Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 10-июну ПЖ № 149
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |