Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен адамдын репродукциясы жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана медицина жаатында дарылоо-профилактикалык ишти, медицина жаатындагы илимий, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүчү саламаттык сактоонун үчүнчүлүк деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, ал финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен тегерек мөөрү, штампы жана фирмалык бланктары бар.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
6. Борбордун иши илим чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720028, Бишкек шаары, 7-кичи район, үй 14/1.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борбору";
- расмий тилде - "Кыргызский научный центр репродукции человека при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КР ССМ АРКИБ";
- расмий тилде - "КНЦРЧ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
9. Борбордун ишинин максаты калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, аларга сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү жана акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында ушул Жобого ылайык илимий-изилдөө ишин жүзөгө ашыруу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
3) илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
4) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
5) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
6) калкка адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында жогорку технологиялык медициналык жардамды уюштуруу жана көрсөтүү;
7) калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, анын ичинде акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана репродуктология жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
8) акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында инновациялык медициналык технологияларды, оорулууларды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы методдорун, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техниканы иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча ишти уюштуруу;
9) Борбордун иши чөйрөсүндө консультациялык, консультативдик-методикалык (анын ичинде телемедициналык), маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, маалыматтарды берүү (анын ичинде Интернет аркылуу), аны көчүрүү жана көбөйтүү;
10) медициналык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча клиникалык база катары ишин жүзөгө ашыруу;
11) Борбордун ишинин негизги жыйынтыктарын камтыган басма продукцияны басып чыгаруу жана жайылтуу.
11. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтөт;
2) репродуктология жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
3) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт;
4) изилдөөлөрдүн багыттары жана практикалык иштер боюнча региондук генетикалык маалыматтар банктарын түзөт;
5) мамлекеттик калктын саламаттыгын сактоонун программаларына ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
6) адамдын репродуктивдүү функциялары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
7) репродуктологиянын актуалдуу маселелери боюнча тематикалык, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
8) мыйзамдарда белгиленген тартипте саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүндүгү тууралуу расмий корутунду берүү менен дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (келишимдик негизде) жүргүзөт.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
12. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ишин Жобого ылайык жүзөгө ашырууга;
2) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
3) саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга, илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
4) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
5) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
6) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтар базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
7) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантурасы/профили боюнча докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга;
8) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаны алуу үчүн диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
10) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын сатуудан киреше алууга;
11) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.
12) медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш жүргүзгөн башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү жана башка медициналык документтерди берүүгө;
14) Борбордун тематикасына байланышкан айрым маселелерди чечүү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) уюштурууга;
15) улуттук жана эл аралык конгресстерди, съезддерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңештерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
16) консолидацияланган бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
18) Борбордун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына борборлоштурулуп сатылып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
19) өзүнүн дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө жана инновациялык ишинин багытын аныктоого;
20) эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууну, өлкөлөр ортосунда адистерди алмашууну өнүктүрүүгө;
21) белгиленген тартипте ассоциацияларга, бирликтерге, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык ассоциацияларга, бирликтерге, бирикмелерге кирүүгө;
22) киреше алып келүүчү чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга, чарбалык иштен түшкөн кирешелерди (атайын каражаттарды) материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфраструктураны күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
23) мамлекеттик, менчик жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу жана медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
24) башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
25) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине белгиленген тартипте филиалдарды, илимий-изилдөө, консультативдик, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрдү түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
26) кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий изилдөө иштерин аткарууга тартууга;
27) Борбордун милдеттерине ылайык ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде:
- чет өлкөлүк уюмдарды кошкондо, мамлекеттик, муниципалдык жана менчик уюмдарга консультациялык жардам көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбор тарабынан иштелип чыккан технологияларды, программалык продукттарды республикада жана чет өлкөлөрдө ишке ашырууга;
- Борбордун ишин камсыз кылуу жана саламаттык сактоо практикасына киргизүү үчүн чет өлкөлөрдөн алдынкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга;
- саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө жүйөлүү корутунду берүү максатында дары каражаттарына жана приборлорго келишимдик негизде клиникалык сыноолорду жүргүзүүгө.
13. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) саламаттык сактоо жаатындагы муктаждыктарга ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимдерин иштеп чыгууга;
6) Борбордун интеллектуалдуу ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) профили боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен Борбордун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарын издөөгө;
12) Борборго оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктун популяризациялоонун эсебинен жогорулатууга;
15) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) өз иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) илимий кызматкерлерди 5 жылда кеминде бир жолу аттестациялоону жүргүзүүгө.
18) калкка Борбордун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
19) экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
20) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
21) чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
22) калкты сергек жашоо мүнөзүнө пропагандалоого жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
23) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
24) бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
26) Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
27) белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
28) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
4-глава. Борбордун түзүмү
14. Борбордун түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директору тарабынан бекитилет.
15. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. Борбордун ишин башкаруу
16. Борборго директор жетекчилик кылат.
17. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам бир илимий уюмда эки мөөнөттөн ашык Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбордун директорун сунушсуз эле өз демилгеси менен дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
18. Борбордун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билим;
2) илимий даража;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы.
19. Борбордун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруунун теорияларын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек жана финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) илимий жетишкендиктер жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын жана клиникалык ишти өнүктүрүү боюнча көз карашынын (концепция, иштеп чыгуу, технология же план) болушу.
20. Борбордун директору жок учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. Борбордун директорунун орун басары (орун басарлары) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
22. Борбордун директору:
1) өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
2) Борборду жеке башчылык принциптеринде башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) финансы каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсептин жана отчеттуулуктун тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат, финансылык тартипти сактайт;
4) Борбордун карамагында турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
6) кызматкерлерди кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
71) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
8) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
23. Илимий-техникалык кеңеш Борбордун консультациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Борбордо иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
24. Илимий-техникалык кеңеш жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери ага илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
25. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Борбордун директору эсептелет.
7-глава. Борбордун каржылоо булактары
26. Борборду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
3) атайын эсептердеги каражаттар, анын ичинде кошо төлөөлөр;
4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
5) кредиттер жана гранттар;
6) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштен түшкөн каражаттар;
7) чет өлкөлүк жана мамлекеттик инвестициялар.
27. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
28. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
29. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
30. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.