Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 275
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү эсепке алуу, баалоо, сатуу жана жок кылуу тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобонун 16-пунктунда:
2-пунктчадагы "азык-түлүк товарларын" деген сөздөр "мамлекеттик материалдык резервдин номенклатурасына ылайык материалдык баалуулуктарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14-пунктчанын экинчи абзацы "Ушул пункттун" деген сөздөрдөн кийин "2," деген цифра менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |