Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы №568, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин (мындан ары - жетекчи) бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоонун (мындан ары - конкурс) максатын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларына жана жеке сапаттарына, алардын кызматтык милдеттерге ылайык келүүсүнө баа берүүгө негизделет.
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) сыноо мөөнөтү - иш берүүчү жетекчини анын ишти аткарууга жарактуулугун жана кесиптик сапаттарын текшерген убакыт аралыгы;
2) талапкер - жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга каалоосун жазуу жүзүндө билдирген жеке жак;
3) квалификациялык талаптар - кесиптик билими деңгээлине, адистигине, адистиги боюнча иш тажрыйбасына, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимине жана көндүмүнө карата талаптар;
4) квалификациялык тестирлөө (компьютердик тестирлөө) - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жана анын квалификациялык талаптарга ылайык келишин аныктоого багытталган калыс жана ачык-айкын тестирлөө жол-жобосу;
5) талапкердин компетенциялары - талапкердин белгилүү бир кесиптик маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү билиминин, тажрыйбасынын, көндүмдөрүнүн жана инсандык сапаттарынын жыйындысы;
6) конкурс - талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалоо жол-жобосу;
7) тест - талапкерлердин кесиптик билиминин, көндүмдөрүнүн жана компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого арналган стандартташтырылган тапшырмалар;
8) техникалык апелляция - талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарын текшерүү жол-жобосу;
9) документтерди экспертизалоо - квалификациялык талаптарга шайкештигин тастыктоо жана квалификациялык тестирлөөгө уруксат берүү максатында конкурстан өтүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди изилдеп чыгуу жол-жобосу.
2-глава. Конкурсту өткөрүүнүн максаттары жана милдеттери
5. Конкурстун максаты мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбиялык-билим берүү ишинин натыйжалуу жүрүшүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү жаатында зарыл болгон компетенцияларга, башкаруучулук сапаттарга ээ болгон адамдарды альтернативдик атаандаштык негизде тандоо болуп саналат.
6. Конкурстун милдеттери:
1) мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй жетектөөчү кадрдык курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу;
2) кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана инсандык сапаттарын баалоону өркүндөтүү;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмун башкаруу жаатында компетенттүү болгон эксперттик коомчулукту түзүү жана өнүктүрүү;
4) мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.
7. Конкурстун принциптери:
1) ачык-айкындуулук;
2) калыстык;
3) жетекчилерди тандоодо басмырлоого жана коррупциялык тобокелдиктерге жол берилбестик.
3-глава. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге карата талаптар
8. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык бош кызмат орундары, ошондой эле жаңы ачылып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн өткөрүлөт.
9. Жетекчи 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам бир эле мектепке чейинки билим берүү уюмунда жалпысынан 10 жылдан ашык жетекчинин ишин жүргүзө албайт.
10. Жетекчинин бош кызмат орду пайда болгондо жетекчинин ыйгарым укуктары усулчуга, усулчу жок болгон учурда администрациянын чечими боюнча ошол мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогуна конкурс аяктаганга жана жетекчини дайындоого чейин жүктөлөт.
11. Конкурска катышууга жетекчинин бош кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет:
1) педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими, кесиби боюнча жалпы 7 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинен мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 5 жылдан кем эмес стажы бар;
2) атайын педагогикалык билими, ошондой эле адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн);
3) төмөнкүдөй үзгүлтүксүз иш стажы бар:
- билим берүү башкаруу органдарында башкы кызмат ордунда 2 жылдан жана улук кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес;
- аймактык билим берүү органдарынын алдындагы усулдук кабинеттердин жетекчисинин кызмат ордунда кеминде 3 жыл;
4) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин пландаштыруунун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун, билим берүү системасын каржылоонун жалпы принциптерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, административдик, эмгектик жана жарандык мыйзамдарды, иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздерин, ички тартип эрежелерин, уюмдун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу методдорун билген;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана колдонуучунун деңгээлинде IT-технологияларды өздөштүрүү көндүмдөрүнө ээ болгон;
6) адам менен тил табыша билген жана уюштуруучулук жөндөмдөргө ээ болгон;
7) аракетке жөндөмдүү, башкача айтканда аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими чыгарылган эмес;
8) соттуулугу болбогон;
9) медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок;
10) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен жүргүзүү укугу чектелбеген.
12. Мындай ишти жүргүзүүгө соттун өкүмү менен же медициналык көрсөтмөлөр боюнча тыюу салынган адамдардын, ошондой эле белгилүү бир түрдөгү кылмыштар үчүн соттуулугу болгон адамдардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.
13. Конкурска катышууну каалаган талапкер билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте документтерди тизмеге ылайык (сканерленген, электрондук түрдө) берет.
Талапкер берилген документтердин ырастыгы жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкердин конкурска катышуусуна уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.
15. Талапкер документтерди бир гана жетекчинин бош кызмат ордуна бере алат.
Бир эле мектепке чейинки билим берүү уюмунда жалпысынан 10 жылдан ашык жетекчи болуп иштеген талапкер ошол эле мектепке чейинки билим берүү уюмуна конкурска катыша албайт.
16. Талапкерге төмөнкүдөй учурларда конкурска катышууга жол берилбейт:
1) документтер өз убагында тапшырылбаса;
2) ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе;
3) документтер ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык толук көлөмдө берилбесе.
17. Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу Департаменттин электрондук почтасына ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Конкурска документтерди кабыл алуунун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) расмий сайтында конкурс жарыялангандыгы жөнүндө жарыялоо чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндү түзөт.
4-глава. Конкурсту жарыялоонун тартиби
19. Билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органдарынан келип түшкөн арыздардын негизинде ыйгарым укуктуу орган жетекчилердин бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт.
20. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
21. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жетекчинин бош кызмат ордунун аталышы;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы жана жайгашкан жери;
3) талапкерге коюлган квалификациялык талаптар;
4) талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги, аларды тариздөөгө талаптар, ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык бериле турган документтерди кабыл алуу жери, тартиби жана мөөнөттөрү;
5) ыйгарым укуктуу органдын жана Департаменттин телефону, электрондук почтасы, сайтынын дареги;
6) конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү, аны өткөрүү жери жана тартиби, башка маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
22. Конкурс эки этаптан турат:
биринчи этап - документтерге экспертиза жүргүзүү;
экинчи этап - квалификациялык тестирлөө.
23. Департамент документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Конкурстун ар бир этабы үчүн эксперттик комиссиянын персоналдык курамы райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден турган Департаменттин эксперттеринин жалпы базасынан рандом жолу менен (туш келди тартипте) тандалып алынат.
Эксперттик комиссиянын курамы, укуктары жана милдеттери Департамент тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Эксперттик комиссия кеңешүүчү орган болуп саналат. Эксперттик комиссиянын чечимдери эксперттик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан документтерге экспертиза жүргүзүү протоколдоруна кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.
26. Эксперттик комиссия өз ишинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Жобону, Департаменттин протоколду толтуруу боюнча нускамасын жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Департаменттин жооптуу адамдары облусту, районду жана документтердин санын көрсөтүү менен талапкерлердин документтерин протоколдук түрдө эксперттерге өткөрүп беришет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү талапкерлердин алган документтеринин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
29. Эксперттик комиссиянын милдети болуп талапкерлер берген документтерге экспертиза жүргүзүү эсептелет.
30. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык эксперттик комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
а) талапкерлер берген документтерге экспертиза жүргүзөт;
б) талапкерлердин жетекчинин бош кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү жана аларды компьютердик тестирлөөгө катышууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
31. Департамент:
1) талапкерлер тапшырган документтердин Жобонун талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзөт;
2) документтердин экспертизасынан өткөн жана конкурстун экинчи этабына киргизилген талапкерлердин тизмесин бекитет;
3) документтердин экспертизасынан өтпөгөн жана конкурстун экинчи этабына киргизилбеген талапкерлердин тизмесин бекитет;
4) тесттик суроолорду бекитет;
5) документтердин экспертизасынан өткөн жана конкурстун экинчи этабына киргизилген же киргизилбеген (четке кагуунун себебин көрсөтүү менен) талапкерлерге документтердин экспертизасынан өткөн жана конкурстун экинчи этабына киргизилген талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө (электрондук почта аркылуу) маалымдайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Квалификациялык тестирлөө (мындан ары - тестирлөө) конкурстук тандоо жол-жобосунун негизги бөлүгү болуп саналат.
Тестирлөө кесиптик даярдыгынын деңгээлин, билим берүү, педагогика, психология, менеджмент жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жана билим берүү системасын каржылоонун негиздерин, ошондой эле маалыматтык технологияларды билүүсүн баалоо максатында жүргүзүлөт.
33. Тест төрт бөлүмдөн турат:
- билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актылар;
- билим берүүдөгү менеджмент (МЧББУ);
- мектепке чейинки педагогика жана психология;
- пайдалануучунун деңгээлиндеги маалыматтык технологиялар.
34. Тестирлөөнүн тартиби, графиги, формасы жана босого баллдары Департамент тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Департамент тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тесттик суроолордун базасын иштеп чыгат, түзөт жана жаңылайт;
2) тесттик тапшырмаларга экспертиза жүргүзөт;
3) тестирлөөнү өткөрүү боюнча нускаманы иштеп чыгат жана бекитет;
4) тестирлөөнүн катышуучуларын каттоону жүргүзөт;
5) тестирлөөнүн катышуучуларына тестирлөө системасына кирүү үчүн шифрлерди (коддорду) берет;
6) жыйынтыгын дароо берүү менен компьютердик тестирлөө жүргүзөт;
7) тестирлөөнүн жыйынтыгын талапкерге берет;
8) талапкерлерди тестирлөөнүн протоколун түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Департамент ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) бардык талапкерлердин алынган жыйынтыктары менен тизмесин;
2) босого баллдан жогору балл алган талапкерлердин тизмесин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Техникалык апелляция
37. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен макул болбогон учурда талапкер техникалык апелляцияга арыз берүүгө укуктуу. Техникалык апелляцияга арыз конкурс аяктагандан кийин бир жумуш күндүн ичинде талапкердин жеке өзү тарабынан таризделет.
38. Техникалык апелляцияны техникалык комиссия жүргүзөт. Техникалык комиссиянын төрагасы жана курамы (3 мүчөдөн кем эмес), ошондой эле анын иш регламенти Департамент тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Департамент апелляцияга берген талапкердин катышуусунда техникалык комиссияга анын жыйынтыгын электрондук алып жүрүүчүнүн экранында көрсөтөт. Арызды кароонун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага техникалык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Тестирлөөнүн протоколдору жана конкурстук документтер иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык Департаментте 5 жыл сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Техникалык комиссиянын ишинин материалдарын архивдик сактоо 1 жылдык мөөнөткө белгиленет.
7-глава. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу
42. Эң көп балл алган талапкер жетекчинин бош кызмат ордуна конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
43. Эгерде конкурстун бир нече катышуучусу бирдей балл топтосо, ошол эле күнү талапкерлер үчүн негизги тестирлөөнүн суроолорунун санынын үчтөн биринен ашпаган көлөмдө кошумча тестирлөө жүргүзүлөт. Кайталап тестирлөөдө эң көп балл алган талапкер жеңүүчү деп табылат.
44. Конкурстун жеңүүчүсү мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүдөн баш тарткан, сыноо мөөнөтүнөн өтпөй калган, ошондой эле конкурс өткөн жок деп таанылган учурда ыйгарым укуктуу орган 5 жумуш күндүн ичинде кайрадан конкурс жарыялайт.
45. Конкурс төмөнкү учурларда өткөрүлгөн жок деп таанылат:
1) конкурска катышууга талапкерлердин арыздары жок болсо;
2) бардык талапкерлер өздөрүнүн талапкерлигин алып коюу тууралуу арыздарын беришсе;
3) конкурска бардык талапкерлер келбесе;
4) эгерде бардык талапкерлер босого балл топтой алышпаса.
46. Департамент конкурстун жеңүүчүсү аныкталган учурдан тартып конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
461. Эгерде талапкер конкурска катышуу үчүн документтерди тапшырууда же тестирлөөдөн өтүүдө ушул Жобонун талаптарын бузса жана бул бузуулар тестирлөө өткөрүлгөндөн кийин табылса, конкурстук комиссия өзүнүн чечими менен талапкердин жыйынтыгын жокко чыгарат.
Жыйынтыгы жокко чыгарылган талапкер (соттуулугу бар талапкерден башка) жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга өбөлгө болгон себептер жоюлгандан кийин конкурска катыша алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Ыйгарым укуктуу орган:
1) конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна жеңүүчүнү 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындайт, аны менен эмгек келишимин түзөт;
2) конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстун жеңүүчүсүн андан ары дайындоо үчүн конкурстун жыйынтыктары жөнүндө билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органына маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органы кабарлоону алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүн 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындайт, аны менен эмгек келишимин түзөт.
Эмгек келишимдери конкурстун жеңүүчүсү тарабынан "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта билим жөнүндө документтер (алардын тиркемелери менен), ал эми техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондо - алардын түп нускалары, ошондой эле электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы берилгенде гана түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Жетекчини кызмат ордуна дайындоо тартиби
49. Жетекчини дайындоо конкурстун жыйынтыгы боюнча 6 айлык сыноо мөөнөтү менен жүзөгө ашырылат.
Сыноо мөөнөтүнөн өткөн жетекчи менен 5 жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт.
Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин жетекчи менен эмгек келишимин бузуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматкер иш жүзүндө жок болгон башка мезгилдер сыноо мөөнөтүнө эсептелбейт.
50. Сыноо мөөнөтүнөн өтпөй калган жетекчилер конкурска 1 жылдан кийин катыша алышат.
9-глава. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия
51. Конкурсту жарыялаган ыйгарым укуктуу орган жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссияны түзөт.
52. Конкурстук комиссия:
1) конкурсту өткөрүү мөөнөттөрүн белгилейт;
2) конкурсту өткөрүү боюнча иштерди жалпы координациялоону жүзөгө ашырат;
3) конкурс өткөрүүгө байланыштуу чыр-чатактуу кырдаалдарды карайт;
4) конкурстун жыйынтыгы боюнча аналитикалык материалдарды даярдайт.
53. Конкурстук комиссия коомдук башталышта иштейт.
54. Конкурстук комиссия 7ден кем эмес адамдан турат, комиссиянын төрагасы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары болуп саналат. Ал жок болгон учурда төраганын функциясын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп мектепке чейинки билим берүү уюмдарын караган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси эсептелет.
55. Конкурстук комиссиянын курамына түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын кадрдык, юридикалык кызматтардын өкүлдөрү, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кеңешинин өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттер киргизилет.
56. Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссиянын жалпы курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, жыйналыш өттү деп эсептелет, ал эми анын чечими укуктуу болуп саналат.
57. Конкурстук комиссиянын чечими ачык добуш берүү жолу менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Арыз Мага ___________________________________________________________________________________ (облустун, шаардын/райондун, айылдын толук аталышы) ________________________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан ________________________________________________________________________________________ (мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы) жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм. Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1. 2. 3. (тизмеге ылайык көрсөтүлөт)
Датасы 202___-________ "___" ____________ Аты-жөнү ____________________________________________ Кол тамгасы __________________________________________ |
|