Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 253
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2025-жылдын 25-мартындагы № 150, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 , 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пунктунда:
16-пунктчасындагы “Салык кызматы” деген сөздөр “Мамлекеттик салык кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17-пунктчасындагы “Бажы кызматы” деген сөздөр “Мамлекеттик бажы кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 18-пунктчасындагы “Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду” деген сөздөр “Финансы-кредиттик фонд” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
2) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812 токтомунун редакциясына ылайык)