Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-майы № 264
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туусу жана эмблемасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туусунун жана эмблемасынын сыпатталышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 211-пунктча менен толукталсын:
"211) Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн айырмалоочу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле ушул айырмалоочу белгилер жана башка расмий символдор жөнүндө жоболорду жана алардын сыпатталышын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туусун жана эмблемасын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-майындагы № 40 (3593) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туусунун жана эмблемасынын СЫПАТТАЛЫШЫ
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туусу эки тараптуу кездемеден, саптан жана учунан турат.
Туунун кездемеси тик бурчтуу формада көк түстөгү жибек кездемеден даярдалат. Кездеменин узундугу - 1800 мм, туурасы - 1100 мм.
Кездеменин алдынкы жана арткы бетинин ортосунда алтын менен курчалган көк тегерек түшүрүлгөн, анын борборунда калкан формасындагы 8 даана "уук" жайгашкан, ал ишенимдүүлүктү, коргоону жана коопсуздукту билдирет.
Калкандын айланасында Манастын жети осуятын символдоштурган 7 даана улуттук орнамент жайгашкан. Толкундан турган оймо калкандын айланасында тизилген жоокерлерди билдирет жана жоокерлердин кеңешин символдоштурат.
Сүрөт 180 градуска жайылган улуттук орнаменттин кайталануучу элементтери жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН" жана "ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр бар тегерекке жайгаштырылган. "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН" деген сөздөр тегеректин жогорку догосу боюнча, "ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр тегеректин төмөнкү догосу боюнча солдон оңго карай жайгаштырылган.
Ушул сүрөттө эки - көк жана алтын түс колдонулат, алар руханий жактан эң бай деп эсептелет. Көк түс - гармонияны, тынчтыкты жана тазалыкты, ал эми алтын түс күчтү, байлыкты жана бакубатчылыкты билдирет.
Туунун сабы жыгач, каралжын-күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм.
Туунун учу алтын түстүү дат баспас болоттон турат. Туунун учунун узундугу - 250 мм.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эмблемасы күмүш түстөгү жети кырлуу фигураны билдирет, ал Манастын жети осуятын символдоштурат, Кыргызстандын жети облусунун бакубатчылыгын жана өнүгүүсүн чагылдырат, кыргыз элинин тарыхынын жана маданиятынын өнүгүү динамикасын билдирген улуттук орнаменттердин жети элементинен турат, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ" деген жазуу бар.
Жети кырлуунун ичинде алтын түстүү тегерек жайгашкан, чекелери мамлекеттин финансылык туруктуулугун, үзгүлтүксүздүгүн жана бекемдигин билдирген чексиз чынжырга айланган.
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр алтын тегеректин ички чети боюнча сүйрү формада жайгашкан, сөздөрдүн башы менен аягын элдин биримдигин билдирген улуттук орнамент бириктирип турат.
Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби коюлган. Гербде Манастын "Ак Шумкары" канаттарын жайып турат, бул өлкөнүн эркиндигин символдоштурат. Ошондой эле Кыргызстандын бермети - Ала-Тоонун бийик аскалуу тоо кыркалары менен курчалган Ысык-Көл тартылган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эмблемасында беш - алтын, күмүш, көк, ак жана көгүлтүр түстөр колдонулат, алар кыргыз элинде ыйык деп эсептелет, бул туруктуулукту, ишенимдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү билдирет.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эмблемасынын сүрөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички пайдалануудагы мөөрлөрүндө жана штамптарында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин документтеринин бланктарында жана расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сыйлыктарында жана сувенирлеринде жайгаштырылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы министринин чечими боюнча башка учурларда колдонулушу мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин туусу жана эмблемасы башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес. Аларды бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка иш-аракеттерге жол берилбейт.