Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 23-майы ПЖ № 124
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 23-январындагы № 8 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Байсалов Эдил Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Авазов Курванбек Рахманович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары |
Шукурбеков Улугбек Абдималикович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Толонов Данияр Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Имангазиев Алмаз Кулубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Дарманкул уулу Бакыт | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; |
Досалиев Эрнес Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; |
Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович | - | "Коопсуздук органдарынын ардагерлери" коомдук фондунун төрагасы, коомдук ишмер. |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-августундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 108 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |