Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-сентябрындагы № 24/1
А.Масалиев айыл аймагынын курамына кошулуучу аймактарды кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Административдик – аймактык реформа негизинде Тегирмеч айылынан баштап Чаувай айыл өкмөтү жана Майдан айыл өкмөтүнүн жогорку зонасын А.Масалиев айыл өкмөтүнө кошуп берүү жагы сунушталсын.
2. Токтомду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу М.Хакимовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| Т.Галботоев |