ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI –заседаниеси
2021-жылдын 25-августу № 6/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту калктуу конушуна, айыл макамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык –аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө ЖОБОнун жана Кара-Токту айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын 2021-жылдын 20- августундагы № 14 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык –аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө ЖОБОнун жана Кара –Токту айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын 2021-жылдын 20- августундагы № 14 протоколу жактырылсын .
2. Кара-Токту айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын чечимин эске алып , Кара –Токту айылына айыл макамын берүү жөнүндө иш кагаздары айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбеков тарабынан даярдалып тиешелүү жогору турган органдардан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин ал эми көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Матабаров. |