралар, стадиондор, автопарктар, вокзалдар, инженердик-техникалык курулмалар (ЭБЛ, ЖЭБ, түтүк өткөргүчтөр, кабелдик жана радиореле байланыш линиялары) жана башкалар кирет;
капиталдык мүнөздөгү байланыш курулмалары - электр байланыш операторунун инженердик инфратүзүмүнүн объекттери, антенналык-мачталык курулмалар (долбоордук документтеринде бийиктиги 18 метрден жогору жана жердин пландык белгисинен 1,5 метрден төмөн жер астындагы бөлүктүн технологиялык көмүлүшү (толугу менен) сыяктуу мүнөздөмөлөр каралган, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары (жер астындагы телефон канализациясы, БОБЛ, кабелдик байланыш линиялары, аба байланыш линиялары);
жеңил конструкциядагы байланыш курулмалары (капиталдык эмес) - жер участокко, чатырга, имараттардын, курулмалардын жана башка курулмалардын чатырына орнотулуучу байланыш каражаттарын жана системаларын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ыңгайлаштырылган электр байланыш операторунун инженердик инфратүзүмүнүн объекти (анын ичинде базалык станциялар, жүктөлгөн мунаралар, түркүк/туруучу таянычтар, контейнер (контейнер тибиндеги блок-станция), мунун ичинен гибриддик контейнер (контейнер тибиндеги блок-станция, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары);
курулуштун башкы планы - курулуш аянтчасын уюштурууну аныктоочу объекттин курулуш мезгилине карата башкы планы;
курулуш иштеринин аткарылышына техникалык көзөмөл - архитектуралык-курулуштук, технологиялык жана башка техникалык чечимдердин шайкештигин камсыз кылуу максатында ишке ашырылуучу көзөмөл;
техникалык регламент - продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү процесстерине карата милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптарды, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун формаларын жана жол-жоболорун белгилеген документ;
технологиялык кошулуу - түйүндө (түйүндөрдө) тийиштүү ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун кошууну камсыздоо үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси;
типтүү долбоор - белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген жана ар кандай арналыштагы бир типтеги объекттерди курууда көп жолу колдонууга арналган долбоордук документтер;
туташуу түйүнү - коммуникациялардын схемасына ылайык курулуш объектине же жер участогуна инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын курулуучу (реконструкциялануучу) курулуш объектин электр, жылуулук, газ, суу менен жабдуу жана канализация тармактарына, байланыш тармактарына кошуу үчүн зарыл болгон түзүлүштөр жана курулмалар менен жакынкы, алыстыгы боюнча 100 метрден ашпаган жер;
долбоордук документтерди экспертизалоо - долбоордук документтерди текшерүү жана анын тиешелүү техникалык регламенттердин ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун талаптарына, тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкештигин же шайкеш эместигин аныктоо;
пландоо түзүмүнүн элементи - шарттуу бөлүнгөн же жолдор, көчөлөр, өтмөктөр менен чектелген шаардын, калктуу конуштардын аймагынын бөлүгү (квартал, кичи район, көчө);
аймакты көрктөндүрүү элементтери - декоративдик, техникалык, пландоо, конструктивдик түзүлүштөр, өсүмдүк компоненттери, жабдуулардын жана жасалгалоонун ар кандай түрлөрү, чакан архитектуралык формалар, капиталдык эмес стационардык эмес курулуштар, көрктөндүрүүнүн курамдык бөлүгү катары колдонулган тышкы жарнама жана маалымат;
эскиз долбоору - долбоордук чечимдердин баштапкы стадиясы, ал объекттин келечеги жөнүндө жалпы түшүнүк берет, объекттин негизги функционалдык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик параметрлерин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү менен аныктайт, бул объектти жер участогунда оптималдуу жайгаштырууну тандоого же андан ары долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды түзүү үчүн объектти кайра пландоо мүмкүнчүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берет;
кабат - бардык жер үстүндөгү кабаттар, анын ичинде техникалык, мансард жана башкалар.
2-глава. Долбоорлоого жана курууга документтерди
алууну талап кылган объекттерди куруунун
жана башка өзгөртүүлөрдүн түрлөрү
6. Колдонуудагы курулуштагы өзүнчө турган объекттерди курууну пландоодо ШК долбоордук документтерди макулдашуу менен иштелип чыгат, мында объект "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушун эске алуу менен иштелип чыгат.
7. Объекттерди көлөмдүк-пландоо чечимдерин өзгөртпөстөн кайра пландоодо, профилин өзгөртүүдө жана убактылуу курулуштарды курууда архитектура жана шаар куруу органдары ШК берет, андан кийин объект курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилет жана курулуш аяктагандан кийин объекттин шайкештиги бааланууга тийиш, мында мамлекеттик экспертизадан өтүү талап кылынбайт.
8. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн төмөнкү түрлөрүндө архитектура жана шаар куруу органдары ШК берет, андан кийин объект курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилет жана курулуш аяктагандан кийин объекттин шайкештиги бааланууга тийиш, мында мамлекеттик экспертизадан өтүү талап кылынбайт жана заказчынын каалоосу боюнча жүргүзүлөт:
1) жалпы аянты 500 квадрат метрге чейинки жана бийиктиги жер үстүндөгү 3 кабаттан ашпаган өзүнчө турган капиталдык курулуш объектин куруу;
2) мансарданы эсепке албаганда, жалпы аянты 500 квадрат метрге чейинки жана бийиктиги жер үстүндөгү 3 кабаттан ашпаган жеке турак үйдү куруу;
3) калктуу конуштун чегинен тышкары жерде фермердик чарба жүргүзүү үчүн арналган жер участогунда мансарданы эсепке албаганда, жалпы аянты 500 квадрат метрге чейинки жана бийиктиги 3 жер үстүндөгү кабаттан ашпаган үйдү куруу;
4) парковка жайларынан тышкары, көлөмдүк-пландоо чечимдерин өзгөртүү менен, көтөргүч конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн жана объекттин коопсуздугуна жана жер титирөөгө туруктуулугуна таасирин тийгизбеген кайра куруусуз пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн алкагында объектти кайра профилдөө жана кайра пландоо;
5) учурдагы объекттерди кошкондо жалпы аянты 500 квадрат метрге чейинки кошумча курулуштар;
6) капиталдык эмес жеңил конструкциялык байланыш курулмалары, жарнамалык конструкциялар;
7) көрүүчүлөр үчүн трибунасы жок, тиешелүү инфратүзүмү бар жалпак спорттук жана маданий курулуштар;
8) капиталдык эмес курулуштарды, аянты 50 квадрат метрге чейинки жана бийиктиги 15 метрден ашпаган курулмаларды, ошондой эле чакан архитектуралык формадагы объекттердин курулмаларын орнотуу жана жайгаштыруу;
9) автотоктомолорду (автопарковкаларды), анын ичинде ачык бастырма менен уюштуруу;
10) аймакка кирүүлөрдү, чыгууларды (өтмөктөрдү), тротуарларды, веложолдорду уюштуруу;
11) маданий-туристтик багыттагы объекттерди, жеңил конструкциядагы, коттедж тибиндеги капиталдык эмес курулмаларды, убактылуу жана сезондук жашаган бир нече жана андан көп үйлөрдөн турган объекттерди уюштуруу.
9. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн төмөнкү түрлөрүндө архитектура жана шаар куруу органдары ШК берет, андан кийин ШК мамлекеттик экспертизадан өтөт, ошондой эле мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алгандан кийин объект курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилет жана андан ары курулуш аяктагандан кийин объекттин шайкештиги бааланууга тийиш:
1) көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен объектти реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра куруу жана кайра пландаштыруу;
2) аянты 500 квадрат метрден ашкан жана бийиктиги 3 кабаттан ашкан объектти куруу;
3) аянты 500 квадрат метрден ашык болгон объекттерге кошумча курулуштар;
4) линиялуу объекттерди, инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу, реконструкциялоо;
5) байланыштын капиталдык курулуштары.
10. Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн объекттердин курулушун мамлекеттик бюджеттен каржылоодо долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана мамлекеттик экспертизаны жүргүзүү зарыл.
Ушул Жобонун 8-пунктунун 1, 2, 3, 4 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо зарыл.
Ушул Жобонун 8-пунктунун 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-пунктчаларында көрсөтүлгөн объекттер боюнча сметалык документтерди даярдоо зарыл.
11. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн төмөнкү түрлөрүндө долбоорлоо жана долбоордук-сметалык документтерди экспертизадан өткөрүү үчүн документтерди алуу талап кылынбайт:
1) көлөмдүк-пландоо чечимдерин, тирөөч конструкцияларын өзгөртпөстөн жана колдонуудагы жүктөмдөрдү көбөйтпөстөн жана инженердик-техникалык камсыздоону өзгөртпөстөн уруксат берилген пайдалануу түрлөрүнүн алкагында жайларды кайра профилдөө;
2) бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо жумуштары, анын ичинде капиталдык оңдоо;
3) көлөмдүк-пландык өзгөртүүлөрсүз мурда болгон объект өрттөнгөндөн кийин жаңы курулушту калыбына келтирүү;
4) тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин коргоо зоналарына, объекттердин коргоо зоналарына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына таасир этпеген, ошондой эле коңшулаш субъекттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаган жеке турак үйлөргө жайкы, турак жана турак эмес жайларды улап куруу.
12. Эгерде объект курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилбесе, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү макулдашылган долбоор менен ШКнын колдонуу мөөнөтү:
1) ушул Жобонун 7 жана 8-пункттары боюнча андан ары пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен 1 жылды түзөт;
2) ушул Жобонун 9-пункту боюнча андан ары пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен 2 жылды түзөт.
13. Заказчынын функциялык арналышына байланыштуу курулуш ниети өзгөргөн учурда жана объектинин кабаты жана аянты өзгөрбөстөн өрт, экологиялык коопсуздук, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдер жана талаптар эске алынып, мурда берилген ШК шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын макулдугу менен анын колдонуу мөөнөтү узартылып кошумча кат түрүндө толукталат:
1) ушул Жобонун 8-пункту жана 9-пунктунун 1-пунктчасы боюнча мөөнөт 6 айга узартылат;
2) ушул Жобонун 9-пунктунун 2-пунктчасы боюнча мөөнөт 1 жылга узартылат.
3-глава. Эксплуатацияга берилген курулуп бүткөн объекттерди
долбоорлоо, куруу жана алардын шайкештигин баалоону ишке
ашыруу үчүн документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
14. Ушул Жободо белгиленген тартипте макулдашылган долбоор менен ШКны даярдоону жана берүүнү архитектура жана курулуш мамлекеттик органы жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы шаар куруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын архитектуралык-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
15. Долбоордук документтерге мамлекеттик экспертиза архитектура жана курулуш мамлекеттик органынын мамлекеттик экспертиза органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Объекттерди курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жана эксплуатацияга берилген курулуп бүткөн объекттин шайкештигин баалоо архитектуралык-курулуш ишин мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
17. Курулуш объектин эксплуатацияга берүү куруучу (заказчы) тарабынан эксплуатацияга берилген курулуп бүткөн объекттин шайкештигин баалоо актынын жана курулуп бүткөн объекттин шайкештиги жөнүндө билдирүүнү кабыл алуу жөнүндө ырастаманын негизинде ишке ашырылат.
18. Долбоорлоого жана курууга берилген документтерди кайра сурап алуу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Мамлекеттик экспертизадан өткөнгө чейин арыз ээси тарабынан одоно бузуулар табылган учурда архитектура жана курулуш мамлекеттик органы жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү мамлекеттик экспертиза органына, архитектура жана курулуш мамлекеттик органына жана архитектуралык-курулуш ишин мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен бузуулар четтетилгенге чейин мурда берилген ШКнын колдонулушун токтото турат.
4-глава. Долбоорлоого жана курууга документтерди
берүүнүн негизги этаптары жана мөөнөттөрү
20. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга документтерди берүү процесси төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) курулуш участогуна жанаша жайгашкан муниципалдык аймакты милдеттүү түрдө кошумча көрктөндүрүүнү эске алуу менен "Башкы план", "Архитектуралык чечимдер" долбоорлорунун бөлүмдөрүн макулдашуу менен ШКны алуу;
2) объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жана курулушту баштоо.
21. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга документтерди берүү процесси төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) инженердик тармактарга кошулууга техникалык шарттарды жана курулуш участогуна жанаша жайгашкан муниципалдык аймакты милдеттүү түрдө кошумча көрктөндүрүүнү эске алуу менен "Башкы план", "Архитектуралык чечимдер" долбоорлорунун бөлүмдөрүн макулдашуу менен ШКны алуу;
2) заказчынын каалоосу боюнча мамлекеттик экспертизадан өтүү;
3) объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жана курулушту баштоо.
22. Ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга документтерди берүү процесси төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:

2) ишенимдүүлүк жана коопсуздук ченемдерине шайкештигин белгилөө үчүн жетиштүү көлөмдө берилген долбоордук документтердин экспертизасы (конструкциялык чечимдер жана ички инженердик тармактар);
3) инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын долбоордук документтерин кошуу жеринен долбоорлонуучу (курулуучу) объектке чейин макулдашуу жана экспертизалоо.
Эгерде инженердик тармактардын трассасы макулдашылбаса же инженердик тармактарды чыгаруу талап кылынса, анда объектти 4-кабатка чейин курууга уруксат берилет.
Эгерде маселе 10 жумуш күндүн ичинде чечилбесе, объект чечим кабыл алынганга чейин сакталат.
4) объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жана курулушту баштоо.
23. Курулушка документтерди кароо жана берүү мөөнөттөрү:
1) ушул Жобонун 20-пунктунун 1-пунктчасы боюнча, 21-пунктунун 1-пунктчасы боюнча - 10 жумуш күнгө чейин;
2) ушул Жобонун 20-пунктунун 2-пунктчасы боюнча, 21-пунктунун 3-пунктчасы боюнча, 22-пунктунун 4-пунктчасы боюнча - 1ден 5 жумуш күнгө чейин;
3) ушул Жобонун 21-пунктунун 2-пунктчасы боюнча, 22-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары боюнча - 10 күндөн 20 жумуш күнгө чейин;
4) ушул Жобонун 22-пунктунун 1-пунктчасы боюнча - 15 жумуш күнгө чейин.
5-глава. Курулуш ниети жөнүндө арыздарды кароонун
тартиби
24. Заказчы (куруучу), эгерде өзүнүн долбоордук уюму жок болсо, башкы долбоорлоочунун жана автордук көзөмөлдүн функцияларын аткарууга, макулдашылган долбоор жана экспертиза менен ШКны алууда долбоорду коштоого келишим түзгөн тиешелүү лицензиясы бар тиешелүү долбоордук уюмду келишимдик негизде тартууга укуктуу.
25. Заказчы (куруучу) же долбоордук уюм эскиздик долбоорду иштеп чыкканга чейин арыздын негизинде архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органынан анын жер участогу жайгашкан аймакка шаар куруу документтеринин бар экендиги, анын жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү жана аларды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле ыйгарым укуктуу кызматтар менен макулдашуунун жана архитектуралык-шаар куруу кеңешинен өтүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
26. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү аймактык орган заказчынын (куруучунун) суроо-талабы боюнча суратылган маалыматты 3 жумуш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Курулуш ниеттери ылайык келбеген учурда долбоордук уюм долбоордук документтерди иштеп чыгат жана заказчы (куруучу) менен бирдикте шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын кароосуна киргизет.
27. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык архитектура жана шаар куруу органдарынын алдында архитектуралык-шаар куруу кеңештерин түзөт, ошондой эле ыйгарым укуктарын жана курамын бекитет, мында архитектуралык-шаар куруу кеңештери объекттерди квартал боюнча жайгаштыруу жана алардын архитектуралык-пландоо жана көркөм чечимдери маселелери боюнча консультациялык функцияларды аткарат.
Архитектуралык-шаар куруу кеңеши шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерин карайт, буга деталдуу пландаштыруу долбоорунда же курулуш долбоорунда каралган объекттер кирбейт.
Архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык башкармалыктын жетекчиси (башкы архитектор) архитектуралык-шаар куруу кеңешинде акыркы чечимди кабыл алууга укуктуу жана кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчилик тартат.
Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечими протокол түрүндө таризделет жана ШКны иштеп чыгууда пайдаланылат.
Эскиздик долбоорду жактыруудан баш тартылган учурда архитектуралык-шаар куруу кеңеши тарабынан чечимде көрсөтүлгөн сын пикирлерге ылайык долбоорду жеткире иштеп чыгуу жөнүндө чечим чыгарылат.
28. Курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн арыз ээси архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү аймактык органга архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча арыз берет.
29. Жеке жактар арыз менен бирге төмөнкү документтерди беришет:
1) көлөмдүк-пландоо чечими менен иштелип чыккан долбоор (кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт);
2) инженердик тармактарга кошулууга техникалык шарттар (суу менен жабдуу, электр менен жабдуу, газ жана жылуулук менен жабдуу);
3) зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу кызматтардын, анын ичинде тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын ыйгарым укуктуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын корутундулары;
4) зарыл болгон учурда архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечими;
5) топографиялык сүрөткө тартуунун көчүрмөсү;
6) укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү (ижара жана/же сатып алуу-сатуу келишими);
7) курулуш долбоорунан зарыл болгон учурда курулуш ниети менен көчүрмө (шайкештик);
8) паспорттун көчүрмөсү, мында түп нускасы документтерди берүүдө жеке өзү көрсөтүлөт;
9) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук арызы;
10) эгерде арызды жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү берсе, Кыргыз Республикасынын жарандык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат;
11) "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан сырткы видеобайкоо системасынын долбоору.
30. Юридикалык жактар арыз менен бирге ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди беришет, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн документтерди кошумча беришет:
1) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
2) өкүлдүн атына ишеним кат, ага ылайык ал юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү түзүүгө ыйгарым укуктуу.
Эгерде арыз юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруу органы) тарабынан берилсе, жетекчиге документтерди иштеп чыгууга келишим түзүүгө укук берүүчү документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ талап кылынат.
Эгерде юридикалык жак шайлануучу коллегиялуу аткаруу органы тарабынан башкарылса жана курулуш үчүн документтерди иштеп чыгууга келишим түзүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин түзүүгө органдын макулдугун ырастаган тиешелүү чечим талап кылынат.
31. Реконструкциялоо, профилин өзгөртүү жана кайра пландаштыруу объекттери боюнча инженердик камсыздоонун болушу, учурдагы керектөө жана имараттар жана курулмалар үчүн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча оң техникалык корутунду кошумча көрсөтүлөт.
32. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкедеги жарнамалык курулмаларды долбоорлоо, куруу, орнотуу жана башка өзгөртүү объекттери боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын техникалык шарты жооптуу адамдарды, жумуштарды аткаруунун технологиясы жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
33. Ушул Жободо көрсөтүлгөндөрдөн тышкары кандайдыр бир документтерди талап кылууга жол берилбейт.
34. Архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү аймактык орган ушул Жобонун 29, 30, 31 жана 32-пункттарында каралган документтердин пакети менен арызды кабыл алат жана арыз ээсине белгиленген формадагы арызды кабыл алуу жөнүндө ырастама берет.
35. Арызды кабыл алуу жөнүндө ырастаманын формасы архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
36. Арыз келип түшкөн күндөн тартып архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү аймактык орган 5 жумуш күндүн ичинде ШКны берүү жана долбоорду макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдардын архитектуралык-техникалык кеңешинин кароосуна тиешелүү документтери менен долбоорду же арыз ээсине милдеттүү түрдө кабарлоо менен баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди чыгарууга тийиш.
37. Архитектуралык-техникалык кеңеште документтерди жана долбоордук документтерди кароо:
1) долбоордук документтердин шаар куруу регламенттерине, шаар куруу документтерине, курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине шайкештиги;
2) сырткы инженердик тармактардын калктуу конуштун инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна шайкештиги;
3) берилген инженердик техникалык шарттардын талап кылынган кубаттуулуктарга жана инженердик тармактарды кошуу схемаларына шайкештиги;
4) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги;
5) кварталдарды көрктөндүрүүнүн жалпы концепциясынын долбоорлонуучу объектине жанаша турган аймакты көрктөндүрүү предметине ишке ашырылат.
38. Билдирилген курулуш ниеттери шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык келбегендиги аныкталган учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан архитектуралык-техникалык кеңеш өткөрүлгөндөн кийин 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине же арыз берүүчүнүн ишенимдүү адамына арызды канааттандырбастан кайтарып берүү жөнүндө тийиштүү корутунду, дал келбестиктин себептерин негиздөө менен берилет.
39. ШКны иштеп чыгуу жана долбоордук документтерди макулдашуу 1 этапта ишке ашырылат, мында ШКны иштеп чыгуу баштапкы этап, ал эми долбоордук документтерди макулдашуу экинчи этап болуп саналат.
40. ШК төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жер участогун пайдалануу боюнча өзгөчө талаптар;
2) кошуу жерине берилген техникалык шарттарга ылайык инженердик тармактардын өтүү схемасы;
3) санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы, экологиялык талаптар (объекттин функциялык арналышына жараша);
4) көрктөндүрүү, унаа токтоочу жайларды жана подъезддерди уюштуруу боюнча талаптар (объекттин функциялык арналышына жараша);
5) тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары.
ШКга арыз ээсинин жана долбоорду иштеп чыгуучунун укуктарын чектеген конструкциялык чечимдерге, ички жабдууларга, ички пландоого карата талаптарды киргизүүгө жол берилбейт.
41. Объектти инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын долбоорлоого ШКга төмөнкүлөр тиркелет:
1) инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык талаптар;
2) инженердик коммуникацияларды куруу аймагынан алып чыгууга техникалык талаптар (зарыл болсо);
3) кошулуу жерлеринен долбоорлонуучу (курулуучу) объектке чейинки колдонуудагы коммуникацияларга кошулуу жерлерин көрсөтүү менен инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын, магистралдык инженердик тармактарды төшөө схемалары;
4) инженердик коммуникацияларды куруу аймагынан чыгаруу схемасы (зарыл болсо).
Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын милдеттүү тиркемеси болуп курулуш аянтчасынын чегинен тышкары инженердик коммуникациялар өтүүчү участокторго белгиленген тартипте оңдолгон жана таризделген топографиялык сүрөткө тартуу эсептелет.
42. Жер участогунун максаттуу (функциялык) багыты шаар куруу документтери менен аныкталат жана ШКда чагылдырылат.
Жер участогунун максаттуу (функциялык) багыты өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер болуп шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдардын ШКсы эсептелет.
43. Долбоордук документтерди макулдашуу "Башкы план", "Архитектуралык чечимдер" бөлүмдөрүнүн негизги чиймелеринде жана тышкы инженердик тармактардын өтүү схемасында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчисинин колу коюлуп, мөөр же штамп менен күбөлөндүрүлөт.
Долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрүн ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар менен техникалык шарттарга жана ШКнын талаптарына ылайык келишине макулдашуу талап кылынбайт.
Долбоордук документтин шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан макулдашылган бөлүмдөрү ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык ("Архитектуралык чечимдер", "Башкы план") андан ары экспертизалоого жатпайт.
Долбоордук документтерге макулдашылгандан кийин объекттин башкы планына жана көлөмдүк-пландоо чечимдерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө долбоордук документтер шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан кайрадан макулдашылууга тийиш.
44. Долбоордук документтерге коюлуучу шаар куруу, өрткө каршы, санитардык-эпидемиологиялык, гигиеналык, экологиялык жана башка талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана долбоордун башкы инженерине жүктөлөт.
45. Долбоордук чечимдер долбоорлоо жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жана башка ченемдик документтерге ылайык келбеген учурда архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү аймактык орган заказчыга (куруучуга) милдеттүү түрдө билдирүү менен долбоордук чечимдерди кесипкөйлүк эмес аткарууга байланыштуу лицензиядан жана сертификаттардан ажыратуу жөнүндө маселелерди кароо үчүн лицензияларды жана сертификаттарды берүүчү органдарга долбоордук уюм жөнүндө маалыматтарды жиберүү менен долбоордук документтерди макулдашуудан баш тартуу жөнүндө негиздүү чечим чыгарат.
Мында архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү аймактык орган сын пикирлерди толук көлөмдө берүүгө, ошондой эле долбоордук документтерди иштеп чыгууда талаптары бузулган ченемдик техникалык документтердин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын түзүмдүк элементтеринин реквизиттерин көрсөтүүгө милдеттүү.
46. Долбоордук документтер бир жолудан ашык эмес жеткире иштеп чыгууга жиберилет, оңдолгон долбоордук документтер берилгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде кайталап кароо жүргүзүлөт.
Мында, эгерде сын пикирлер четтетилбесе же көрсөтүлгөн сын пикирлер жаңы сын пикирлерге алып келсе, долбоордук документтер жеткире иштеп чыгууга кайтарылат.
47. Макулдашылган долбоор менен ШК 3 нускада түзүлөт, анын 2 арыз ээсине берилет, 1 архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык органда калат.
48. Макулдашылган долбоор менен бекитилген ШК төмөнкү даярдык иштерин жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат:
1) курулуштарды бузуу жана курулуш аймагына кирген инженердик тармактарды алып чыгуу;
2) жашыл аянтты бузуу, көчүрүү;
3) курулуш аянтын тосуу;
4) убактылуу жана туруктуу өтүүлөрдү уюштуруу;
5) убактылуу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу, курулушту инженердик камсыздоонун убактылуу тармактарын орнотуу.
49. ШКнын формасы архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
50. Тышкы тармактардын долбоорлору архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык органдар тарабынан ушул Жобонун 22-пунктуна ылайык макулдашылат, андан кийин төмөнкүлөрдүн предметине мамлекеттик экспертизадан өтөт, буга ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн объекттер кирбейт:
1) сырткы инженердик тармактардын калктуу конуштун инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна ылайык келиши;
2) берилген инженердик техникалык шарттардын талап кылынган кубаттуулуктарга жана инженердик тармактарды кошуу схемаларына, ШКда чагылдырылган талаптарга жана шарттарга ылайык келиши.
51. ШК жана долбоордук документтерди макулдашуу архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык акы төлөө негизинде ишке ашырылат.
6-глава. Долбоордук документтерди экспертизалоо
52. Долбоордук документтерди экспертизалоо заказчынын арызы боюнча долбоордук документтерди кагаз же электрондук түрдө берүү менен аткарылат.
53. Долбоордук документтерге ар кандай экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан жол-жоболорду курулуш, өрт, өнөр жай коопсуздугу, экологиялык жана экспертизанын башка түрлөрү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат:
1) долбоордук документтердин долбоорлоонун курулуш ченемдерине шайкеш келишин экспертизалоо - архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) өрт коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү - өрткө каршы мамлекеттик профилактика боюнча ыйгарым укуктуу орган;
3) экологиялык экспертиза - айлана чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
4) өнөр жай коопсуздугу боюнча кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого, рекультивациялоого жана жоюуга долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү - өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик укуктук жөнгө салууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган.
Башкы долбоорлоочу экспертизалардын бардык зарыл түрлөрү боюнча тиешелүү бекитилген жоболорго ылайык, долбоордук документтерди көрсөтүлгөн экспертизалоо органдарында коштоону камсыз кылат жана долбоордук документтердин бардык бөлүмдөрүнүн өз ара байланышы үчүн жоопкерчилик тартат.
54. Долбоордук документтер жана (же) анын айрым бөлүмдөрү, ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн - сметалык ченемдерди жана эсептөө ыкмаларын колдонуу бөлүгүндөгү сметалык документтер (иштердин көлөмүнөн тышкары) экспертизанын предмети болуп саналат.
55. Долбоордук документтерди жана анын айрым бөлүмдөрүн экспертизалоо төмөнкүлөрдүн шайкештигин баалоону билдирет:
1) долбоордук чечимдердин конструкциялык чечимдерге, ошондой эле инженердик тармактарга жана жабдууларга карата ченемдик талаптарга;
2) долбоордук чечимдердин инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн (иликтөөлөрдүн) натыйжаларына;
3) эсептердин наркы эсептөө методикасынын талаптарына.
56. Долбоордук документтер милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертизадан өтүүгө тийиш:
1) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу объекттерди куруу жана башка өзгөртүү үчүн;
2) менчигинин түрүнө карабастан тобокелдик фактору жогору (I категориядагы) объекттер үчүн;
3) долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштырууда.
57. Документтерди кабыл алуу жана экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу тартиби ушул Жободо жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген регламентте белгиленет.
58. Инженердик-геологиялык, климаттык, гидрологиялык жана сейсмикалык шарттары окшош аянтчаларга жайгаштырууда экспертизанын оң корутундусун алган, кайталап колдонулуучу долбоорлор боюнча объекттерди курууга долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.
59. Кайрадан колдонулуучу долбоордук документтерде долбоордук чечимдерди өзгөртүүдө долбоордук документтердин өзгөртүүлөр киргизилген бөлүктөрү экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ченемдик-техникалык базанын негизинде чет өлкөлүк долбоорлоо уюму тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтердин экспертизасы аны ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын ченемдик техникалык документтерине ылайык келтиргенден (адаптациялоодон) кийин аткарылат.
60. Объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтердин экспертизасы курулуш өндүрүшүнүн технологияларын сактоону, ошондой эле курулуш долбоорлорунун же объекттин башкы планынын негизинде курулуштун кезектүүлүгүн жана ШКда же долбоорлоого тапшырмада каралган ишке киргизүү комплекстерин эске алып, курулуш кезектүүлүгүн жана ишке киргизүү комплекстерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Турак жай жана коомдук, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттерге кирбеген өндүрүштүк имараттар үчүн долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аянты 1000 жана андан ашык чарчы метр объекттерде жүзөгө ашырууга жол берилет.
Көрсөтүлгөн объекттерде долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтерди экспертизалоо эки этапта жүргүзүлөт:
1) "Конструктивдүү чечимдер", "Технологиялык чечимдер" бөлүмдөрү боюнча (зарыл болсо долбоордук документтердин курамына ылайык), ошондой эле ички инженердик камсыздоо бөлүмдөрү боюнча долбоордук документтерди экспертизалоо.
Долбоордук уюмдун жоопкерчилиги астында ички инженердик камсыздоо долбоорунун бөлүмдөрүн экинчи этапта берүүгө жол берилет. Бул учурда биринчи этапта көрсөтүлгөн бөлүмдөр өзүнчө берилбейт;
2) биринчи этаптын бөлүмдөрү менен байланышкан тышкы инженердик тармактардын долбоордук документтеринин экспертизасы.
Сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтерди экспертизалоо ШКда же долбоорлоого тапшырмада каралган кезектерди жана ишке киргизүү комплекстерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин долбоордук документтеринин сметалык бөлүгүн экспертизалоо экинчи этапта же даярдыгына жараша жүзөгө ашырылат.
61. Долбоордук документтердин экспертизасы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Көлөмдүк-пландоочу, функциялык жана конструктивдик бирдей чечимдерге ээ болгон комплекстердин курамындагы имараттарды же курулмаларды экспертизалоодо бир гана имарат (курулма) үчүн акы төлөнөт.
Экспертиза жүргүзүүнүн узактыгы экспертизалоо предметинин көлөмү жана татаалдыгы менен аныкталат, төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
1) 500 чарчы метрден 1000 чарчы метрге чейин - 15 жумуш күнгө чейин;
2) 1000 чарчы метрден 10000 чарчы метрге чейин - 20 жумуш күнгө чейин;
3) 10000 чарчы метрден жогору - 30 жумуш күнгө чейин.
Өзгөчө татаал объекттерди, ири объекттерди, кооптуу өндүрүштүк объекттерди, чоң комплекстерди кароодо кароо мөөнөтү арыз ээсине кат түрүндө билдирүү менен 20 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Ченемдик талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө мурда корутунду алган долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жаңыдан келип түшкөн долбоордук документ катары жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
62. 3 жыл ичинде курулушу башталбаган долбоордук документтер, эгерде бул мезгилде ченемдик-техникалык жана долбоордук документтерине өзгөртүүлөр киргизилсе же инженердик камсыздоого муктаждык өзгөрсө кайталап экспертиза жүргүзүүгө берилет.
63. Эксперттик уюм зарыл учурда эксперттик топторду түзөт, экспертиза жүргүзүү үчүн эксперт адистерди жана чет өлкөлөрдүн эксперттик уюмдарын чакырат.
Чакырылган эксперттердин жана эксперттик уюмдардын экспертизага катышуусу экспертизанын заказчысынын кошумча каржылык чыгымдарына алып келбейт, бирок эгерде талаш-тартыш учурлар келип чыкса, заказчы өзүнүн каражаттарынын эсебинен тиешелүү билими бар көз карандысыз эксперттерди тартат.
64. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча белгиленген формада корутунду түзүлөт:
1) долбоордук-техникалык чечимдердин архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө;
2) долбоорлонуучу объекттин коопсуздугуна таасир этпеген кемчиликтерди жана эскертүүлөрдү жоюу шарты менен долбоордук-техникалык чечимдердин ченемдик талаптарга шайкеш келиши жөнүндө.
65. Долбоордук чечимдер ченемдик талаптарга жана инженердик изилдөөлөрдүн (текшерүүлөрдүн) жыйынтыктарына шайкеш келбесе, Кыргыз Республикасынын ченемдик-техникалык документтеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шилтеме келтирүү менен долбоорлоонун ченемдеринин айкын бузулушу корутундуда көрсөтүлөт.
66. Экспертиза жүргүзүү процессинде эксперттик уюм аныкталган эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди иш тартибинде жоюу үчүн долбоорду жана сметалык бөлүктү иштеп чыгуучуну тартат.
Эскертүүлөр заказчынын атына жазуу жүзүндө да жөнөтүлүшү мүмкүн, мында долбоордук документтерди экспертизалоо эскертүүлөр жоюлгандан кийин кайра улантылат жана төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
1) 500 чарчы метрден 1000 чарчы метрге чейин - 5 жумуш күнгө чейин;
2) 1000 чарчы метрден 10000 чарчы метрге чейин - 10 жумуш күнгө чейин;
3) 10000 чарчы метрден жогору - 15 жумуш күнгө чейин;
4) өзгөчө татаал объекттер, ири объекттер, кооптуу өндүрүштүк объекттери, чоң комплекстер үчүн - 30 жумуш күнгө чейин.
67. Оңдолгон долбоордук документтер экспертизага 30 жумуш күндөн ашык мөөнөттө берилбеген учурда ченемдик-техникалык талаптарга шайкеш келбегендиги жөнүндө корутунду түзүлөт.
Экспертизаны кайталап жүргүзүүгө долбоордук документтердин эксперттердин эскертүүлөрү боюнча өзгөртүү киргизилген бөлүгү гана берилет.
Мурда ченемдик талаптарга шайкеш келбегендиги жөнүндө корутунду берилген, долбоордук-сметалык документтерди кайрадан экспертизага берүүдө, заказчы тарабынан мурда жүргүзүлгөн экспертизанын наркынын 20% өлчөмүндө акы төлөнөт.
68. Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин көлөмдүк-пландаштыруу, конструкциялык чечимдер жана инженердик камсыз кылуу өзгөргөн учурда заказчы долбоордук документтерди өзгөртүүлөр киргизилген бөлүмдөрдүн бөлүгүндө кайрадан макулдашууга жана экспертизага берет.
7-глава. Объектти инженердик тармактарга
технологиялык кошуу
69. Инженердик-техникалык кызматтар, куруучуга объектти инженердик тармактарга кошууга техникалык шарттарды акысыз негизде берет.
70. Объектти инженердик тармактарга технологиялык кошуу куруучу менен инженердик-техникалык кызматтардын ортосундагы келишимдин жана архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык орган менен макулдашылган тышкы инженердик тармактардын жумушчу долбоорунун негизинде ишке ашырылат.
71. Курулуш объектисинин кабыл алуучу түзүлүштөрүнөн объектти инженердик тармакка кошуу түйүнү инженердик тармактардын ээлери тарабынан каралат.
Объектти инженердик тармакка технологиялык кошууга техникалык шарттарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
72. Курулуш районунда инженердик тармактар жок болгон учурда өзүнчө долбоор иштелип жаткан инженердик камсыз кылуунун альтернативдик булактары (скважиналарды бургулоо, жергиликтүү тазалоочу курулмаларды, локалдык отканаларды орнотуу ж.б.) табылышы керек.
73. Иштеп жаткан инженердик тармактардын кубаттуулугу жетишсиз болгон учурда, жумушчу долбоордо алардын кубаттуулугун талап кылынган көрсөткүчтөргө чейин көбөйтүү же курулуш районунун келечектүү өнүгүүсүн эске алуу менен каралат.
74. Тышкы инженердик тармактардын курулушу аяктагандан кийин, аткаруу съемкасы ишке ашырылат, ал ресурстарды берген уюмдарга жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү аймактык органга өткөрүп берилет.
Техникалык шарттар болгон учурда тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, курулуп бүткөн объекттин шайкештик актысына кол коюшат, кол тамгасы тиешелүү кызматтардын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
8-глава. Объектти курууну баштоо үчүн негиздер
75. Курулуш объекттеринин реестрине объектти киргизүү жөнүндө тастыктама курулушту баштоо үчүн негиз болуп саналат.
Курулуш объекттеринин реестри архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Объектти курулуш объекттеринин реестрине киргизүү үчүн негиз болуп, төмөнкү документтерди берүү менен заказчынын арызы эсептелет:
1) макулдашылган долбоор менен оң ШК;
2) тийиштүү лицензиялар жана сертификаттар тиркелген, башкы подрядчы менен автордук көзөмөлгө, техникалык көзөмөлгө келишим;
3) имараттардын энергиялык натыйжалуулугун долбоордук баалоо;
4) ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер үчүн, ошондой эле экспертизадан өтүүдө 7 жана 8-пункттарда көрсөтүлгөн объекттер үчүн долбоордук-техникалык чечимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик талаптарга шайкештиги жөнүндө экспертизалардын корутундулары.
Заказчы ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн түрлөрүнө, макулдашылган долбоор менен ШК алынган күндөн тартып 5 күндүн ичинде долбоордун автору, инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр (техникалык көзөмөл) боюнча адис жана башкы подрядчы менен автордук жана техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча келишим түзүүгө жана объектти архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органда курулуш объекттеринин реестрине киргизүүгө милдеттүү.
Заказчы ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн түрлөрүнө экспертизанын оң корутундусун алган күндөн тартып 5 күндүн ичинде долбоордун автору, инженер-консультант (техникалык көзөмөл) жана башкы подрядчы менен автордук жана техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча келишим түзүүгө жана объектти архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда курулуш объекттеринин реестрине киргизүүгө милдеттүү.
Долбоорлонуучу объект ушул Жобонун 58-пунктуна шайкеш келген учурда, курулушту баштоо үчүн архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү аймактык орган тарабынан макулдашылган долбоордук документтердин бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен долбоордук уюм тарабынан аткарылуучу долбоордук документтердин түшүндүрмө бөлүгүндө келтирилген негиздеме жетиштүү болот.
Заказчыда техникалык көзөмөл жүргүзүүчү кызмат жок болгон учурда, заказчы техникалык көзөмөл жүргүзүүгө тиешелүү квалификациялык сертификаттары бар атайын ыйгарым укуктуу юридикалык же жеке жактар менен белгиленген тартипте техникалык көзөмөл жүргүзүүгө келишим түзүүгө милдеттүү.
76. Долбоордук документтерди экспертизалоонун оң корутундусунун көчүрмөсү, долбоордук документтер, автордук көзөмөлдөө жана жумуш өндүрүү журналы курулуш аянтында сакталышы керек жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш контроль жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча берилиши керек.
77. Курулуш объектисине болгон менчик укугу башка адамга өтсө, объекттин курулушу токтотулса же консервацияланса, арыз ээси чечим кабыл алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде мамлекеттик архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
78. Кыргыз Республикасынын аймагында тургузулуучу курулуш объекттери архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунан, автордук жана техникалык көзөмөлүнөн өтүшү керек.
9-глава. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү
объекттин шайкештигин баалоо
79. Объекттин курулушу бүткөндөн кийин объект мамлекеттик архитектуралык-курулуш боюнча контролду жүзөгө ашырган архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан шайкештигин баалоо жүргүзүлүшү керек.
80. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо ушул Жобонун 7, 8 жана 9-пункттарында каралган объекттерге жүргүзүлөт.
81. Ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо үчүн арыз ээси объекттин курулушу бүткөндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз жөнөтөт.
82. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) курулуштун бүткөндүгү жана бардык баскычтарды кабыл алуу жөнүндө жана чектеш аймактын көрктөндүрүлгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрүүчү актылар;
2) аткаруу-техникалык документтер (аткаруу съемкалары, жашырын жумуштардын актылары);
3) бүткөрүлгөн объектти тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген бардык тышкы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу жөнүндө тастыктамалар (бүткөрүлгөн объектти эксплуатациялоо үчүн инженердик тармактарга кошууга келишимдер жана контракттар);
4) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;
5) куралган инженердик-технологиялык жабдыктарды сыноо актылары;
6) заказчы жана башкы подрядчы тарабынан кол коюлган аткарылган жумуштардын баасы жөнүндө маалымкат;
7) "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-пунктуна ылайык имараттын энергетикалык сертификаты, аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн имараттарды кошпогондо.
83. Ушул Жобонун 81 жана 82-пункттарында каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
84. Арыз ээси курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо үчүн берилүүчү документтердеги маалыматтардын тууралыгын камсыз кылат.
85. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин долбоордук документтеринин техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо, арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысы түрүндө таризделет.
86. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысы арыз ээси (заказчы куруучу), долбоордун автору, башкы подрядчы, инженер консультант, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктын жетекчиси, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн тиешелүү инженердик-техникалык кызматтарынын курулушка көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысына кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдар, акт алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ага кол коюуга же кол коюудан баш тартуу жөнүндө себептерин көрсөтүү менен кат түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде ушул Жобонун 85-пунктунда белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архитектуралык-курулуш чөйрөсүндөгү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоонун тиешелүү актысы кабыл алынбаса же курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоодон баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлбөсө, объект кабыл алынды деп эсептелет жана арыз ээсинин талабы боюнча бул орган үч күндүк мөөнөттө ага курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысын берүүгө милдеттүү.
87. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысынын формасы архитектура жана шаар куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
88. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоонун бекитилген актысы, кыймылсыз мүлк объектисине укуктарды мамлекеттик каттоо жана объектти эксплуатацияга берүү үчүн негиз болуп саналат.
89. Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн курулушу бүткөн курулуш түрлөрүнүн жана объекттердин башка өзгөртүүлөрүнүн шайкештигин баалоо үчүн, арыз ээси объекттин курулушу бүткөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз жөнөтөт.
90. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын ШК көчүрмөсү ушул Жобого ылайык макулдашылган көлөмдүк-пландоочу чечимдери менен долбоордук документ (кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт) жана топографиялык негиздеги 1:500 масштабдагы башкы план (түп нускасы);
2) эгерде арызды жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү берсе, арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү жана (же) Кыргыз Республикасынын жарандык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык таризделген өкүлгө ишеним кат;
3) бүткөрүлгөн объектти тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген бардык тышкы инженердик-техникалык камсыз кылуучу тармактарга кошуу жөнүндө тастыктамалар (курулушу бүткөн объектти эксплуатациялоо үчүн инженердик тармактарга кошууга келишимдер жана контракттар);
4) заказчы жана башкы подрядчы тарабынан кол коюлган аткарылган жумуштардын баасы жөнүндө маалымкат;
5) имараттын энергетикалык сертификаты ("Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-пунктуна ылайык, аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн имараттарды кошпогондо).
91. Ушул Жобонун 89 жана 90-пункттарында каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
92. Арыз ээси курулушу бүткөн объекттин шайкештигин баалоо үчүн берилүүчү маалыматтардын жана документтердин тууралыгын камсыз кылат жана курулуштун сапаты жана объектти андан ары эксплуатациялоо үчүн толук жоопкерчилик тартат.
93. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысына кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдар, акт алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ага кол коюуга же кол коюудан баш тартуу жөнүндө себептерин көрсөтүү менен кат түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
94. Эксплуатацияга берилүүчү жеке турак жай курулуш объектинин шайкештигин баалоо жеке турак жай курулушу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
95. Курулушу бүткөн объекттин шайкештиги жөнүндө тастыктаманын формасы архитектура жана шаар куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана кыймылсыз мүлк объектисине укуктарды мамлекеттик каттоо жана объектти эксплуатацияга берүү үчүн негиз болуп саналат.
96. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоону ишке ашыруучу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ай сайын статистика органдарына курулушу бүткөн объекттер жөнүндө маалыматты жөнөтөт.
10-глава. Объектке жанаша жайгашкан муниципалдык
аймакты көрктөндүрүү
97. Курулуш объектине жанаша жайгашкан муниципалдык аймак архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү аймактык орган тарабынан аныкталат жана милдеттүү кошумча көрктөндүрүү зонасы болуп эсептелет.
98. Көрктөндүрүү долбооруна, коноктор үчүн авто унаа токтотмо жайларын, жергиликтүү өтүү жолдорун уюштурууга талаптар ШКда белгиленет.
99. Объектти куруу мезгилинде курулуш участогуна жанаша жайгашкан муниципалдык аймак (милдеттүү кошумча көрктөндүрүү аймагы) куруучу тарабынан курулуштун башкы планына ылайык, жер участогун кошумча тариздебестен пайдаланылат.
100. Куруучу тарабынан көрктөндүрүлгөн жанаша жайгашкан аймак андан ары күтүү үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
11-глава. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
101. Долбоорлоого, курууга жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоого документтерди берүү процессине катышкан субъекттердин кызмат адамдарынын иш-аракеттерине, административдик иш жана административдик жол-жоболор тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылат.
102. Инженердик камсыз кылуу тармактарына кошууну камсыз кылган жана табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтар алар көрсөткөн кызматтарды көрсөтүүдөн негизсиз баш тарткандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга чыгым келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
103. Долбоорлоого жана курууга карата ченемдик талаптарды, ошондой эле ушул Жобонун мөөнөттөрүн жана талаптарын бузгандыгы үчүн, мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгы, документтерди берүүдөн негизсиз баш тарткандыгы үчүн долбоорлоого жана курууга документтерди берүү, ошондой эле инспекциялык контролдоо процессине катышкан ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары, долбоорлоо жана курулуш уюмдары, долбоорлордун жетекчилери жана аткаруучулары, инженер консультанттар (техникалык көзөмөл), автордук көзөмөлдүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ