Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 23-майындагы ПЖ № 124
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 3-декабры ПЖ № 543
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-августундагы ПЖ № 294, 2023-жылдын 19-апрелиндеги ПЖ № 108 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо үчүн токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Байсалов Эдил Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары,Комиссиянын төрагасы болуп; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Шукурбеков Улугбек Абдималикович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Толонов Данияр Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты |
Имангазиев Алмаз Кулубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары |
Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары |
Нифадьев Владимир Иванович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору; |
Кийизбаева Жазгуль Ильичевна | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары курамга киргизилсин |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 292 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгы
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы № 401 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |