Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 токтомуна ылайык) |
Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү
мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 143, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 28-майындагы № 275 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) кылмыш-жаза иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында соттун чечими боюнча конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруу тартибин, ошондой эле конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктү эсепке алуу, баалоо, сатуу жана жок кылуу тартибин аныктайт.
2. Конфискацияланган, ээси жок же кароосуз калган мүлк ушул Жобого ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга же уюмдарга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган же ыйгарым укуктуу органдар) өткөрүп берилет.
3. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды мамлекеттин кирешесине айландыруу сот аткаруучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жарандык жүгүртүүдөн алынган жана жарандык жүгүртүүдө чектелген мүлк сот аткаруучулар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
Ушул Жободо белгиленген мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эсепке алуунун, баалоонун жана сатуунун атайын тартиби белгиленген, мамлекеттин менчигине келип түшкөн башка мүлккө жайылтылбайт.
4. Ушул Жободогу аныктамалар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде колдонулат.
2. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган
мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү, эсепке алуу, баалоо жана сатуу
5. Ыйгарым укуктуу органдарга сот аткаруучулар тарабынан төмөнкүдөй мүлк өткөрүп берилет:
1) кылмыш-жаза иштеринин алкагында конфискацияланган;
2) укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында конфискацияланган;
3) ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча мамлекеттик менчикке келип түштү деп таанылган ээси жок кыймылсыз мүлк;
4) тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан баш тартылган, кароосуз калды деп таанылган мурастык мүлк.
6. Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аткаруучу көргөн чаралардан кийин мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө кабарлама-катты мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Көрсөтүлгөн кабарлама-катка белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин көчүрмөсү, соттук акт, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берген документтер тиркелет.
7. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөндү кошпогондо, конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү өткөрүп берүү ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу органдарда алардын компетенциясына ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен мүлк жайгашкан жерде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын катышуусунда сот аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкү конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлк кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен өткөрүп берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк (жер участоктору, турак-жайлар, алардын бөлүктөрү, аларга болгон чарбалык курулуштар, дачалар, гараждар, батирлер, имараттар жана курулмалар ж.б.);
2) автотранспорт каражаттары, түрүнө карабастан чарба техникасы, суу, аба транспорту жана өзү жүрүүчү техниканын башка түрлөрү;
3) үлүштөр, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталындагы үлүштөр, баалуу кагаздар;
4) телевизорлор, мобилдик түзүлүштөр түрүндөгү жана аларга комплекттөөчүлөр, тиричилик техникасы, заряддоочу түзүлүштөр, жеке гигиена каражаттары, автомобилдин курамдык бөлүктөрү, кийим предметтери, ошондой эле ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктөн башка мүлк.
Ушул пункттун 1, 2, З-пунктчаларында көрсөтүлгөн мүлктү сатуу үчүн менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык алардын компетенциясына ылайык конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде оперативдүү башкарууга же чарбалык жүргүзүүгө токтоосуз кабыл алууга милдеттүү.
10. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
11. Мүлктү кабыл алуу-өткөрүү актысында мүлк жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) мүлктүн түрү (кыймылдуу, кыймылсыз);
2) аталышы;
3) саны (көлөмү, аянты, даанасы ж.б.);
4) кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери;
5) идентификациялык реквизиттер (идентификациялык коду, маркасы, модели, мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар);
6) мүлктүк документтер жөнүндө маалыматтар (бар болсо);
7) мүлктү өткөрүп берүү үчүн негиз болгон сот органдарынын актысы;
8) белгиленген тартипте аныкталган мүлктүн наркы;
9) мүлк жөнүндө башка жеткиликтүү маалыматтар.
12. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине айландырылган конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды тартат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган биринчи жолу мамлекеттин менчигине өткөн конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү категориялар боюнча мындай мүлктүн маалыматтарын Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү жолу менен жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 8-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу боюнча чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мүлктү ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын
компетенциясына шайкеш келген уюмдарга өткөрүп берүү
тартиби
13. Ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык анын компетенциясына ылайык мүлк өткөрүп берилген ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилген мүлктү ташуу жана сактоо боюнча чараларды көрүү, ошондой эле белгиленген тартипте мурда камакка коюлган мүлктү бошотуу боюнча чараларды көрүү жүктөлөт.
14. Ыйгарым укуктуу орган зарыл болгон учурда конфискацияланган же мамлекеттин кирешесине айландырылган мүлктүн белгиленген талаптарга ылайык келишин ырастоо максатында санитардык-гигиеналык, экологиялык, товар жүргүзүү жана башка экспертизаларды жүргүзүүнү уюштурат.
15. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө өткөрүп берилген мүлктү пайдалануу жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
Бул максаттар үчүн ыйгарым укуктуу орган Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестринде мамлекеттин кирешесине кабыл алынган мүлктү кабыл алуу жана андан ары пайдалануу боюнча эсеп жүргүзөт.
16. Сот аткаруучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен ыйгарым укуктуу органдарга алардын компетенциясына ылайык мүлктү акысыз негизде өткөрүп берет:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга - дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, медициналык жабдууну;
2) Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - мамлекеттик материалдык резервдин номенклатурасына ылайык материалдык баалуулуктарды;
3) мамлекеттик музейлерге, архивдерге жана илимий мекемелерге - түрүнө карабастан (кыймылдуу же кыймылсыз), тарыхый, илимий, көркөм баалуулукка ээ болгон мүлктү;
4) мамлекеттик китепканаларга - тарыхый, илимий, көркөм, маданий жана башка баалуулуктагы китептерди;
5) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине - минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди;
6) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга - химиялык заттарды, сымапты, уулуу жана радиоактивдүү заттарды;
7) отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга - күйүүчү-майлоочу материалдарды (бензин, дизель майы, суюлтулган нефти газы, кысылган жаратылыш газы), майлоочу материалдарды (мотордук, трансмиссиялык жана атайын майлар, пластикалык майлагычтар), атайын суюктуктарды (токтотуучу жана муздатуучу);
8) архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбаны жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга - курулуш материалдарды;
9) агроөнөр-жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органга андан ары ведомстволук уюмдарга өткөрүү үчүн - асыл тукум, продукттуу жана жумушчу бодо малдарды, аарылардын үй-бүлөлөрүн, канаттууларды, коёндорду, жүндү, данды, өсүмдүк талчаларын;
10) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - ок атуучу сайлуу куралдарды (аңчылыктан тышкары) жана жардыргыч заттарды;
11) калктын социалдык аялуу катмары жашаган балдар үйүнө, карылар үйүнө жана башка мекемелерге - ушул пункттун башка пунктчаларында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, күнүмдүк тиричиликте колдонууга жарактуу товарларды жана буюмдарды;
12) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, жогорку технологиялык уникалдуу жабдууларды. Мындай жабдууларды андан ары пайдалануу, сатуу же жок кылуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим ушул орган тарабынан кабыл алынууга тийиш;
13) этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга - этил спиртин, курамында спирт камтылган, алкоголдук продукцияны. Көрсөтүлгөн продукцияны сатуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Конфискацияланган этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу же кайра иштетүү мүмкүн болбогон учурда, ушул жобонун ченемдерине ылайык жок кылынууга тийиш;
14) экинчи жолку чийки заттарды чогултуу, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген тиешелүү мамлекеттик уюмдарга - пайдаланууга же сатууга мүмкүн болбогон предметтер, анын ичинде макулатура жана экинчи жолку чийки заттардын башка түрлөрү, сим картанын калдыктары, уюлдук телефондор ж.б., кара жана түстүү металлдардан предметтер, ошондой эле бул металлдын калдыктары. Көрсөтүлгөн чийки затты сатуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Ушул пункттун 2, 12, 13, 14-пунктчаларында көрсөтүлгөн органдарды кошпогондо, мүлк ыйгарым укуктуу органдарга сатуу укугусуз берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 28-майындагы № 275 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Мүлктү жок кылуу жана эсептен чыгаруу
17. Соттук актыга ылайык жок кылынууга тийиш болгон мүлк ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык анын компетенциясына шайкеш келген ыйгарым укуктуу орган тарабынан жок кылынат.
18. Мүлктү жок кылуу ыкмалары мүлктүн түрүнө жана категорияларына жараша ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Ок атма куралдарды, ок-дарыларды жок кылуу (керектөө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана атайын рецептерди жок кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Тамак-аш өнүмдөрүнөн жана тамак-аш чийки заттарын кошпогондо, продукцияны жана товарларды керектөөгө жана сатууга жараксыз деп таанылган учурда, аларды жок кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияларды (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
19. Эгерде мүлктү жок кылуу үчүн аныкталган чөйрөдөгү атайын билим зарыл болсо, ыйгарым укуктуу орган мүлктү жок кылуунун зыяндуу кесепеттерин болтурбоо үчүн жок кылууга ушул багытта адистешкен башка мамлекеттик органдарды же юридикалык жактарды тартууга укуктуу.
20. Мындан ары конфискацияланган, ээси жок же кароосуз калган мүлктү эсептен чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5. Мүлктү кайтаруу
21. Мүлк же анын наркы, конфискациялоо, ээси жок же кароосуз калган деп таануу жөнүндө, анын ичинде жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттун чечими жокко чыгарылган учурда кайтарылууга жатат.
22. Мүлктү кайтаруу, ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, сот аткаруучунун катышуусунда мүлктү кайтаруу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт. Арызга тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бул мүлк мамлекеттин менчигине келип түшкөн чечимдин жокко чыгарылгандыгын ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (же бул документтен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмө) тиркелет.
23. Эгерде арыз берилген учурга карата мүлк сатылып кетсе, мүлктү саткан ушул Жобонун 16-пунктунун 12, 13, 14-пунктчаларында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган беш күндүк мөөнөттө мүлктүн наркын кайтаруу жөнүндө корутундуну тиешелүү казыналык органга жөнөтөт (бул жөнүндө арыз ээсине кабарланат), ал корутунду алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө сатуудан алынган суммада мүлктүн наркын, мүлктү сатуу боюнча чыгымдарды чыгаруу менен ордун толтурууга милдеттүү.