Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 5-июну № 71-чуа
“Көп батирлүү турак жай имараттары” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Көп батирлүү турак үйлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. КР КЧ 31-03:2024 “Көп батирлүү турак жай имараттары” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
3. Бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттер аралык курулуш ченемдери МКЧ 3.02-04-2004 “Көп батирлүү турак жай имараттары” колдонулушу жокко чыгарылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Директор |
| Н.К. Орунтаев |