Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтому менен бекитилди) |
Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органга караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо билим берүү ишин аккредитациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу максатында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук аккредитациялык кеңешти (мындан ары - УАК) түзүү жана анын ишинин тартибин жөнгө салат.
2. УАК аккредитациялык агенттиктерди таануу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү маселелерин коллегиалдуу жана ачык-айкын кароо үчүн коомдук башталышта иштеген кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. УАК өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
2. УАКтын максаттары жана милдеттери
4. УАКтын максаты аккредитация системасын өнүктүрүү жана билим берүү сапатын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
5. УАКтын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- аккредитациялык агенттиктерди таануу же таануудан баш тартуу, таанууну токтото туруу жана аны жокко чыгаруу жөнүндө объективдүү чечим кабыл алуу;
- аккредитациялык агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу;
- аккредитациялык агенттиктердин ишине байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо.
3. УАКты түзүү тартиби
6. УАК 11 адамдан турат, анын ичине ыйгарым укуктуу органдын 3 өкүлү, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын 3 өкүлү, иш берүүчүлөр ассоциацияларынын 3 өкүлү, коомдук институттардын 2 өкүлү кирет.
Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) УАКтын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин аккредитация маселелерин тейлеген орун басары - УАКтын төрагасы;
- ыйгарым укуктуу органдын аккредитация маселеси боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси - УАКтын төрагасынын орун басары;
- ыйгарым укуктуу органдын укуктук камсыздоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси.
Билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан УАКтын курамына башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн бирден өкүлү кирет.
7. Билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын, иш берүүчүлөр ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү УАКтын курамына конкурстук тандоонун негизинде киргизилет.
8. УАКтын курамына төмөнкүлөр кире албайт:
- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучусу;
- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу жак;
- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар адам;
- билим берүү уюмунун жетекчиси.
4. Конкурстук тандоонун тартиби
9. Билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын, иш берүүчүлөр ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрүн УАКтын курамына киргизүү үчүн конкурс ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөрүлөт.
10. Ыйгарым укуктуу орган билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын, иш берүүчүлөр ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрүн УАКтын курамына киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын электрондук почтасын көрсөтүү менен арыздарды кабыл алуу жана конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар жөнүндө маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу менен конкурсту жарыялайт.
11. Конкурстун катышуучулары төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу;
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын (билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн), кесиптик уюмдарда же тармактык түзүмдөрдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу (иш берүүчүлөр ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн);
- мамлекеттик тилди билүү.
12. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- резюме;
- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
- иш берүүчүлөр ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.
13. Конкурстун катышуучусунун арызы мамлекеттик тилде электрондук форматта электрондук почта аркылуу берилет.
14. Документтери тиркелген арыз ыйгарым укуктуу органдын электрондук документ жүгүртүү системасында 1 жумуш күндүн ичинде катталат.
15. Конкурстун катышуучуларынын арыздары жана документтери ушул Жобонун 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык тандоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
16. Комиссиянын курамына бештен кем эмес адам кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин аккредитация маселелерин тейлеген орун басары - комиссиянын төрагасы;
- ыйгарым укуктуу органдын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аккредитациялоо жана укуктук камсыздоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлдөрү.
17. Комиссиянын курамы, тандоо жүргүзүүнүн мөөнөтү жана конкурстун катышуучуларын тандоо боюнча корутунду ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
18. Комиссия көрсөтүлгөн мөөнөттө конкурстун катышуучуларынын ар бири боюнча корутунду берет.
19. УАКтын курамы Комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен 3 жылдык мөөнөткө бекитилет жана анын веб-сайтына жайгаштырылат.
20. УАКтын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай калганда анын жаңы курамы түзүлөт. УАКтын жаңы курамы анын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн кийинки күнү күчүнө кирет.
21. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык УАКтын мүчөсү боло албайт.
22. Бир уюм (ассоциация) УАКта бир өкүл менен көрсөтүлөт.
23. УАК мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өз каалоосу боюнча;
- УАКтын жыйналышына үч жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай коюу;
- сот тартибинде адамды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу.
24. УАК мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орундар ушул Жободо каралган тартипте үч айдан кечиктирбеген мөөнөттө толукталат.
25. УАКтын ишин уюштуруу үчүн төрага ыйгарым укуктуу органдын аккредитация маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлеринин ичинен катчыны дайындайт. УАКтын катчысы добуш берүү укугуна ээ эмес.
5. УАКтын функциялары, укуктары жана милдеттери
26. УАК төмөнкү функцияларды аткарат:
- аккредитациялык агенттиктерди таануу;
- аккредитациялык агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;
- аккредитациялык агенттиктердин ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- аккредитациялык агенттиктердин ишине байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо;
- билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоо жаатында эл аралык кызматташууга көмөктөшүү.
27. УАК төмөнкүлөргө укуктуу:
- мониторинг жүргүзүүнүн, жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароонун жыйынтыгында белгиленген талаптар бузулгандыгы аныкталган учурда аккредитациялык агенттиктерге эскертүү, таанууну токтото туруу, таанууну жокко чыгаруу түрүндөгү таасир этүү чараларын көрүүгө;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттерди ыйгарым укуктуу орган үчүн тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде тартууга;
- УАКтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер, адистер же кызыкдар коомдук уюмдар менен консультацияларды өткөрүүгө;
- УАКтын ишин камсыз кылуу үчүн донордук жана демөөрчүлүк каражаттарды тартууга.
28. УАК төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жылдык отчетту жайгаштыруу жолу менен УАКтын ишинин ачыктыгын камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына таанылган аккредитациялык агенттиктердин реестрин жарыялоого.
6. УАКтын ишин уюштуруу
29. УАКтын биринчи жыйналышы анын курамы бекитилгенден кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Биринчи жыйналышта УАКтын бир жылга карата иш планы бекитилет.
30. УАКтын жыйналыштары бекитилген планга ылайык онлайн же оффлайн форматтарында өткөрүлөт жана эгерде аларга УАК мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет. УАКтын чечимдери ачык добуш берүү аркылуу катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда УАКтын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
31. УАКтын жыйналышынын күн тартибинин долбоору бекитилген пландын негизинде түзүлөт.
32. Катчы УАКтын жыйналышына 5 жумуш күн калганда мүчөлөргө күн тартибинин долбоорун жана зарыл материалдарды берет.
33. Жыйналыштын протоколдоруна жана анын көчүрмөлөрүнө УАКтын төрагасы жана катчысы кол коёт.
34. Жыйналыштардын протоколдору жана алардын материалдары аккредитация маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдө бир жыл бою сакталат, андан кийин ыйгарым укуктуу органдын архивине сактоого өткөрүп берилет.
35. Ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде УАКтын чечимдерин ишке ашыруу үчүн буйрук чыгарат.
36. УАКтын төрагасы:
- УАКтын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
- УАКтын жыйналышында төрагалык кылат;
- аккредитациялык агенттиктерди таанууда, ишине мониторинг жүргүзүүдө, алардын ишине байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароодо эксперттердин (макулдашуу боюнча) арасынан комиссиянын курамын бекитет;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында УАКтын атынан чыгат.
Төрага жок болгон учурда УАКтын жыйналышын төраганын орун басары алып барат.
37. УАКтын катчысы:
- УАКтын жыйналыштарын даярдоону уюштурат;
- УАКтын жыйналыштарынын күн тартибин жана материалдарын түзөт;
- жыйналышты өткөрүү жөнүндө УАКтын мүчөлөрүнө кабарлайт;
- УАКтын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынын УАКтын ишине тиешелүү бөлүмүн тескейт;
- аккредитациялык агенттиктердин реестрин жүргүзөт.