Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-майы № 88
Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
726-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Заем берүүчү заемдун жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү жөнүндө маалыматты заемчуга берүүгө милдеттүү, ал заем алуучу үчүн ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык сырдын предмети болбошу керек.
Эгерде бул заем алуучунун абалын начарлатса жана/же анын милдеттерин көбөйтсө, заем берүүчү заем келишиминин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 949-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык коюмунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюмга жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.".
3-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтар бир жыл сакталат, ал мөөнөтү өткөндөн кийин насыялык бюро тарабынан карыз алуучунун насыялык тарыхынан чыгарылат.";
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтарды ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде;".
4-берене.
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 536-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкага жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.";
2) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Зайымдын суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдөн ашкан зайым келишими боюнча маалыматтарды кошпогондо, ломбард зайым келишими боюнча жана зайымчы жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды насыялык бюрого берүүгө укугу жок.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-майындагы № 40 (3593) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 11-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |