Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтому менен бекитилди) |
Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо
талаптары жана критерийлери
1. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоону кошпогондо, таанылган аккредитациялык агенттиктерде (мындан ары - Агенттик) ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.
2. Аккредитациянын максаты көрсөтүлүп жаткан билим берүү кызматынын Агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге шайкештигин расмий таануу.
3. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо институционалдык жана программалык болуп бөлүнөт.
4. Институционалдык аккредитациялоонун максаты билим берүү уюмунун билим берүү баалуулуктарынын кепили катары билдирилген статусун, анын коомдогу социалдык милдеттерин жана кадрларды кесиптик даярдоого болгон коомдун муктаждыктарын канааттандыруу зарылчылыгын тастыктоо жана/же төгүнгө чыгаруу болуп саналат.
5. Программалык аккредитациялоонун максаты билдирилген программалар боюнча билим берүү уюмунун даярдыгынын Агенттикте кабыл алынган стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге шайкештигин белгилөө болуп саналат.
6. Институционалдык жана программалык аккредитация билим берүү уюмунун каалоосу боюнча бир жана/же ар башка Агенттиктерде бир убакта жана/же этабы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Эл аралык таанууга ээ болуу үчүн билим берүү уюмдары билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдар тарабынан таанылган агенттиктерде программалык аккредитациядан өтө алышат.
Ошол эле учурда бул аккредитацияланган билим берүү программалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык аккредитациядан өтүүгө милдеттүү эмес.
8. Аккредитациялык агенттиктин стандарттары Агенттиктин өзү тарабынан иштелип чыккан жана белгиленген аккредитациялануучу билим берүү уюмуна жана программага коюлуучу талаптарды камтыган ички ченемдик документ болуп саналат.
9. Агенттиктин аккредитациялоо жол-жобосу - бул аккредитациялануучу билим берүү уюму жана программа жөнүндө толук маалыматты алууга мүмкүндүк берген аккредитациялоо боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу.
10. Аккредитациялоо аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен үч этапта жүргүзүлөт:
- аккредитациялануучу билим берүү уюмунун өзүн-өзү баалоосу, анын максаты ишинин Агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, критерийлерге жана аккредитациялоо эрежелерине өз ишинин шайкештигин ички баалоо болуп саналат;
- Агенттиктин эрежелеринин жана өзүн-өзү баалоо материалдарынын негизинде тышкы баалоо жүргүзүү;
- өзүн-өзү баалоо жана тышкы баалоо материалдарынын негизинде Агенттик тарабынан аккредитадиялоо жөнүндө чечим кабыл алуу.
11. Аккредитация 5 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
12. Агенттик төмөнкү учурларда билим берүү уюмун аккредитациялоого укуксуз:
- эгерде билим берүү уюму Агенттиктин демөөрчүсү болуп саналса же анын пайдасына кайрымдуулук кылса;
- эгерде аккредитациялануучу билим берүү уюмунда мурда иштеген жана бошотулгандан кийин үч жыл өтө элек кызматкер Агенттикте иштесе;
- эгерде Агенттиктин кызматкерлеринин бири билим берүү уюмунун уюштуруучусу болсо же билим берүү уюмунун жетекчилери менен жакын туугандык мамилелерде болсо.
13. Чечимдердин объективдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын кепилдөө үчүн Агенттик Аккредитациялык кеңеш түзөт, анын курамына кесиптик бирикмелердин, экономика секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
14. Тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин Аккредитациялоо кеңеши төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- аккредитациянын бардык стандарттарына шайкеш келген учурда 5 жылга аккредитациялоо;
- аккредитациянын бир стандартына шайкеш келбеген учурда 3 жылга аккредитациялоо;
- аккредитациянын эки стандартына шайкеш келбеген учурда 1 жылга аккредитациялоо;
- үч же андан көп аккредитация стандарттарына шайкеш келбеген учурда аккредитациялоодон баш тартуу.
15. Стандарттар жана критерийлер, өзүн-өзү баалоо, тышкы баалоо жана Аккредитациялык кеңеш тарабынан чечим кабыл алуу тартиби, аккредитациялоо боюнча документтердин формасына жана мазмунуна талаптар Агенттик тарабынан өз алдынча белгиленет.
16. Аккредитациялоо жүргүзүү мөөнөтү 3 айдан кем эмес болууга тийиш.
17. Агенттик аккредитациялоонун жүрүшүндө ага белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарууга, ошондой эле билим берүү уюмунун аброюн төмөндөтүүгө багытталган аракеттерди жасоого укуксуз.
18. Билим берүү уюму Агенттик тышкы баалоону өткөргөнгө чейин аккредитациялоо жөнүндө арызын чакыртып алууга укуктуу.
19. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарына жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен аккредитациялоодон өткөндүгү жөнүндө сертификат берилет.
20. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат төмөнкү учурларда күчүн жоготот:
- берилген мөөнөт аяктаганда;
- билим берүү уюму жоюлганда;
- билим берүү уюму тарабынан сертификат берилген тиешелүү программаны ишке ашыруу токтотулганда.
21. Юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу билим берүү уюму кайра катталган учурда сертификат анын жарактуулук мөөнөтүн сактоо менен кайра таризделет.
22. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат жоголгон же бузулган учурда билим берүү уюмунун арызы боюнча анын дубликаты берилет. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү жөнүндө Агенттиктин чечими арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликаты бир нускада "Дубликат" белгиси менен таризделет.
23. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттардын бланктарынын формалары, аларды даярдоо жана дубликатын берүү тартиби Агенттик тарабынан өз алдынча белгиленет.
24. Аккредитациялоо жөнүндө арыз жана өзүн-өзү баалоо боюнча отчет, тышкы баалоонун корутундусу, аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө Аккредитациялык кеңештин чечими, апелляция материалдары жана ал боюнча чечимдер (эгерде бар болсо), аккредитациялоо жөнүндө буйруктар, келишимдер, тендердик документтер (мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн), аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөө, тиркемелери менен аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү жана аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликаты билим берүү уюмунун аккредитациялоо делосун түзөт.
25. Аккредитациялоо делосу Агенттикте сакталууга тийиш жана расмий органдардын суроо-талабы боюнча электрондук жана/же кагаз түрүндө түздөн-түз берилет же жеткирилгендиги жөнүндө билдирме жана тиркемелердин тизмеси менен заказдык почта аркылуу жөнөтүлөт.
26. Агенттик ар бир кварталдын акыркы айынын 20сынан кечиктирбестен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аккредитациялоо жөнүндө кварталдык отчет берет.
27. Агенттик аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын реестрин, аккредитацияланган билим берүү программаларынын реестрин жүргүзөт жана аларды милдеттүү түрдө өзүнүн сайтына жайгаштырат. Реестрлер аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде жаңыртылууга тийиш. Реестрлерге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Агенттиктин чечим кабыл алуу жөнүндө документи саналат. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестрлери Агенттиктин архивинде сакталат.
28. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программалардын реестрлери хронологиялык тартипте түзүлөт.
29. Реестрлерде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- Агенттиктин аталышы;
- аккредитацияланган билим берүү уюмунун же программанын каттоо номери;
- билим берүү уюмунун толук аталышы;
- билим берүү уюмунун жайгашкан жери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
- ИУЖК коду;
- аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган дата;
- аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын же программалардын тизмеси;
- аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын номери;
- аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтү;
- аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөөнүн негизи жана датасы;
- аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү негизи жана датасы.
30. Институционалдык аккредитациялоо үчүн төмөнкүдөй стандарттар жана критерийлер белгиленет:
1) билим берүү сапатын камсыз кылуу саясаты:
- стратегиялык жана учурдагы пландар билим берүү уюмунун миссиясына жетишүүгө жөндөм түзөт жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн канааттандырат;
- кызыкдар тараптардын катышуусу менен чечимдерди кабыл алуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн стратегиялык жана учурдагы пландарды ишке ашыруу, билим берүү уюмунун ишине мониторинг жүргүзүү;
- ички башкаруу системасы натыйжалуу иштейт жана билим берүү уюмунун миссиясын ишке ашырууга жөндөм түзөт;
- билим берүү уюму билим берүү ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактайт;
- кызыкдар тараптар билим берүү уюмунун ишинин натыйжалары жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар;
- билим берүү уюму өзүнүн академиялык беделин жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
- билим берүү уюму билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыз кылат;
2) адам ресурстарын башкаруу:
- билим берүү уюму адам ресурстарын башкаруунун ачык жана объективдүү механизмдери жана жол-жоболору, анын ичинде персоналдын жана билим алуучулардын жүрүм-турумунун этикалык ченемдерине ээ;
- билим берүү уюму персоналды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
- билим берүү уюму персоналдын ишин баалоонун, алардын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкын, объективдүү механизмдерине жана көрсөткүчтөрүнө ээ;
3) материалдык жана маалыматтык ресурстар:
- билим берүү уюму билим алуучулардын жана персоналдын ар кандай топтору үчүн жетиштүү материалдык жана маалыматтык ресурстарды жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
- билим берүү уюмунда материалдык жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуунун механизмдери жана көрсөткүчтөрү бар;
- билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарына шайкеш келет;
4) финансылык ресурстарды башкаруу:
- билим берүү уюму финансыны башкарууда, бюджетти аткарууда ачыктыкты жана айкындуулукту, негизделген финансылык пландоону камсыз кылат;
- билим берүү уюму дайыма тышкы финансылык аудиттен өтүп турат;
- билим берүү уюму финансылык ресурстарды башкаруунун механизмдерин жана жол-жоболорун дайыма жакшыртып турат;
- билим берүү уюму персоналга жана билим алуучуларга социалдык колдоо көрсөтөт;
5) илимий иш (жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары үчүн):
- билим берүү уюму илимий жана илимий-методикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- билим берүү уюму жетиштүү материалдык жана маалыматтык ресурстарга ээ, илимий изилдөөлөр үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
- билим берүү уюму илимий-изилдөө стажировкасынан өтүүгө, илимий натыйжаларды жана кадрларды алмашууга көмөк көрсөтөт;
- билим берүү уюму педагогдордун сыйлоо системасын жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын билим берүү ишинде жана практика менен байланышта колдонуу боюнча индикаторлорун пайдаланат;
- билим берүү уюму илимий-метрикалык көрсөткүчтөр аркылуу персоналдын жана билим алуучулардын жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
31. Программалык аккредитациялоо үчүн төмөнкү стандарттар жана критерийлер белгиленет:
1) билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү:
- билим берүү программасы билим берүү уюмунун миссиясына жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген так белгиленген билим берүү максаттарына жана күтүлүүчү окутуу натыйжаларына ээ;
- билим берүү программасы боюнча окуу жүктөмү билим берүү стандарттарына шайкеш келет;
- билим берүү программасы практиканын, стажировкалардын бардык зарыл түрлөрүнө жана окутуунун башка түрлөрүнө ээ;
- билим берүү программасы мазмунга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана аны жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат, анын ичинде билим алуучулардын жана иш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүн, муктаждыктарын жана канааттануусун мезгил-мезгили менен баалоо;
- билим берүү программасы инновациялык окуу-методикалык ресурстарды, педагогикалык методдорду, формаларды жана технологияларды колдонот;
- билим берүү программасы билим алуучулардын ар кандай топторунун муктаждыктарын аныктайт жана кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурат;
2) окутуунун натыйжаларын кабыл алуу жана таануу:
- билим берүү программасы билим алуучуларды кабыл алуу эрежелеринин жана процесстеринин ачык-айкындыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылат;
- билим берүү программасы билим алуучуларга билим берүү траекториясын калыптандырууга (тандоого), академиялык мобилдүүлүккө жана карьералык өсүшкө жардам берет;
- билим берүү программасы мурунку билим берүүнүн квалификациясын, мезгилдерин жана окутуунун натыйжаларын объективдүү таанууну камсыз кылат;
3) инсанга багытталган окутуу жана билим алуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо:
- билим берүү программасы педагогикалык методдорду, билим берүүнүн формаларын жана технологияларын баалоо жана тууралоо үчүн окуучулардын үзгүлтүксүз кайтарым байланышын колдонот;
- билим берүү программасы баалоонун критерийлеринин жана методдорунун, контролдоонун күтүлүп жаткан түрлөрүнүн, баалоонун натыйжаларына апелляция берүү жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- билим берүү программасы билим алуучулардын окуусун таштап кетүү себептерине дайыма талдоо жүргүзөт, алардын окуудагы жетишкендиктери жана бекемделиши боюнча чараларды көрөт;
- билим берүү программасы билим алуучулардын ар кандай топторунун муктаждыктарын эске алуу жана жеке окуу траекторияларын, академиялык мобилдүүлүктү калыптандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн башка варианттарын пайдалануу менен ишке ашырылат;
- билим берүү программасы окуу жүктөмүнө, билим алуучулардын жетишкендиктерине жана бүтүүсүнө, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна мониторинг жүргүзөт;
4) педагогикалык жана окуу-көмөкчү персонал:
- педагогикалык жана окуу-көмөкчү персоналдын курамы, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берүү программасына жана эмгек мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келет;
- билим берүү программасында педагогдорду тандоо, мотивациялоо жана бекитүү үчүн, ошондой эле педагогикалык жана окуу-көмөкчү персоналдын инновациялык билим берүү методдору жана технологиялары боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү;
- педагогдор окуу куралдарын, окуу китептерин жана башка методикалык иштеп чыгууларды үзгүлтүксүз чыгарат жана өркүндөтөт;
- билим берүү программасынын билим алуучулары тийиштүү адам ресурстары менен камсыз кылынды (кураторлор, академиялык кеңешчилер, жатаканадагы тарбиячылар);
5) материалдык жана маалыматтык ресурстар:
- билим берүү программасы билим алуучулардын жана персоналдын ар кандай топтору үчүн жетиштүү материалдык жана маалыматтык ресурстарга ээ;
- окуу жайлары билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарына (санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелерге жана ченемдерге, өрт коопсуздугунун эрежелерине, эмгекти коргоонун жана коопсуздук техникасынын эрежелерине) шайкеш келет;
- окуу китептери, окуу куралдары жана окуу-методикалык материалдар, анын ичинде электрондук окуу китептери, окуу куралдары жана окуу-методикалык материалдар билим берүү программасынын мазмунуна шайкеш келет;
6) билим берүү программасы боюнча илимий-методикалык жана изилдөө иши (жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары үчүн):
- билим берүү программасынын персоналы жана билим алуучулары илимий жана илимий-методикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- билим берүү программасы жетиштүү материалдык жана маалыматтык ресурстарга ээ, илимий изилдөөлөр үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
- билим берүү программасы илимий-изилдөө стажировкасынан өтүүгө, илимий натыйжаларды жана кадрларды алмашууга көмөк көрсөтөт;
- билим берүү программасы персоналдын жана билим алуучулардын илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын окуу процессинде жана өндүрүштө пайдалануу боюнча сыйлоо системасын колдонот;
- билим берүү программасы персоналдын жана билим алуучулардын беделдүү басылмаларда жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрөт.
32. Агенттик даярдоо багыттарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим берүү деңгээлдери боюнча стандарттарды жана критерийлерди өз алдынча белгилейт. Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун белгиленген стандарттары жана критерийлери 30 жана 31-пункттарда көрсөтүлгөн талаптардан төмөн болушу мүмкүн эмес.
33. Агенттик тарабынан иштелип чыккан аккредитациялоо стандарттары жана критерийлери анын интеллектуалдык менчиги болуп саналат.