Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтому менен бекитилди) |
Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялык агенттиктерди
таануу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү тартиби
жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо аккредитациялык агенттиктерди таануу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жободо негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
мониторинг - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктин ишин баалоо;
ички мониторинг - иштин натыйжаларын жакшыртуу, билим берүүнүн сапаты жөнүндө маалыматты чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун, сактоонун жана жайылтуунун негизинде чечимдерди кабыл алуу үчүн аккредитациялык агенттиктин өзү тарабынан жүзөгө ашырылуучу аккредитациялык агенттиктин ишин баалоо;
аккредитациялык агенттикти таануу - аккредитациялык агенттиктердин реестрине киргизүү менен көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдун билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо боюнча ишин ырастоо;
аккредитациялык агенттиктердин реестри - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктердин тизмеси;
аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестри - таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын тизмеси.
3. Аккредитациялык агенттикти (мындан ары - Агенттик) таануу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш (мындан ары - УАК) тарабынан жүзөгө ашырылат. Таануу мөөнөтсүз.
4. Таанылган Агенттик аккредитациялык агенттиктердин реестринде катталат.
2. Агенттиктерди таануу үчүн талаптар
5. Агенттик төмөнкүлөр болгон учурда таанылат:
1) юридикалык жак катары каттоосу;
2) иши үчүн пайдаланылуучу менчик, оперативдүү башкаруу же ижара укугундагы жайы;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес болгон Агенттик тарабынан бекитилген аккредитациялоо стандарттары, жол-жоболору жана эрежелери;
4) Агенттик бекиткен төмөнкү документтер:
- аккредитациялануучу уюмдун өзүн-өзү баалоосун жүргүзүү боюнча;
- Агенттик тарабынан тышкы баалоону жүргүзүү боюнча;
- Агенттиктин Аккредитациялык кеңеши жөнүндө;
- Агенттик тарабынан кабыл алынган чечимдерге даттанууну кароо тартиби;
- Агенттиктин ишине ички мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө;
5) ушул Жобонун 5-пунктунун 1, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн Агенттиктин документтери милдеттүү түрдө жайгаштырылган веб-сайт.
6. Чет өлкөлүк Агенттиктерди таануу ушул Жобонун 5-пунктунун талаптарына ылайык алардын кайрылуусунун негизинде жана төмөнкү кошумча шарттар сакталган учурда жүргүзүлөт:
1) атынан чыккан өлкөнүн аккредитациялык органдарынын реестринде киргизилсе;
2) билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча Агенттиктердин эл аралык тармагына киргизилсе;
3) билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болсо.
3. Агенттикти таануу жол-жобосу
7. Таануу жол-жобосунан өтүү үчүн Агенттик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) арыз менен кайрылат. Арыздын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) уюштуруу документтеринин (устав, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруучулардын тизмеси) жана Агенттиктин жайына укук белгилөөчү документтин көчүрмөлөрү;
2) бекитилген аккредитациялоо стандарттары, жол-жоболору жана эрежелери;
3) ушул Жобонун 5-пунктунун 4-пунктчасында белгиленген бекитилген аккредитациялоо документтери.
Чет өлкөлүк Агенттиктер ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен алар атынан чыккан өлкөнүн аккредитациялык органдарынын реестрине киргизилгендигин ырастоочу, ошондой эле билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын бар экендигин ырастоочу документтерди кошумча берүүсү зарыл.
8. Документтер Агенттик тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук форматта электрондук почта аркылуу берилет.
9. Тиркелген документтери менен арыз ыйгарым укуктуу органдын электрондук документ жүгүртүү системасында 1 жумуш күндүн ичинде катталат.
10. Ыйгарым укуктуу орган Агенттикти баалоо үчүн 5 адамдан турган комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт. Комиссия ушул Жобонун 5, 6 жана 8-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык баалоону жүргүзөт.
11. Комиссия түзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- Комиссиянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду (төраганы аныктоо менен);
- арыз ээсинин толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы;
- баалоону жүргүзүү башталган жана аяктаган дата;
- ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын корутундусу берилген дата.
12. Баалоону жүргүзүүнүн мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Комиссиянын корутундусунун формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
13. Агенттикти таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө чечим Комиссиянын корутундусунун негизинде УАК тарабынан кабыл алынат жана ал кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн баалоону жүргүзүү менен байланышкан ишине акы төлөө ыйгарым укуктуу органга тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
15. Агенттиктин документтерин кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу органда таануу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 3 айдан ашпоого тийиш.
16. Таанылган Агенттиктерге ыйгарым укуктуу органдын таанууну ырастоочу күбөлүгү берилет. Күбөлүктүн формасы жана аны берүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Агенттикти таануу жөнүндө күбөлүк анын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра таризделүүгө жана кайра катталууга тийиш.
17. Таанылган Агенттик жөнүндө маалымат аккредитациялык агенттиктердин электрондук реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилет, анын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
18. Реестр Агенттиктин Кыргыз Республикасынын аймагында таанылгандыгын ырастоочу бирден-бир расмий булак болуп саналат.
19. Таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, Агенттик кемчиликтерди четтеткенден кийин ыйгарым укуктуу органга 6 айдан эрте эмес таануу үчүн документтерди кайра берүүгө же чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
Агенттикти таануудан баш тартуунун негизи болуп ушул Жободо көрсөтүлгөн документтердин толук эмес тизмегин берүү, берилген документтердеги маалыматтардын анык эместиги, ошондой эле ушул Жобонун 5, 6 жана 8-пункттарында белгиленген талаптарга шайкеш эместиги саналат.
20. Таануу токтотулган же жокко чыгарылган учурда Агенттик бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга аккредитациялоо жөнүндө чечимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет.
Агенттиктин иши токтотулган учурда аккредитациялоо боюнча документтердин түп нускаларын Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине өткөрүп берет. Аккредитациялоо жөнүндө чечимдердин көчүрмөлөрү ыйгарым укуктуу органга берилет.
21. Аккредитациялык агенттикти таануу токтотулган жана/же жокко чыгарылган учурда юридикалык жактын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу билим берүү уюму кайра катталган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестринде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде Агенттик тарабынан мурда берилген сертификаттардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулушун кат менен ырастайт.
22. УАК тарабынан таанылган Агенттик жыл сайын кийинки жылдын 20-январынан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга жылдык отчетту жана аккредитацияланган уюмдардын жана программалардын реестрин берет.
Жылдык отчет аккредитациялоону жүргүзүүнүн жана ички мониторингдин жыйынтыктарын камтыйт. Жылдык отчет, аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестри Агенттиктин веб-сайтында жайгаштырылууга тийиш. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын жылдык отчетунун жана реестринин формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
4. Агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүү
23. Агенттиктердин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана алардын аккредитациялоону жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу максатында ички мониторинг жана УАКтын мониторинги жүргүзүлөт.
24. Ички мониторинг жыл сайын Агенттиктин өзү тарабынан жүргүзүлөт. Ички мониторинг жүргүзүү тартиби жана ал боюнча чечимдер Агенттик тарабынан өз алдынча аныкталат.
25. Агенттиктин ишине мониторинг УАКтын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан 2 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
26. Мониторинг Агенттиктин аккредитациялоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын төмөнкүлөрдү баалоо аркылуу аныктайт:
- аккредитациялоо стандарттарынын, жол-жоболорунун жана эрежелеринин сакталышын;
- маалыматтык ресурстардын сапатын;
- адам ресурстарынын жетиштүүлүгүн (тартылган эксперттердин даярдоонун багыттары жана билим берүүнүн деңгээлдери боюнча шайкештигин);
- кабыл алынган аккредитациялоо чечимдеринин объективдүүлүгүн;
- билим берүү ишин аккредитациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын.
27. Мониторинг жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен эксперттерден жана ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкеринен турган 5 адамдан кем эмес курамда комиссия түзүлөт.
Комиссиянын курамына кирген эксперттер мониторинг жүргүзүлүп жаткан агенттиктин эксперттери болбошу керек.
28. Комиссияны түзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- комиссиянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду (төраганы аныктоо менен);
- Агенттиктин толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы;
- мониторинг жүргүзүү башталган жана аяктаган дата;
- корутунду берилген дата.
Бир Агенттикке мониторинг жүргүзүү мөөнөтү 5 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Зарыл болгон учурда Агенттик комиссия сураган документтердин түп нускаларын берет.
29. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары комиссиянын корутундусу түрүндө таризделет. Комиссиянын корутундусунун формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
30. Агенттиктин иш-аракеттерине карата жеке жана юридикалык жактардан кайрылуулар келип түшкөн учурда УАК эксперттерден жана ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкеринен турган кайрылууларды кароо үчүн комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
31. Мониторингдин жана жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароонун жыйынтыктары комиссиянын корутундусунун негизинде УАК тарабынан каралат жана чечим кабыл алынат жана ал кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
32. Ушул Жобонун 26-пунктунда белгиленген талаптар бузулган учурда УАК Агенттикке төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот: эскертүү, таанууну токтото туруу, таанууну жокко чыгаруу.
Бир жолку бузуу үчүн УАК эскертүү берүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот жана бузууларды четтетүү үчүн 2 айлык мөөнөт белгилейт. Эскертүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып Агенттик аккредитациялоо жүргүзүү боюнча жаңы келишимдерди түзүүгө укуксуз болот.
Эки жолу бузуу болгон же эскертүүгө алып келген бузуулар четтетилбегендиги үчүн УАК таанууну токтото туруу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонот жана бузууну четтетүү үчүн 6 айлык мөөнөт белгилейт.
Эскертүү же таанууну токтото турууга алып келген белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Агенттикке кемчиликтердин четтетилиши боюнча кайрадан мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
33. Агенттик таанууну токтото турууда көрсөтүлгөн бузууларды четтетпеген учурда, УАК аны таанууну жокко чыгарат.
34. Агенттик УАКга эскертүүгө же таанууну токтотууга алып келген бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
35. Эгерде Агенттик белгиленген мөөнөттө таанууну токтото турууга алып келген бузууну четтетпесе, таануу жокко чыгарылат жана таануу жөнүндө күбөлүк жараксыз деп таанылат.
36. Агенттик тарабынан аккредитациялоону жүргүзүү тартиби бузулгандыгы аныкталган учурда, анда аккредитациялоо жөнүндө документ жараксыз деп эсептелет. Аккредитациялоо жөнүндө документтин жараксыздыгы жөнүндө чечимди УАК кабыл алат жана ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен ишке ашырылат.
37. Агенттик таанууну жокко чыгаруу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
38. Токтото турууга негиз болгон кемчиликтер четтетилген учурда, УАК Агенттикти таануу иш-аракетин кайра жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алат.
39. Төмөнкү учурларда Агенттикти таануу токтотулат:
1) юридикалык жакты жоюу жөнүндө Агенттикке расмий кабарланганда;
2) Агенттик аккредитациялоо боюнча ишин ыктыярдуу түрдө токтоткон учурда ал тарабынан арыз берилгенде.
Агенттиктин ишин токтотуу жөнүндө маалыматтар аккредиттелген агенттиктердин реестрине таануу жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде киргизилет.
Агенттиктин карамагында турган кагаз жүзүндөгү таануу жөнүндө күбөлүк УАК чечими кабыл алган күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
40. Эскертүү, токтото туруу, Агенттикти таануу иш-аракетин кайра жаңылоо же жокко чыгаруу түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтар аккредитациялык агенттиктердин реестрине 3 жумуш күндүн ичинде киргизилет.