Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-январы № 14
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 21-январындагы № 22 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I глава. Жалпы жоболор
1-берене. Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча укуктук, экономикалык, социалдык жана медициналык негиздерди, кепилдиктерди жана чараларды аныктайт.
2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга (мындан ары - жарандар), иши саламаттык сактоо менен байланышкан бардык юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.
2-берене. Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жапа ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) абилитация - бул жаракат алуунун же оорунун натыйжасында күчүн жоготкон функцияларды калыбына келтирүүнү сунуштаган, али калыптана элек функцияларга жана көндүмдөргө ээ болууга же өнүктүрүүгө жардам берүү максатындагы процесс;
2) опиоиддердин агонисттери - фармакологиялык таасири опиоиддик рецепторлордун активдешүүсүнүн натыйжасында өнүккөн жана аларга бардык опиоиддер кирген заттар;
3) аккредитация - саламаттык сактоо уюмдарынын кесиптик ишти аккредитациялоо стандарттарына ылайык жүргүзүү үчүн компетенттүүлүгүн таануунун расмий жол-жобосу;
4) адистин кесиптик компетенттүүлүгүн аттестациялоо - медициналык, фармацевтикалык же башка билим алган адамдын белгилүү бир медициналык адистик же болбосо фармацевтикалык иш боюнча медициналык ишти жүзөгө ашырууга карата талаптарга шайкеш келүүсүн аныктоо жол-жобосу;
5) энелердин өлүмүнө аудит - өлүмгө түрткү берген медициналык, социалдык жана башка факторлордун негизинде жаткан энелер өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында, келечекте бул учурларды болтурбоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн энелердин өлүмүнүн учурларына тереңдетилген системалык сереп салуу;
6) врач - диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу жаатында даярдыкты алган, жогорку медициналык билими бар адис;
7) жалпы практиканын врачы - бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын даярдыктан өткөн врач;
8) врач-интерн, врач-ординатор - интернатура же болбосо ординатура программасынын алкагында окуган жана медициналык уюмда насаатчынын жетекчилиги алдында иштөөчү дарыгер;
9) көмөкчү репродукциялык технологиялар - тукумсуздукту дарылоо усулдары (жасалма инсеминация, жасалма уруктандыруу жана эмбрионду имплантациялоо), аларды пайдаланууда бойго бүтүүнүн жана эмбриондордун эрте өнүгүүсүнүн айрым же бардык этаптары эненин организминен тышкары жүзөгө ашырылат (анын ичинде донордук жана/же криоконсервацияланган жыныс клеткаларын, репродуктивдүү органдардын ткандарын жана эмбриондорду, ошондой эле карын энеликти пайдалануу менен);
10) гемопоэтикалык өзөк клеткалары - баш сөөк мээнин клеткалары, дифференцировкалоонун жана өстүрүүнүн натыйжасында алардан кан клеткаларынын бардык түрлөрү: эритроциттер, тромбоциттер жана лейкоциттердин ар кандай түрлөрү алынат;
11) эрте жаштагы балдар - 12 айдан 36 айга чейинки жаштагы балдар;
12) балдардын тамак-аш аралашмасы - ошол азыкка карата техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык өнөр жайлык негизде даярдалган жана ымыркайлардын төрөлгөндөн баштап жана/же жашоосунун биринчи алты айынын ичинде керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн арналган жана биринчи алты айдан кийин да баланын тамактануу муктаждыктарын жарым-жартылай канааттандырууну уланткан азыктарды камтыган, жаныбарлардан же өсүмдүктөн алынган сүт же сүт сыяктуу азык;
13) аралыктан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар - медицина кызматкерлеринин өз ара, жеке жактар жана (же) алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен аралыктан өз ара аракеттенүүсүн, белгиленген адамдарды идентификациялоону, ошондой эле алар тарабынан жасалган аракеттерди документтештирүүнү камсыз кылуучу санариптик технологиялар аркылуу ооруларга жана жаракаттардын дартын аныктоо, дарылоо, медициналык реабилитациялоо жана алдын алуу, изилдөөлөрдү жана баалоолорду жүргүзүү максатында медициналык кызматтарды көрсөтүү;
14) дистрибьютор же белгиленген продуктуларды таратуучу - белгиленген продуктуларды дүңүнөн же чекене сатуу менен алектенген жеке же юридикалык жак;
15) донордук функция - медициналык текшерүүнү жана медициналык максаттар үчүн кан жана анын компоненттерин донациялоо жол-жобосун аткарууну камтыган донордун ыктыярдуу аракети;
16) карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар/адам менен жасалма уруктандыруу же эмбрионду имплантациялоо усулун колдонууга жана аны төрөлгөнгө чейин боюнда көтөрүүгө макулдугун берген аялдын ортосундагы макулдашуу;
17) донация - адамдын кан тапшыруу жол-жобосу, анын алдында талапкер алты баскычты (каттоо, анализдерди тапшыруу, дарыгердин кабыл алуусу, тамактануу же суусундук ичүү, кан тапшыруу, маалымкат алуу) өзүнө камтыган "донордун жолун" басып өтөт;
18) донор - жеке адам:
а) медициналык максаттар үчүн канды жана анын компоненттерин ыктыярдуу тапшыруучу;
б) бейтапка куюу же жалгаштыруу үчүн өзүнүн канынын, башка ткандарынын бөлүгүн же органын берүүчү;
19) Бирдиктүү төлөөчү - милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоого ыйгарым укуктуу болгон милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу органы;
20) айланасындагылар үчүн коркунуч жараткан оорулар - булактары кыска мөөнөттө көп сандагы адамдардын жуктуруп алуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар;
21) психоактивдүү заттардан көз карандылык (көз карандылык синдрому) - психоактивдүү заттарды узак убакыт жана интенсивдүү пайдалануунун кесепетинен келип чыгуучу психикалык жана физикалык көз карандылыктан турган симптомдордун комплекси. Көз карандылык синдрому эл аралык классификациялардын критерийлери боюнча белгиленет;
22) ден соолук үчүн пайда жөнүндө билдирүү - продуктунун же анын компоненттеринин жана ден соолуктун ортосунда байланыштын бар экендигин ырастаган, болжолдогон же билдирген кандай болбосун билдирүү. Мындай билдирүү төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок аны менен чектелбейт:
а) организмдин өсүүсү, өөрчүшү жана ченемде иштеши үчүн азыктандыруучу заттын физиологиялык ролун сыпаттаган азыктандыруу функциясы тууралуу ырастоо;
б) тамак-аш азыктарын же алардын компоненттерин пайдалануунун ден соолукка оң таасири же функциялардын жакшырышы, же ден соолуктун өзгөрүшү же сакталышы менен байланышкан конкреттүү пайдалуу натыйжаларга тиешеси бар кандай болбосун башка функционалдык таасир жөнүндө билдирүү;
в) жалпы диетанын, оорунун өөрчүү тобокелдигин азайтуунун же ден соолукка байланыштуу абалдын контекстинде продуктуну же анын курамдык бөлүктөрүн пайдаланууга байланыштуу оорунун тобокелдигинин төмөндөөсү жөнүндө билдирүү;
23) зилдеме жаңы шишик (шишик) - инфильтративдик өсүүсү бар, тегерегиндеги ткандарга жармашып өсүүчү, аларды бузуучу, метастаз түзүүгө жөндөмдүү шишик;
24) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам (мындан ары - ДМЧА) - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү жана аны социалдык коргоо жана реабилитациялоо зарылдыгын жаратуучу оорулар, жаракаттардын кесепеттери же кемтиктер менен шартталган организмдин функцияларынын катуу бузулушу менен ден соолугу бузулган адам;
25) психикалык активдүү заттарды колдонуудан улам психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адам - кандайдыр бир психикалык активдүү заттан физикалык жана/же психикалык көз каранды абалында болгон жана белгиленген тартипте медициналык мекеме тарабынан ОЭК боюнча дарты аныкталган адам;
26) имплантация - уруктандырылган жумуртка клеткасын жатын көңдөйүнө киргизүү жолу менен жасалма уруктандыруу методу;
27) инсеминация - уруктандыруу максатында эркектин жыныс клеткаларын жатын көңдөйүнө жасалма киргизүү жолу менен жасалма уруктандыруу методу;
28) инсулин - 1-типтеги кант диабетин дарылоо үчүн негизги препарат катарындагы уйку безинин гормону;
29) жасалма тамактандыруу - эне сүтүн жарым-жартылай же толугу менен алмаштырган, өнөр жайлык негизде өндүрүлгөн ар кандай тамак-аш азыгы менен тамактандыруу;
30) клиникалык база - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык база катары аныкталган, медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуучу жана бейтаптарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аккредитациядан өткөн саламаттык сактоо уюму;
31) клиникалык протокол - белгилүү бир ооруда же клиникалык кырдаалда бейтапка далилдүү негизде медициналык жардам көрсөтүүгө карата медициналык кызматкерлер аткарууга тийиш болгон жалпы талаптарды белгилөөчү документ;
32) Кыргыз Республикасынын комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо системасы - жарандардын ден соолугун коргоо жаатында улуттук жана мамлекеттик программаларды укук улантуу принциптеринде аткаруу, Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн жана медицина илимин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу саламаттык сактоонун жана социалдык кызматтын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюмдары тарабынан ооруларды алдын алуу, өз убагында аныктоо, дарылоо жана реабилитациялоо үчүн адамга өмүр бою көрсөтүлүүчү медициналык жана социалдык кызматтардын тутуму;
33) кандын компоненттери - дарылоо максатында колдонулуучу, түрдүү методдор аркылуу нак кандан даярдалышы мүмкүн болгон, канды түзүүчү формалык элементтер (эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер, плазма, плазманы түзүүчүлөр);
34) канды консервациялоо - донордук кандын курамын жана касиеттерин узак мөөнөттүн аралыгында сактоо үчүн шарттарды түзүү максатында консервациялоочу каражатта донордук канды даярдоо;
35) бөтөлкөдөн тамактандыруу - упчусу бар бөтөлкө менен суюк же жарым-жартылай катуу тамак берүү;
36) консилиум - текшерүүгө алынган бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө корутунду иштеп чыгуу, оорунун аныкталган дартын белгилөө, анын болжолун, оорулууну текшерүү жана дарылоо тактикасын аныктоо максатында бир же ар түрдүү адистиктеги врачтардын кеңешмеси;
37) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттардын, калктын тең төлөөсүнөн түшкөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын жыйындысы;
38) контрацепция - каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу методдору жана каражаттары;
39) кан - донордон даярдалган жана канды куюу же болбосо андан ары өндүрүү үчүн иштелип чыккан нак кан;
40) криоконсервация - биоматериалды кийин кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү менен төмөн температурада сактоо;
41) оор учурлар - төрөт кыйынчылыктар менен коштолгон же өмүргө коркунуч жараткан жагдайлар жана кош бойлуулуктун татаалдашуусу болгон, аларды изилдөө шашылыш кийлигишүүнүн сапатын баалоого жардам берүүчү учурлар;
42) логотип - компанияны же продуктуну идентификациялоого жардам берүүчү эмблема, сүрөт же символ;
43) тамак-аш азыктарын маркировкалоо - керектөө таңгагына, транспорттук таңгакка же керектөө таңгагына жана (же) транспорттук таңгакка бекитилген же алардын ичине салынган же болбосо аларга тиркелген маалымат алып жүрүүчүнүн башка түрүнө жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилөөлөр жана (же) алардын комбинациялары түрүндө түшүрүлгөн тамак-аш азыктары жөнүндө маалымат;
44) маркетинг - белгиленген азыктарды жана каражаттарды илгерилетүү, жайылтуу, сатуу, анын ичинде коомчулук менен байланышты камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык камсыздоо;
45) материалдар жана жабдуулар - саламаттык сактоо уюмдары жана социалдык камсыздоо мекемелери тарабынан колдонулуучу медициналык же башка жабдуу, медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн каражаттар жана башка материалдар;
46) эненин ден соолугу - аялга жана ымыркайга коопсуз төрөттү камсыз кылуу, эненин ооруга чалдыгуусун жана өлүмгө учуроосун азайтуу максатында кош бойлуулукка даярдоону, үй-бүлөнү пландоону, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки карап күтүүнү камтуучу, аялдын кош бойлуу, төрөт, төрөттөн кийинки мезгилдеги ден соолугу;
47) энелердин өлүмү - аялдын кош бойлуулугу (анын узактыгына жана түйүлдүктүн жайгашкан жерине карабастан) менен шартталган жана кош бойлуу мезгилинде же ал аяктагандан кийин 42 күндүн ичинде кош бойлуулук менен байланышкан, кош бойлуулук же болбосо аны коштоо менен өтүшүп кеткен кандайдыр бир себептен улам, бирок кырсыктан же кокустан келип чыккан себептен эмес каза болушу;
48) медициналык-биологиялык изилдөө - оорунун абалынын келип чыгуу же өөрчүү себептерин, шарттарын жана механизмдерин аныктоо, дарылоо жана алдын алуу методдорун иштеп чыгуу үчүн изилдөөгө алынган абалдын же оорунун түзүмдүк-функционалдык комплексин жөнөкөйлөтүлгөн түрдө лабораториялык жаныбарларда кайра пайда кылууга (моделдөөгө) негизделген изилдөө;
49) инфекциялык эмес оорулары бар адамдарды медициналык-социалдык коргоо - инфекциялык эмес оорулуу адамдардын ден соолугун коргоону жана жашоо-тиричилигинин шарттарын камсыз кылуучу, мамлекет тарабынан кепилденген атайын экономикалык, социалдык, укуктук жана медициналык чаралардын тутуму;
50) медициналык-санитардык жардам - жарандардын саламаттыгын сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган медициналык жана башка чаралардын комплекси;
51) медициналык-социалдык жардам - бейтаптын дайыма сутка бою медициналык байкоо жүргүзүүнү жана багууну талап кылган, бирок интенсивдүү медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылбаган өнөкөт оорулары болгон учурда медициналык жардам көрсөтүүнүн түрү;
52) медициналык маалымат тутуму - саламаттык сактоонун субъекттеринин процесстерин электрондук форматта жүргүзүүнү камсыз кылуучу маалыматтык тутум;
521) медициналык иш - медициналык-санитардык жардам, медициналык жана медициналык-алдын алуу кызматтарды берүү жана көрсөтүү боюнча кесиптик иш;
53) медициналык алдын алуу - бейтаптын жеке кызыкчылыгына негизделген, оорулардын пайда болуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө, алардын пайда болушуна жана жайылышына түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоого багытталган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси;
54) медициналык реабилитация - бейтаптын организминин кадимкидей иштешин калыбына келтирүүгө жана анын оорунун натыйжасында бузулган функционалдуу мүмкүнчүлүктөрүн компенсациялоого багытталган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси;
55) медициналык кызмат көрсөтүү - бейтаптардын саламаттыгын жакшыртууга же диагноздоого, дарылоого жана реабилитациялоого багытталган, сарпталган чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык толтурууну караган кызмат көрсөтүү;
56) медициналык этика - медицина кызматкеринин медициналык-санитардык, санитардык-алдын алуу жардамын көрсөтүү процессинде бейтап, коом, медициналык башка кызматкерлер менен өз ара мамилелериндеги этикалык ченемдердин жана жүрүм-турум принциптеринин жыйындысы;
57) медициналык жана фармацевтик кызматкерлер - ишин саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашыруучу, жогорку, орто кесиптик медициналык, фармацевттик жана башка билими бар адамдар;
58) медициналык кийлигишүү - врач же болбосо башка медицина кызматкери тарабынан конкреттүү бейтапка карата аткарылуучу, алдын алуу, диагноздоо, дарылоо, реабилитациялоо же изилдөө багытындагы ар кандай текшерүү, дарылоо жана консультация берүү;
59) жасалма уруктандыруу методдору - бойго бүтүүнүн жана түйүлдүктүн организмден тышкары эрте өнүгүүсүнүн айрым же бардык этаптарын жүзөгө ашырууда колдонулуучу тукумсуздукту дарылоо усулдары;
60) ымыркай - он эки айга чейинки курактагы бала;
61) эне үчүн сүт - кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга арналган, бул азыкка карата техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык өнөр-жайлык негизде даярдалган жаныбардан же өсүмдүктөн алынган сүт же сүт сыяктуу азык;
62) мультидисциплинардык команда - үй-бүлөлөрдүн жайгашкан жерине карабастан алардын ооруларынын алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо боюнча медициналык кызматтарды көрсөтүү боюнча биргелешип иштөө үчүн түзүлгөн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын ар кандай багыттагы адистеринин командасы (үй-бүлөлүк дарыгерлер, фельдшерлер, акушерлер, медициналык айымдар, социалдык кызматкерлер, саламаттык сактоо жаатындагы психологдор);
63) наркологиялык уюмдар - мыйзамда белгиленген тартипте наркологиялык жардам көрсөтүүчү уюмдар (бөлүмдөр же иш бөлмөлөрү);
64) баңгизат каражаттары - синтетикалык же табигый жол менен алынган заттар, алардын препараттары, ошондой эле тиешелүү эл аралык конвенцияларда ушундай катары классификацияланган өсүмдүктөр, ага тете алардын таасиринин же аларды кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон башка заттар жана өсүмдүктөр;
65) балдардын өсүүсүндөгү бузулуулар жана артта калуулар - коомдогу балдардын орточо өсүүсүнө салыштырмалуу кечигүү менен мүнөздөлгөн жана ден соолугунун абалындагы тигил же башка өзгөрүүлөрдүн же чөйрөнүн жагымсыз таасиринин натыйжасы болуп саналган кадимкидей өсүүдөн ымыркай же бала курактагы ар кандай олуттуу четтөөлөр;
66) инфекциялык эмес оорулар - көпчүлүк учурда алдын алууга боло турган жана жалпы тобокелдик факторлору, негизги детерминанттар жана кийлигишүү үчүн мүмкүнчүлүктөр менен байланышкан диабетти, жүрөк-кан тамыр ооруларын, ракты, өнөкөт респиратордук ооруларды жана психикалык бузулууларды камтыган оорулардын тобу;
67) жаңы төрөлгөн ымыркай - төрөлгөн учурдан тартып 28 күндүк (4 жума) куракка жеткенге чейинки бала;
68) белгиленген азыктардын үлгүсү - акысыз берилүүчү белгиленген азыктын порциясы же анча чоң эмес көлөмү;
69) онкология - жаңы шишиктердин пайда болуу себептерин, өөрчүү механизмдерин, клиникалык көрүнүштөрүн изилдөөчү жана аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу медицина жана биология жааты;
70) опиоид - уктатуучу апийимдин алколоиддерине, алардын синтетикалык аналогдоруна жана организмде синтезделген, баш мээдеги бир эле ошол спецификалык рецепторлор менен өз ара аракеттенүүчү, ооруну басуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана бейпилдик сезимин (эйфорияны) пайда кылуучу кошундуларга карата колдонулуучу жаппы термин;
71) орган - ткандардын эволюциялык калыптанган комплекси болуп эсептелген, жалпы функциясы, түзүмдүк уюштурулушу жана өнүгүүсү менен бириктирилген организмдин бөлүгү;
72) саламаттык сактоо уюмдары - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн уюмдаштыруучу (менчик ээси) тарабынан түзүлгөн мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары;
73) интернатура/ординатура - максаты өз алдынча клиникалык практикага кирүүгө уруксат алуу үчүн тиешелүү адистик боюнча врачтын кесиптик квалификациясына ээ болуу же өзгөртүү болуп саналган, жогорку окуу жайынан кийинки медициналык билим берүүнүн деңгээли;
74) кант диабетинин өтүшүп кетүүсү - көздүн торчосунун ажыроосуна жана көздүн толук же жарым-жартылай көрбөй калуусуна (диабеттик ретинопатия), өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясынын негизги себептеринин бири болуп саналган бөйрөктөрдүн жабыркоосуна (диабеттик нефропатия), трофикалык жаралардын пайда болуусуна, инфекция жуктурууга, гангренага, мүмкүн болуучу ампутацияларга жана анын кесепетинен майыптыкка жеткирүүчү буттардын патологиялык абалына (диабеттик таман синдромуна) алып келүүчү кант диабетинин кан тамырдык өтүшүп кетүүсү;
75) жарандардын саламаттыгын коргоо - ар бир адамдын дене бойлук жана психикалык саламаттыгын сактоого жана чыңдоого, ден соолугу начарлаган учурда медициналык жардам берүүгө багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы мүнөздөгү чаралардын жыйындысы;
76) паллиативдик жардам - айыкпас оорулуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылуучу жана ооруну, дарттын башка оор көрүнүштөрүн басууга багытталган, медициналык кийлигишүүлөрдү, психологиялык мүнөздөгү иш-чараларды жана багууну камтыган иш-чаралардын комплекси;
77) белгиленген азыктардын партиялары - өндүрүүчү же таратуучу тарабынан социалдык максаттар үчүн узак убакыт ичинде кайтарымсыз же арзан баада берилүүчү белгиленген азыктардын аныкталган саны;
78) "кант диабети менен ооруган адамдын паспорту" же идентификациялык код - кант диабети менен ооруган адамга квалификациялуу адистештирилген, кечиктирилгис медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү үчүн бейтаптын туруктуу жашаган жери боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген, оору жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
79) бейтап - саламаттык сактоо уюмдарында же жекече иштеген медицина кызматкерлеринде тиешелүү медициналык документтерди тариздөө менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам;
80) кайчылаш жарнама - башка азыкты илгерилетүүдө аналогиялуу фирмалык аталыштарды, таңгактын дизайнын, этикеткаларды, текстти, сүрөттөрдү, түстүү схемаларды, символдорду же ураандарды, ошондой эле башка каражаттарды пайдалануу;
81) перинаталдык өлүм - кош бойлуулуктун 22-жумасынан тартып түйүлдүктүн жана ымыркайдын төрөлгөндөн кийинки 7 күнгө чейинки өлүмүнүн бардык учурлары;
82) перинаталдык аудит - бул болтурбай коюуга мүмкүн болгон перинаталдык өлүм менен байланышкан факторлорду баалоо процесси;
83) жеке медициналык маалыматтар - жеке адамдын ден соолугу жана ага көрсөтүлгөн медициналык кызматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган, электрондук, кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүлөрдө белгиленген жеке маалыматтар;
84) үй-бүлөнү пландоо - жарандардын белгилүү бир сандагы балдарды төрөөнү жана тарбиялоону аң-сезимдүү тандоосуна, алардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыктарды сактоого, ошондой эле жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоого багытталган социалдык, медициналык жана укуктук чаралардын тутуму;
85) жыныс клеткалары - эркектин жыныс клеткалары (сперматозоиддер) жана аялдын жыныс клеткалары (жумуртка клеткалары);
86) инсулиндин жарым жылдык запасы - кант диабети менен ооруган адамдардын жашоо тиричилигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инсулиндин стратегиялык запасы, анын жоктугу кант диабети менен ооруган адамдардын сөзсүз өлүмүнө алып келет;
87) кийинки тамак-аш аралашмасы - төмөнкүлөрдү билдирет:
а) 6 айдан үч жашка чейинки ымыркайларды тамактандырууга ылайыктуу катары сатылуучу же башка ыкма менен көрсөтүлүүчү, өнөр жайлык негизде даярдалган, жаныбардан же өсүмдүктөн алынган сүт же сүт сыяктуу азык;
б) атайын медициналык максаттар же диеталык талаптар үчүн ар кандай тамак-аш аралашмасы, ошондой эле 6 айдан үч жашка чейинки өтө арыктап кеткен балдар үчүн ар кандай терапиялык азык;
88) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары;
89) кайрымдуулук ишканалары жана мекемелери - жарандардын айрым категорияларынын кызыкчылыктарында кайрымдуулук иштерин жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдар;
90) прекурсорлор - эл аралык конвенцияларда баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды даярдоо үчүн колдонулуучу химиялык материалдар катары классификацияланган заттар жана алардын туздары, ошондой эле ушул эле максатта пайдаланылуучу жана Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон химиялык заттар жана алардын туздары;
91) кандын препараты - түрдүү технологияларды пайдалануу менен адамдын канынан же плазмасынан алынган дары каражаты;
92) колдонмо биомедициналык изилдөө - диагноздоо, дарылоо же оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө конкреттүү максаттарга жетүүгө багытталган биомедициналык изилдөө;
93) кошумча азык - өнөр жайлык же башка ыкма менен өндүрүлгөн (даярдалган), 6 айдан 36 айга чейинки курактагы ымыркайлар үчүн эмчек сүтүнө, балдардын тамак-аш аралашмасына жана кийинки тамак-аш аралашмасына кошумча катары колдонулуучу кандай болбосун азык (мындан ары - кошумча тамактандыруу азыгы);
94) белгиленген өндүрүмдү өндүрүүчү (даярдоочу) - сатып алуучуларга (керектөөчүлөргө) сатуу үчүн белгиленген өндүрүмдү өз атынан өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашыруучу жана бул өндүрүмдүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги үчүн жоопкерчилик тартуучу, уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюм же жеке ишкер, анын ичинде чет өлкөлүк ишкерлер;
95) балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктар жана каражаттар (мындан ары - белгиленген азыктар):
а) балдардын тамак-аш аралашмасы;
б) алты айга чейинки балдарды тамактандыруу үчүн ылайыктуу азык катары рынокто сатылган же башкача көрсөтүлгөн кандай болбосун башка азык;
в) кийинки тамак-аш аралашмасы;
г) эрте жаш курактагы балдар үчүн тамак-аш аралашмасы;
д) колдонууга даяр дарылык азык/даяр дарылык тамак;
е) кошумча азык;
ж) тамактандыруу үчүн бөтөлкөлөр, упчулар (упчулуу бөтөлкө), бош упчулар;
з) өнөр жайлык негизде эне үчүн жасалган сүт;
и) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктар жана каражаттар деп таанылган жана ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген кандай болбосун башка азыктар;
96) белгиленген азыктарды илгерилетүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) белгиленген азыктарды жарнамалоо;
б) атайын көргөзмөлөрдү өткөрүү, атайын дисплейлерди колдонуу, белгиленген азыктын баасын арзандатуунун ар кандай ыкмаларын берүү (сатып түгөтүү, өздүк наркынан төмөн сатуу, башка азыкты кошуп сатуу), белгиленген азыкты сыйлык же белек катары берүү;
в) белгиленген азыктын бир же андан ашык үлгүлөрүн кайсы болбосун адамга берүү;
г) белгиленген азыктарды керектөөнү идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүү материалдарын белекке берүү жана жайылтуу;
д) ушул Мыйзамдын 111-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, белгиленген азыктардын этикеткаларында же эмчек эмген жана эрте жаш курактагы балдардын тамактануусуна тийиштүү ар кандай маалыматтык жана билим берүү материалдарында ден соолукка пайдасы тууралуу билдирүүлөрдү пайдалануу;
е) белгиленген азыктын кайчылаш жарнамасы;
97) медицина кызматкерлеринин кесиптик катасы - ак ниеттүү жаңылуунун кесепети болуп саналган жана кылмыштын курамын же жоруктун белгисин камтыбаган, өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда аларга көз каранды болбогон жагдайларда кетирген катасы;
98) психотроптук заттар - синтетикалык же табигый жол менен алынган заттар, ошондой эле тиешелүү эл аралык конвенцияларда ушул сыяктуу классификацияланган алардын препараттары, ага тете алардын таасиринен же аларды кыянаттык менен пайдалануудан улам Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген башка заттар же кандай болбосун табигый материалдар;
99) психиатрия - психиканын бузулууларын медицинанын методология призмасы, аларды диагноздоо, алдын алуу жана дарылоо методдору аркылуу окуп үйрөнүүчү клиникалык медицинанын тармагы;
100) психикалык саламаттык - бул психологиялык жана социалдык бакубатчылыктын абалы, мында адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырат, жашоодогу кыйынчылыктарга жана стресске натыйжалуу туруштук берет, жемиштүү аң-сезимдүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырат жана социумдун өнүгүшүнө өз салымын кошот;
101) психиатриялык уюмдар - мыйзамда белгиленген тартипте психиатриялык жардам көрсөтүүчү уюмдар (бөлүмдөр же иш бөлмөлөрү);
102) психиатриялык жардам - жарандардын психикалык саламаттыгын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте текшерүү, психикасынын бузулууларынын алдын алуу, психикасы бузулган адамдарды дарылоо, багуу, медициналык-социалдык реабилитациялоо;
103) психотикалык эмес деңгээлде психиканын бузулуусу (оору) - аң-сезимдин бузулушу менен коштолбогон, бейтаптын интеллектуалдык-мнестикалык чөйрөсүнүн сакталышын билдирген жана психиканын жөөлүү, галлюцинациялар жана кайгы-капанын болушу менен шартталган жүрүм-турумундагы агрессивдүү тенденциялар түрүндөгү курч бузулуулардын болушун жокко чыгаруучу психикалык аракеттин бузулушу;
104) психикалык активдүү зат - борбордук нерв тутумунун иштешине таасир тийгизүүчү жана психикалык абалды аң-сезимдин өзгөргөн абалына чейин өзгөртүүгө алып келүүчү зат, анын ичинде Кыргыз Республикасында контролго алынууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесиндеги заттар;
105) кан тапшыруу пункту - канды жана анын компоненттерин стационардык жана көчмө шарттарда алуучу жер;
106) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери - саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жеке адамдар, ошондой эле тейлөөчү персонал жана ыктыярдуу башталышта иштеген башка адамдар;
107) белгиленген азыктарды таратуучулар - белгиленген азыктарды дүң же чекене сатуу менен алектенген жеке же юридикалык жак;
108) медицинадагы реабилитациялоо - оорулуулардын жана ДМЧАлардын организминин бузулган функцияларын, ошондой эле социалдык функцияларын жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган медициналык, педагогикалык жана социалдык иш-чаралардын комплекси;
109) кант диабетинен жапа чеккен адамдардын регистри - кант диабети менен ооруган адамдардын маалыматтар банкын түзүү жана андан ары байкоо жүргүзүү стратегиясын иштеп чыгуу жана дарылоо аларды каттоо жана автоматташтырылган эсепке алуу;
110) белгиленген азыкты жарнамалоо - белгиленген азыкты сатууга же өткөрүп берүүгө көмөктөшүү максатында ап жөнүндө маалыматты берүү, анын ичинде, бирок чектелбестен:
а) басылма, электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарын, байланыштын телекоммуникациялык жана башка каражаттарын (жазуу жүзүндөгү басылмалар, телекөрсөтүү, радио, тасмалар, электрондук берүү, анын ичинде Интернет, социалдык түйүндөр, видео роликтер, телефон же мобилдик тиркеме) пайдалануу;
б) эмблемаларды, белгилерди, жарнама такталарын, кулактандырууларды, кабарламаларды, сүрөттүк сыпаттамаларды же башка үлгүлөрдү көрсөтүү;
111) репродуктивдик ден соолук - адамдын тукум улоого жөндөмдүүлүгүн аныктоочу толук дене бойлук, психикалык саламаттыгынын жана социалдык бакубаттуулугунун абалы;
112) репродуктивдик органдар жана ткандар - көбөйүү процессине катышуучу, жашоонун үзгүлтүксүздүгүн жана улануучулугун камсыз кылуучу органдар жана ткандар; аларга, негизинен, урук клеткасы, сперма, энелик без, эркектин урук бези же эмбриондор кирет;
113) репродуктивдик укуктар - жарандардын тукум улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеде же никеден тышкары бала төрөөгө же төрөөдөн баш тартууга, бойго бүтүрүү жана бала төрөө методдоруна карата чечимдерди эркин кабыл алууга, ошондой эле бул чөйрөдө медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга укуктары;
114) реципиент - ага донордук канды же анын компоненттерин жана препараттарын куюу, донордон органды же ткандарды трансплантациялоо жүргүзүлүүчү бейтап;
115) санитардык-алдын алуу жардамы - адамга жашоо чөйрөнүн факторлорунун зыяндуу таасирин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын пайда болушун жана жайылышын болтурбоого багытталган уюштуруучулук, административдик, санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы жана башка чаралар;
116) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы - адамга жашоо чөйрөнүн факторлорунун зыяндуу таасири болбогон жана анын жашоо-турмушунун жагымдуу шарттары камсыздалган калктын ден соолугунун, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы;
117) кант диабети - инсулиндин секрециясынын жана/же таасиринин натыйжалуулугунун бузулуусунан улам гипергликемия менен мүнөздөлгөн, убакыттын өтүшү менен ар кандай органдардын - көздүн, бөйрөктүн, нервдердин, жүрөктүн жана кан тамырлардын бузулушуна алып келүүчү алмашуу ооруларынын тобу;
118) сексуалдык ден соолук - мажбурлоодон, басмырлоодон жана зомбулуктан эркин болгон сексуалдык мамилелерге позитивдүү жана урматтоо менен мамиле кылууну аныктаган дене бойлук, психикалык жана социалдык бакубатчылыктын абалы;
119) сексуалдык билим - репродуктивдик ден соолук маселелери боюнча ишенимдүү жана илимий негизделген маалыматты берүүчү жана чечим кабыл алуу, баарлашуу жана репродуктивдик тутумдун ооруларынын тобокелдигин азайтуу менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүүчү билим;
120) сексуалдык укуктар - сакталышы бардык адамдардын сексуалдык саламаттыгына жетүү жана сактоо үчүн зарыл болгон эркиндик, кадыр-барк жана теңчилик принциптерине негизделген адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү;
121) үй-бүлөлүк дарыгер - жарандарга алардын жынысына, жашына жана жашаган жерине карабастан алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын көп тармактуу даярдыктан өткөн врач;
122) зыянды азайтуу - бул психикалык активдүү заттарды колдонуудан улам психикасы бузулган адамдардын арасында терс кесепеттерди азайтууга багытталган методдор жана программалар;
123) Бирдиктүү төлөөчү тутум - саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган калкка көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызматтар үчүн эсептөөлөр боюнча каржылоону андан ары жүргүзүү максатында милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын бириктирип топтоо;
124) мектептик саламаттык сактоо тутуму - мектепте билим алуу мезгилинде адамдардын ден соолугун колдоого жана чыңдоого багытталган иш-чаралардын комплекси;
125) саламаттык сактоо кызматтары - саламаттык сактоонун белгилүү бир чөйрөсүндө иш жүргүзгөн саламаттык сактоонун органдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары;
126) кан кызматы - максаты дарылоо-алдын алуу уюмдарын кандын сапаттуу компоненттери жана препараттары менен камсыз кылуу болуп саналган, донордук канды жана анын компоненттерин даярдоо, кайра иштетүү, сактоо боюнча мамлекеттик саламаттык сактоо тутумунун адистештирилген медициналык уюмдарынын жыйындысы болгон саламаттык сактоо тармагы;
127) эрте жаш курактагы балдар үчүн тамак-аш аралашмасы - 12 айдан ашкан курактагы кичине балдарды тамактандыруу үчүн жарактуу катары сатылуучу же башка жол менен көрсөтүлгөн, өнөр жайлык негизде өндүрүлгөн, жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган сүт же сүт сыяктуу азык;
128) тең төлөө - Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоонун көлөмүнөн ашыкча көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алган жарандын анын наркын төлөөгө катышуусу;
129) өз үн-өзү контролдоо каражаттары - кант диабети менен ооруган адамдарга кандагы глюкозанын, заарадагы глюкозанын жана кетон заттарынын деңгээлин өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берүүчү диагноздоочу тест-тилкечелер жана приборлор (глюкометрлер);
130) демөөрчүлүк - адамга же адамдардын тобуна, же мамлекеттик же жеке менчик уюмга кандай болбосун финансылык жардам же натуралай түрдөгү жардам, мында демөөрчүнүн тиешелүү ниети болот;
131) карын энелик - карын эненин жана потенциалдуу ата-эненин/ата-эненин биринин ортосундагы келишим боюнча карындагы баланы көтөрүүнү жана баланы төрөөнү өзүнө камтыган көмөкчү репродуктивдик технологиялардын түрү;
132) карын эне- карын энелик келишим боюнча анын генотибин алып жүрбөгөн баланы карында көтөрүп жүрүүчү жана төрөөчү аял;
133) телемедицина түйүнү - медициналык жабдуулар менен жабдылган жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу аралыктан медициналык кызматтарды көрсөтүү, электрондук форматта окутуу жана медициналык маалыматтарды алмашуу үчүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке бириктирилген стационардык жана мобилдик телемедициналык борборлордун түйүнү;
134) терминалдык баскыч - зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан, айыккыс дартка чалдыккан жарандардын биологиялык өлүмүнүн алдындагы организмдин функцияларынын начарлоо абалы;
135) ткань - жалпы функциясы, түзүлүшү жана (же) келип чыгышы менен бириктирилген клеткалардын жана клеткалык эмес түзүлүштөрдүн тутуму;
136) салттуу (элдик) медицина - ден соолукту чыңдоо жана дарылоо максатында да, жана ооруларды диагноздоо жана алдын алуу максатында да колдонулушу мүмкүн болгон, элдик тажрыйбада калыптанган медициналык билимдердин, көндүмдөрдүн жана билгичтиктердин жыйындысы;
137) трансплантация - патологиялык процесстин натыйжасында жок болгон же бузулган ткандарды же органдарды өзүнүн ткандары же органдары, же болбосо башка организмден алынгандар менен алмаштыруу;
138) жансыз дене, сөөк - адамдын биологиялык өлүмүнөн кийинки денеси;
139) медициналык күбөлөндүрүүдөн, медициналык текшерүүдөн же дарылоодон баш тартуу - ички иштер органдарынын кызматкеринин медициналык күбөлөндүрүүгө карата тескемесин атайылап аткарбоо, ага тете баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды кыянаттык менен пайдаланган адам тарабынан врачтын дайындоолорун жана сунуштоолорун аткарбоо;
140) ден соолукту чыңдоо - бул ден соолукту аныктоочу факторлорго (детерминанттарга) контролду күчөтүүгө жана анын негизинде өзүнүн ден соолугун жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү процесс;
141) таңгак - белгиленген өндүрүмдү жайгаштыруу, коргоо, ташуу, жүктөө жана түшүрүү, жеткирүү жана сактоо үчүн колдонулуучу буюм;
142) социалдык камсыздоо мекемелери - мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик түрүндө негизделген балдар интернаттары, балдар үйлөрү (яслилер), бөбөктөр үйлөрү жана башка ушул сыяктуу мекемелер;
143) негизги инфекциялык эмес оорулар үчүн жалпы тобокелдик факторлору - тамеки чегүү, алкоголь, тамактануу, дене бойлук жигердүүлүктүн жетишсиздиги, семирүү, кан басымдын жогорулашы, кандагы глюкоза, кандагы липиддер;
144) фармацевттик иш - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү, ташып чыгуу, сатып алуу, маркировкалоо, ташуу, сактоо, бөлүштүрүү (берүү), колдонуу жана жок кылуу/утилдештирүү менен байланышкан дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды өндүрүү, дүң сатуу (дистрибьюциялоо), чекене сатуу, даярдоо жана берүү боюнча жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү;
145) фармацевттик кызмат көрсөтүү - Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жана/же милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда амбулаториялык деңгээлде калкты дары менен жеңилдетилген түрдө камсыз кылуу менен байланышкан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө субъекттердин иши;
146) фирмалык аталыш - азык же өндүрүмдүн ассортименти үчүн өндүрүүчү тарабынан берилген аталыш;
147) фундаменталдык биомедициналык изилдөө - жашоо процесстеринин жана оорулардын физикалык, химиялык жана функционалдык механизмдери жөнүндө базалык билимди жана түшүнүктү кеңейтүү максатында жүргүзүлүүчү биомедициналык изилдөө;
148) хирургиялык стерилизациялоо - анын натыйжасында адам тукум улоо жөндөмүнөн ажыроочу хирургиялык кийлигишүү;
149) цитологинлык изилдөө - органдардан жана ткандардан алынган препараттардагы айрым клеткалык элементтерди микроскоптук изилдөө методдорун пайдалануу менен изилдөө;
150) эвтаназия - айыкпас ооруга чалдыккан адамдын ооруну басуучу атайын каражаттардын, анын ичинде жашоону кармап туруу боюнча жасалма чараларды токтотуунун жардамы менен ыктыярдуу, дарыгер менен макулдашылган өлүмү;
151) экстракорпоралдык уруктандыруу - сперматозоид менен урук клеткасын аялдын организминен сырткары кошуудан, мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон түйүлдүктүн өөрчүшүнөн жана ошол түйүлдүктүн жатынга андан ары жайгаштырылышынан турган репродуктивдик көмөкчү технологиялардын түрү;
152) этикетка - маркировкалоо түшүрүлгөн жана керектөө таңгагына жана (же) транспорттук таңгакка, анын ичинде чаптоо аркылуу жабыштырылуучу маалымат сактагыч.
2. Башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын айрым беренелеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери
Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын өзүнүн саламаттыгын, өмүрүн жана башка адамдардын ден соолугун коргоого жана сактоого Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденүүчү ажыратылгыс укуктарын ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоо;
3) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуу;
4) жарандардын, калктын айрым топторунун саламаттык сактоо жаатындагы укуктарын жана милдеттерин аныктоо жана алардын сакталышынын кепилдиктерин белгилөө;
5) медицина, фармацевттик кызматкерлердин жана алардын кесиптик бирикмелеринин кесиптик укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо, аларды социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин белгилөө.
5-берене. Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын саламаттыкты коргоого укуктарын сактоо жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө басмырлоого жол бербөө, түрдүү социалдык топтордун жыныстык-курактык муктаждыктарын эсепке алуу жана жарандарды саламаттыгынан ажыраган учурда социалдык коргоону камсыз кылуу;
2) калктын бардык топтору үчүн медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуу жардамдарынын жеткиликтүүлүгү, ДМЧАлардын медициналык-санитардык жардам алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
3) медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн комплекстүү интеграцияланган тутумун түзүү жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү менен саламаттык сактоо тармагын калктын бардык топторунун муктаждыктарына ылайык өнүктүрүү;
4) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жарандардын медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз/жеңилдетилген шартта пайдалануусу;
5) жарандардын өздөрүнүн саламаттыгын, балдарынын, ата-энелеринин жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн жоопкерчилиги;
6) медициналык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүнүн илимий негиздүүлүгү;
7) калктын, коомдук уюмдардын саламаттыкты сактоо маселелерин чечүүгө жигердүү катышуусунда калктын сергек жашоо образын жактоосун калыптандыруу менен саламаттык сактоонун алдын алуучу багытталуусу;
8) жарандардын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылбагандыгы үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
9) медициналык-санитардык жардам көрсөткөн адамдардын анын коопсуздугун жана сапатын камсыздабагандыгы үчүн жоопкерчилиги;
10) кан жана анын компоненттерин берүүнүн ыктыярдуулугу, ошондой эле донордук функцияларды аткаруу учурунда мамлекеттик кепилдиктерди, социалдык коргоону камсыздоо менен донордун ден соолугунун жана укуктарынын сакталышына кепилдиктер;
11) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарды ишке ашырууда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун артыкчылыгы;
12) мамлекеттик программалардын Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталуусу;
13) эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
6-берене. Саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясат
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган:
1) жарандардын саламаттыгын сактоо тутумун өнүктүрүүгө жана жакшыртууга;
2) калктын саламаттыгын сактоо маселелерин чечүүгө көп секторлуу мамилени камсыздоо, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук жана жергиликтүү коомдоштуктардын, саламаттык сактоонун жеке секторунун өнөктөштүгүн күчөтүүгө;
3) саламаттыкты сактоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоого;
4) максаттуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга, кабыл алууга жана каржылоого, алардын ишке ашырылышын контролдоого жана координациялоого, жарандардын ден соолугун коргоо стандарттарын иштеп чыгууга жана аткарууга;
5) медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө;
6) мамлекеттик программалардын алкагында юридикалык, социалдык, маалыматтык-методикалык колдоону камсыздоого;
7) саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрлөрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарына ак ниеттүү атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүгө;
8) саламаттык сактоодо Кыргыз Республикасында жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого багытталган маалыматтык технологияларды колдонууга;
9) мыйзамды иш жүзүндө ишке ашырууга жана натыйжаларды жана отчеттуулукту жакшыртуу максатында саламаттык сактоонун маалыматтык тутумдарын бардык маалыматтарды жыныстык айырмасы жана жаш курагы боюнча бөлүштүрүү менен пайдалануу аркылуу мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалуу тутумуна багытталууга, ошондой эле саламаттык боюнча саясатты, программаларды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн болгон маалыматтарды пайдаланууга;
10) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, саламаттыкты жакшыртуу үчүн заманбап методдорду жана технологияларды киргизүүгө;
11) үй-бүлө институтун ар тараптуу чыңдоого;
12) ооруларды алдын алууга, эрте аныктоого жана дарылоого, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, балдарда жана алардын ата-энелеринде сергек жашоо образына шыктанууну калыптандырууга;
13) энелердин өлүмүнө, перинаталдык өлүмгө купуя аудит жүргүзүүгө жана перинатологиядагы оор учурларды изилдөөгө;
14) балдардын социалдык статусуна карабастан алардын саламаттыгын коргоого, ошондой эле медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүүдө алардын кызыкчылыктарын укуктук коргоону, анын ичинде эмчек эмизүүгө жана адекваттуу тамактанууга болгон укугун талаптагыдай камсыздоого;
15) балдардын төрөлүүсү үчүн ата-энелерде бирдей жоопкерчиликти калыптандыруу аркылуу дени сак жана каалап күткөн баланын төрөлүшүнө эркектердин жана аялдардын аң-сезимдүү мамиле кылуусун калыптандырууга, эрте жана пландалбаган кош бойлуулуктарды алдын алууга;
16) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууда аялдардын жана эркектердин, анын ичинде жашы жете электердин мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыздаган шарттарды түзүүгө;
17) донордук кандын жана анын компоненттеринин коопсуздугун камсыздоого.
2-глава. Кыргыз Республикасынын комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо тутуму
7-берене. Саламаттык сактоо тутумунун бүтүндүгү
1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо секторлорунан турган, ооруларды алдын алуу, өз убагында табуу, дарылоо жана күчөп кетишинин өөрчүү тобокелдигин азайтуу үчүн жашоо циклинин бардык этаптарында алынуучу ден соолукту чыңдоодон тартып алдын алууга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардам көрсөтүүгө чейинки комплекстүү медициналык-санитардык кызматтарды көрсөтүү үчүн багытталган комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо системасы иштейт.
2. Мамлекеттик саламаттык сактоо сектору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынан, ведомстволук медициналык, медициналык-санитардык жана коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарынан турат.
3. Жеке менчик саламаттык сактоо сектору саламаттык сактоонун жеке менчик уюмдарынан, ошондой эле жеке медициналык практика жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жактардан турат.
8-берене. Министрлер Кабинетинин жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Министрлер Кабинетинин жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттык сактоо жаатындагы конституциялык укуктарын камсыздоо;
2) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды, ошондой эле саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү;
3) жарандардын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарын ишке ашырууга, анын ичинде алдын алууга, дарылоого жана калкты социалдык коргоого багытталган жарандардын саламаттыгын сактоо жана мамлекеттик саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, максаттуу программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу, каржылоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо;
4) саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу маселелерин бекитүү;
5) саламаттыкты сактоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызматтардын тизмесин бекитүү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда көрсөтүү;
6) калктын саламаттыгынын көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жетектөөнү жана координациялоону жүзөгө ашыруу жана саламаттык сактоо уюмдарын медициналык багыттагы жогорку технологиялык буюмдар менен камсыздоо;
7) жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо жана жетектөө;
8) өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрүн сактоого жана алардын саламаттыгын коргоого багытталган чараларды ишке ашыруу, алардын пайда болушуна жол бербөө, өзгөчө кырдаал чөлкөмүндөгү жагдай жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо;
9) ооруканадан тышкары, стационардык, реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү мекемелерди түзүү, ошондой эле боорукердик ишканаларын жана мекемелерин түзүүгө жана алардын иштөөсүнө көмөк көрсөтүү;
10) саламаттык сактоо уюмдарынын ишине маалыматтык-санариптик технологияларды жана дипломго чейинки жана андан кийинки медициналык билим берүү уюмдарына телемедициналык технологияларды (аралыктан окутуу) киргизүү;
11) калкка медициналык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
12) калктын, биринчи кезекте тобокелдик тобундагы адамдар арасында инфекциялык эмес ооруну алдын алуу боюнча чаралар тууралуу кабардар болушунун деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
13) инсулиндин жарым жылдык запасын түзүү үчүн каржылоону камсыздоо, кант диабети менен ооруган адамдарды кантты азайтуучу зарыл болгон препараттар менен акысыз камсыздоо жана өзүн-өзү контролдоо каражаттары менен жеңилдетилген шартта камсыз кылуу;
14) көрсөтмөлөр болгон учурда кант диабети менен ооруган адамдарды төмөнкүлөр менен жеңилдетилген түрдө камсыз кылуу: ортопедиялык бут кийим жана батектер, протездер жана жүрүү каражаттары менен камсыздоо; көздүн торчосуна лазердик фотокоагуляция жүргүзүү, кан тамырларга стент коюу (жүрөк жана бут артерияларынын стенозунда) ж.б.;
15) калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын түзүү жана чыңдоо;
16) жашоо чөйрөсүнүн абалы, аткарылуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч жаратышы жөнүндө толук жана анык маалыматтарды берүү;
17) оорунун терминалдык баскычындагы оорулууларды баңгизат жана ооруну басуучу препараттар менен акысыз камсыздоо.
9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү;
2) калктын билим деңгээлин жана сергек жашоо образын калыптандырууда жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын көмөктөшүүсү;
3) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) саламаттык сактоо уюмдарынын, медициналык жана фармацевттик өнөр жайдын аларга ишенип берилген аймактардагы материалдык-техникалык базасынын өнүгүшү жана иштеши үчүн шарттарды түзүү;
5) аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүн, калктын жыныстык, жаш курактык курамын эске алуу менен саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу;
6) калктын билим деңгээлин жана сергек жашоо образын түзүүдөгү жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын, коомдук уюмдарды тартуу;
7) бийик тоолуу жана алыскы айыл райондорунда иштеген муниципалдык жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана фармацевттик кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу жана аларды карап күтүү боюнча жеңилдиктерди берүү;
8) ишке жиберилген жаш адистерге турак жай аянттарын, жер үлүштөрүн жана башка мүлктү берүү;
9) канды, анын компоненттерин алуу үчүн зарыл болгон орун жайларды акысыз берүү жана шарттарды түзүү;
10) биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды утилдештирүүнү, жакындары издебеген өлүктөрдү көмүүнү камсыз кылуу;
11) саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруудагы ишин координациялоо;
12) жеке медициналык практика жана фармацевттик иш менен алектенүүчү жана өзүнүн ишин коммерциялык эмес негизде жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүдөй түрдө колдоо көрсөтүү:
а) алардын менчигинде турган мүлктү ижара келишиминин негизинде убактылуу ээлик кылууга же пайдаланууга берүү;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка түрлөрдө;
13) жарандардын репродуктивдик саламаттыгын чыңдоо жаатында мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишти координациялоо жана контролдоо;
14) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү аркылуу жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды камсыздоо;
15) мамлекеттик укуктарды ыйгаруу жөнүндөгү мыйзамда же келишимде каралган, жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого багытталган ар жылдык каржылоону камсыздоо;
16) донорлорго кошумча сыйлыктарды берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
17) инфекциялык эмес оорулары өтүшүп кеткен адамдарга ар кандай социалдык жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
18) кургак учук менен ооруп калган жана ооруп айыккан адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү;
19) эмчек эмизүүнү коргоону камсыздоо.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
2) Мамлекеттик кепилдиктердин программасын, саламаттык сактоонун комплекстүү максаттуу программаларын жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) медициналык, фармацевттик кадрларды мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну уюштуруу, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тандоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
4) саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу маселелерин иштеп чыгуу;
5) саламаттык сактоону, медициналык жана фармацевттик илимди өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү;
6) жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча тармактар аралык жана секторлор аралык координациялоону, ошондой эле коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
7) саламаттык сактоо тутумунун медициналык, билим берүүчүлүк, илим изилдөөчүлүк, санитардык-эпидемиологиялык жана башка уюмдарынын ишин жетектөө;
8) медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу жардамдын сапатын башкаруу, анын ичинде оорулардын алдын алуу жана дарылоо стандарттарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу;
9) менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан билим берүү уюмдарында дипломго чейинки жана дипломдон кийинки медициналык билим берүүнүн сапатын координациялоо;
10) дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун контролдоону камсыз кылуу;
11) саламаттык сактоо уюмдарындагы жогорку технологиялык медициналык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсү жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
12) облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар аркылуу менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдоону ишке ашыруу;
13) калктын саламаттыгынын абалын талдоо;
14) калктын ооруга чалдыгуусун азайтууга багытталган алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү;
15) ооруларга байланыштуу экспертизанын бардык түрлөрүн мамлекет тарабынан кепилденген көлөмдө жүргүзүү;
16) оорулууну текшерүүдө жана дарылоодо алынган ден соолугунун абалы, аныкталган дарты жана башка маалыматтары жөнүндө, эгерде бул анын кызыкчылыктарына туура келсе, айланасындагылардан сыр кылып сактоо;
17) диабетке каршы препараттардын мамлекеттик резервдик запасын (негизинен, инсулинди) аларды жеткирүү каражаттары менен жарым жылдык керектөө көлөмүндө түзүү, кант диабети менен ооругандарда глюкозанын деңгээлин аныктоо жана контролдоо үчүн реактивдерди сатып алуу;
18) Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен беренесиз негизде финансылык жактан камсыз кылуу;
19) Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерин минималдаштырууну камсыз кылуу.
20) программалар, окутуу моделдери жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү процесси боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу;
21) медициналык жана илимий кадрларды даярдоо боюнча система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун ишинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
2. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарынын саламаттыгынын абалы жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматтары Кыргыз Республикасында жарандарга адистештирилген медициналык-санитардык жардам берүүнү уюштурууну методикалык жетектөөнү камсыз кылат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
11-берене. Саламаттык сактоо уюмдары
1. Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн типтери, деңгээлдери жана түрлөрү боюнча классификацияланат.
2. Саламаттык сактоо уюмдарын тиби боюнча классификациялоо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына негизделген.
3. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүдөй түрлөргө ажыратылат:
1) Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик уюмдар;
2) башка мамлекеттик башкаруу органдары жана ведомстволор тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;
4) жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары.
4. Саламаттык сактоо уюмдарын деңгээли жана түрү (негизги жана кошумча) боюнча классификациялоо алардын ишинин багыттарына негизделген. Саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруучулук-укуктук формасы, деңгээлдери жана түрлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана уюмдаштыруу документтеринде чагылдырылат.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү уставдары (жоболору) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
6. Саламаттык сактоо уюмдары бири-бири менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик мамилелерди түзүшөт.
12-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары
1. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары менчик ээси тарабынан төмөнкүдөй уюштуруучулук-укуктук формаларда түзүлүшү мүмкүн:
1) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер;
2) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар.
2. Төмөнкүлөр мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын уюмдаштыруучулары (менчик ээлери) боло алат:
1) Министрлер Кабинети;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) башка мамлекеттик башкаруу органдары жана ведомстволор.
3. Төмөнкүлөр муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруучулары (менчик ээлери) боло апат:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
13-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары жана милдеттери
1. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
2) түзүлгөн келишимдерге ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутумунда өз убагында жана толук финансылык эсептешүү алууга;
3) медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын саламаттыгы, медициналык ишти жүзөгө ашырып жаткан башка уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун жыйынтыктары тууралуу керектүү маалыматтарды алууга;
4) жаранды текшерген же дарылаган башка уюмдардан маалыматтарды анын макулдугу менен сурап алууга;
5) убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, туулгандыгы, өлгөндүгү жөнүндө маалымкаттарды жана башка медициналык документтерди саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
6) адамга айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасири жөнүндө маалыматты алууга;
7) кесиптик медициналык коомдук уюмдарды түзүүгө же кирүүгө;
8) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардан жабыр тарткан адамдардын аныкталган саны жөнүндө керектүү анык маалыматты алууга;
9) заманбап медициналык илимдин жетишкендиктерин саламаттык сактоо практикасына киргизүүгө.
2. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишин өзүнүн уставына (жобосуна) ылайык жүргүзүүгө;
2) керектүү көлөмдөгү жеткиликтүү, өз убагындагы, квалификациялуу медициналык жардамды бөлүнгөн материалдык жана финансылык ресурстарга ылайык камсыздоого;
3) тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө;
4) адекваттуу абалдагы бейтапты медициналык жардам көрсөтүүнүн тиешелүү деңгээлине өз убагында кайра жөнөтүүгө жана жеткирүүнү камсыздоого;
5) экстремалдык шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын болгон жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даярдыкты камсыздоого;
6) айланадагылар үчүн коркунуч жараткан ооруларды алдын алуу, дартын аныктоо жана дарылоо боюнча атайын алдын алуучу медициналык иш-чараларды жүргүзүүгө;
7) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимди сактоого;
8) саламаттык сактоонун байланышкан кызматтары менен өз ара аракеттенүүгө жана алардын ортосундагы укук улантуучулукту камсыздоого;
9) сергек жашоо образын пропагандалоону жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
10) калкты флюрографиялык текшерүүнү тиешелүү мөөнөттөрдө жүргүзүүгө;
11) цитологиялык текшерүүнү жүргүзүүгө;
12) инфекциялык оорулар жана инфекциялык эмес оорулар боюнча тобокелдик тобундагы адамдарга динамикалуу байкоо жүргүзүүгө, ал эми оорулар аныкталган учурда аларды тиешелүү адистерге жеткире текшерүү үчүн жөнөтүүгө;
13) паллиативдик жардам көрсөтүүгө;
14) оорулар боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту туура жүргүзүүнү камсыздоого;
15) инфекциялык оорунун жана инфекциялык эмес оорунун эпидемиологиясына, ошондой эле калктын ооруга чалдыгуусун азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугуна системалуу талдоо жүргүзүүгө;
16) балдарды, өзгөчө отуз алты айга чейинки курактагы балдарды жалаң эмчек менен эмизүүнү коргоо жана пропагандалоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катышууга;
17) перинаталдык өлүмгө, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнө аудит жүргүзүүгө.
3. Психиатриялык/наркологиялык стационардын администрациясы жана медициналык персоналы бейтаптардын жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, анын ичинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлигинин органдарына, сотко, прокурорго, ошондой эле адвокатка бейтаптардын кат жазышуулары, даттанууларын жана арыздарын жөнөтүү үчүн шарттарды түзүүгө;
2) бейтап психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же анын көрсөтмөсү боюнча башка адамга кабарлоо боюнча чараларды көрүүгө;
3) бейтаптын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле анын көрсөтмөсү боюнча башка адамга анын ден соолугунун абалынын өзгөрүүлөрү жана аны менен болгон өзгөчө окуялар тууралуу маалымдоого;
4) стационардагы бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого, аманат жиберүүнүн жана сырттан берилгендердин ичин контролдоого;
5) мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган, бирок мындай өкүлү жок бейтаптарга карата мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын аткарууга;
6) динге ишенген бейтаптарга диний ырым-жырымдарды аткарууда психиатриялык стационардагы башка бейтаптардын кызыкчылыгы үчүн сакталууга тийиш болгон эрежелерди, динге ишенгендердин жана атеисттердин абийиринин эркиндигине болгон укуктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө дин кызматкерин чакыруу тартибин белгилөөгө жана түшүндүрүүгө;
7) ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
4. Психоневрологиялык мекеменин администрациясы социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн ошол мекемеде жашаган адамдарды алардын ал жерде андан ары кармалуусу, ошондой эле алардын аракетке жөндөмсүздүгү жөнүндө чечимди кайра кароо мүмкүндүгү тууралуу маселени чечүү максатында врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссия тарабынан бир жылда бирден кем эмес жолу күбөлөндүрүү жүргүзүүгө милдеттүү.
14-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын менчиги
1. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлкү, ошондой эле алардын иш процессинде сатып алынган мүлк мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп саналат.
2. Мамлекеттик, муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары уюмдаштыруучулардын (менчик ээлеринин) макулдугусуз бул мүлктү ижарага берүүгө, ээликтен ажыратууга же башкача жол менен башкарууга укуксуз.
15-берене. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо объекттерин менчиктештирүү
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо объекттерин - имараттарды, курулмаларды, башка мүлктөрдү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
16-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу
1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ.
2. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервинен дайындоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резерви түзүлөт.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аларды аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бир эле уюмдун жетекчилик кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана бөлүм башчысы жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштөөнү врачтык практика менен айкалыштыра албайт.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн талаптарды мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин же бөлүм башчысынын аткарбоосу аларды 10 жумуш күндүн ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.
6. Дайындалышы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка тартипте жүзөгө ашырылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын айрым түрлөрүнүн жетекчилерин дайындоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумунун мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервинин курамынын ичинен гана жүзөгө ашырылат.
7. Саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же болбосо тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык кызматтар түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттенишет.
(КР 2025-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо
1. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу төрагалары - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери же алардын орун басарлары жетектеген саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Медициналык жана фармацевттик билим берүү, медициналык жана фармацевттик илим
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди даярдоо ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрлардын пайдаланылышына жана алардын жылуусуна ар жылдык мониторинг жүргүзүүчү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик заказынын тартибинде жүзөгө ашырылат.
3. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү, илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашыруу система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мында билим берүү уюмдары саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү, илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууну милдеттүү мамлекеттик аккредитациялоодон өтүүнүн негизинде Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыра алышат.
4. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди даярдоонун сапатын башкаруу, контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик аккредитациялоонун натыйжаларынын негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орто, жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат ордуна Министрлер Кабинети белгилеген тартипте дайындалат жана бошотулат.
6. Ведомстволук медициналык илимий-изилдөө уюмдарын, жогорку медициналык жана фармацевттик билим берүү мекемелерин, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюмдарын жетектөө, саламаттык сактоо жаатындагы илимий-изилдөө иштерин координациялоо, саламаттык сактоо системасы үчүн жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү ишинин субъекттери жана аны жүзөгө ашыруу шарттары
1. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү иши медициналык жана фармацевттик билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жаатындагы илимий уюмдарда жана саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү программаларын ишке ашыруучу башка билим берүү уюмдарында мамлекеттик аккредитациядан өткөрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылуучу медициналык билим берүү программаларын;
2) фармацевттик адистиктер боюнча ишке ашырылуучу фармацевттик билим берүү программаларын;
3) коомдук саламаттык сактоо адистерин жана саламаттык сактоонун башка адистерин даярдоо программаларын.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы медициналык адистиктер боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруунун милдеттүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү уюмунун түзүмүндө симуляциялык иш-бөлмөнүн (борбордун) болушу;
2) врачтарды даярдоодо - жогорку жана (же) ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмунда интеграцияланган жана ЖОЖдон кийинки медициналык билим берүү (интернатура/ординатура, докторантура) программаларын ишке ашыруу;
3) окуучуларды клиникалык базаларда даярдоо мезгилинде квалификациялуу медицина кызматкерлеринин ичинен насаатчыларды тартуу;
4) жогорку жана (же) ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарында саламаттык сактоо жаатындагы илимий уюмдар жана саламаттык сактоо уюмдары менен келишимдердин негизинде иштөөчү интеграцияланган академиялык медициналык борборлорду түзүү.
4. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү уюмдарынын илимий-практикалык базалары болуп саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары, клиникалары саналат. Клиникалык базалар көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын саламаттык сактоо жаатындагы белгиленген талаптарга жана стандарттарга, ошондой эле клиникалык базаларга коюлуучу талаптарга шайкеш келүүсүн таануу максатында аккредитациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
Клиникалык база жөнүндөгү жобо жана аларга коюлуучу талаптар саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
5. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү ишинин сапатын камсыздоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү уюмдарынын бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү деңгээлдери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын, тип гүү окуу пландарын жана программаларын, саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү ишинин сапатын камсыздоого багытталган колдонмолорду жана сунуштамаларды иштеп чыгууга;
2) саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү ишинин субъекттеринин кызыкчылыктарын ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн консультациялык-кеңешме жана эксперттик органдарда, жумушчу топтордо коргоого.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
20-берене. Медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоо жана аккредитациялоо
1. Медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоо "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Медициналык иш менен алектенген жеке адамдарды жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды аккредитациялоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылат.
21-берене. Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш
1. Жеке медициналык практика жана фармацевттик иш Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык, мыйзамдуулук принциптеринин, медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруунун кепилдиктеринин; медициналык, алдын алуучу жана дарылык жардамдын этикалык ченемдерин жана коопсуздугун сактоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
Медициналык иштин айрым түрлөрү боюнча жеке медициналык практиканы жүргүзүү укугуна, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээ боло алат. Мында медициналык иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Жеке медициналык практиканы жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке жактар өз ишин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт.
3. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевггик иш менен алектенген жеке жактар Бирдиктүү төлөөчүнүн функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген орган менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга катыша алат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген, жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары медициналык ишти милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын иши уюмдун уюмдаштыруучунун (менчик ээсинин), уюмдун жана/же соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
5. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандар, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саламаттык сактоо жаатындагы башкаруу органдары менен келишимдердин негизинде медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
2) мамлекеттик кепилдиктер, медициналык камсыздандыруу программаларын, саламаттык сактоонун максаттуу программаларын ишке ашырууга катышууга;
3) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык маалыматтарды алууга.
6. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика менен алектенген жеке жактар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте медициналык документтерди, анын ичинде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүүгө, медициналык так отчеттуулук документтеринин бланктарын пайдаланууга укуктуу.
7. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бүтүндөй статистикалык эсепке алууну жүргүзүүгө жана аларды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө, саламаттык сактоо органдарына алар тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу жардам боюнча отчеттуулукту берүүгө, алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
8. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле жеке медициналык практика же фармацевттик иш менен алектенген жеке жактардын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жана кызматтары менен өз ара аракеттүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Жеке медициналык иштин субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын сапатын контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, бейтаптардын укуктарын коргоо боюнча уюмдар тарабынан алардын уставдык ишине ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Жеке медициналык же фармацевттик иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын ишин контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Салттуу (элдик) медицина
1. Салттуу (элдик) медицина менен алектенүү укугуна медициналык жогорку билими жөнүндө диплому болгон жана салттуу (элдик) медицина жаатында атайын даярдыктан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары ээ.
2. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адамдарды даярдоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Жалпы табыпчылык сеанстарын өткөрүүгө тыюу салынат.
4. Табыпчылыктын методдорун жана каражаттарын жарнамалоого, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарнамалоого тыюу салынат.
23-берене. Жарандык коом институттарын колдоо
Жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышууга;
2) саламаттык сактоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышууга;
3) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, аны каржылоого, ошондой эле калк арасында кандын жана анын компоненттеринин кайтарымсыз ыктыярдуу донорлугун пропагандалоого жана өнүктүрүүгө катышууга;
4) белгиленген азыктарды, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн жана жайылтуучулардын көңүлүн анын талаптарына шайкеш келбеген ишке бурууга.
24-берене. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар
1. Медицина жана фармацевтика кызматкерлери медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин укуктарын коргоо, медициналык жана фармацевтикалык ишти өнүктүрүү, илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү, медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик иши менен байланышкан башка маселелерди чечүү максатында кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
2. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана ишин жүзөгө ашырат жана саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин ыктыярдуу бирикмесине негизденген коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат.
3. Мамлекеттик бийлик органдары кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ишине ар тараптуу жардам көрсөтөт.
4. Кесиптик медициналык, фармацевттик жана башка коомдук уюмдар жарандардын ден соолугун коргоону жана чыңдоону камсыз кылууга, сергек жашоо образын пропагандалоого өздөрүнүн уставдарына, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык катышат.
25-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ассоциациялары (бирликтери)
1. Саламаттык сактоо уюмдары, кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар ишти координациялоо, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоо максатында өз ара түзүлгөн келишим боюнча коммерциялык эмес ассоциациялар (бирликтер) түрүндө бирикмелерди түзө алат.
2. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (бирликтерге) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча анын айрым ыйгарым укуктары өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Ассоциацияларды (бирликтерди) колдоо айрым коомдук пайдалуу программаларды мамлекеттик максаттуу каржылоо, саламаттык сактоо уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен мүчөлүк төгүмдөрү түрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түрлөрдө жүзөгө ашырылат.
3-глава. Кыргыз Республикасында жарандарга комплекстүү интеграцияланган медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу жардам көрсөтүүнү уюштуруу
26-берене. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы
1. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан ушул программага катышкан саламаттык сактоо органдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.
2. Мамлекеттик кепилдиктер программасы медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүнүн көлөмүн, түрлөрүн жана шарттарын, анын ичинде саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дары-дармектер менен жардам берүүнү аныктайт.
3. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каржылоонун көлөмү тиешелүү бюджеттерди бекитүүдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык белгиленет.
4. Мамлекеттик кепилдиктер программасына кирбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөр жарандардын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардамдардын төмөнкүдөй түрлөрү көрсөтүлөт:
1) врачка чейинки медициналык жардам;
2) алгачкы медициналык-санитардык жардам;
3) адистештирилген медициналык жардам;
4) медициналык-социалдык жардам;
5) медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо;
6) медициналык экспертиза;
7) паллиативдик жардам.
28-берене. Медициналык жардамдын түрлөрү
Медициналык жардам төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлөт:
1) өтө шашылыш - ден соолукка олуттуу зыяндын алдын алуу жана (же) өмүргө келтирилген коркунучту четтетүү үчүн кечиктирилгис медициналык кийлигишүүнү талап кылган капыстан курч кармаган ооруларда жана абалдарда, өнөкөт оорулар курчуганда көрсөтүлүүчү медициналык жардам;
2) кечиктирилгис - бейтаптын өмүрүнө ачык коркунуч келтирбеген капыстан кармаган курч ооруларда жана абалдарда, өнөкөт оорулар курчуганда көрсөтүлүүчү медициналык жардам;
3) пландуу - жардам көрсөтүүнү белгилүү бир убакытка жылдыруу бейтаптын абалынын начарлашына алып келбей турган, бейтаптын өмүрүнө коркунуч келтирүү менен коштолбогон ооруларда жана абалдарда, ошондой эле алдын алуучу иш-чараларды өткөрүүдө көрсөтүлүүчү медициналык жардам.
29-берене. Өтө шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам
Жарандарга өтө шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
1) жеринде болгон медициналык кызматкерлердин эсебинен ооруканага чейинки өтө шашылыш жардам кызматы тарабынан (врачка чейинки медициналык жардам, ошондой эле бейтапты жеткирүүгө жардам көрсөтүү жана стационарга бара жаткан жолдо медициналык жардам көрсөтүү (фельдшерлер же дарыгерлер бригадалары менен шашылыш медициналык жардам);
2) өтө шашылыш ооруканалык жардам көрсөтүү аркылуу райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги түзүлгөн жана жабдылган ар бир стационарда, өтө шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн тармактар аралык бөлүмдөрүндө (ӨМЖБ);
3) консилиумдар тарабынан, анын ичинде телемедицинанын жана башка маалыматтык технологиялардын жардамы аркылуу, санитардык авиация кызматы, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын куткаруу кызматы тарабынан өтө шашылыш консультативдик медициналык жардам көрсөтүү аркылуу.
30-берене. Врачка чейинки медициналык жардам
Врачка чейинки медициналык жардам орто медициналык кызматкерлер тарабынан өз алдынча же мультидисциплинардык команданын курамында көрсөтүлөт, ал өзүнө бейтаптын абалын баалоону, дартын врачка чейинки аныктоону, врачка чейинки кийлигишүүлөрдүн планьш дайындоону, врачка чейинки манипуляцияларды жана жол-жоболорду аткарууну жана жабыркагандарды, ооругандарды, майыптарды жана өлүм алдында турган адамдарды багууну камтыйт.
31-берене. Алгачкы медициналык-санитардык жардам
1. Алгачкы медициналык-санитардык жардам ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болгон медициналык тейлөөнүн негизги түрү болуп саналат.
2. Алгачкы медициналык-санитардык жардам төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кыйла кеңири тараган дарттарды аныктоону, дарылоону жана башкарууну, калктын максаттуу топторун алдын алуучу текшерүүлөрдү, тобокелдик факторлорун эрте аныктоону жана аныкталган факторлорду азайтуу көндүмдөрүнө үйрөтүүнү, иммундаштырууну, кош бойлууларга жана төрөгөн аялдарга төрөттөн кийинки мезгилде, балдардын өсүүсүндөгү кечигүүлөрдү жана бузулууларды эрте аныктоо үчүн ымыркайларга жана жаш балдарга байкоо жүргүзүүнү;
2) бүткүл жашоо цикли бою ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн, коомдоштуктун ден соолугун коргоону жана чыңдоону жана үй-бүлөлүк дарыгердин же жалпы практикадагы дарыгердин мультидисциплинардык команданын иши менен интеграцияланган жумушуна негизделген;
3) ооруканага чейинки өтө шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү (жардам көрсөтүү жана жеткирүү менен дарыгерге чейинки жана/же медициналык тез жардам);
4) менчигинин түрүнө карабастан ар кандай саламаттык сактоо кызматтарынын өз ара байланышын камсыздоону, бейтаптарды адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерге, медициналык-социалдык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча кызматтарга жөнөтүүнү.
3. Жеке жактар алгачкы медициналык-санитардык жардам алуу үчүн алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына бекитилет. Жеке жакты алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга бекитүү медициналык жардам алууга укугун ишке ашыруу жана саламаттык сактоо уюмдарынын акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында медициналык жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн негиз болуп саналат.
32-берене. Адистештирилген медициналык жардам
1. Адистештирилген медициналык жардам Кыргыз Республикасында жарандарга менчигинин түрүнө карабастан алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында жана диагноз коюунун, дарылоонун атайын методдорун, медициналык татаал технологияларды пайдаланууну талап кылган ооруларда адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлөт.
2. Адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү Мамлекеттик кепилдик программасында белгиленген жарандардын категориялары үчүн жана белгиленген ооруларда акысыз же жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Жогорку технологияларды пайдалануу менен медициналык жардам жарандарга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлөт.
4. Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бул максаттарга каралган каржылоонун көлөмүнө жараша жыл сайын аныкталат.
33-берене. Медициналык-социалдык жардам
1. Медициналык-социалдык жардам реабилитациялык, протездик-ортопедиялык жана тиш протездик жардамды, ошондой эле оорулууларды, эмгекке жөндөмсүздөрдү жана ДМЧАларды багуу боюнча социалдык мүнөздөгү чараларды камтыйт.
2. Медициналык-социалдык жардам мамлекеттик, муниципалдык жана жеке тутумдардын саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле калкты социалдык коргоо тутумунун мекемелеринде медициналык, социалдык кызматкерлер жана башка адистер тарабынан көрсөтүлөт.
34-берене. Медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо
Тубаса жана кабылдаган оорулардан жапа чеккен жарандарга, ошондой эле курч, өнөкөт оорулар жана жаракаттардын кесепеттеринин шарттарынан улам ден соолугу бузулган жарандарга саламаттык сактоо уюмдарында жана калкты социалдык коргоо мекемелеринде Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүлөт.
35-берене. Паллиативдик жардам
1. Паллиативдик жардам врачка чейинки паллиативдик медициналык жардамды, паллиативдик алгачкы врачтык медициналык жардамды жана паллиативдик адистештирилген медициналык жардамды камтыйт.
2. Паллиативдик медициналык жардам амбулатордук шарттарда, анын ичинде үйдө, күндүзгү стационардын шарттарында жана стационардык шарттарда көрсөтүлөт.
3. Паллиативдик медициналык жардам менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык-социалдык мекемелер тарабынан айыккыс ооруга чалдыккан жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында көрсөтүлөт жана ооруну, оорунун башка оор көрүнүштөрүн жеңилдетүүгө багытталган (медициналык жол-жоболор, психологиялык жардам, багуу, ошондой эле социалдык кызматтарды көрсөтүү).
4. Паллиативдик жардам көрсөтүүнүн жана оорунун терминалдык баскычындагы оорулууларды баңгизат жана ооруну басуучу препараттар менен акысыз камсыздоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Айыккыс ооруга чалдыккандарга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн каржылоонун булактары болуп бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары саналат.
36-берене. Санитардык-алдын алуучу жардам
1. Кыргыз Республикасында санитардык-алдын алуучу жардамга төмөнкүлөр кирет:
1) санитардык-гигиеналык көзөмөл;
2) эпидемиологиялык көзөмөл;
3) сергек жашоо образын калыптандыруу.
2. Санитардык-алдын алуучу жардам калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо максатында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, саламаттыкты чыңдоо кызматтары жана саламаттык сактоонун алгачкы медициналык-санитардык жардам берүүчү уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.
3. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жана коомдук саламаттыгы коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун, өзгөчө табигый-климаттык кубулуштардын адамга зыяндуу таасирин жоюуга же азайтууга, инфекциялык оорулардын жана массалык инфекциялык эмес оорулардын пайда болушуна жана жайылышына жол бербөөгө жана аларды жоюуга, жарандарды гигиеналык жактан окутууга жана тарбиялоого, калк арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана гигиеналык билимди жайылтууга багытталган иш-чаралардын комплекси менен камсыз кылынат.
37-берене. Санаториялык-курорттук дарылоо
1. Кыргыз Республикасынын жарандары жеке каражаттарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен санаторийлерде жана санаториялык-профилакторийлерде дарылоодон өтүүгө укуктуу.
2. Балдардын санаторийлеринде жана балалуу ата-энелер үчүн санаторийлерде балдарды дарылоо акысыз жүргүзүлөт. Санаториялык-курорттук дарылоо үчүн көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр, ошондой эле жарандарды санаториялык-курорттук дарылоого тандап алуунун жана жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
38-берене. Мектепке чейинки жана мектептеги саламаттык сактоо тутуму
1. Мектепке чейинки жана мектептеги медицинанын иши тарбиялануучулардын жана окуучулардын ден соолугун коргоого жана алардын саламаттыгынын абалын динамикалык көзөмөлдөөгө багытталган.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын саламаттыгын коргоо боюнча алдын алуу иш-чаралары коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларына медициналык жардамды уюштуруу тейлөө аймагында мектепке чейинки билим берүү уюмдары, баштапкы, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдары жайгашкан, алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
39-берене. Айылдык саламаттык сактоонун деңгээлинде медициналык жардамды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
1. Ден соолукту чыңдоо, алдын алуу, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр айыл калкы үчүн айылдык саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде жеткиликтүү болууга тийиш.
2. Алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардамдын айылдык саламаттык сактоонун деңгээлинде жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн калкка жакын болгон үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана фельдшердик-акушердик пункттар, медициналык тех жардам, көчмө медициналык комплекстер жана аралыктан медициналык кызматтарды көрсөтүү каражаттары колдонулат.
3. Айылдык саламаттык сактоо үчүн медициналык жардамдын көлөмдөрүн пландоодо географиялык алыстыгы, калктын жыштыгы, демографиялык көрсөткүчтөр, жыныс-курактык курамынын өзгөчөлүктөрү жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү башка критерийлер эске алынат.
4. Айыл калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
40-берене. Медициналык-санитардык жардамдын сапатын башкаруу
Медициналык-санитардык жардамдын сапатын калктын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган комплекстүү иш-чаралар катары башкаруу медициналык-санитардык жардамдын сапатынын стандарттарын белгилөөчү жана алардын сакталышын контролдоочу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
41-берене. Дене тарбия жана спорт менен алектенген жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
1. Дене тарбия жана спорт менен алектенген жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү саламаттык сактоонун тийиштүү кызматтары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдары жана уюмдары коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн колдонулуучу жайлардын, аймактардын жана жабдуулардын санитардык-техникалык абалын контролдоону ишке ашырат.
42-берене. Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскер кызматы каралган аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерине медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскер кызматы каралган аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерине медициналык санитардык жардам ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар тарабынан көрсөтүлөт. Алар кызмат өтөгөн жери же жашаган жери боюнча болбогондо же ведомстволук медициналык жана медициналык-санитардык саламаттык сактоо кызматтарында тийиштүү адистер же болбосо атайын жабдуулар болбогондо, белгиленген адамдарга медициналык-санитардык жардам түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте көрсөтүлөт.
43-берене. Эркиндиги чектелген адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
1. Соттун өкүмү чыгарылбастан мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларынан сырткаркы жазасын өтөп жаткан, убактылуу камоо изоляторлоруна, жаза-аткаруу тутумунун атайын мекемелерине жайгаштырылган адамдарга медициналык-санитардык жардамды түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте көрсөтөт.
2. Эркиндигинен ажыратуу жайларына жүргөн, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипке жана шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Терминалдык баскычтагы зилдеме жаңы шишиктерден жапа чеккен адамдар эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулат.
4. Мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген адамдарга психологиялык-психиатриялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар, же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети белгилөөчү тартипте жүзөгө ашырылат.
44-берене. Биомедициналык изилдөөлөр
1. Биомедициналык изилдөөлөр тирүү адамдарга жана жаныбарларга, тирүү жана өлгөн адамдын жана жаныбардын биологиялык үлгүлөрүнө, ошондой эле клиникалык-эпидемиологиялык маалыматтарды жана башка медициналык маалыматты пайдалануунун негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Биомедициналык изилдөөлөр фундаменталдык жана колдонмо биомедициналык изилдөөлөрдү камтыйт. Колдонмо биомедициналык изилдөөлөр медициналык-биологиялык изилдөөлөрдү, клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү, клиникалык изилдөөлөрдү жана коомдук саламаттык жаатындагы изилдөөлөрдү камтыйт.
2. Биомедициналык изилдөөлөр жана адамды клондоо максаттары үчүн адам эмбриондорун түзүүгө тыюу салынат.
3. Адамдын эмбриондорун же адамдын түйүлдүгүн биомедициналык изилдөө учурунда жана андан кийин бузулууга дуушар кылган биомедициналык изилдөөлөргө тыюу салынат.
4. Клиникалык изилдөөлөр медициналык-биологиялык изилдөөлөрдүн, клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн оң натыйжалары алынган шартта жүргүзүлөт.
5. Колдонмо биомедициналык изилдөөлөр төмөнкүдөй талаптар сакталган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) биомедициналык изилдөөлөр жаңы илимий маалыматтарды алууга жана аларды практикалык саламаттык сактоого жайылтууга багытталса;
2) изилдөө субъектисинин кызыкчылыктарын коргоо жана анын медициналык маалыматтарынын купуялуулугу камсыздалса;
3) изилдөө субъектисинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн изилдөөгө катышууга же анын биологиялык үлгүлөрүн жана медициналык маалыматын илимий максаттарда пайдаланууга макулдугу кагазда жазуу жүзүндө же жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө алынса;
4) дары каражаттарын, медициналык буюмдарды интервенциялык клиникалык изилдөөлөр ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен жүргүзүлсө.
6. Биомедициналык изилдөөлөрдү төмөнкүлөргө жүргүзүүгө тыюу салынат:
1) мыйзамдуу өкүлдөрү жок жашы жете электерге;
2) кош бойлуу аялдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда гана керектүү маалымат алынышы мүмкүн болгон жана кош бойлуу аялга жана түйүлдүккө зыян келтирүү тобокелчилиги толугу менен жокко чыгарылган учурда кош бойлуу аялдар үчүн багытталган медициналык технологияларга жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан учурларды кошпогондо, кош бойлуу аялдарга;
3) аскер кызматчыларына;
4) эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан адамдарга жана убактылуу камоо изоляторлорунда жана тергөө изоляторлорунда кармалып турган адамдарга;
5) психикасы бузулган (ооруган) оорулууларга психикалык бузулууларын (ооруларын) дарылоо үчүн багытталган медициналык технологияларды жана дары каражаттарын клиникалык изилдөөнү кошпогондо, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга.
7. Биомедициналык изилдөөгө катышууга жазуу жүзүндө макулдук алуу учурунда ыктыярчыга же бейтапка, жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлүнө, аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусуна төмөнкүдөй маалымат берилүүгө тийиш:
1) медициналык технология, дары каражаты, медициналык изилдөөнүн маңызы жана узактыгы жөнүндө;
2) медициналык технологиянын, дары каражатынын коопсуздук даражасы, тобокелдиктер жана күтүлүүчү натыйжалар жөнүндө;
3) медициналык технологияны, дары каражаттарын пайдаланууда ден соолуктун абалына күтүлбөгөн таасирлер берилген учурдагы иш-аракеттер жөнүндө;
4) ден соолукту камсыздандыруу шарттары жөнүндө.
Мында изилдөөлөр башталганга чейин ыктыярчы же бейтап, жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлү, аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусу изилдөөнүн кандай болбосун баскычында биомедициналык изилдөөлөрдөн баш тартуу мүмкүндүгү жөнүндө кабарландырылууга тийиш.
Жазуу жүзүндөгү макулдашуу үч жана андан ашык нускада түзүлөт: тараптардын ар бири үчүн бирден нускадан жана бир нускасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жазуу жүзүндөгү макулдашуулардын реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле аларды түзүү тартибин жана формасын аныктоого милдеттүү.
8. Биомедициналык изилдөөлөр төмөнкү учурларда кандай болбосун баскычта токтотулат:
1) изилдөөлөргө катышып жаткан жашы жете элек адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусунун, бейтаптын же ыктыярчынын талабы боюнча;
2) ыктыярчынын же бейтаптын, жашы жете элек адамдын, аракетке жөндөмсүз адамдын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралган учурда.
9. Биомедициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн милдеттүү шарттары болуп этикалык эксперттик органдын оң корутундусу, ал эми интервенциялык клиникалык изилдөөлөр үчүн изилдөөнүн катышуучусунун өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу жөнүндө документтерди тариздөө дагы саналат.
10. Клиникалык жана медициналык-биологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, диагноздоонун жана дарылоонун жаңы методдорун колдонуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
45-берене. Санариптик саламаттык сактоо
1. Санариптик саламаттык сактоо жаатындагы иш ченемдик укуктук жөнгө салууну, санариптик саламаттык сактоо стандарттарын иштеп чыгууну жана бекитүүнү, саламаттык сактоо тармагынын маалыматтык жана коммуникациялык инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, медициналык жеке маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну, сактоону, коргоону жана кагазсыз медицинага өтүүнү камтыйт.
2. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук деңгээлде сакталып турган медициналык жеке маалыматтарды иштеп чыгууну, сактоону жана коргоону жүзөгө ашырат.
3. Медициналык жеке маалыматтарды камтыган электрондук медициналык жазууларды түзүү үчүн медициналык жеке маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо медициналык жардам көрсөтүүнүн алкагында бейтаптын медициналык жардамды алууга маалымдалган макулдугун эске алуу менен ишке ашырылат.
4. Жеке адамдын макулдугу менен анын медициналык жеке маалыматтарына жетүү укугуна медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана медициналык жардам көрсөтүүгө чыгымдардын ордун финансылык толтурууга жооптуу уюм, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү жана жарандардын ден соолугун сактоону жана чыңдоону камсыз кылуучу стратегиялык программаларды ишке ашырууга жана иштеп чыгууга мониторинг жүргүзүүчү уюмдар ээ болот.
Көрсөтүлгөн уюмдар медициналык жеке маалыматтарга тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон бөлүгүндө гана жетүү укугуна ээ болот.
5. Саламаттык сактоо уюмдары маалыматтарды Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, көлөмдө жана эседе өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Санариптик саламаттык сактоо жаатында ишин жүзөгө ашырган же коомдук мамилелерге аралашкан жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар электрондук медициналык жазууларды ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык түзөт, сактайт, коргойт.
6. Жеке адамдардын медициналык жеке маалыматтарын камтыган электрондук маалыматтык ресурстардан алынган маалымат кызматтык милдеттерди аткаруунун алкагында гана пайдаланылат. Аналитикалык, статистикалык ишти, илимий жана башка изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн медициналык маалыматтар жаксыздандырылган түрдө колдонулат.
7. Бирдиктүү медициналык маалыматтык тутум жөнүндө жобо, анын ичинде анда камтылган маалыматка жетүүнүн тартиби, маалыматты бирдиктүү тутумга берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, бирдиктүү тутумду пайдалануу менен маалымат алмашуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
46-берене. Аралыктан медициналык кызмат көрсөтүүлөр
1. Аралыктан медициналык кызмат төмөнкүлөр үчүн көрсөтүлөт:
1) илимий борборлордун жетектөөчү адистери, жождордун клиникалык кафедраларынын кызматкерлери; улуттук жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынын адистери тарабынан консультациялык жардам көрсөтүү;
2) дарылоо-диагноздоо иш-чараларынын, бейтаптын ден соолугунун абалына медициналык байкоо жүргүзүүнүн натыйжалуулугун баалоо;
3) диагнозду тактоо, түзөтүү жана бейтапты дарылоонун кийинки тактикасын аныктоо жана дарылоо-диагноздоо иш-чараларын дайындоо;
4) аралыктан консилиумдарды уюштуруу.
2. Бейтаптын ден соолугунун абалы жана диагнозу жөнүндө аралыктан медициналык кызмат көрсөтүүчү дарыгерлердин корутундусу расмий документ болуп саналат жана оорулуунун медициналык картасына киргизилүүгө тийиш.
3. Аралыктан медициналык кызмат көрсөтүүлөр жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдар менен белгиленген талаптарды сактоо жана медициналык кызматкердин сырын коргоо менен ишке ашырылат.
4. Аралыктан медициналык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, көрсөтүүнүн жана акы төлөөнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
47-берене. Жыныстык таандыгын өзгөртүү, коррекциялоо
Жыныстык таандыгын өзгөртүү, коррекциялоо аракетке толук жөндөмдүү, 25 жаштан жогору курактагы бейтаптын каалоосу боюнча медициналык-биологиялык жана социалдык-психологиялык көрсөткүчтөргө ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте медициналык кийлигишүү жолу менен саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.
48-берене. Биологиялык материалды жана медициналык калдыктарды пайдалануу, сактоо жана утилдештирүү
Биологиялык материалды жана медициналык калдыктарды пайдалануу, сактоо жана утилдештирүү өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.
49-берене. Эвтаназияга тыюу салуу
1. Медициналык персоналга эвтаназияны жүзөгө ашырууга - оорулуунун өзүнүн өлүмүн кандайдыр бир иш-аракеттер же каражаттар менен, анын ичинде жашоосун кармап туруу боюнча жасалма чараларды токтотуу менен тездетүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандырууга тыюу салынат.
2. Оорулууну билип туруп эвтаназияга түрткөн жана (же) эвтаназияны жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
50-берене. Өлгөн учурду аныктоо. Жашоону кармап туруучу аппаратураны өчүрүү шарттары
1. Өлүмдү констатациялоо медициналык кызматкер (врач же фельдшер) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Адам өлгөн учурду аныктоонун, реанимациялык иш-чараларды токтотуунун критерийлери жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен белгиленет.
51-берене. Патологоанатомиялык союуларды жүргүзүү
1. Патологоанатомиялык союу врач тарабынан өлүмдүн себеби жана диагнозу жөнүндө маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Калган учурларда, зомбулук менен өлгөнүнө шек саналбаса жана өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы же болбосо өлгөн адамдын тирүү кезинде өзүнүн эрки боюнча билдирүүсү бар болгондо патологоанатомиялык союу жүргүзүлбөйт.
3. Өлүмдүн себеби жана диагнозу жөнүндө корутунду үй-бүлө мүчөлөрүнө, ал эми алар жок болсо - өлгөн адамдын жакын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле укук коргоо органдарына алардын талабы боюнча берилет.
52-берене. Анатомиялык донорлук
Анатомиялык донорлук - саламаттык сактоо уюмунун же жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмунун аракетке жөндөмдүү адамынын денесин (бөлүктөрүн, органдарын жана ткандарын) билим берүү процессинде жана илимий изилдөөлөрдө пайдалануу үчүн ыктыярдуу өткөрүп бериши. Жаран анатомиялык донорлук жөнүндө өз чечимин нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана чечимин жокко чыгарууга укуктуу. Анатомиялык донорлукту пайдалануу укугу анатомиялык донорлук жөнүндө керээз түзгөн жарандын биологиялык өлүмү аныкталгандан кийин пайда болот. Анатомиялык сүрөтүн аткаруу тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4-глава. Жарандардын саламаттык сактоо жаатындагы укуктары жана милдеттери
53-берене. Жарандардын саламаттык сактоого укуктары
1. Жарандар жынысына, расасына, жаш курагына, этностук таандыгына, тилине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына, дин тутуусуна, саясий же башка көз карашына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, жашаган жерине карабастан Кыргыз Республикасында саламаттык сактоого ажыратылгыс укуктарга ээ, алар төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
1) айланадагы жаратылыш чөйрөсүн коргоо, жарандардын эмгегинин, тиричилигинин, эс алуусунун, тарбия жана билим алуусунун жагымдуу шарттарын түзүү, коопсуз тамак-аш азыктарын жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана сатуу;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алуу, ошондой эле жеке медициналык практика менен алектенген адамдардан медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
3) жарандарга республиканын бүткүл аймагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;
4) өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо укугун берүү;
5) жарандарга үй-бүлөлүк врачты, жалпы практикадагы врачты эркин тандоо, ошондой эле стационарларда дарылоочу врачты тандоо мүмкүндүгүнө укук берүү;
6) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү көлөмдө жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегине киргизилген дары каражаттары менен камсыздоо;
7) медициналык көрсөткүчтөр боюнча тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
8) жыныстык-курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алдын алуучулук медицина, гигиена, сергек жашоо образын калыптандыруу маселелери боюнча маалымат берүү;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды берүү.
2. Кыргыз Республикасынын АИВ-инфекциясын жуктуруп алган жарандары башка жарандар менен тең укукта балдарды асырап алууга жана көмөкчү репродуктивдик методдорду жана технологияларды пайдаланууга укуктуу.
54-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын саламаттыгын сактоого укугу
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын саламаттыгын сактоо укугу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ал эми башка учурларда - алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
55-берене. Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын саламаттыгын сактоого укугу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга саламаттыкты сактоо укугу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кепилденет.
2. Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56-берене. Жарандардын маалымат алууга укугу
1. Жарандар медициналык жардам көрсөтүүдө гумандуу, сый мамилеге, басмырлоого жол берилбешине жана купуялуулукка жана медициналык сырдын сакталышына укуктуу.
2. Жарандар саламаттыгын сактоого өбөлгө түзүүчү же ага зыяндуу таасирин тийгизүүчү факторлор жөнүндө анык жана өз убагындагы маалыматты туруктуу алууга укуктуу.
3. Жарандар дарыгердин этикасына ылайык оорунун мүнөзү, диагноздоонун, дарылоонун колдонулуучу методдору тууралуу маалымат алууга укуктуу.
57-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктары
1. Ар бир адам саламаттыкты сактоонун ажырагыс бөлүгү катары сексуалдык жана репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча бардыгын камтыган жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу.
2. Жарандар үй-бүлөлүк абалына карабастан балдардын саны, алардын төрөлүү убактысы, төрөттөрдүн ортосундагы аралык боюнча, анын ичинде төрөлүүнү жөнгө салуунун заманбап методдорун колдонуу менен эркин, жооптуу чечим кабыл алууга жана контролдоого укуктуу.
3. Жарандар репродуктивдик саламаттыкты коргоо боюнча болгон коопсуз технологияларга, анын ичинде контрацепцияга, үй-бүлөнү пландоого, кош бойлуулукту токтотууга, ошондой эле тукумсуздукту, жыныстык жол менен жугуучу ооруларды, анын ичинде АИВди аныктоого жана дарылоого жеткиликтүү болууга укуктуу.
4. Жарандар жасалма уруктандыруу методдорун: инсеминацияны, имплантациялоону жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдаланууга укуктуу.
5. Жарандар медициналык көрсөткүчтөргө жана үй-бүлөлүк абалына карабастан карын энелик методду пайдалануу менен ата-эне болуу укугуна ээ.
6. Жарандар өздөрүнүн жыныс клеткаларын, репродуктивдик органдарынын ткандарын жана эмбриондорун криоконсервациялоого жана сактоого укуктуу. Сакталып турган жыныс клеткаларын адам өлүп калган учурда тукум улоо максатында пайдаланууга жубайы, атасы, энеси, балдары, бир туугандары укуктуу.
7. Соматикалык жана психикалык жактан дени сак, медициналык-генетикалык текшерүүдөн өткөн жашы жеткен жарандар жыныс клеткаларынын анонимдүү жана анонимдүү эмес донорлору боло алышат. Анонимдүү донорлордун өзүнүн жыныс клеткаларынын тагдыры жөнүндө маалыматты билүүгө укугу жок.
8. Аялдар үй-бүлөлүк абалына карабастан көз карандысыз репродуктивдик тандоого, анын ичинде коопсуз абортту тандоого укуктуу.
9. Нике курагына жеткен жарандар хирургиялык жол менен уруксуздандыруу методун ыктыярдуу колдонууга укуктуу.
58-берене. Жарандардын милдеттери
Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн ден соолугуна, балдарынын, жакын туугандарынын жана айланасындагы адамдардын саламаттыгына кылдат мамиле жасоого, жеке жана коомдук саламаттыкты сактоо жана чыңдоо үчүн бирдей жоопкерчилик тартууга;
2) жеке жана коомдук саламаттыкка тиешелүү болгон медицина кызматкерлеринин дайындоолорун аткарууга;
3) өз ден соолугун башкаруу процессине, анын ичинде өнөкөт оорулары болгон учурда аларды башкаруу программаларына катышууга, оору жана аны дарылоо методдору, мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана өтүшүп кетүүлөр жөнүндө маалымат алууга кызыкдар болууга;
4) саламаттык сактоо субъекттеринин талабы боюнча текшерүүдөн өтүүгө жана дарыланууга, медицина персоналына жана жакын туугандарына, жубайына аларда айланасындагылар үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу жана башка оорулар бар экендиги жөнүндө маалымат берүүгө;
5) алардын айланасындагы адамдардын жугуштуу ооруларды жуктуруп алуусунан сактоого, алар туруктуу жашап жаткан жайларда эпидемияга каршы жана санитардык-саламаттык чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого.
5-глава. Калктын айрым топторунун саламаттык сактоо жаатындагы укуктары
59-берене. Үй-бүлөнүн укугу
1. Үй-бүлө (анын ар бир мүчөсү) Мамлекеттик кепилдиктер программасында аныкталган көлөмдө жана шарттарда санитардык-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, жеткиликтүү медициналык-санитардык жардам көрсөтүү, медициналык реабилитациялоо аркылуу камсыз кылынуучу саламаттыкты сактоону коргоого укуктуу.
2. Үй-бүлө (анын ар бир мүчөсү) жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу үй-бүлөлүк дарыгерди тандоого укуктуу.
3. Саламаттык сактоо уюмунда дарылануунун бардык мезгилинин ичинде стационардык шарттарда беш жашка чыга элек балага медициналык жардам көрсөтүүдө, ап эми медициналык көрсөткүчтөр боюнча баланы багуу жана майыптыгы бар баланы багуу зарыл болгон учурда - баланын жаш курагына карабастан ата-энесинин бирине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө чогуу болуу укугу берилет.
4. Ата-энелер же үй-бүлөдөгү мыйзамдуу өкүлдөр дарыланууну жактоону сактоо, ошондой эле жашы жете электердин саламаттыгын сактоону коргоо жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу үчүн жоопкерчилик тартат.
60-берене. Кош бойлуу аялдардын жана энелердин укуктары
1. Ар бир аял кош бойлуулукка даярдануу мезгилинде, кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдарында зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен акысыз камсыз болууга укуктуу.
2. Кош бойлуу аялдар алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана ден соолугунун абалына жооп берген шарттарда иштөөгө, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки өргүүнү алууга укуктуу.
3. Аял кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийин, ошондой эле оорулуу балдарын баккан мезгилде эмгек жана мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан социалдык колдоо алынууга укуктуу.
4. Аялдар эмчек эмизүүнү колдоо, анын ичинде эмчек эмизүүнү коргоо жана жайылтуу укугуна ээ, анын ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) алты айга чейинки курактагы балдарга эмчек эмизүүнү жана балдарды эки жаш жана андан көп убакытка чейин эмчек эмизүүнү андан ары улантууну даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу (кенже курактагы балдарды тамактандыруу үчүн жумушчу күн ичинде кошумча тыныгуулар, толук эмес жумуш күнү, саламаттык сактоо уюмдарында кезексиз тейлөө, эне жана баланын бөлмөлөрү кызматтарын пайдалануу жана башка);
2) бала эмизген энелерге (ата-энелерге) квалификациялуу колдоо көрсөтүү, жалаң гана эмчек эмизүү жана кошумча тамактандыруу маселелери боюнча окутулган медициналык кызматкерлер тарабынан консультация берүү;
3) балага достук мамиледеги саламаттык сактоо уюмдары ишке ашырып жаткан эмчек эмизүү практикасын колдоо;
4) алты айга чейинки балдарга жалаң гана эмчек эмизүүнүн жана эмчек эмизүүнү туура кошумча тамактандыруу менен эки жашка чейин жана андан көп убакытка улантуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат берүү;
5) эмчектеги балдарды жана кенже курактагы балдарды аба, суу, темир жол, шаардык жүргүнчүлөр транспорту жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту менен акысыз ташуу.
5. Бала эмизген энелерге жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда эне жана бала үчүн атайын орун жайлар каралат. Мындай орун жайларды уюштурууга талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
61-берене. Балдардын жапа жашы жете электердин укугу
1. Ар бир бала жана жашы жете элек бала Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте алдын алуучу медициналык кароодон өтүүгө, эмделүүгө, динамикалык байкоо жүргүзүлүүгө, дарыланууга, дары-дармек менен камсыз кылынууга, ден соолугун чыңдоого жана уюштурулган эс алууга укуктуу.
2. Балдар жана жашы жете электер маалымат алууга жана билим алууга, алардын сексуалдык, репродуктивдик укуктарын жана саламаттыгын сактоого жана коргоого, үй-бүлөлүк жашоого даярданууга укуктуу.
3. Билим берүү уюмдары жана саламаттык сактоо уюмдары жашы жете электерге маалыматтын жана сексуалдык билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат. Окутуу жашы жете электердин жаш курагына жараша муктаждыктарын эске алуу менен саламаттык сактоо уюмдары менен биргеликте иштелип чыгып бекитилген программалар боюнча жүзөгө ашырылат, жана тиешелүү даярдыгы бар адистер тарабынан жүргүзүлөт.
4. Балдар жана жашы жете электер алардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен балдар жана өспүрүмдөр үчүн саламаттык сактоонун адистештирилген наркологиялык уюмдарынан (наркологиялык бөлүмдөрдөн, кабинеттерден, балдардын кризистик жана реабилитациялык борборлорунан жана башкалардан) акысыз наркологиялык жардам алууга укуктуу.
5. Балдарга жана өспүрүмдөргө карата наркологиялык күбөлөндүрүү, текшерүүнү жана наркологиялык экспертизаны жүргүзүү алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
62-берене. Улгайган жарандардын укуктары
Улгайган жарандар үйүндө, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде медициналык-санитардык жардам алууга, ошондой эле дары-дармек менен, анын ичинде Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген шартта камсыз болуу укуктарына ээ. Улгайган жарандарга, анын ичинде улгайган жалгыз бой жарандарга жана жалаң пенсионерлерден турган үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-санитардык жардам көрсөтүү аларда болгон ооруларын дарылоого жана багууга, ооруп калган жана өздөрүнүн негизги турмуштук керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмсүз болгон учурда алардын активдүү жашоо образын колдоого жана социалдык жактан коргоого багытталган.
63-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) укуктары
1. ДМЧА, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана бала кезинен майыптыгы бар адамдар медициналык-санитардык жардам алууга, реабилитациялоого, абилитациялоого, дары-дармектер, протездер, протездик-ортопедиялык буюмдар, жүрүүчү каражаттар, өпкөнү жасалма дем алдыруу үчүн чыгымдалуучу материалдар, стома (тешик) салынган (гастростома, трахеостома, калостома) адамдар үчүн чыгымдалуучу материалдар менен жеңилдетилген шарттарда камсыз болууга, ошондой эле кесиптик даярдыктан жана кайра даярдоодон өтүүгө укуктуу.
2. Эмгекке жарамсыз ДМЧАлар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга, үйүндө карап-күтүүгө, ал эми негизги жашоо-тиричиликтик керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмсүз болуп калган учурда - калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде багууга укуктуу.
3. ДМЧАга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана алар үчүн жеңилдиктердин тизмеги саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Инфекциялык эмес оору жана инфекциялык оору менен ооруган адамдардын укуктары
1. Инфекциялык эмес оору жана инфекциялык оору менен жабыркаган адамдар жарандардын жана бейтаптардын жалпы укуктарына кошумча төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо уюмдарында алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык байкоо жүргүзүүгө;
2) врачтын жетекчилиги астында медициналык мекемелерде же амбулатордук жардам түрүндө паллиативдик жардам алууга;
3) инфекциялык оору жана өтүшүп кеткен инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз адистештирилген, квалификациялуу медициналык-санитардык жардам алууга;
4) инфекциялык жана инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык лабораториялык-дарт аныктоо изилдөөлөрүнө акысыз жетүүгө;
5) инфекциялык оору жана өтүшүп кеткен инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегиндеги препараттарды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга;
6) кургак учук менен ооруган адамдар үчүн саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына дарыланууга жөнөтүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен акысыз барууга (барууга жана кайра келүүгө).
2. Мындан тышкары кант диабети менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) диабетти өзү контролдоого окутууга;
2) инсулин алуу зарыл болгон учурда ага жетүүгө;
3) окутуу процессинде инсулиндин инъекцияларын алуу жана тамакты өз учурунда ичүү үчүн керектүү убакыттын берилишине;
4) өзүн контролдоо жана диагноздоо каражаттары менен камсыз болууга.
3. Психикасы бузулган, ошондой эле психикалык активдүү затты колдонуудан улам пайда болгон бузулуулары бар бардык адамдар, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөндө жарандардын жана бейтаптардын жалпы укуктарына кошумча төмөнкүлөргө укуктуу:
1) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдар үчүн мыйзамдуулук, боорукердик, гумандуулук жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо принциптеринин негизинде өтө аз чектөө шарттарында, мүмкүн болушунча жашаган жери боюнча психиатриялык жана наркологиялык жардамга;
2) алардын талабы боюнча психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышып жаткан кандай болбосун адисти анын макулдугу менен врачтык комиссияда иштөө үчүн чакырууга;
3) психикасы жана жүрүм-туруму бузулуусуна байланыштуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда гана колдонулушуна. Психикасы бузулган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин психиатриялык аныкталган дартынын, психиатриялык же наркологиялык стационарда, социалдык стационардык мекемеде динамикалык байкоодо жүргөн фактылардын же атайы окутуунун негизинде эле чектөөгө жол берилбейт;
4) улуттук клиникалык колдонмолорго жана протоколдорго киргизилген психиатриялык, наркологиялык жардамдын методдорун жана түрлөрүн тандоого;
5) Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегиндеги препараттарды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга;
6) психиатриялык, наркологиялык текшерүү жол-жобосу, күбөлөндүрүү, дарылоо, психиатриялык, психологиялык-психиатриялык, наркологиялык экспертизалардын жол-жоболору жана алардын жыйынтыктары жөнүндө; дарылануу, тигил же бул экспертизадан өтүү үчүн аларды жөнөтүүнүн себептери жана укук ченемдүүлүгү жөнүндө анык маалыматты алууга;
7) медициналык күбөлөндүрүү жана наркологиялык экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо өзүнүн тандоосу боюнча мыйзамдуу өкүлүн чакырууга.
4. Психикасы бузулуудан жана психикалык-активдүү затты колдонуудан улам пайда болгон бузулуулардан стационардык дарыланып жаткан адамдарда анда жүргөн бүткүл убакыттын ичинде алардын туруктуу жашаган жери боюнча турак жайга болгон укугу сакталат.
5. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн жеңилдетилген шартта жылына бир жолу баруу укугуна ээ.
6. Кургак учук менен ооруган адамдар адистештирилген стационарларда дарыланууга укуктуу. Кургак учук менен биринчи жолу ооруп жаткан же кургак учук менен кайрадан ооруган адамдар убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алууга укуктуу, анын узактыгы эмгекке жарамсыз болгон убакыттан тартып 12 айга чейинки чекте медициналык, социалдык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча аныкталат. Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын белгиленген мөөнөттөн ашыкча узартуу же туруктуу эмгекке жарамсыздыкты белгилөө Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында кургак учуктан дарыланып жаткан балдарга мектепке чейинки, базалык жана баштапкы жалпы, негизги жалпы жана орто билим берүү программалары боюнча окутуу мүмкүндүгү саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталуучу тартипте жана көлөмдө берилет.
65-берене. Өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан жана экологиялык жактан жагымсыз райондордо жашаган жарандардын укуктары
Өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан, экологиялык жактан жагымсыз райондордо жашаган жарандар медициналык-санитардык жардам алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте алардын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтурууга укуктуу.
6-глава. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө бейтаптардын укуктары жана милдеттери
66-берене. Бейтаптын укуктары
1. Бейтап медициналык жардам үчүн кайрылганда жана аны алууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) текшерүү жана дарылоо үчүн зарыл болгон мезгилде стационарда болууга;
2) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте саламаттык сактоо уюмдарында жеңилдетилген медициналык, дары-дармектик, ортопедиялык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
3) медициналык жана тейлөөчү персонал тарабынан сый жана гумандуу мамилеге;
4) санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келген шарттарда текшерилүүгө, алдын-алууга, дарыланууга, медициналык реабилитациялоого жана багылууга;
5) консилиум жана башка адистердин консультацияларын өткөрүүгө;
6) анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жана Министрлер Кабинети белгилеген тартипте илимий жана медициналык эксперименттерге катышууга;
7) анын укуктарын коргоо үчүн ага адвокаттын же башка мыйзамдуу өкүлүнүн кирүүсү;
8) дин кызматчысын ага киргизүүгө, ал эми стационарда - диний ырым-жырымдарды жасоо үчүн шарттарды, анын ичинде, эгерде бул стационардын ички тартибин бузбаса, өзүнчө орун жай алууга уруксат берүүгө;
9) диагноздоо, дарылоо процессинде медициналык билим берүү уюмдарынын студенттеринин катышуусунан баш тартууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.
2. Бейтаптын укуктары бузулган учурда, ага медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан саламаттык сактоо уюмунун түздөн-түз жетекчисине же башка кызмат адамына, тийиштүү кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, прокуратурага же болбосо сотко даттануу менен кайрыла алат.
67-берене. Психиатриялык же наркологиялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктары жана милдеттери
1. Бейтапка аны психиатриялык стационарга жайгаштыруунун негиздери жана максаттары, анын укуктары жана стационардагы белгиленген эрежелер ал билген тилде түшүндүрүлүүгө тийиш, бул жөнүндө медициналык документтерге жазылат.
2. Бейтаптар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) гезиттерге жана журналдарга жазылууга;
2) эгерде бейтап 18 жашка толо элек болсо, жалпы билим берүүчү мектептин же интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн атайын мектептин программасы боюнча билим алууга;
3) эгерде бейтап өндүрүштүк жумушка катышса, башка жарандар менен бирдей эмгеги үчүн анын санына жана сапатына жараша сый акы алууга.
3. Бейтаптардын саламаттыгы же коопсуздугу үчүн дарылоочу дарыгердин, бөлүм башчысынын же башкы врачтын сунуштоосу боюнча, ошондой эле башка жактардын саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыгында бейтаптардын төмөнкү укуктары чектелиши мүмкүн:
1) кат алышууну цензурасыз жүргүзүүгө;
2) аманаттарды, бандеролдорду жана акча которууларды алууга жана жөнөтүүгө;
3) телефонду пайдаланууга;
4) келгендерди кабыл алууга;
5) биринчи кезекте зарыл болгон предметтерге ээ болууга жана сатып алууга, өз кийимин пайдаланууга.
68-берене. Бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматты алуу укугу
1. Ар бир бейтап өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматты, анын ичинде текшерилүүнүн жыйынтыктары, оорусунун бар экендиги, анын аныкталган дарты жана божомолу, дарылоо методдору, алар менен байланышкан тобокелдиктер, медициналык кийлигишүүнүн мүмкүн болуучу варианттары, алардын кесепеттери жана жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды өзүнө жеткиликтүү формада алууга укуктуу.
2. Бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат анын өзүнө, ал эми 16 жаш куракка чыга элек адамдарга жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган бейтаптарга карата алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө дарылоочу врач, саламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы же жүргүзүлгөн текшерүүгө жана дарылоого түздөн-түз катышкан башка адистер тарабынан берилет. Эгерде мындай бейтап рационалдуу чечимдерди кабыл ала тургандай абалда болсо, саламаттыгынын абалы жөнүндө маалымат жеке өзүнө берилет жана ал маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салууга укуктуу.
3. Ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат бейтапка анын эркине каршы берилиши мүмкүн эмес. Оорунун өөрчүшүнүн жагымсыз болжолу болгон учурда, эгерде бейтап үй-бүлө мүчөлөрүнө бул жөнүндө билдирүүгө тыюу салбаса жана (же) ушундай маалымат берилүүгө тийиш болгон адамды дайындабаса, медициналык-этикалык ченемдерди сактоо менен маалымат бейтапка жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө билдирилүүгө тийиш.
4. Бейтаптын медициналык документтеринде камтылган маалымат врачтык жашыруун сырды түзөт жана бейтаптын макулдугусуз ушул Мыйзамдын 168-беренесинде каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн.
5. Жаран өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда анын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө маалыматтарды берүү же болбосо аны дарыгер-психиатр тарабынан текшерүү талаптарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда гана жол берилет.
6. Бейтаптар медицина кызматкеринен төмөнкүлөр тууралуу анык маалыматтарды алууга укуктуу:
1) көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын түрлөрү жана тартиби жөнүндө;
2) саламаттык сактоо уюмун аккредитациялоо аттестатынын бар экендиги жөнүндө;
3) аны текшерүүгө жана дарылоого катышып жаткан медициналык персоналдын аты, фамилиясы, кызмат орду жана квалификациясы жөнүндө;
4) эмгек жана тамактануу режими, дене тарбия жана спорт менен машыгуу, анын оорусуна байланыштуу реабилитациялык иш-чаралар жөнүндө;
5) дары-дармек каражаттарын кабыл алуу тартиби, мүмкүн болуучу кошумча таасирлери жөнүндө.
69-берене. Медициналык кийлигишүүгө макулдук берүү
1. Медициналык кийлигишүүнүн зарыл болгон алдын ала шарты болуп Кыргыз Республикасынын жаранынын же мыйзамдуу өкүлүнүн маалымдалган, ыктыярдуу түрдөгү жазуу жүзүндөгү макулдугу саналат.
2. Жарандын абалы ага өз эркин билдирүүгө мүмкүндүк бербеген, ал эми медициналык кийлигишүү шашылыш көрсөткүчтөр боюнча зарыл болгон учурларда аны жарандын кызыкчылыгында жүргүзүү жөнүндө маселесин консилиум чечет, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүн болбогондо -саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына кийин кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) дарыгер чечет.
3. 16 жаш куракка чыга элек адамдарга жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандарга карата медициналык кийлигишүүгө макулдукту ушул Мыйзамдын 67-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтар аларга билдирилгенден кийин алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берет. Мыйзамдуу өкүлдөр жок болгон учурда медициналык кийлигишүү жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүн болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кийин кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) дарыгер кабыл алат.
4. Хирургиялык кийлигишүүдө, адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоодо, кан куюуда жана диагноз коюунун татаал инвазивдүү методдорун колдонууда жарандын жазуу жүзүндөгү макулдугу керек. Мында ал алдыда боло турган операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын ден соолугу үчүн мүмкүн болуучу татаалдыктар жөнүндө эскертилүүгө тийиш.
5. Врачтар медициналык кийлигишүүгө эчак киришкен жана аны токтотуу же андан баш тартуу ошол адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудургандыктан мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, макулдук чакыртып алынышы мүмкүн.
70-берене. Психикасы бузулган адамдын дарылоого макулдугу жана дарылоодон баш тартуусу
1. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамды дарылоо ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, анын жазуу жүзүндөгү маалымдалган макулдугу алынгандан кийин жүргүзүлөт.
2. Дарыгер психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамга ал үчүн жеткиликтүү формада жана анын психикалык абалын эске алуу менен психикасынын бузулуу мүнөзү, дарылоонун максаттары, методдору, анын ичинде альтернативдик ыкмалары жана сунуш кылынган дарылоонун узактыгы, ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдик, кошумча таасирлер жана күтүлүүчү натыйжалар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Берилген маалымат жөнүндө медициналык документтерге жазылат.
3. 18 жаш куракка чейинки жашы жете электи, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамды дарылоого макулдук ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтар аларга билдирилгенден кийин алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет.
4. Дарылоо психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамдын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган негиздер боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулганда, ошондой эле ушул Мыйзамдын 90-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча мажбурлап ооруканага жаткырууда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда, кечиктирилгис учурларды кошпогондо, дарылоо врач-психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча колдонулат.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата психикасынын жана жүрүм-турумунун бузулууларын дарылоо үчүн орду толгус кесепеттерге алып келүүчү хирургиялык жана башка методдорду колдонууга, ошондой эле медициналык каражаттарга жана методдорго сыноо жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Ушул Мыйзамдын 90-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, психикасы жана жүрүм-туруму бузулуудан жабыр тарткан адам же анын мыйзамдуу өкүлү сунуш кылынган дарылоодон баш тартууга же аны токтотууга укуктуу.
7. Дарылоодон баш тарткан адамга, же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө дарылоону токтотуунун мүмкүн болуучу кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш. Мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен дарылоодон баш тартуу дарылоодон баш тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана врач-психиатрдын колдору коюлган медициналык документтерге жазуу менен таризделет.
71-берене. Бейтаптын персоналдын иши жана саламаттык сактоо уюмунун иши жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу
1. Бейтап персоналдын иши жана саламаттык сактоо уюмунун ишин өркүндөтүү жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
2. Бейтаптардын сунуштары жана пикирлери саламаттык сактоо уюмунун администрациясы тарабынан талданат жана тийиштүү персоналдын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин баалоодо эске алынат.
72-берене. Бейтаптын багууга (кароого) укугу
1. Бейтап ооруп калган, жаракат алган же мертинген учурда, анын ичинде интенсивдүү терапия жана реанимация бөлүмүндө болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ата-энесинин, жакын туугандарынын болуусуна жана алардын же алар жалдаган адамдын багуусунда (кароосунда) болууга укуктуу.
2. Стационардык дарылоодогу бейтапты багуунун (кароонун) тартиби саламаттык сактоо уюмунун администрациясы тарабынан аныкталат.
73-берене. Бейтаптын милдеттери
Бейтап төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн ден соолугун сактоого жана чыңдоого чара көрүүгө;
2) медициналык кызматкерлерге жана медициналык жардам көрсөтүүгө катышкан башка адамдарга сый мамиле жасоого;
3) медициналык жардам көрсөтүп жаткан адамга өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде дары каражаттарын колдонууга карата каршы көрсөтмөлөр, мурда ооруган жана тукум куума оорулары жөнүндө маалымат берүүгө;
4) медициналык жазма буйруктарды аткарууга;
5) саламаттык сактоо уюумунун бейтаптар үчүн ички тартибинин эрежелерин сактоого жана саламаттык сактоо уюумунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого.
7-глава. Инфекциялык эмес ооруларда, сейрек (орфандык) ооруларда, репродуктивдик саламаттык, эне жана баланын ден соолугун коргоо, эмчек эмизүү чөйрөсүндө комплекстүү саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүү
74-берене. Инфекциялык эмес ооруларда , сейрек (орфандык) ооруларда, репродуктивдик саламаттык, эне жана баланын ден соолугун коргоо, эмчек эмизүү чөйрөсүндө медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги милдеттери жана принциптери
1. Инфекциялык эмес жана сейрек (орфандык) ооруларда медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) Инфекциялык эмес оорунун алдын алуунун жана контролдоонун артыкчылыгын жогорулатуу үчүн секторлор аралык кызматташуунун жана өнөктөштүктүн натыйжалуу тутумун түзүү;
2) алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында негизги инфекциялык эмес оорунун жана алардын тобокелдик факторлорунун жайылуусун изилдөө жана баалоо;
3) далилдүү медицинанын принциптерине ылайык келүүчү жеткиликтүү кийлигишүүлөрдү пайдалануу менен саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык эмес ооруда медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
4) калктын жашап жаткан географиялык шарттарына, транспорттук жактан жеткиликтүүлүгүнө жана кирешенин деңгээлине карабастан медициналык жардам алууга жеткиликтүүлүгүндөгү теңсиздикти төмөндөтүү;
5) билим берүү уюмдарынын окуу программаларына инфекциялык эмес оору боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүү;
6) саламаттык сактоонун психиатриялык/наркологиялык уюмдарында дарылануудан өтүп жаткан адамдарга карата купуялуулук жөнүндө маалымдоо;
7) психикасы бузулган же психикалык-активдүү затты колдонуудан улам ден соолугу бузулган адамдарга медициналык-санитардык жардамдын бардык түрлөрүнө жана дарылык камсыздоого жеткиликтүүлүктү Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдарында акысыз камсыздоо;
8) психикалык-активдүү затты колдонуудан улам ден соолугу бузулган адамдарга колдоочу терапия үчүн препараттарды сатып алуу.
2. Инфекциялык эмес ооруларда, сейрек (орфандык) ооруларда, ошондой эле репродуктивдик саламаттык жана эмчек эмизүү чөйрөсүндө медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги принциптерине төмөнкүлөр кирет:
1) саламаттык сактоонун алгачкы звеносунун алкагындагы алдын алуу чараларынын артыкчылыктуу мааниси жана жарандардын социалдык статусуна, алардын кирешелеринин деңгээлине жана жашаган жерине карабастан инфекциялык эмес ооруну алдын алуу жана контролдоо боюнча иш-чаралардын жеткиликтүүлүгү;
2) адамдын ден соолугун өмүр бою чыңдоо боюнча аракеттердин жана алдын алуучу кийлигишүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү, инфекциялык эмес оору менен ооруган адамдардын оорусунун алдын алуу, дарылоо жана социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү стандарттарды иштеп чыгууну, аткарууну жана сактоону мамлекеттик жана коомдук контролдоо;
3) коомдун жана бейтаптардын ролун күчөтүү, адамдын өз ден соолугу жана жакындарынын ден соолугу үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
4) секторлор аралык мамиле - инфекциялык эмес оорунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча социалдык адилеттүүлүктү чыңдоодо мамлекеттик түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын өздөрүнүн аракеттерин бириктирүү;
5) инфекциялык эмес оорулар менен ооруган адамдар үчүн социалдык адилеттүүлүк, теңдик, алдын алуунун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жеткиликтүүлүгү;
6) инфекциялык эмес оорулар менен ооруган адамдарды алдын алуу, дарылоо жаатындагы мамлекеттик кепилдиктерди камсыздоо үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
7) инфекциялык эмес ооруда, сексуалдык жана репродуктивдик укуктарды жүзөгө ашырууда медициналык жардам көрсөтүүнүн алкагындагы, ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдик саламаттыкты коргоону уюштуруунун бардык этаптарында мыйзамдуулук, боорукердик, гумандуулук, сый мамиле, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, маалыматтардын купуялуулугу;
8) мамлекеттик программалардын Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталышы.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
75-берене. Сейрек (орфандык) ооруларда медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
1. Сейрек (орфандык) оорулар алардын жыштыгы расмий аныкталган деңгээлден ашпаган адамдын өмүрүнүн күтүлүүчү узактыгынын кыскарышына же анын туруктуу майыптуулугуна алып келүүчү, прогрессивдүү оор өнөкөт ооруларын камтыйт.
2. Сейрек оорулардын катарына киргизүүнүн критерийлери жана тартиби, ошондой эле сейрек оорулардан жабыр тарткан жарандарды медициналык-санитардык, анын ичинде дарылар менен жардам берүүнү камсыздоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Сейрек оорулардын тизмеги жана аларды дарылоо үчүн дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
§ 1. Психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүү
76-берене. Мамлекет тарабынан кепилденген психиатриялык жана наркологиялык жардамдын жана социалдык коргоонун түрлөрү
1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:
1) кечиктирилгис психиатриялык жана наркологиялык жардам;
2) Министрлер Кабинети бекитилүүчү оорулардын тизмеги боюнча ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда консультациялык-диагноздоо, дарылоо, психикалык жактан алдын алуу, реабилитациялык жардам;
3) психиатриялык, медициналык-психологиялык жана наркологиялык экспертизанын бардык түрлөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздыкты аныктоо;
4) психикасы бузулган адамдарга социалдык-укуктук жардам берүү жана ишке орноштурууга көмөктөшүү;
5) камкордук маселелерин чечүү;
6) психиатриялык, наркологиялык уюмдарда жана социалдык стационардык мекемелерде укуктук маселелер боюнча консультациялар жана юридикалык жардамдын башка түрлөрү;
7) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана психикасы жана жүрүм-туруму бузулган улгайган жарандарды социалдык-тиричиликтик жайгаштыруу, ошондой эле аларды багуу;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана психикасы менен жүрүм-туруму бузулган жашы жете электерди окутуу;
9) табигый кырсыктарда жана кыйроолордо психиатриялык жана психологиялык жардам көрсөтүү.
2. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарды камсыз кылуу жана аларды социалдык жактан коргоо үчүн мамлекет:
1) ооруканадан тышкары жана стационардык психиатриялык, наркологиялык жана медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүчү уюмдардын бардык түрлөрүн мүмкүн болушунча бейтаптар жашаган жери боюнча түзөт;
2) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган жашы жете электерге жалпы билим берүүнү жана кесиптик окутууну уюштурат;
3) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эмгек терапиясы, жаңы кесиптерге окутуу жана бул ишканаларга жумушка орноштуруу үчүн дарылоо-өндүрүштүк ишканаларды, ошондой эле мындай адамдар үчүн эмгектин жеңилдетилген шарттары бар атайын өндүрүштөрдү, цехтерди же участокторду түзөт;
4) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарды жумушка орноштуруу үчүн ар кандай профилдеги ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумуш орундарынын милдетүү квоталарын белгилейт;
5) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга жумуш орундарын берүүчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн экономикалык дем берүү методдорун колдонот;
6) социалдык байланыштарын жоготкон, психикасы жана жүрүм-туруму бузулуудан жабыр тарткан адамдар үчүн жатаканаларды түзөт;
7) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн зарыл болгон башка чараларды көрөт.
77-берене. Психиатриялык/наркологиялык жардам көрсөтүүчү уюмдар, мекемелер жана адамдар
1. Психикалык-активдүү затты колдонуудан улам психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга алдын алуу, дарылоо, реабилитациялоо жана психологиялык социалдык жардам көрсөтүүчү субъекттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдары;
2) кылмыш-жаза-аткаруу тутумунун медициналык-санитардык кызматтары;
3) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар.
2. Психиатриялык, наркологиялык уюмдар жана стационардык социалдык мекемелер же жекече иштеген дарыгер-психиатрлар көрсөтүүчү психиатриялык/наркологиялык жардамдын түрлөрү уставдык документтерде же лицензияларда көрсөтүлөт; алар жөнүндө маалымат келүүчүлөргө жеткиликтүү болууга тийиш.
3. Психиатриялык жана наркологиялык жардам алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, курамында психиатр, психолог, патронаждык кызматкер жана медицина айымы бар мультидисциплинардык командалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ) тарабынан көрсөтүлөт.
78-берене. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан ишти аткаруудагы чектөөлөр
1. Жаран психикасы бузулуунун кесепетинен кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан иштерди аткарууга убактылуу (беш жылдан ашпаган мөөнөткө жана кийин кайра күбөлөндүрүү укугу менен) жөндөмсүз деп таанылышы мүмкүн. Мындай чечим врачтык комиссия, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан медициналык психиатриялык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмесине ылайык жарандын психикалык саламаттыгынын абалын баалоонун негизинде кабыл алынат. Врачтык комиссиянын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруу үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана топтолгон тажрыйбаны жана илимий жетишкендиктерди эске алуу менен, мезгил-мезгили менен (беш жылда бир жолудан кем эмес) кайра каралып турат.
79-берене. Психиатриялык жана наркологиялык жардамга кайрылуунун ыктыярдуулугу
1. Психиатриялык жана наркологиялык жардам ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адам өз ыктыяры менен кайрылганда, маалымдалган ыктыярдуу макулдугу болгондо көрсөтүлөт.
2. 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек адамга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга психиатриялык жардам алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен ушул Мыйзамда каралган тартипте көрсөтүлөт.
3. Ыктыярдуу дарылоо бейтаптын каалоосу боюнча текшерүүнүн же дарылоонун тигил же бул методдорун колдонууга анын маалымдалган макулдугу менен жашыруун негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Ыктыярдуу дарыланууда болгон убакыт бейтаптын эмгек стажын үзгүлтүккө учуратпайт.
5. Дарылоо иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бейтаптын каалоосу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилет.
80-берене. Психиатриялык жардам көрсөтүлүп жаткан жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоо
1. Жаран ага психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүлгөндө өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзүнүн тандоосу боюнча өкүлдү чакырууга укуктуу. Өкүлчүлүктү тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек адамга жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүүдө алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар), ал эми алар жок болгон учурларда - психиатриялык, наркологиялык стационардын же болбосо стационардык социалдык мекеменин же атайын окутуунун администрациясы жүзөгө ашырат.
3. Психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону адвокат жүзөгө ашырышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кечиктирилгис учурларды кошпогондо, психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүчү мекеменин администрациясы адвокатты чакыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
4. Жаран ага психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө, анын психикалык саламаттыгын күбөлөндүрүүдө жана медициналык күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү көз карандысыз психиатриялык, наркологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) психиатриялык стационарларда жаткан бейтаптардын укуктарын коргойт, алардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алат, аларды бул психиатриялык мекеменин администрациясы менен чечет же алардын мүнөзүнө жараша өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлик органдарына, прокуратурага же сот органдарына жөнөтөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2025-жылдын 28-октябрындагы N 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
81-берене. Психиатриялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктарын коргоо кызматы
1. Мамлекет тарабынан саламаттык сактоо органдарынан көз карандысыз болгон, психиатриялык стационарлардагы бейтаптарды коргоо кызматы түзүлөт.
2. Бул кызматтын өкүлдөрү психиатриялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктарын коргойт, алардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алат, аларды ошол психиатриялык мекеменин администрациясы менен чечет же алардын мүнөзүнө жараша өкүлчүлүк жана аткаруу бийлик органдарына, прокурорго же сотко жиберет.
82-берене. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга диагностика жүргүзүү, амбулатордук жардам көрсөтүү жана динамикалык байкоо жүргүзүү
1. Психиканын жана/же жүрүм-турумдун бузулуу диагнозу жалпы таанылган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык коюлат жана жарандын коомдо кабыл алынган моралдык, маданий, саясий же диний баалуулуктарга макул эместигине же болбосо анын психикалык саламаттыгынын абалы менен түздөн-түз байланышпаган башка себептерге гана негизделиши мүмкүн эмес.
2. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдын дартын аныктоо жүргүзүү жана дарылоо үчүн саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берилген медициналык каражаттар жана методдор колдонулат.
3. Психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамга амбулатордук психиатриялык жардам медициналык көрсөтмөлөргө жараша консультациялык-дарылоо жардамы же динамикалык байкоо жүргүзүү түрүндө көрсөтүлөт. Консультациялык-дарылоо жардамы врач-психиатр, нарколог тарабынан психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адам өз алдынча кайрылганда анын өтүнүчү же макулдугу боюнча, ал эми 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электерге карата- ата-энесинин же болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен көрсөтүлөт.
4. Динамикалык байкоо жүргүзүү катуу туруктуу же тез-тез күчөп турган ооруткан көрүнүштөрү бар өнөкөт жана узакка созулган психикалык жана/же жүрүм-турумдук бузулуулары болгон учурда психисы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугуна карабастан белгилениши мүмкүн жана врач-психиатрдын үзгүлтүксүз кароосу аркылуу адамдын психикалык саламаттыгынын абалына байкоо жүргүзүүнү жана ага зарыл болгон медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүнү болжолдойт.
5. Динамикалык байкоо жүргүзүүнү белгилөө зарылдыгы жөнүндө жана аны токтотуу жөнүндө маселени чечүү амбулатордук психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүчү психиатриялык, наркологиялык уюмдун администрациясы тарабынан дайындалуучу врач-психиатрлардын комиссиясы же саламаттык сактоо органы тарабынан дайындалуучу врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Мурда белгиленген динамикалык байкоо жүргүзүү адамдын психикалык абалы айыкканда же олуттуу жана туруктуу жакшырганда токтотулат. Динамикалык байкоо жүргүзүү токтотулгандан кийин амбулатордук психиатриялык, наркологиялык жардам адамдын өтүнүчү же макулдугу боюнча, же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен консультациялык-дарылоо түрүндө көрсөтүлөт. Психикалык абалы өзгөргөндө психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адам анын макулдугусуз же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө, 86 жана 89-беренелеринде каралган негиздер боюнча жана тартипте күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Динамикалык байкоо жүргүзүү мындай учурларда врач-психиатрлардын комиссиясынын, наркологдордун чечими боюнча кайрадан улантылышы мүмкүн.
6. Медициналык каражаттар жана методдор оорутуп бузулуу мүнөзүнө ылайык дартын аныктоо жана дарылоо максатында гана колдонулат жана психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамды жазалоо же башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн колдонулбашы керек.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары
1. Коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстеринде белгиленген негиздер боюнча жана тартипте колдонулат.
2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары психиатриялык мекемелерде жүзөгө ашырылат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылган адамдар ушул Мыйзамдын 67-беренесинде каралган укуктардан пайдаланат. Алар психиатриялык стационарда болгон бүт мезгилдин ичинде эмгекке жөндөмсүз деп таанылат жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулга же жалпы негиздеги пенсия алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
84-берене. Жарандын аскер кызматчысы катары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн психиатриялык текшерүү
Жарандын психикалык ден соолугу боюнча аскер кызматчысы катары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүүдө амбулатордук жана стационардык текшерүүнүн негиздери жана тартиби ушул Мыйзам жана аскердик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
85-берене. Психиатриялык жана наркологиялык медициналык күбөлөндүрүү
1. Психиатриялык күбөлөндүрүү текшерилип жаткан адамдын психикасы бузулуусу бар экендигин, ал психиатриялык жардамга муктаждыгын аныктоо, ошондой эле мындай жардамдын түрү жөнүндө маселени чечүү үчүн жүргүзүлөт.
2. Психиатриялык күбөлөндүрүү, ошондой эле алдын алуучулук кароолор текшерилүүчүнүн өтүнүчү же макулдугу боюнча; 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электерге карата - анын ата-энесинин же болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү же макулдугу боюнча; мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга карата - анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жүргүзүлөт. Ата-энесинин бири каршы болгон учурда же болбосо ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү жок болгон учурда жашы электи күбөлөндүрүү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ага административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга болот.
3. Психиатриялык күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн врач ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, текшерилип жаткан адамга жана анын мыйзамдуу өкүлүнө психиатр катары өзүн тааныштырууга милдеттүү.
4. Эгерде, болгон маалыматтарга ылайык, текшерилүүчү анын төмөнкүлөрдү шарттаган психикалык жактан оор бузулуусу бар экендигин болжолдоого негиз берген аракеттерди жасаган учурда, адамды психиатриялык күбөлөндүрүү анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) анын өзү же айланасындагылар үчүн түздөн-түз коркунучтуулугун;
2) анын алсыздыгын, башкача айтканда, негизги жашоо муктаждыктарын өз алдынча канааттандырууга жөндөмсүздүгүн;
3) эгерде адам психиатриялык жардамсыз калтырылса, психикалык абалынын начарлашынан улам анын ден соолугуна олуттуу зыян келишин.
5. Эгерде текшерилүүчү ушул Мыйзамдын 82-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча динамикалык байкоо алдында болсо, адамды психиатриялык күбөлөндүрүү анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Текшерилүүчүнүн психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө психиатриялык күбөлөндүрүүнүн маалыматтары жана корутунду медициналык документтерге жазылат, анда врач-психиатрга кайрылуунун себептери жана медициналык сунуштамалар да көрсөтүлөт.
7. Психикалык-активдүү затты кыянаттык менен пайдаланган адамдарды медициналык күбөлөндүрүү учурдагы мезгилге карата психикалык активдүү заттын интоксикация абалын аныктоо же жокко чыгаруу максатында амбулаториялык шарттарда жүзөгө ашырылат.
8. Психикалык активдүү затка көз карандылык дартын аныктоо максатында милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмегине ылайык адамдарды жумушка кабыл алууда жүргүзүлөт.
9. Эгерде укук коргоо органдарына жана айрым мамлекеттик органдарга жумушка жалдоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, жумуш берүүчүлөр кызматкерлерден психикалык-активдүү заттан көз карандылыгы бар экендиги жөнүндө расмий медициналык корутунду берүүнү талап кылууга укугу жок.
10. Психикалык-активдүү затты кыянаттык менен пайдаланган адамдарды мамлекеттик мекемелерде медициналык күбөлөндүрүүгө, медициналык текшерүүгө же дарылоого чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен, ал эми кошумча медициналык кызмат көрсөтүүлөр зарыл болгон учурда - медициналык текшерүү, медициналык күбөлөндүрүү же дарылоо жүргүзүлүп жаткан адамдын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Медициналык күбөлөндүрүүнү жана медициналык текшерүүнү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
86-берене. Адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык күбөлөндүрүү
Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган учурларда адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан өз алдынча же судьянын аныктамасы боюнча кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87-берене. Психиатриялык, наркологиялык стационарга алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жайгаштырылган жашы жете электерди жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды күбөлөндүрүү
1. Психиатриялык, наркологиялык стационарга алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жайгаштырылган 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам ушул Мыйзамдын 88-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте психиатриялык, наркологиялык мекеменин врач-психиатрларынын, наркологдорунун комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Алгачкы алты айдын ичинде бул адамдар ооруканага жаткырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн врач-психиатрлардын, наркологдордун комиссиясы тарабынан айына бирден кем эмес жолу күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ооруканага жаткыруу алты айдан ашык узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан күбөлөндүрүү алты айда бирден кем эмес жолу жүргүзүлөт.
2. Психиатриялык стационардын врач-психиатрларынын, наркологдорунун комиссиясы же администрациясы тарабынан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электи же болбосо белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамды ооруканага жаткырууда жол берилген кыянаттык кылуулар табылган учурда, психиатриялык стационардын администрациясы камкорчулукка алынгандын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө кабарлайт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
88-берене. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган адамдарды күбөлөндүрүү
1. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча психиатриялык стационарга жаткырылган адам ооруканага жаткыруунун негиздүүлүгү жөнүндө чечим кабып алуучу психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан 72 сааттын ичинде милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ооруканага жаткыруу негизсиз деп таанылган жана ооруканага жаткырылган адам психиатриялык стационарда калууну каалабаган учурда, ал дароо чыгарылууга тийиш.
2. Эгерде ооруканага жаткыруу негиздүү деп таанылса, анда врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу адамдын андан ары ошол жерде калуусу жөнүндө маселени чечүү үчүн 24 сааттын ичинде психиатриялык мекеме турган жердеги сотко жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
89-берене. Адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө арыз берүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби
1. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, адамды анын макулдугусуз же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан мындай күбөлөндүрүү үчүн ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө саналып өткөн негиздердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыган арыз боюнча кабыл алынат.
2. Арыз психиатриялык күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдын туугандары, кандай болбосун медициналык адистиктеги врач, кызмат адамдары жана башка жарандар тарабынан берилиши мүмкүн.
3. Алынган маалыматтар боюнча, адам өзүнө же айланасындагыларга түздөн-түз коркунуч жараткан кечиктирилгис учурларда арыз оозеки жүзүндө болушу мүмкүн. Психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан токтоосуз кабыл алынат жана медициналык документтерге жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулат.
4. Адам өзүнө же айланасындагыларга түздөн-түз коркунуч келтирбесе, психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө болууга, мындай күбөлөндүрүүнүн зарылдыгын негиздеген толук маалыматтарды жана адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн врач-психиатрга кайрылуудан баш тарткандыгына көрсөтмөнү камтууга тийиш. Врач-психиатр чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды суроого укуктуу. Эгерде арызда ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтар жок болсо, врач-психиатр психиатриялык күбөлөндүрүүдөн жазуу жүзүндө жүйөөлүү түрдө баш тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
90-берене. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулганда стационардык жардам көрсөтүү
1. Эгерде амбулатордук дарылоо адамдын ден соолугунун абалына байланыштуу толук натыйжалуу болбосо же психикасы бузулуудан улам адам өзүнө же башка адамдарга коркунучтуу болуп калса, стационардык психиатриялык, наркологиялык дарылоо колдонулат.
2. Психиатриялык, наркологиялык стационарга жаткыруу үчүн негиздер болуп адамдын психикасынын жана жүрүм-турумунун бузулуусунун болушу, врач-психиатрдын, наркологдун текшерүүнү же дарылоону стационардык шарттарда жүргүзүү жөнүндө чечими же болбосо судьянын токтому, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте психиатриялык, наркологиялык, психологиялык-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы саналат.
3. Ушул Мыйзамдын 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, адамды психиатриялык стационарга жаткыруу анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен - ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү же макулдугу боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылат.
4. 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек психиатриялык, наркологиялык стационарга анын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жаткырылат. Ата-энесинин бири каршы болгон учурда же ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү жок болгон жашы жете элек баланы психиатриялык, наркологиялык стационарга жаткыруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ага административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга болот.
5. Стационарга жаткырууга алынган макулдук адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана дарыгер-психиатрдын, наркологдун кол тамгаларын коюу менен медициналык документтерге жазуу түрүндө таризделет.
6. Психиатриялык, наркологиялык стационарда өз ыктыяры менен жаткан бейтапты чыгаруу анын жеке арызы, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы же дарылоочу врачтын чечими боюнча жүргүзүлөт.
7. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган бейтапты чыгаруу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу же мындай стационарга жаткырууну узартуудан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому боюнча жүргүзүлөт.
8. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган бейтапты чыгаруу соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.
9. Эгерде психиатриялык, наркологиялык уюмдун врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан ыктыярдуу эмес тартипте стационарга жаткыруу үчүн ушул Мыйзамдын 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер аныкталса, психиатриялык, наркологиялык стационарга өз ыктыяры менен жаткырылган бейтапты чыгаруудан баш тартылышы мүмкүн. Мындай учурда анын психиатриялык стационарда болуу, стационарга жаткырууну узартуу жана стационардан чыгаруу маселелери ушул Мыйзамдын 84-беренесинде, 91-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө жана ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген тартипте чечилет.
10. Стационардык психиатриялык, наркологиялык жардам стационарга жаткырылган адамдын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуучу эң аз чектөөчү шарттарда, анын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары медициналык персонал тарабынан сакталышы менен жүзөгө ашырылат.
11. Психиатриялык, наркологиялык стационарга ыктыярдуу эмес түрдө жаткырууда жана болууда физикалык чектөө жана обочолонтуу чаралары врач-психиатрдын пикири боюнча стационарга жаткырылган адамдын өзү же башка адамдар үчүн түздөн-түз коркунуч жараткан аракеттерин башка методдор менен болтурбай коюу мүмкүн болбогон учурларда, формаларда жана ошол мезгил ичинде гана колдонулат жана медицина персоналынын туруктуу контролдоосу менен жүзөгө ашырылат. Физикалык чектөө же обочолонтуу чараларын колдонуунун формалары жана убактысы жөнүндө медициналык документтерде жазуу жүргүзүлөт.
12. Ички иштер органдарынын кызматкерлери стационарга ыктыярдуу эмес түрдө жаткырууну жүзөгө ашырууда медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө жана стационарга жаткырылуучу адамга келүү жана аны кароо үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Стационарга жаткырылуучу адам же башка адамдар тарабынан айланасындагылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген аракеттерди болтурбоо зарыл болгон учурларда, ошондой эле стационарга жаткырылууга тийиш болгон адамды издөө жана кармоо зарыл болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштешет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
91-берене. Психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулганда бейтаптын макулдугусуз стационардык жардам көрсөтүү
1. Психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адам, эгерде аны текшерүү же дарылоо стационардык шарттарда гана мүмкүн болсо, ал эми психикасынын бузулушу оор болуп саналса жана төмөнкүлөрдү шарттаса, соттун чечимине чейин анын макулдугусуз же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык/наркологиялык стационарга жаткырылышы мүмкүн:
1) анын өзү же айланасындагылар үчүн түздөн-түз коркунучтуулугун;
2) анын алсыздыгын, башкача айтканда, негизги жашоо муктаждыктарын өз алдынча канааттандырууга жөндөмсүздүгүн;
3) эгерде адам психиатриялык жардамсыз калтырылса, психикалык абалынын начарлашынан улам анын ден соолугуна олуттуу зыян келтиришин.
2. Адамдын психиатриялык/наркологиялык стационарда ыктыярдуу эмес тартипте болушу стационарга жаткыруу жүргүзүлгөн негиздер сакталган убакыттын ичинде гана улантылат.
3. Психиатриялык/наркологиялык мекемеге ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган адам, стационарга жаткыруу жүргүзүлгөн негиздер сакталган учурда, стационарга жаткырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн биринчи алты айдын ичинде айына бирден кем эмес жолу психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Стационарга жаткырууну алты айдан ашык узартууда жана стационарга жаткыруу жүргүзүлгөн негиздер сакталганда врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан күбөлөндүрүү алты айда бирден кем эмес жолу жүргүзүлөт.
4. Адам психиатриялык/наркологиялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин врач-психиатрлардын комиссиясынын стационарда мындай жаткырууну узартуунун зарылдыгы жөнүндө корутундусу психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан психиатриялык уюм жайгашкан жердеги сотко жиберилет. Судья жарандык процесстик мыйзамдарда каралган тартипте стационарга жаткырууну узарта алат. Андан кийин психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган адамдын стационарда жаткырылышын узартуу жөнүндө чечим судья тарабынан жыл сайын кабыл алынат.
92-берене. Психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган бейтаптарга медициналык-социалдык жардам
1. Социалдык жактан камсыз кылуу үчүн социалдык стационардык мекемеге жайгаштырууга негиз болуп психикасы жана жүрүм-туруму бузулуудан жабыр тарткан адамдын жеке арызы, врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссиянын корутундусу, ал эми 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам үчүн - врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими саналат. Корутунду адамдын социалдык камсыздоо үчүн адистештирилген эмес мекемеде болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу психикасы жана жүрүм-туруму бузулуусу бар экендиги жөнүндө, ал эми аракетке жөндөмдүү адамга карата - аны аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө маселени соттун алдына коюу үчүн негиздердин жоктугу тууралуу маалыматтарды да камтууга тийиш.
2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү социалдык камсыздоо үчүн социалдык стационардык мекемеге жайгаштырылган жашы жете элек адамдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Психикасы бузулуудан жабыр тарткан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электи атайын окутуу үчүн социалдык стационардык мекемеге жайгаштырууга негиздер болуп анын ата-энесинин же болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жана психологдон, педагогдон жана врач-психиатрдан турган комиссиянын милдеттүү корутундусу саналат. Корутунду интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн атайын мектептин шартында жашы жете электи окутуунун зарылдыгы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
4. Адамды социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн социалдык стационардык мекемеден жалпы типтеги ушундай мекемеге которуу үчүн негиз болуп адистештирилген психоневрологиялык мекемеде жашоого же болбосо окууга медициналык көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө врач-психиатрдын катышуусундагы врачтык комиссиянын корутундусу саналат.
5. Социалдык стационардык мекемелерде медициналык-социалдык жардамдын көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн социалдык стационардык мекемеден чыгаруу төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) адам ден соолугунун абалы боюнча өз алдынча жашоого жөндөмдүү экендиги жөнүндө врач-психиатрдын катышуусундагы врачтык комиссиянын корутундусу болгон учурда, адамдын жеке арызы боюнча;
2) чыгарылып жаткан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамды карап багуу милдеттенмесин алган ата-энесинин, башка туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
93-берене. Психикалык-активдүү затты колдонуудан терс кесепеттердин алдын алуу
1. Психикалык-активдүү затты колдонуунун зыянын азайтуу программалары төмөнкү стратегияларды камтыйт: маалыматтык-билим берүү иш-чаралары, опиоиддердин агонисттери менен дарылоо, шприцтерди алмашуу, ашыкча дозаны алдын алуу, коштогон ооруларды дарылоо, реабилитациялоо жана социалдык багыт программалары.
2. Психикалык-активдүү затты колдонуудан келип чыккан бузулуулары бар адамдарга опиоиддердин агонисттери менен терапия жүргүзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык колдонмолорго жана протоколдорго ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Психикалык-активдүү затты колдонуудан келип чыккан кечиктирилгис абалдарда пайдаланылуучу дары препараттары Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жана саламаттык сактоону каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен акысыз камсыздалат.
94-берене. Психиатриялык жардам көрсөтүүнү контролдоо жана прокурордук көзөмөлдөө
1. Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жана адамдардын ишин контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырат.
2. Психиатриялык жана социалдык стационардык мекемелердин ишин контролдоону саламаттык сактоонун, социалдык камсыздоонун жана билим берүүнүн республикалык органдары, ошондой эле мындай мекемелери бар министрликтер жана административдик ведомстволор жүзөгө ашырат.
3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.
95-берене. Психиатриялык/наркологиялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук бирикмелердин контролу
1. Врач-психиатрлардын коомдук бирикмелери, башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына (жоболоруна) ылайык жарандардын өтүнүчү боюнча же алардын макулдугу менен аларга психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына контролду жүзөгө ашыра алат. Психиатриялык, наркологиялык жана социалдык стационардык мекемелерге баруу укугу бул бирикмелердин уставдарында (жоболорунда) чагылдырылууга жана карамагында психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер турган органдар менен макулдашылууга тийиш.
2. Коомдук бирикмелердин өкүлдөрү баруунун шарттарын психиатриялык же социалдык стационардык мекеменин администрациясы менен макулдашууга, анда колдонулган эрежелер менен таанышууга, аларды аткарууга жана врачтык жашыруун сырды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.
§ 2. Онкологиялык жардам көрсөтүү
96-берене. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардам көрсөтүү субъекттери
1. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардам көрсөтүү субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) менчигинин формасына карабай, саламаттык сактоонун онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген жана башка уюмдары;
2) оорунун акыркы стадиясындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн менчиктин бардык формасындагы медициналык-социалдык мекемелер. Мамлекеттик мекемелерди каржылоонун булактары болуп бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары саналат.
2. Министрлер Кабинети бекитүүчү уставга ылайык, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана илимий-методикалык иштерди уюштуруу боюнча саламаттык сактоонун башкы уюму болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору эсептелет.
97-берене. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
1. Зилдеме жаңы шишик оорусун азайтууга багытталган медициналык-санитардык иш-чаралар дартын аныктоо, дарылоо жана реабилитациялоо иш-чараларын өзүнө камтыйт.
2. Онкологиялык жардам менчигинин түрүнө карабастан алгачкы медициналык-санитардык жана консультациялык-дартын аныктоо жардамын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, шаардык/облустук стационарлардын консультациялык-дартын аныктоо бөлүмдөрү, ошондой эле республикалык деңгээлде онкологиялык жардам көрсөтүүчү уюмдар тарабынан көрсөтүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ден соолукка тобокелдик келтирүү менен байланышкан жумушка кирүүдө медициналык кароодон өткөрүү;
2) бекитилген калктын арасында онкологиялык сактык маселелери боюнча маалыматтык-билим берүү иштери, онкологиялык ооруларды эрте аныктоо үчүн алдын алуучулук (скринингдик) текшерүүлөр;
3) онкологиялык оорулардын өнүгүү тобокелдиги болгон адамдардын топторун түзүү жана зилдеме шишиктердин өөрчүшү менен күчөп кетиши мүмкүн болгон ооруларды өз убагында дарылоо.
Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында оорулууда зилдеме жаңы шишиктин дарты аныкталганда же ага шектелгенде оорулууга диагнозду верификациялоону жана стационардык дарыланууга жиберүүнү жүргүзүүчү врач-онколог тарабынан консультация берилиши керек. Ошондой эле, ал бейтапты кароо жана дарылоо тактикасын аныктоо менен онкологиялык оорулууларга динамикалык байкоо, амбулатордук шишикке каршы терапия да жүргүзөт.
3. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга стационардык жардам менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоонун адистештирилген онкологиялык уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы профилдеги бөлүмдөрүндө Министрлер Кабинети бекиткен тартипте көрсөтүлөт. Стационарларда зилдеме жаңы шишиктери бар бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам, анын ичинде жогорку технологиялык медициналык кызматтарды: хирургиялык дарылоону, шишикке каршы препараттар менен дарылоону, нур жана радионуклиддик терапияны, паллиативдик жардамды колдонуу менен көрсөтүлөт.
4. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан, менчигинин түрүнө карабай саламаттык сактоо уюмдарына пландык медициналык жардам сурап кайрылган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга текшерүү жана дарылоо акы төлөнүүчү негизде же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
5. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган адамдарга тез жана кечиктирилгис медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.
§ 3. Кант диабети менен ооруган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү
98-берене. Кант диабети менен ооруган адамдарды алдын алуу, дарылоо жана социалдык коргоо субъекттери
Кант диабети менен ооруган адамдарды алдын алуу, дарылоо жана социалдык жактан коргоо субъекттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) саламаттык сактоо уюмдары;
2) билим берүү уюмдары;
3) социалдык коргоо органдары;
4) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
6) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
7) аткаруу бийлигинин башка органдары.
99-берене. Кант диабетин алдын алуу
1. Кант диабетин алгачкы алдын алуу коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат. Экинчи жолку алдын алуунун объекттери болуп кант диабети менен ооруган бардык адамдар саналат.
2. Кант диабети менен ооруган бейтапты өз оорусун өзү контролдоонун негиздерине окутуу милдеттүү болуп саналат, бул үчүн айылдык ден соолук комитеттерин, демилгелүү топторду, коомдук бирикмелерди ишке тартуу менен медицина кызматкерлерин окутуу, бейтаптарды кант диабети менен күрөшүүдө өзүнө-өзү жардам көрсөтүү методдоруна окутуу үчүн мектептер түйүнүн уюштуруу жана кеңейтүү жүргүзүлөт.
3. Кант диабети менен ооруган адамдарды өзүн-өзү контролдоонун негиздерине окутуунун тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
4. Майыптыкка жана мөөнөтүнөн мурда өлүмгө алып келүүчү кант диабетинин оор өтүшүп кетүүсүн алдын алуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Буттарын ампутациялоо боюнча тобокелдик тобуна кирген кант диабети менен ооруган адамдарды ортопедиялык бут кийим жана батектер, ал эми буттары ампутацияланган адамдарды протездер жана кыймылдоо каражаттары менен камсыз кылуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
100-берене. Кант диабети менен ооруган адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
1. Кант диабети менен ооруган адамдарга медициналык-санитардык жардам саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле эндокринологиялык жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген борборлордо көрсөтүлөт.
2. Кант диабети менен ооруган адамдарга медициналык-санитардык жардамдын (анын ичинде жогорку технологиялык жардам), инсулинди куюу каражаттарынын, кантты төмөндөтүүчү башка препараттардын жана өзүн-өзү контролдоо каражаттарынын көлөмү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
101-берене. Кант диабети менен ооруган адамдарды каттоо
1. Кант диабети менен ооруган адамдарды каттоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кант диабети менен ооруган адамдар жөнүндө маалыматты автоматтык жол менен эсепке алууну жана каттоону камсыз кылуу, кант диабети менен ооруган, кант диабети өтүшүп кеткен, майыптуулуктун жана өлүмдүн, дарылоо-алдын алуу чараларынын натыйжалуулугунун фактылары жөнүндө системалуу жана так маалыматтарды алуу, кант диабети менен ооруган адамдардын диабетке каршы препараттарга, инсулин куюу каражаттарына, өзүн-өзү контролдоо жана кыймылдоо каражаттарына, протездерге, ортопедиялык бут кийимге жана батектерге болгон муктаждыгын аныктоо максатында түзүлөт.
2. Кант диабети менен ооруган адамдарды каттоо төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) учурдагы мезгилде кант диабети менен ооругандардын абалы жөнүндө маалыматтардын зарыл болгон банкын түзүүнү;
2) диабетке каршы кымбат баалуу препараттарды, аларды куюу, дартын аныктоо жана өзүн-өзү контролдоо каражаттарын сатып алууга анык өтүнмөлөрдү түзүүнү.
102-берене. Адамда кант диабети бар экендигин ырастоочу документ
1. Кант диабети менен ооруган адамга квалификациялуу адистештирилген, кечиктирилгис медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан "диабетиктин паспорту" деген документ же анын туруктуу жашаган жери боюнча оорусу жөнүндө маалыматтар бар идентификациялык код берилет.
2. Документтин формасы жана мазмуну саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
103-берене. Кант диабети менен ооруган жашы жете элек балдарды айыктыруу
Он сегиз жашка чейинки курактагы кант диабети менен ооруган жашы жете элек балдар ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүлөр менен акысыз камсыз кылынат:
1) Кыргыз Республикасынын балдар санаторийлеринде жана балалуу ата-энелер үчүн санаторийлерде санаториялык-курорттук дарылоо;
2) инсулинди куюунун заманбап ыкмаларын колдонуу аркылуу инсулин менен дарылоо;
3) өзүн-өзү контролдоо каражаттары.
§ 4. Калктын репродуктивдик саламаттыгы жана эне менен баланын ден соолугун коргоо маселелери
104-берене. Көмөкчү репродуктивдик методдор жана технологиялар
1. Жасалма жол менен уруктандыруу (экстракорпоралдык уруктандыруу, эмбрионду отургузуу, жасалма инсеминация) саламаттык сактоо уюмдарында жубайлардын же болбосо никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Мында оорулардын тукум куушунун жогорку ыктымалдуулугу аныкталган учурларды кошпогондо, болочоктогу баланын жынысын тандоого жол берилбейт. Медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда эмбриондордун санын азайтуу боюнча медициналык кийлигишүүнү аткарууну камтыган редукция жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Жарандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча карын энелик методду пайдалануу менен ата-эне болууга укуктуу. Карын энелик методду пайдалануу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана мүмкүн болот.
3. Келишим балалуу болууну каалаган адамдардын/адамдын жана түйүлдүктү көтөрүп жүрүү жана баланы төрөө максатында эмбрионду салууга макулдук берген аялдын (карын эненин) ортосунда түзүлөт. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө анын жубайынын макулдугу керек. Саламаттык сактоонун тийиштүү лицензияга ээ болгон уюму карын эне менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим түзөт, ал келишим боюнча карын эне кош бойлуу учурунда, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мөөнөттө анын саламаттыгын чыңдоо боюнча милдеттенмени өзүнө алат.
4. Жашы 20дан 35ке чейинки курактагы, өзүнүн бирден кем эмес дени сак баласы болгон, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн жана медициналык кийлигишүүгө маалымдалган жазуу жүзүндөгү ыктыярдуу макулдугун берген аял карын эне боло алат.
5. Карын эне кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө (12 жумага чейин) медициналык катталуудан өтүүгө, үзгүлтүксүз көрүнүп турууга жана врачтын сунуштамаларын так аткарууга, өзүнүн ден соолугунун абалына дайыма кам көрүүгө, келишимдин башка шарттарын сактоого милдеттүү.
6. Карын энеге эмбрионду имплантациялоого макулдук берген адам/адамдар келишимге ылайык кош бойлуу, төрөт мезгилинде жана төрөттөн кийинки мезгилде анын ден соолугун чыңдоого байланышкан материалдык чыгымдарды көтөрөт. Бул максатта банктык эсеп ачылат, ага карын эненин ден соолугун чыңдоо жана башка чыгымдар үчүн багытталган акча каражаттары салынат.
7. Боюна көтөрүп жүрүү максатында башка аялга эмбрионду имплантациялоого келишим түзгөн адам/адамдар бала төрөлгөн учурда жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энеси/ата-энесинин бири болуп жазылат.
8. Карын эне менен келишим түзгөн адам/адамдар баланы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине оз атына каттаган учурга чейин андан баш тартууга укугу жок.
9. Бала өлүү төрөлгөн учурда, же болбосо карын эне менен келишим түзгөн адам/адамдар баладан баш тарткан учурда, алар карын энеден ага медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө байланышкан кандайдыр бир материалдык чыгымдардын, ошондой эле, андай бар болсо, сыйакынын суммасынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуксуз.
10. Адамдын жыныс клеткалары, репродуктивдик органдарынын ткандары жана эмбриондору коммерциялык, аскердик жана өнөр жайлык максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.
11. Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануунун тартиби жана шарттары, аларды колдонууга карата каршы көрсөтмөлөр жана чектөөлөр, жыныс клеткаларынын донорлугу Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана медициналык иштин ушул түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында жана Интернет түйүнүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасында катталбаган жана иштин бул түрүнө лицензиясы болбогон саламаттык сактоо уюмдарынын жана башка уюмдардын жана жеке жактардын карын энеликти коштогон жарнамасына;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн карын эне катары жарандарды издөөгө.
105-берене. Контрацепцияны колдонуу
1. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу методдорун жекече тандоодогу медициналык-социалдык жардам ден соолуктун абалын, жаш куракты жана жеке өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кандай болбосун мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди эскертүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда жарандар каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу каражаттарын сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык жаатында колдонуудагы программалардын алкагында ала алышат.
106-берене. Кош бойлуулукту токтотуу методдору
1. Кош бойлуулукту токтотуу аялдын эркин репродуктивдик тандоосуна укуктарын ишке ашыруу болуп саналат, ал анын макулдугунун негизинде саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды көрсөтүү аркылуу камсыздалат.
2. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу операциясы (аборт) окуудан өткөн жана сертификатталган медициналык адис тарабынан аялга алдын ала консультация жана маалымат берүү менен коопсуз технологияларды колдонуу аркылуу төмөнкүдөй жайларда жүргүзүлөт:
1) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында 12 жумага чейин;
2) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 22 жумага чейин.
3. 16 жашка чыга элек адамдардын кош бойлуулугун жасалма түрдө токтотуу алардын макулдугу, алардын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт. Мыйзамдуу өкүлдөрү жок болгон учурда же бирдиктүү макулдашууга келишпесе, кош бойлуулукту жасалма түрдө токтотуу жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултуу мүмкүн болбосо - түздөн-түз дарылоочу (дежур) врач жашы жете элек адамдын мыкты кызыкчылыктарынын негизинде андан ары саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөргө билдирүү менен кабыл алат.
4. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
107-берене. Хирургиялык стерилдештирүү
1. Медициналык стерилдештирүү адамдын тукумду арбытып көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында медициналык кийлигишүү катары же контрацепция методу катары саламаттык сактоо уюмдарында ушул операциянын кайра артка ордуна келбестиги жөнүндө милдеттүү түрдө алдын ала билдирүү менен гана, жашы жеткен аракетке жөндөмдүү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт.
2. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жашы жеткен адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча, эгерде мындай адам өзүнүн абалы боюнча өз эркин билдирүүгө жөндөмсүз болсо, медициналык стерилдештирүү мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жашы жеткен адамдын катышуусунда кабыл алынган соттун чечими боюнча мүмкүн болот.
3. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары жана тартиби, ошондой эле стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
108-берене. Төрөткө чейинки кароо, аялды жана ымыркайды төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде жардам менен камсыз кылуу
1. Ар бир аял кош бойлуулукка даярдануу, кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин саламаттык сактоонун алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында жана стационарлардын акушердик бөлүмдөрүндө зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылынат.
2. Аял жашаган же катталган жери же боюнча алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарда көзөмөлдө болуп туруу үчүн кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин эсепке катталууда турушу керек, бул кош бойлуу жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн жана түйүлдүктүн саламаттыгы үчүн тобокелдиктерди кыйла азайтат.
3. Аял кош бойлуулук үчүн каршы көрсөтмөлөр болгон учурда кош бойлуулукту пландай алат, бирок мындай учурда ал эне үчүн да, ымыркай үчүн да кош бойлуулуктун жана төрөттүн өтүшүп кетүү тобокелдиктеринин бардыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
4. Кош бойлуулукта жана төрөттө өтүшүп кетүү аныкталган учурда далилдүү негизде клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу, кайра кароо, бекитүү жана так аткаруу, ошондой эле кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн ымыркайларды жана төрөгөн аялдарды тиешелүү стационарга өз учурунда жөнөтүү жана коопсуз жеткирүү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.
5. Эненин жана баланын өлүмүнүн себептерин аныктоо, талдоо үчүн купуя энелик жана перинаталдык аудит инструменти саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана саламаттык сактоонун бардык уюмдары үчүн сапатты жакшыртуунун милдеттүү инструменти болуп саналат.
6. Төрөткө ыкчам уруксат берүү учурларын кошпогондо, бала төрөлүп жаткан учурда аялдын макулдугу менен (өнөктөш төрөт), саламаттык сактоо уюмунда тиешелүү шарттар (жеке төрөт залдары) болгондо жана атасында же үй-бүлөнүн башка мүчөсүндө инфекциялык оорулар жок болгон учурда, баланын атасынын же үй-бүлөнүн башка мүчөсүнүн акысыз негизде катышуусуна жол берилет.
7. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) төрөткө чейинки кароо жана төрөт учурундагы жардам үчүн зарыл болгон медициналык персоналдын, жабдуулардын жана санитардык шарттардын болушу;
2) табигый төрөт жолдору аркылуу татаал эмес төрөттөн кийин кеминде 24 сааттын ичинде медициналык мекемеде жардам көрсөтүү жана тажрыйбалуу медициналык кызматкер тарабынан (үйдө же медициналык мекемеде) төрөттөн кийинки кароо;
3) кош бойлууда инфекциялык оорулар болгон учурда, инфекциянын энеден балага берилишине жол бербөө максатында бардык жеткиликтүү чараларды көрүү.
109-берене. Балдарга жана жашы жете электерге медициналык жардам көрсөтүү
1. Балдарга дене бойлук, руханий, моралдык жактан тарбия берүү жана сергек жашоо образын үйрөтүү жөнүндө кам көрүү ата-энелердин милдети болуп саналат, ал эми мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүлөр атайын медициналык жана балдардын реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу уюмдардын түйүнүн өнүктүрүүнү камсыз кылат жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.
2. Балдар жана жашы жете электер жигердүү мезгилдүү медициналык байкоо алдында болушат, аларга медициналык жардам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык мекемелер тарабынан алдын алуучу медициналык текшерүүлөр жана динамикалык байкоо жүргүзүү, дарылоо, дары-дармектер менен камсыздоо, ден соолугун чыңдоо жана эмдөө түрүндө көрсөтүлөт.
3. Эрте жаштагы балдар белгиленген тартипте балдар тамагы менен, анын ичинде акысыз камсыз кылынат, балдарга санаторийлерге акысыз жолдомолор берилет, ал эми бир жашка чейинки баланы эмизген эне медициналык уюмда баланы карап багуу боюнча жүргөн толук мезгилдин ичинде акысыз тамак менен камсыздалат.
4. Дене бойлук же психикалык жактан өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдар жана жашы жете электер мамлекеттин эсебинен наристелер үйлөрүндө, балдар үйлөрүндө жана башка адистештирилген балдар мекемелеринде багылат, ал эми балдарды жана өспүрүмдөрдү наристелер үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө жана окуу-тарбиялоо мекемелерине жөнөтүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5. Мектеп курагындагы балдар саламаттык сактоо уюмдарында узак убакыт болгон мезгилде (ден соолукту чыңдоо, реабилитация, санаториялык дарылоо) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте үзгүлтүксүз билим алышат. Балдарга медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары ойноо, эс алуу жана тарбиялоо иштери үчүн шарттарды түзүшөт.
§ 5. Эмчек эмизип багуу
110-берене. Белгиленген азыктарга карата талаптар
1. Белгиленген азыктар техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
2. Белгиленген кандай болбосун азык анын таңгагындагы же этикеткасындагы маалыматтар белгиленген азыктарга карата ушул Мыйзамдын талаптарына дал келген учурда гана жайылтылышы мүмкүн. Белгиленген азыктын ташып келинген ар бир партиясы шайкештикке бааланууга (ырасталууга) тийиш.
3. Белгиленген азыктардын этикеткаларындагы фотосүрөттөр, сүрөттөр же башка графикалык сүрөттөлүштөр, ошондой эле тексттер аларды даярдоонун ыкмалары менен таанышуу үчүн гана багытталган.
4. Бөтөлкөлөрдөн, бош упчулардан тышкары, белгиленген азыктардын таңгагы жана этикеткаларындагы маалымат төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) сөз жүзүндөгү жана оңой түшүндүрүлүүчү графикалык түрдө; талаптагыдай даярдоо жана пайдалануу боюнча нускаманын болушу;
2) белгиленген азыкты колдонуу сунушталган жаш куракты сандар менен көрсөтүү;
3) азыкты туура эмес колдонууда, даярдоодо же сактоодо, ошондой эле сунушталган жаш курагына чыкканга чейин берген учурда ден соолук үчүн коркунучу тууралуу эскертүү;
4) ингредиенттердин тизмеги жана азыктын баалуулугунун декларациясы тиешелүү техникалык регламенттерге ылайык же эл аралык стандарттарга ылайык;
5) климаттык шарттарды эске алуу менен, ачканга чейинки жана ачкандан кийинки сактоо шарттары;
6) партиянын номери, даярдалган датасы жана климаттык шарттарды жана сактоо шарттарын эске алуу менен азык ошого чейин колдонулууга тийиш болгон датасы;
7) өлкөнүн аталышы, даярдоочунун, таңгактоочунун, экспорттоочунун, импорттоочунун аталышы, жайгашкан жери (дареги).
5. Белгиленген азыктардын таңгагына жана этикеткаларындагы маалыматтарга карата башка талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
6. Эгерде белгиленген азыктын маркировкасы ден соолук же азык жөнүндө кандай болбосун билдирүүнү, же азыктын же анын компонентинин жана ден соолуктун ортосунда байланыш бар экенин ырастаган же болжолдогон кандай болбосун түшүнүктү, анын ичинде азыктандыруучу заттын организмдин өсүшүнө, өөрчүшүнө жана ченемдеги функциялары үчүн физиологиялык ролун камтыса, өндүрүүчү же таратуучу белгиленген азыкты сатууга сунуш кылбоого же сатпоого тийиш.
111-берене. Белгиленген азыктардын маркетингин чектөө
1. Белгиленген азыктарды өндүрүүчүлөргө жана таратуучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) белгиленген азыктарды, анын ичинде дүң жана чекене соода жайларында, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында илгерилетүүнү жүзөгө ашырууга;
2) репродуктивдик саламаттык, кош бойлуулук, төрөт, эмчек эмген жана эрте жаштагы балдарды тамактандыруу же жакын темалар менен байланышкан иш-чараларды, конкурстарды, жолугушууларды, семинарларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын, конференцияларды, кампанияларды же программаларды каржылоого жана демөөрчүлүк кылууга;
3) кош бойлуулар жана бала эмизген энелер үчүн арналган иш-чараларда кандай болбосун ыкмалар менен консультация берүүгө;
4) белгиленген азыкты пайдаланууга тиешеси бар саламаттык сактоо уюмдарына кызматтарды бекер көрсөтүүгө;
5) социалдык камсыздоо мекемелерин кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарына белгиленген азыктарды тартуулоого;
6) белгиленген азыктарды саламаттык сактоо уюмдарына жана социалдык камсыздоо мекемелерине чекене баага салыштырмалуу сексен пайыздан төмөн баада сатууга;
7) кош бойлуу . аялдарга, ымыркайлардын жана эрте жаштагы балдардын энелерине же алардын башка үй-бүлө мүчөлөрүнө белгиленген азыктардын үлгүлөрүн же ушул азыктарды колдонууга түрткү бериши мүмкүн болгон башка предметтерди берүүгө;
8) белгиленген азыктардын өндүрүүчүсүнүн аталышы же анын шарттуу белгиси, ошондой эле соода маркасынын аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн болгон материалдарды жана жабдууларды саламаттык сактоо уюмдарына белек же кайрымдуулук катары өткөрүп берүүгө;
9) эненин жана баланын саламаттыгы маселелери менен алектенген саламаттык сактоо кызматкери же саламаттык сактоо кызматкерлеринин ассоциациялары үчүн кандайдыр бир баалуулукту түзгөн кандай болбосун белектерди, кайрымдуулуктарды, демөөрчүлүктү, жөлөкпулду, финансылык же башка каражаттарды сунуштоого же берүүгө;
10) ата-энелер жана балдарга кам көрүүнү жүзөгө ашырып жаткан башка адамдар менен өз ара мамилелерди түз же кыйыр түрдө түзүүгө.
2. Эненин жана баланын саламаттыгынын маселелери менен алектенген саламаттык сактоо кызматкерлерине же саламаттык сактоо кызматкерлеринин ассоциацияларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өндүрүүчүдөн же дистрибьютордон, же анын атынан кандай болбосун адамдан кандайдыр бир белектерди, кайрымдуулуктарды, демөөрчүлүктү, пайданы -финансылык же кандай болбосун башка баалуулукту кабыл алууга;
2) белгиленген азыктын үлгүлөрүн кабыл алууга же кайсы болбосун адамга берүүгө;
3) белгиленген азыктарды таратууга, ошондой эле бул үчүн акчалай же кандайдыр бир башка түрдө сыйлык алууга;
4) белгиленген азыктардын колдонулушун көрсөтүүгө.
Белгиленген азыктарды балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө же башка үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүү белгиленген азыктар балдарга медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча сунушталган учурларда медициналык же социалдык кызматкерлер тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мындай учурларда балдардын тамак-аш аралашмаларын колдонуудагы тобокелдиктерге так түшүндүрмө берүү керек.
3. Белгиленген азыктарды саламаттык сактоо уюмдарына караштуу дарыканаларда сатууга же башкача жол менен берүүгө тыюу салынат.
4. Белгиленген азыктар саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде жасалма азык алууга мажбур болгон балдар үчүн гана берилет жана колдонулат.
112-берене. Эмчек эмизип багуу чөйрөсүндөгү маалымат жана агартуу
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кош бойлуу аялдар жана бала эмизген энелер үчүн тийиштүү маалыматтык жана окутуу курстарын өткөрүүнү камсыз кылат.
2. Ымыркайларды жана эрте жаштагы балдарды тамактандыруу боюнча жазуу, аудио же визуалдык түрдө берилген жана кош бойлуу аялдардын, ымыркайлардын жана эрте жаштагы балдардын энелеринин арасында таратуу үчүн багытталган маалыматтык жана билим берүү материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылууга тийиш жана:
1) анык жана актуалдуу маалыматты гана камтышы керек жана жасалма тамактандырууну же тамактандыруу үчүн бөтөлкөлөрдү пайдаланууну өбөлгөлөгөн, же эмчек эмизүүгө тоскоол болуучу эч кандай сүрөттөрдү же тексттерди пайдаланбоого тийиш;
2) көрсөтүлгөн азык эмчек сүтү же эмчек эмизип багуу менен бирдей, салыштырууга болот же андан артыкчылыктуу деген ой-пикирди же ишенимди жаратпоого тийиш;
3) кандайдыр бир белгиленген азыктын, ошондой эле белгиленген азыктын кандайдыр бир өндүрүүчүсүнүн же дистрибьюторунун фирмалык аталышын же логотибин камтыбоого, ошондой эле төмөнкүдөй пунктчалардын ар бирин так жана көрүнөө түшүндүрүүгө тийиш:
а) эмчек эмизип багуунун артыкчылыктарын жана алдыда экендигин;
б) 6 айдын ичинде эмчек эмизип гана багуунун, андан ары эки же андан көп жылдын ичинде эмчек эмизип багууну улантуунун баалуулугун;
в) эмчек эмизип гана багууну кантип баштоо жана колдоо керектигин;
г) эмчек эмизип багууга кайткан учурда келип чыгуучу кыйынчылыктарды;
д) алты айлык куракта кошумча тамакты киргизүүнүн маанилүүлүгүн;
ж) жасалма тамактандырууну киргизүүнүн же кошумча тамакты эрте киргизүүнүн эмчек эмизип багууга терс таасиринин себептери, ошондой эле кошумча тамакты үй шарттарында жергиликтүү азыктардан даярдоо мүмкүнчүлүгү;
4) жасалма тамактандыруу же тамак берүү үчүн бөтөлкөлөрдү пайдалануу жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө тийиш:
а) азыкты туура даярдоо, сактоо жана колдонуу, анын ичинде тамак берүү үчүн идишти тазалоо жана стерилизациялоо боюнча нускамаларды;
б) балдарды чөйчөктөн тамактандыруу боюнча түшүндүрмөлөрдү;
в) жасалма тамактандыруу учурунда, тамак берүүдө бөтөлкөлөрдү колдонууда жана азыкты туура эмес даярдоодо ден соолук үчүн тобокелдиктерди;
г) күкүм түрүндөгү аралашманын стерилбенбегендиги жана өндүрүү процессинде же даярдоо процессинде анын патогендик микроорганизмдер менен булгануу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү.
3. Медициналык билим берүү уюмдары өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан берилген белгиленген азыктар тууралуу илимий жана иш жүзүндөгү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан маалыматтардын сапаты баалангандан кийин билим берүү программаларында пайдалана алат.
113-берене. Өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткан адамдарга азык-түлүк жана балдарды жасалма тамактандыруу үчүн каражаттар менен жардам көрсөтүү
1. Өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткан адамдарга азык-түлүк жана балдарды жасалма тамактандыруу үчүн каражаттар менен жардам жарандык коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.
2. Гуманитардык жардам көрсөтүү жабыр тарткан калктын азык-түлүктөргө жана балдарды жасалма тамактандыруу үчүн каражаттарга болгон чыныгы муктаждыктарын канааттандырууга тийиш.
8-глава. Инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн саламаттык сактоонун комплекстүү кызматтарын көрсөтүү
114-берене. Инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн мамлекеттин кепилдиктери
1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) инфекциялык ооруларды дарылоо боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүгө;
2) Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык жардам көрсөтүүгө жана дары-дармек менен камсыздоого;
3) социалдык жана укуктук коргоого, ошондой эле оорунун мүнөзүнө байланыштуу басмырлоонун кандайдыр бир түрлөрүнө жол бербөөгө.
2. Кургак учук менен ооруп калган адамдарга мамлекет Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык кургак учукка каршы препараттарды акысыз берүүгө кепилдик берет.
115-берене. Инфекциялык оорудан жабыр тарткан адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
1. Инфекциялык оорулууларга (чоңдорго жана балдарга) медициналык жардам көрсөтүү клиникалык протоколдордун негизинде медициналык жардамдын түрлөрү жана формалары боюнча медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибине ылайык уюштурулат.
2. Медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби айрым оорулар же абалдар (оорулардын же абалдардын топтору) боюнча иштелип чыгат.
3. Клиникалык протоколдор медициналык кесиптик коммерциялык эмес уюмдар тарабынан айрым оорулар же абалдар (оорулардын же абалдардын топтору) боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасында каралган медициналык кызматтарды көрсөтүү менен иштелип чыгат.
4. Ар бир оору, абал (оорулардын, абалдардын топтору) боюнча чоңдор жана балдар үчүн тиешелүү түрдө бирден көп эмес клиникалык протокол жактырылышы жана бекитилиши мүмкүн, ал үч жылда бирден кем эмес жолу кайра каралат.
116-берене. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, байланышта болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү
1. АИВ-инфекциясын жуктурган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана ырасталбаган диагнозу бар АИВ-инфекциясын жуктурган энелерден төрөлгөн балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдарында динамикалык байкоого алынууга жана дары каражаттары менен акысыз жана жеңилдетилген шарттарда камсыз кылынууга тийиш.
2. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө жана эркиндиги чектелген, соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан жарандыгы жок адамдарга, кармалган, камакка алынган жана атайын мекемелерге жайгаштырылган адамдарга медициналык жардам ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында көрсөтүлөт.
117-берене. Кургак учук менен ооруган адамдарды милдеттүү түрдө обочолонтуу
1. Ооруну айланасындагыларга жуктуруу тобокелдигин жараткан жана дарылануудан баш тарткан, кургак учук менен ооруган адам милдеттүү түрдө, анын ичинде соттун чечими боюнча мажбурлоо менен обочолонтулууга тийиш.
2. Дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9-глава. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу, адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо
§ 1. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу
118-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу
1. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу болуп донордук функцияны жүзөгө ашыруу жолу менен жарандардын саламаттыгын сактоого донорлордун ыктыярдуу катышуусу саналат.
2. Донордук функцияны жүзөгө ашыруу үчүн донорлорду тартуу акысыз же акы толөө негизинде жүргүзүлөт. Донорлорду акы төлөөнүн негизинде тартуу донордук функцияны акысыз негизде аткаруучу донорлор болбогон учурда жүзөгө ашырылат.
119-берене. Мамлекет тарабынан донордун укуктарын камсыздоо кепилдиктери
1. Мамлекет донорго анын укуктарын коргоого, донордук функциясын аткарып жаткан учурда өмүрүн жана ден соолугун сактоого кепилдик берет, ошондой эле ага социалдык кепилдиктерди берет.
2. Кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары донорго кан жана анын компоненттерин алуунун шарттары жана тартиби, канды жана анын компоненттерин берген учурда анын ден соолугунун сакталышына кепилдиктер тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.
3. Кан жана анын компоненттерин берүүнүн алдында донорду медициналык жактан текшерүү жана анын ден соолугунун абалы тууралуу маалымкат берүү акысыз жүргүзүлөт.
4. Донордук функцияны аткарган учурда өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын, анын ичинде дарылоого, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө, социалдык-эмгектик жана кесиптик реабилитациялоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Донордук функцияларын аткарууга байланыштуу алган донордун майыптуулугу жумуш учурунда алган залалдын кесепетинен пайда болгон майыптуулукка теңештирилет.
120-берене. Донордун укуктары жана милдеттери, социалдык кепилдиктери
1. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, тийиштүү медициналык текшерүүдөн өткөн жана кан тапшырууга каршы көрсөтмөлөрү жок, медициналык максаттарда кан жана анын компоненттерин берүүгө ыктыярдуу ниетин билдирген он сегиз жаштан алтымыш жашка чейинки курактагы дене бой жактан аракетке жөндөмдүү адам, анын ичинде чет өлкөлүк жарандыгы бар адам же жарандыгы жок адам донор болууга укуктуу.
2. Донор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кан жана анын компоненттерин акысыз берүүгө;
2) кан жана анын компоненттерин акы алып, берүүгө;
3) медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга.
3. Донор мурдагы оорулары жана азыркы оорулары, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонгондугу тууралуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.
4. Канын жана анын компоненттерин пайдаланууга тоскоолдук кылган өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды билип туруп жашырган же бурмалаган адам укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
5. Кан жана (же) анын компоненттерин берүүдө (акысыз жана акы төлөө түрүндө берүү учурунда) донорго Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө тамактанууга акчалай компенсация берилет.
6. Донорго компенсацияны кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары төлөп берет.
7. Донор болуп эсептелген кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан жана анын компоненттерин берген күнү менчигинин түрүнө карабастан ишканадагы, мекемедеги, уюмдагы жумуштан анын орточо эмгек акысын сактоо менен бошотулат. Донор болуп саналган аскер кызматчысы медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан жана анын компоненттерин берген күнү наряддан, вахтадан жана кызматтын башка түрлөрүнөн бошотулат. Донор болуп эсептелген студенттер, окуучулар медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан жана анын компоненттерин берген күнү окуу-тарбия процессинен бошотулат.
8. Эгерде жумуш берүүчү менен макулдашуу боюнча донор болуп эсептелген кызматкер кан тапшырган күнү жумушка чыкса, ага анын каалоосу боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен башка эс алуу күнү берилет. Донор ар жылдык өргүү мезгилинде, дем алыш же жумуш эмес майрам күнү кан берген учурда, анын каалоосу боюнча башка эс алуу күнү берилет.
9. Кан берген ар бир күндөн кийин жана кандын компоненттерин ырааты менен сегизинчи жолу бергенден кийин донорго анын орточо айлык акысын сактоо менен кошумча дем алыш күн берилет. Белгиленген дем алыш күн донордун каалоосу боюнча ар жылдык өргүүсүнө кошулушу же кан жана анын компоненттерин берген күндөн кийинки календардык жылдын ичинде башка убакта пайдаланылышы мүмкүн. Донор болуп эсептелген аскер кызматчысына кан же анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча дем алыш күнү берилет. Донор кан берген күнү донор донордук кан даярдоо менен алектенген саламаттык сактоо уюмунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен бекер тамак менен камсыз кылынат.
10. Канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз берип келген донорлорго (эркектер - жылына төрттөн кем эмес жолу, аялдар - жылына үчтөн кем эмес жолу) канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки айдын ичинде эмгек стажына карабастан, оорулардын бардык түрлөрүндө убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча эмгек акысынын жүз пайыз өлчөмүндө жөлөкпул берилет.
11. Канды отуз жана андан көп жолу акысыз тапшырууну жүзөгө ашырган, канды кырк беш жана андан көп жолу акысын алуу менен берген, плазманы алтымыш жана андан көп жолу берген, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген донорлор "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" деген төш белги менен сыйланат. "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору", "СССРдин Ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин Ардактуу донору" деген төш белгилер менен сыйланган Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз болууга;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецептери боюнча дары каражаттарын жеңилдетилген шарттарда сатып алууга;
3) ыңгайлуу убакта кезектеги өргүү алууга;
4) эсептик көрсөткүчтөн пенсиясына элүү пайыздык үстөккө;
5) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жеңилдетилген шарттарда медициналык тейленүүгө;
6) кандын компоненттерин жана препараттарын алардын наркынын элүү пайызын төлөө менен сатып алууга;
7) жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө алууга.
121-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугуна көмөктөшүү боюнча ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияларынын, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (начальниктеринин) милдеттери
1. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери (начальниктери):
1) жарандарды донорлордун катарына тартууда кан кызматына көмөк көрсөтөт;
2) жерине барып кан алууну өткөрүү күнү кан алуу үчүн зарыл болгон орун жайларды акысыз берет.
2. Донор болуп эсептелген кызматкерге эмгек мыйзамдарында белгиленген кепилдиктерди жана артыкчылыктарды берет.
122-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу
1. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону кан кызматы жүзөгө ашырат.
Кан жана анын компоненттерин алуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген стандарттарга жана тартипке ылайык донорду медициналык жактан текшергенден кийин жүргүзүлөт. Донордун медициналык текшерүүдөн өтүшү милдеттүү болуп эсептелет.
Донорду текшерүүнүн жыйынтыгы документтештирилүүгө тийиш жана ченемден кандай болбосун четтөөлөр донорго билдирилет.
2. Донордук кандын, анын компоненттеринин жана препараттарынын коопсуздугу донорлорду медициналык күбөлөндүрүүгө, медициналык пайдалануу үчүн кан продуктуларын өндүрүүдө коопсуздукка жана сапатка карата саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген талаптарды сактоо жолу менен камсыздалат.
Кандын жана анын компоненттеринин сапаты донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун сапат бөлүмү тарабынан контролдонот. Кан кызматы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдарда аткарылуучу лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүүнү кан кызматынын республикалык лабораториясы жүзөгө ашырат.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын куюштурууну жүзөгө ашырып жаткан саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер аларды коопсуз пайдалануу боюнча тиешелүү талаптарды, ошондой эле транфузиялык жардам көрсөтүүнүн тартибин сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
4. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сапат контролунан өткөнгө чейин колдонуу же сатуу үчүн берүүгө болбойт.
5. Табигый кырсыктарда, эпидемияларда, эпизоотияларда жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде башка өзгөчө кырдаалдарда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча бардык иш-чараларды каржылоо мындай учурларда Министрлер Кабинетинин резервдик фондунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
123-берене. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу
1. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмашууда;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына шашылыш жардам көрсөтүүдө;
3) Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
2. Донордук канды жана анын компоненттерин башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана донордук кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
§ 2. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо
124-берене. Органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) донорунун жана реципиентинин укуктары
1. Врач-адистердин консилиуму тарабынан дени сак деп таанылган 18 жаштан ашкан ар бир жаран органдардын жана (же) ткандардын тирүү донору болууга укуктуу.
2. Өзүнүн органдарын жана (же) ткандарын алмаштырууга макулдугун берген донор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо уюмдарынан органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу боюнча алдыда боло турган кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгы үчүн мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө толук маалыматты талап кылууга;
2) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) донорлорунун регистрине киргизүү үчүн акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында жана (же) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу боюнча жүргүзүлгөн кийлигишүүгө байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууга, анын ичинде медикаменттер менен дарыланууга;
4) трансплантациялоо боюнча хирургиялык кийлигишүү башталганга чейин баш тартууга.
3. Реципиент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо уюмдарынан органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо боюнча алдыда боло турган кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгы үчүн мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө толук маалыматты талап кылууга;
2) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттеринин регистрине киргизүү үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
3) акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында донордук органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алмаштыруу боюнча жүргүзүлгөн кийлигишүүгө байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууга, анын ичинде медикаменттер менен дарыланууга;
4) трансплантациялоо боюнча хирургиялык кийлигишүү башталганга чейин баш тартууга.
125-берене. Трансплантациялоо үчүн кызмат кылган адамдын органдарынын жана (же) ткандарынын тизмеги
1. Трансплантациялоо объекттеринин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул параграфтын колдонулушу адамдын тукум улоо процессине тиешеси бар, өзүнө репродуктивдик органдарды жана ткандарды (урук клеткасын, сперманы, энелик безди, эркектин урук безин же эмбриондорду) камтыган органдарга, алардын бөлүктөрүнө жана ткандарына, канга жана анын компоненттерине, гемопоэтикалык өзөк клеткаларына, биомедициналык максатта пайдалануу үчүн адамдын жана (же) жаныбардын организминин клеткаларына жайылтылбайт.
126-берене. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоонун шарттары жана тартиби
1. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо донордон реципиентке жүргүзүлөт жана төмөнкү этаптардан турат: органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу, консервациялоо, сактоо, ташуу жана алмаштыруу.
2. Адамга (потенциалдуу реципиентке) андан ары трансплантациялоо максатында органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу тирүү адамдан (тирүү донордон) жүргүзүлөт жана медициналык башка каражаттар жана методдор оорулуунун (реципиенттин) өмүрүн сактоого же болбосо анын саламаттыгын калыбына келтирүүгө натыйжасыз болгон жана кепилдик бере албаган учурда гана колдонулушу мүмкүн.
3. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга врач-адистердин консилиумунун корутундусу боюнча донордун ден соолугуна олуттуу зыян келтирилбестигин эске алуу менен донордун юридикалык жактан таризделген макулдугу болгон учурда гана жол берилет.
4. Органдарды жана (же) ткандарды реципиенттерге трансплантациялоо боюнча операциялар хирургиялык операцияларды жасоонун жалпы эрежелерине ылайык медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун врачтарынын консилиуму тарабынан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте берилет.
5. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) адамды өзүнүн органын (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарын (ткандын бөлүгүн) берүүгө мажбурлоого жана адамдан мажбурлап алууга;
2) даярдоо үчүн ткандык компоненттер колдонулган препараттарды жана алмаштыруучу материалдарды кошпогондо, адамдын органдарын (органдын бөлүктөрүн) жана (же) ткандарын (ткандардын бөлүктөрүн) сатууга-сатып алууга;
3) жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам болуп саналган тирүү донордон органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алууга (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо).
6. Эгерде донордун саламаттыгына органдарды жана (же) ткандарды алуу операциясы менен байланышкан зыян келтирилсе, ал акысыз стационардык жана (же) амбулатордук дарылоо менен камсыз кылынат.
7. Донордон органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоого уруксат берилген жугуштуу оорулардын тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
8. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоону камсыздоо үчүн төмөнкүлөрдү каттоо түзүлөт:
1) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттерин;
2) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) донорлорун;
3) гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын (жүлүндүн) донорлорун.
9. Каттоону түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын донорун, анын ичинде эл аралык каттоолордон издөөнүн жана активдештирүүнүн жана гемопоэтикалык өзөк клеткаларын реципиентке чейин жеткирүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
127-берене. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алуунун шарттары
1. Реципиентке трансплантациялоо үчүн тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга төмөндөгү шарттар сакталган учурда жол берилет:
1) эгерде органдарды жана (же) ткандарды алуу боюнча алдыдагы операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгы үчүн мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө донор эскертилген болсо;
2) эгерде донор ар тараптуу медициналык текшерүүдөн өтсө жана анын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо үчүн алууга мүмкүн экендиги жөнүндө врач-адистердин консилиумунун корутундусу бар болсо.
2. Тирүү донордун органдарын алууга, эгерде ап реципиент менен генетикалык байланышта болсо, (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо) жол берилет.
Ушул Мыйзамда генетикалык байланыш деп чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелерине чейин (ата-энеси, балдары, ата-энеси бир жана ата-энеси ар башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы жана таятасы, чоц энеси жана таенеси, чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелери, неберелери, чөбөрөлөрү, башка кандаш туугандары) жалпы ата-бабалары бар адамдардын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте тиешелүү документтердин негизинде ырасталган туугандык байланышы түшүнүлөт.
3. Тирүү донордон трансплантациялоо үчүн ал органдын жоктугу ден соолугунун кайра ордуна келгис бузулушуна алып келбей турган жуп органдарынын бири, органдын же ткандын бир бөлүгү алынышы мүмкүн.
128-берене. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо
1. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) органдын иштөөсү жетишсиздигинде;
2) донордук органдар (органдын бөлүгү) жана (же) ткандар (ткандын бөлүгү) жок болсо;
3) жасалма органдарды жана ткандарды трансплантациялоо үчүн каршы көрсөтмөлөр болбогон учурда.
2. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо үчүн көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Жасалма органдары (органдын бөлүгү) жана (же) ткандары (ткандын бөлүгү) бар Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттеринин каттоосуна саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте киргизилет.
129-берене. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууну, адамдын органдарын жана (же) ткандарын даярдоону жана алмаштырууну жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары
1. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга, адамдын органдарын жана (же) ткандарын даярдоого жана трансплантациялоого мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында гана уруксат берилет.
2. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоого адистештирилген мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана саламаттык сактоонун жеке менчик уюмдарында уруксат берилет.
3. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууну, адамдын органдарын жана (же) ткандарын даярдоону жана трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеги, ага тете алардын ишинин эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10-глава. Медициналык экспертиза
130-берене. Убактылуу эмгекке жарамсыздыкка экспертиза жүргүзүү
1. Жарандардын оорусуна, мертинүүсүнө, кош бойлуулугуна, төрөтүнө, үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн багуусуна, протезделүүсүнө, санаториялык-курорттук дарылануусуна байланыштуу жана башка учурларда алардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгына экспертиза менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Аскер кызматчыларынын убактылуу эмгекке жарамсыздыгына экспертиза жүргүзүүнүн тартиби аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.
131-берене. Медициналык-социалдык экспертиза
1. Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун даражасын, майыптыктын себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо чараларын, анын ичинде медициналык реабилитациялоону аныктоо максатында жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза медициналык-социалдык экспертиза уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга медициналык-социалдык экспертиза Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза уюмдарын түзүүнүн жана алардын ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Медициналык-социалдык экспертиза уюмдарынын чечими мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка адамдардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өзүнүн арызы боюнча медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө катышуу үчүн кайсы болбосун врач-адисти анын макулдугу боюнча чакырууга укуктуу.
4. Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу жогору турган уюмга же сотко жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
132-берене. Аскердик-врачтык экспертиза
1. Аскер кызматына чакырылууга тийиш болгон жарандарга аскердик-врачтык экспертиза аталган жарандардын аскер кызматына жарактуулугун аныктоо үчүн, ошондой эле жарандардын аскердик же атайын кызматты өтөөсүнө же болбосо аскердик машыгууларда болуусуна байланыштуу мертинүүсү (жарадар болуу, жаракат, контузия алуу), оорулары менен себептик байланышын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
2. Аскердик-врачтык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Аскердик-врачтык комиссиянын корутундусуна макул болбогондо жаран ушул Мыйзамдын 134-беренесинде каралган тартипте альтернативдик аскердик-врачтык экспертиза жүргүзүүгө укуктуу.
133-берене. Психикалык саламаттыкка соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү
1. Жарандарга соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза саламаттык сактоонун бул максатка багытталган мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарында жүргүзүлөт.
2. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнү дайындаган органга эксперттик комиссиянын курамына тиешелүү врач-адисти анын макулдугу боюнча киргизүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.
3. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
134-берене. Соттук-медициналык экспертиза
1. Жарандарга, өлүктөргө жана буюм далилдерине соттук-медициналык экспертиза саламаттык сактоонун мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарында соттук-медициналык экспертиза бюросунун эксперттери тарабынан, ал эми мындай эксперттер жок болсо - алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адамдардын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтомдорунун же соттун аныктамасынын негизинде аталган экспертизаны жүргүзүү үчүн тартылган врач-адистер тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындаган органга эксперттик комиссиянын курамына тиешелүү врач-адисти анын макулдугу боюнча киргизүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.
3. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
135-берене. Альтернативдик медициналык экспертиза
1. Жаран ушул Мыйзамдын 131 жана 132-беренелеринде каралган экспертизалардын корутундуларына карата сотко даттанган учурда, судьянын токтому боюнча альтернативдик медициналык экспертиза дайындалышы мүмкүн. Жаран каза болгон же жеке өзү даттануу мүмкүндүгүнөн ажыратуучу ооруга чалдыккан учурда, даттануу укугуна анын жубайы, жакын туугандары же мыйзамдуу өкүлү ээ болот.
2. Альтернативдик медициналык экспертиза анын натыйжаларына карата жаран даттанган медициналык-социалдык экспертизаны же аскердик-врачтык экспертизаны өткөрүүгө катышкан эксперттерге, ошондой эле альтернативдик медициналык экспертизанын натыйжаларына кызыкдар болгон органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына жана жарандарга кызматтык же башка көз карандыда болгон эксперттерге тапшырылышы мүмкүн эмес. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган даттанууну берген жаран сотко альтернативдик медициналык экспертизаны белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперт тарабынан өткөрүү жөнүндө өтүнмө берүү укугуна ээ.
3. Альтернативалык медициналык экспертиза өткөрүүдөгү соттук чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулуп берилет.
136-берене. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатына экспертиза жүргүзүү
Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам (медициналык, алдын алуу жана башка кызмат көрсөтүүлөр) көрсөтүүнүн сапатына экспертиза жүргүзүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
11-глава. Мамлекеттик саламаттык сактоо тутумун каржылоо
137-берене. Саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо булактары
1. Саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
4) ыктыярдуу төгүмдөр - юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын өз алдынча чегерүүлөрү;
5) эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган гранттар, кредиттер;
6) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
7) тең төлөөнүн каражаттары;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.
2. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсебиндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга кезектеги бюджеттик жылдын башталышына калдык катары которулат.
3. Онкологиялык ооруларга чалдыгууну азайтууга багытталган иш-чаралар төмөндөгүлөрдүн эсебинен кошумча каржыланышы мүмкүн:
1) менчигинин жана ведомстволук таандыгына карабай ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишимдердин;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке каражаттарынын;
3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелердин;
4) чет өлкөлүк инвестициялардын;
5) коомдук уюмдардын, бирикмелердин, фонддордун.
4. Калкка онкологиялык жардам көрсөтүүнү каржылоого багытталган каражаттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде өзүнчө сап менен каралат жана, биринчи кезекте, дарылоо-дарт аныктоо иш-чараларын өткөрүү, шишикке каршы жана ооруну басуучу препараттарды толук көлөмдө сатып алуу үчүн пайдаланылат.
5. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүү милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашырган аткаруу органынын бюджеттик каражаттарынан медициналык-санитардык жардамды каржылоо жана көлөмдөрү боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөрдү эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча каржылоонун ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо ишканаларынын ишинен алынган каражаттар медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө, уюмду карап күтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталат.
7. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштөөчү мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардам үчүн келип түшүүчү болжолдонгон каражаттарга жараша чыгымдардын түзүмүн жана чыгашалардын сметасын өз алдынча пландаштырат жана бекитет, чыгымдардын бекитилген сметасына, түзүмүнө жана штаттык санына учурдагы өзгөртүүлөрдү киргизет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
138-берене. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун бириктирилген каражаттары
(Статьянын аталышы КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган каражаттары жыл сайын саламаттык сактоону каржылоонун бардык булактарынан келип түшүүчү каражаттардан түзүлөт.
2. Саламаттык сактоонун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык берилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
139-берене. Саламаттык сактоо тутумун каржылоонун негизги принциптери
Саламаттык сактоо тутумун каржылоонун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жынысына, жаш курагына, жашаган жерине, социалдык тегине карабастан калктын медициналык-санитардык жардамдын кепилденген түрлөрүнө бирдей жетүү;
2) ММК каражаттары боюнча медициналык-санитардык жардамды келишимдик негизде каржылоо жана көрсөтүү;
3) бюджеттердин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын натыйжалуулук жана майнаптуулук принциби алдыдагы мезгилге каралган максаттарга каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен жетүү же тескөөдөгү бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетүү зарылдыгынан жүзөгө ашырылат;
4) бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджет процессинин катышуучуларынын жоопкерчилик принциби бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун өз иши, финансылык маалыматтын аныктыгы жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилигин карайт;
5) атайын эсептердеги каражаттар боюнча кирешелердин сметасын түзүүнүн жана аткаруунун, саламаттык сактоо уюмдарынын сметаларынын чыгымдык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн бирдиктүү тартиби;
6) эл аралык донорлордон жана башка түрдөгү булактардан саламаттык сактоо секторуна түшүүчү бардык ресурстарды бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү жана бюджеттин бардык чыгымдарын бирдиктүү казыналык эсептен жүзөгө ашыруу.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
140-берене. Саламаттык сактоо тутумунун каражаттарын пайдалануу
Саламаттык сактоо тутумунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
2) саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларына;
3) саламаттык сактоонун мамлекеттик кызматтарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана карап күтүүгө;
4) саламаттык сактоо тутумунун кадрларын даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга;
5) медицина жана фармацевт илимдерин өнүктүрүүгө жана алардын жетишкендиктерин ишке киргизүүгө;
6) инфекциялык оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алууга жана жоюуга;
7) алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө;
8) диагноздоо иш-чараларын өткөрүүгө;
9) инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын өнөкөт түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарды дарылоого жана реабилитациялоочу иш-чараларды өткөрүүгө;
10) саламаттык сактоонун артыкчылыктуу тармактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
11) онкология жаатындагы адистерди даярдоого, анын ичинде чет өлкөдө дагы даярдоого;
12) медициналык препараттарды жана медицина багытындагы буюмдарды сатып алууга;
13) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чыгымдарга.
141-берене. Тең төлөө
1. Калк саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоонун көлөмүнөн ашык көрсөтүлүүчү медициналык кызматтарга акы төлөөгө катышат.
2. Тең төлөөнүн деңгээли саламаттык сактоонун мамлекеттик секторун каржылоонун көлөмүнө жараша белгиленет жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Тең төлөө каражаттарын киргизүүнүн жана пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Калк тарабынан төлөнүүчү тең төлөөнүн каражаттары дарылоо-диагноздоо процесстерине жана бейтаптардын тамак-ашына байланышкан иш-чараларга түздөн-түз пайдаланылат жана алып коюуга, салык салууга жатпайт.
142-берене. Атанын казыналык эсептердин каражаттарын түзүү
1. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын атайын казыналык эсептери мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
2. Акы төлөнүүчү кызматтардын түрлөрү республиканын саламаттыкты сактоо тутумун каржылоонун көлөмүнө жараша Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын прейскуранттары монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
143-берене. Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону башкаруу
1. Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен.
2. Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоонун көлөмү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
144-берене. Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык-чарбалык иши
1. Саламаттык сактоо уюмдары келишимдердин негизинде Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө ишке ашырылып жаткан программалар боюнча медициналык жана башка кызматтарды көрсөтөт.
2. Саламаттык сактоо уюмдары:
1) Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы каражаттардын келип түшүүсүнүн болжолдонгон көлөмдөрүн эске алуу менен кирешелердин жана чыгашалардын сметасын иштеп чыгат жана бекитет;
2) Республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары боюнча казыналык жол-жоболордун регламентин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык сактайт;
3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
145-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо
Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо уюмдаштыруучу тарабынан республикалык бюджеттин, жеке же башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
146-берене. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо
Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо Бирдиктүү төлөөчү тарабынан Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетинин каражаттарынын эсебинен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
147-берене. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында баа түзүү
Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында баа түзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу бирдиктүү методика боюнча жүзөгө ашырылат.
148-берене. Жеке менчик түрүндөгү уюмдардын Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашырууга катышуусу
Жеке менчик түрүндө негизделген саламаттык сактоо уюмдары түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы программаларды ишке ашырууга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруучу аткаруу органынын бюджетинин каражаттарынан төлөө менен катыша алат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-глава. Медицина жана фармацевт кызматкеринин статусу
149-берене. Медицина жана фармацевт кызматкери статусуна ээ болгон адамдар
1. Медицина кызматкери статусуна жогорку жана орто медициналык, биологиялык билими бар адамдар, ошондой эле "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоодон өткөн адамдар, өз ишин менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырып жаткан жана жеке иштеп жаткан адамдар ээ болот.
2. Фармацевттик кызматкер статусуна жогорку жана орто фармацевттик билими бар, өз ишин менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашыруучу адамдар жана фармацевттик иши менен алектенген жеке адамдар ээ болот.
3. Медицина жана фармацевт кызматкери статусуна чет мамлекеттерде медициналык же фармацевттик билим алган адамдар, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасында чет мамлекеттен алган билими жана (же) квалификациясы билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарда белгиленген тартипте таанылгандан жана адистин аттестациясынан өткөндөн кийин ээ болот.
4. Медицина жана фармацевт кызматкери статусу медицина жана фармацевт кызматкеринин ишинин шарттары жана мүнөзү менен аныкталат, өзүнө алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин камтыйт.
5. Медицина жана фармацевт кызматкерлери өз ишин медицина жана фармацевт кызматкерлеринин бейтаптар, алардын туугандары, бири-бири менен болгон адеп-ахлактык өз ара мамилелерин жөнгө салуучу медициналык этиканын жана деонтологиянын гумандуу принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырат.
150-берене. Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин практикалык ишине уруксат берүү
1. Медицина жана фармацевт кызматкерлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аттестациялоодон жана каттоодон өткөндөн кийин менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында практикалык ишин жүзөгө ашырат.
2. Жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарынын студенттери окутуу программаларына ылайык жарандарга медициналык жардам көрсөтүүгө катышууга алардын кесиптик даярдыгы үчүн жоопкерчилик алып жүрүүчү медицина кызматкерлеринин контролу астында уруксат берилет.
3. Практикалык ишке жол берменин жоктугу медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүүдөн четтетүүгө алып келет.
4. Медициналык жана фармацевттик иш менен алектенүүдөн четтетүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5. Медициналык жана фармацевттик иш менен алектенүү укугунан ажыратылган адамдар бул чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
6. Өз адистиги боюнча беш жылдан ашуун убакыт иштебеген медицина жана фармацевт кызматкерлерине медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууга кошумча кесиптик программалар (квалификацияны жогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо) боюнча окутуудан жана адистин аттестациясынан өткөндөн кийин алган адистигине ылайык уруксат берилиши мүмкүн.
7. Медициналык, биологиялык, фармацевттик билим алган же болбосо "Саламаттык сактоону башкаруу" же "Саламаттык сактоодогу менеджмент" адистиги боюнча магистратураны аяктаган же чет мамлекеттерде ушул сыяктуу башка адистикке/квалификацияга ээ болгон адамдарга, ошондой эле чет элдик жарандарга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте медициналык же фармацевттик иш жүргүзүүгө уруксат берилет.
8. Билим берүү жөнүндө мыйзамга ылайык окуп жаткандарды практикалык даярдоону жүзөгө ашыруучу, адистин сертификатына ээ болгон жана адистин аттестациясынан өткөн педагогикалык жана илимий кызматкерлер, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруучу, адистин сертификатына ээ болгон жана адистин аттестациясынан өткөн илимий кызматкерлер медициналык ишти жүргүзүүгө укуктуу. Педагогикалык жана илимий кызматкерлерге алар медициналык ишти жүргүзүп жаткан учурда медициналык кызматкерлердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги жайылтылат.
9. Медициналык же фармацевттик иш менен мыйзамсыз алектенген адамдар кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
151-берене. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин аттестациялоо жана каттоо
1. Кесиптик квалификацияны колдоо, даярдоо деңгээлин жогорулатуу, ээлеген кызматына ылайык келүү, ишкер сапаттарды аныктоо жана кызмат боюнча жогорулатуу максатында медицина жана фармацевт кызматкерлери, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучулары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аттестациялоону жүргүзүү боюнча функциялар ыйгарылган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар же кесиптик ассоциациялар, бирикмелер тарабынан жүргүзүлүүчү аттестациялоодон мезгил-мезгили менен, бирок беш жылда бирден кем эмес жолу өтүүгө тийиш.
Аттестациялоону жүргүзүү боюнча функцияларды берүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, медицина жана фармацевт кызматкерлерин, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучуларына аттестациялоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевттик иш менен алектенүүгө укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кесиптик аттестациялоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин каттоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин каттоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле алардын реестрин жүргүзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
152-берене. Медициналык иштин мазмуну
1. Медициналык иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) адамга жынысына, жаш курагына, улуттук жана расалык таандыктыгына, социалдык абалына, саясий жана диний көз караштарына, дин тутуусуна, тилине жана дүйнөгө көз карашына карабастан медициналык жардам көрсөтүү;
2) сергек жашоо образын жайылтуу;
3) алдын алуу иш-чараларын уюштуруу;
4) кесиптик сапаттарды жакшыртуу жана медициналык тажрыйба топтоо;
5) саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу;
6) медициналык билим берүү уюмдарындагы окутуучулук иш;
7) медициналык илимий-изилдөө уюмдарындагы илимий-изилдөө иши.
2. Медицина кызматкери иштеген медициналык мекеменин менчигинин түрүнө карабастан, ал коомдук саламаттык сактоо жаатындагы кесиптик жана коомдук уюмдар, социалдык өнөктөштөр жана бийлик органдары менен кызматташа алат.
3. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, медицина кызматкерлери фармацевттик иш менен алектенүүгө укуксуз.
153-берене. Адамдын инсандыгын сыйлоо
Адамдын саламаттыгы жеке жана коомдук мүнөздөгү жогорку баалуулук болуп саналат. Өзүнүн кесиптик бардык билимин жана билгичтиктерин колдонуу менен медицина кызматкерлери калктын саламаттыгын сактоого көмөктөшүүгө, ырайымсыздыктын жана адамдын кадыр-баркын басмырлоонун кандай болбосун түрлөрү менен күрөшүүгө, адамга урмат көрсөтүүгө милдеттүү.
154-берене. Медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууга чектөөлөр
1. Медициналык жана фармацевттик иш кесиптик билимди бейтаптын ден соолугуна зыян келтирүү үчүн же кылмыштуу максаттарда пайдаланууга туура келбейт.
2. Медициналык же фармацевттик иш менен төмөнкүлөр алектене албайт:
1) медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн мурда соттолгон адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттолгону толук жоюлганга чейин;
2) медициналык же фармацевттик иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза берилген адам соттун чечими менен белгиленген мезгилдин ичинде;
3) сот тарабынан аракетке жарым-жартылай же толук жөндөмсүз деп таанылган адам;
4) медициналык, биологиялык, фармацевттик билими жок адам жана "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоодон өтпөгөн адам.
155-берене. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү
1. Медицина жана фармацевт кадрларын даярдоо үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык жана фармацевттик билим берүү программалары боюнча жүзөгө ашырылат. Медициналык жана фармацевттик иш процессинде медициналык жана фармацевттик билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү төмөнкүдөй жол менен ишке ашырылат:
1) медициналык жана фармацевттик билим берүү уюмдарынын программалары боюнча үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо;
2) медицина жана фармацевт кызматкерлеринин өз билимдерин дайыма толуктоосу жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүсү;
3) өзүнүн кесиптик билимдерин өркүндөтүүнү каалаган медицина жана фармацевт кызматкерлерин мамлекет тарабынан колдоо.
2. ЖОЖдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүү интернатураны/ординатураны, магистратураны, аспирантураны жана докторантураны камтыйт.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кошумча билимдин жана көндүмдөрдүн көлөмүн алуусу кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын лицензиянын негизинде ишке ашыруучу жана мамлекеттик аккредитациядан өткөн уюмдарда кошумча билим берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү тартиби, саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдарга коюлуучу квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
156-берене. Медициналык дипломдон кийинки билим
1. Интернатура - билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, мамлекеттик аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык базалар катары аныкталган саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылуучу такшалманын программаларын ишке ашыруу. Интернатуранын программалары тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат. Кесиптик даярдыктын деңгээлин баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө такшалмадан өткөндөн кийин адистик ыйгарылат.
Интернатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген алардын квалификациялык деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик заказды берүүнүн, окууга кабыл алуунун жана медициналык кадрларды интернатурада окутуунун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2. Ординатура - ординатуранын программаларын ишке ашыруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын аккредитацияланган клиникаларында, ошондой эле ординатуранын базалары катары аккредитацияланган республикалык жана (же) илимий борборлордо, илимий-изилдөө институттарында жүзөгө ашырылат. Ординатуранын программалары медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат, алардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Ординатураны аяктагандан кийин кесиптик даярдыгын баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө адистик ыйгарылат.
Ординатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген квалификациянын деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик заказды берүүнүн, ординатурада медициналык кадрларды окутууга кабыл алуунун жана даярдоонун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
157-берене. Дарылоочу врач
1. Дарылоочу врач - саламаттык сактоо уюмдарында бейтапка байкоо жүргүзүү жана дарылоо мезгилинде ага медициналык жардам көрсөтүүчү врач. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн врач дарылоочу врач болушу мүмкүн.
2. Дарылоочу врач бейтаптын же саламаттык сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Бейтап дарылоочу врачты алмаштырууну талап кылган учурда, саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка врачты тандоого көмөк көрсөтүүгө тийиш.
3. Бейтап тарабынан саламаттык сактоо уюмунун жазма буйруктары же ички тартибинин эрежелери сакталбаган учурда, эгерде бул бейтаптын өмүрүнө жана айланасындагылардын ден соолугуна коркунуч келтирбесе, дарылоочу врач саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамы менен макулдашуу боюнча бейтапка байкоо жүргүзүүдөн жана дарылоодон баш тартышы мүмкүн.
4. Бейтаптардын туугандары мүнөзү боюнча дарылоочу врачтын кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге жөнү жок кийлигишүүгө укуксуз.
5. Зарыл болгон учурда дарылоочу врач врачтардын консилиумун чакыра алат.
158-берене. Медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү милдети
1. Кызмат адамдары жана жарандар медициналык жардам көрсөтүүдө медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганда, медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) оорулуу турган жерге баруу же болбосо аны жакын жердеги саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ошол жагдайда болгон транспорттун кандай болбосун түрүн пайдаланууга;
2) ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга же жарандарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз жана акысыз колдонууга.
2. Медицина кызматкеринин транспортту, байланыш каражаттарын берүү жөнүндө мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан учурда кызмат адамы же транспорт каражатынын ээси бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
3. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганда медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
159-берене. Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин укуктары
1. Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча өзүнүн кесиптик милдеттерин жүзөгө ашырууда медицина жана фармацевт кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) медициналык-санитардык жардамды сапаттуу көрсөтүүнү камсыз кылуучу эмгек шарттарына;
2) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү клиникалык протоколдордун негизинде бейтаптарды текшерүүнүн жана дарылоонун методдорун тандоо жөнүндө чечим кабыл алууга;
3) диагноздоонун заманбап методдорун медициналык практикага киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке медициналык ишти жүргүзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык айкалыштыруу боюнча иштөөгө;
6) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.
2. Медицина жана фармацевт кызматкерлери алардын кесиптик милдеттерин этиятсыздык же шалаакылык менен аткарууга байланышпаган, анын натыйжасында жарандын ден соолугуна залал же зыян келтирилиши мүмкүн болгон кесиптик катаны камсыздандыруу укугуна ээ.
3. Медицина кызматкерлери кесиптик ката кетирген учурда жоопкерчиликтен бошотулууга укуктуу.
4. Медицина кызматкерлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дарыга рецепттерди жазып берүүгө, маалымкаттарды жана убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүүгө укуктуу.
5. Психикалык оорунун дартын аныктоо, ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алуу же болбосо бул маселени кароо үчүн корутунду берүү дарыгер-психиатрдын же дарыгер-психиатрлардын комиссиясынын гана укугу болуп саналат.
160-берене. Медициналык жардам көрсөтүүдөгү медицина кызматкерлеринин көз карандысыздыгы
1. Медицина кызматкери медициналык жардам көрсөтүүдө өзүнүн чечимдеринде көз карандысыз жана медициналык көрсөткүчтөрдү, дарыгердик парзды жана мыйзамды гана жетекчиликке алат.
2. Врачтык комиссиянын чечими менен пикири дал келбеген медицина кызматкери өз корутундусун берүүгө укуктуу, ал медициналык документтерге тиркелет.
3. Бейтаптын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралган учурда, көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамды түзөтүү максатында медицина кызматкеринин аракеттерине башка медицина кызматкери кийлигишүүсү мүмкүн.
4. Өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырууда медицина кызматкерлери алмаштырылгыс. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, медицина кызматкерлерин медициналык жардам көрсөтүүдөн четтетүүгө эч кимдин укугу жок.
161-берене. Саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин материалдык камсыз кылынууга укуктары
1. Саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери кепилденген эмгек акыга укуктуу. Медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Саламаттык сактоо тутумунун илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" же "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы бар кызматкерлерине, ошондой эле иштеген жылдары үчүн төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет:
1) илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
2) 5 жылдан 10 жылга чейинки иш стажы үчүн - он пайыз өлчөмүндө, 10 жылдан 15 жылга чейин - жыйырма пайыз өлчөмүндө, 15 жылдан жогору - эмгек акынын отуз пайыз өлчөмүндө;
3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерине райондук коэффициенти төлөө кепилденет.
4. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Саламаттык сактоо уюмдары эмгек акы төлөөгө каражаттардын чегинде мындай уюмдар көрсөтүүчү медициналык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына жараша медицина жана фармацевт кызматкерлери үчүн кызматтык маяналарга дифференцияланган үстөктөрдү өз алдынча белгилей, эмгек акы төлөөнүн жана ага дем берүүнүн ар кандай прогрессивдүү формаларын колдоно алат.
7. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген медицина жана фармацевт кызматкерлери үчүн, эгерде алардын иши саламаттык сактоо менен байланышкан болсо, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кесиптик үстөктөр сакталат.
9. Жеке менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарында иштеген медицина жана фармацевт кызматкерлеринин эмгек акысы медицина жана фармацевт кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген үстөктөрдү эске алуу менен эмгек келишимине ылайык белгиленет.
10. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген жана жашаган медицина жана фармацевт кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүнүн турак жайы жок болгон учурда социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынат. Кызматтык турак жай жок болгон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары медицина кызматкеринин турак жайды ижарага алуу менен байланышкан чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
11. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышуучу врач-психиатрлар, башка адистер, медициналык жана башка персонал узактыгы 28 календардык күн болгон кошумча өргүүгө, кызматтык маянанын элүү пайызы өлчөмүндө эмгек акыга кошумча төлөм алууга укуктуу.
12. Өзгөчө кооптуу инфекциялар жана/же инфекциялар чыккан (эпидемиялар) шарттарда иштеген мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө компенсациянын кепилденген төлөнүшүнө укуктуу.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
162-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын адистерге болгон муктаждыктарын түзүү, аларды бөлүштүрүү
1. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде саламаттык сактоо тутумунун адистерге болгон муктаждыктарын жыл сайын түзөт.
2. Бюджеттик негизде окутуудан өткөн медициналык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү (жолдомо) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган өтүнмөлөргө ылайык жүзөгө ашырылат. Бөлүштүрүүнүн (жолдомонун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Медициналык окуу жайларынын бюджеттик негизде окутуудан өткөн бүтүрүүчүлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча региондордо эки жылдан кем эмес иштеп келүүгө милдеттүү.
4. Саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо боюнча жумушка келген жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турак жай аянтын же болбосо жеке курулуш үчүн жер участогун жана кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул берүүгө милдеттүү.
5. Бөлүштүрүү (жолдомо) боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда бүтүрүүчү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте аны окутуунун наркынын ордун толгургандан кийин жумушка эркин орношуу укугуна ээ болот. Ордун толтуруунун наркынын өлчөмү медициналык окуу жайынын түздөн-түз чыгымдарына ылайык эсептелет.
163-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарындагы укуктары
1. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин жашаган жеринен алар иштеген жерге чейин жана кайрадан артка транспорт менен жеткирүүнү уюштурууга;
2) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин өздөрүнүн кесиптик милдеттерин коопсуз жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө жеке коргонуу каражаттары (коргоочу беткаптар, коргоочу көз айнектер, медициналык кол каптар, коргоочу костюмдар, медициналык бахилалар, антисептик каражаттары жана жеке коргонуунун башка каражаттары) менен камсыз кылууга;
3) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыз кылууга.
2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими колдонулган мезгилде өз кесиптик милдеттерин аткарган жана өзүнүн ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги жогору болгон медицина кызматкерлерине өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, бирок ээлеген кызмат орду боюнча 4 маянадан төмөн эмес компенсациялар аныкталат.
3. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын санитардык-карантиндик зонада өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарган медицина кызматкерлерине оор иштердин жана зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттарындагы иштердин режими белгиленет, ошондой эле өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, бирок ээлеген кызмат орду боюнча 10 маянадан төмөн эмес компенсациялар төлөнөт.
4. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда чалдыккан оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин, ага төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт:
1) I топтогу ДМЧА - жабыр тарткандын 10дон кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
2) II топтогу ДМЧА - жабыр тарткандын 8ден кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
3) III топтогу ДМЧА - жабыр тарткандын 5тен кем эмес орточо жылдык эмгек акысы.
6. Бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.
7. Бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн орточо эмгек акы эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык аныкталат.
8. Эгерде иштеп жаткан мезгилде же болбосо бошотулгандан кийин 2 жыл өткөнгө чейин медицина кызматкерине медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) мекемесинде кайра күбөлөндүрүүдө ушул беренеде көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен майыптык тобу жогорулатылса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү жабырлануучунун ооруга чалдыккан баштапкы күндөгү, кайра белгиленген майыптык тобу боюнча берилүүгө тийиш болгон орточо жылдык эмгек акыларынын саны менен жабырлануучунун мурунку майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйтүлөт.
9. Эгерде саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында иштеген мезгилде же болбосо бошотулгандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин ушул беренеде көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен майыптыгы белгиленсе, жана андан кийин ошол эле мезгилде медицина кызматкери каза болсо, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү жабырлануучунун баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү каза болгон учурда берилүүгө тийиш болгон орточо жылдык эмгек акыларынын саны менен жабырлануучунун майыптыгы боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйтүлөт.
10. Бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө үчүн негиз болуп эмгек мыйзамдарында белгиленген документтер саналат.
11. Ээлеген кызмат орду боюнча маянанын өлчөмүнөн 15 эседен кем эмес өлчөмдөгү бир жолку акчалай жөлөкпулдар медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында кызматтык милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууга байланыштуу, бирок майыптыкты белгилөөгө укук бербеген жаракаттарды алганда, ооруларга чалдыкканда да төлөнөт.
12. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими колдонулган мезгилде кесиптик милдеттерин аткаруунун натыйжасында чалдыккан оорунун кесепетинен медицина кызматкери кызмат ордунан төмөндөтүлгөн учурда, анын төмөндөтүүнүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча эмгек акысы саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен сакталат.
13. Ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөр тиешелүү саламаттык сактоо уюмунун сметасынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
14. Бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо эмгек мыйзамдарында белгиленген аралаш жоопкерчилик колдонулат.
15. Эгерде менчиктин жеке жана аралаш түрүндө негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн тартылса, ушул берененин жоболору ал кызматкерлерге да толук көлөмдө жайылтылат.
16. Ыйгарым укуктуу органдардын жана адамдардын ушул берененин жоболорун ишке ашырууда келип чыккан чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
164-берене. Эс алуу укугу
1. Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин эс алууга укугу эмгекти сарамжалдуу пландоо жана уюштуруу, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынат.
2. Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин жумуш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган чектерде белгиленет.
165-берене. Саламаттыгын сактоо укугу
1. Медицина жана фармацевт кызматкерлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу өзүнүн саламаттыгын сактоого укуктуу.
2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынан медицина кызматкерлерине вакцинацияга, кесиптик иши менен байланышкан ооруларды дарылоого кеткен чыгымдарды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөп берет, ошондой эле мезгил-мезгили менен милдеттүү медициналык кароодон өтүүнү камсыз кылат.
3. Иши зыяндуу шарттар жана кызматкерлердин саламаттыгына залал келтирүү мүмкүнчүлүгү менен коштолгон саламаттык сактоо уюмдарында өз ишин жүзөгө ашырган медицина, фармацевт жана башка кызматкерлери белгиленген уюмдун каражаттарынын эсебинен динамикалуу байкоодо болуу укугуна ээ.
4. Эмгек милдеттерин же кесиптик парзын аткарууда медицина жана фармацевт кызматкерлеринин ден соолугуна зыян келтирилген учурда, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте аларга келтирилген зыяндын орду толтурулат.
5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарынын кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда эмгек милдеттерин же кесиптик парзын аткарууда каза болгон учурда, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
6. Өзгөчө кырдаал шарттарында, согуш аракеттери жүрүп жатканда эмгек милдеттерин же кесиптик парзын аткаруучу медицина кызматкерлерине, ошондой эле аталган шарттарда ден соолугуна зыян келтирилгенде, каза болгон учурда Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу көлөмдө жана тартипте компенсациялар төлөнөт.
166-берене. Жер үлүштөрү менен камсыз кылынуу укугу
Айыл жеринде жашаган медицина жана фармацевт кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү менен бирдей эле жер үлүштөрү, кыймылсыз жана башка мүлк менен камсыз кылынат.
167-берене. Сыйлануу укугу
Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында жогорку натыйжаларга жеткендиги үчүн медицина, фармацевт кызматкерлери жана саламаттык сактоонун башка кызматкерлери саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ведомстволордун сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.
168-берене. Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин ар-намысын, аброюн жана кесиптик беделин коргоо
Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин ар-намысы, аброю жана кесиптик бедели Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот. Өзүнүн кесиптик ишин аткарып жатканда медицина жана фармацевт кызматкеринин дене-боюна, моралдык жана материалдык жактан залал келтирүүгө эч кимдин укугу жок.
169-берене. Врачтык жашыруун сыр
1. Жарандын медициналык жардамга кайрылуу фактысы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жөнүндө маалымат жана аны текшерүүдө жана дарылоодо алынган башка маалыматтар, ошондой эле жүргүзүлгөн жасалма уруктандыруу жөнүндө маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт. Жаранга берген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик ырасталууга тийиш.
2. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген учурларды кошпогондо, адамдарга окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткарууда белгилүү болгон, дарыгердик сырды түзгөн маалыматтарды, анын ичинде ким экендигин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү бейтаптын же анын денесинин айрым бөлүктөрүнүн сүрөтүн көрсөтүү жолу менен ачыкка чыгарууга жол берилбейт.
3. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен врачтык сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына бейтапты текшерүү жана дарылоо кызыкчылыгында, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде жана башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө жол берилет.
4. Психикасы бузулуудан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн анын өтүнүчү же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча аларга ошол адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлгөн психиатриялык жардам тууралуу маалыматтар жеткиликтүү түрдө жана оорулуунун психикалык абалын эске алуу менен берилиши мүмкүн.
5. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) өзүнүн абалынан улам өз эркин билдирүүгө жөндөмсүз жаранды текшерүү жана дарылоо максатында;
2) инфекциялык оорулардын жайылуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу жаралса;
3) тергөө жүргүзүүгө же соттук териштирүүгө байланыштуу алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;
4) коомдук саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө маалымдоо үчүн 16 жашка чейинки курактагы жашы жете элекке жардам көрсөтүлгөн учурда;
5) жарандын ден соолугуна укукка каршы аракеттердин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо;
6) жыныстык катышка ыктыяры менен барууну жокко чыгарган, ага карата жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш жасалган 16дан 18 жаш куракка чейинки жашы жете электерге жардам көрсөткөн учурда.
6. Врачтык сырды түзгөн маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте берилген адамдар медицина жана фармацевт кызматкерлери менен бирдей эле врачтык жашыруун сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, мыйзам бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жаранга келтирилген зыяндын өлчөмүнө тете жоопкерчилик тартат.
170-берене. Врачтын анты
1. Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык билим берүү мекемелерин аяктаган адамдар врачтын дипломун алууда төмөнкүдөй мазмундагы врачтын антын берет:
"Врач деген жогорку наамды алып жана өз каалоом боюнча тандап алган врачтык ишке киришип жатып, жана ошондой эле аны менен байланышкан милдеттерди терең аңдап-билүү менен мен:
- бардык билимимди жана күчүмдү элибиздин саламаттыгын сактоо жана калыбына келтирүү үчүн арноого;
- күчүмдүн, билимимдин жана билгичтигимдин жетишинче оорулуунун жабыр тартуусун жеңилдетүүгө;
- оорулууларга улутуна, социалдык абалына, саясий көз караштарына жана динине карабастан, алардын адамдык аброюн сыйлоо менен медициналык жардам көрсөтүүгө;
- өз бейтаптарымдын ишенимине кыянаттык кылбоого жана дарыгердик сырды сактоого;
- врачтык кесиптин этикалык принциптерин сактоого жана врач деген жогорку наамды булгабоого;
- өз билимимди жана чеберчилигимди медициналык илим менен тажрыйбанын заманбап жетишкендиктерине таянуу менен дайыма өркүндөтүүгө, ата мекендик медицинанын асыл салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө;
- эгерде оорулуунун кызыкчылыктары талап кылса, кесиптештериме кеңеш сурап кайрылууга жана аларга жардам жана кеңеш берүүгө ар дайым даяр турууга;
- Гиппократтын антын, Улукмандын, Умай-Эненин жана улуу Манастын осуяттарын, Кыргызстан элинин салттарын ыйык сактоого салтанаттуу түрдө ант беремин.
Мен устаттарыма жана элге өзүмдүн кесиптик жана жарандык парзымды ар-намыстуулук менен аткарамын жана өз ой-тилектеримди жана иш-аракеттеримди өмүр бою таза сактайм деп ант берем жана ишендирип кетемин.".
2. Врачтын анты салтанаттуу жагдайда берилет. Врачтын ант берүү фактысы врачтын дипломунда датасын көрсөтүү менен жеке кол тамгасы жана тиешелүү белги менен күбөлөндүрүлөт.
171-берене. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамилелер
1. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамилелер өз ара урматтоого жана ишенимге, бейтаптын өз эркин билдирүү укугуна негизделет.
2. Медицина кызматкери бейтапты же анын мыйзамдуу өкүлүн медициналык кийлигишүүдө, ошондой эле медициналык кийлигишүүдөн баш тарткан учурда мүмкүн болуучу тобокелдик жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
3. Ар кандай медициналык кийлигишүү бейтаптын дене бойлук жана психикалык абалы ага акыл-эси менен чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербеген учурларды же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка учурларды кошпогондо, оорулуунун макулдугу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
172-берене. Медицина кызматкерлеринин ортосундагы мамилелер
1. Медицина кызматкерлеринин ортосундагы мамилелер сыпаалыкка, өз ара аракеттенүүгө, өз ара урматтоого негизделет.
2. Медицина кызматкеринин кесиптик иш-аракети жана жүрүм-турум этикасы гана сынга алынышы мүмкүн.
3. Врач бейтаптын башка дарылоочу врачты тандоосуна тоскоолдук кылбашы керек. Врачтын кесиптик аброю анын ишинин натыйжаларына негизделет.
4. Бейтап же анын мыйзамдуу өкүлү оорунун күчөп кетүүсүнө алып келген милдеттүү медициналык кийлигишүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
13-глава. Жарандардын саламаттыгын сактоо субъекттеринин милдеттери
173-берене. Жеке медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын милдеттери
Жеке медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) иштин тиешелүү түрүнө лицензиясынын болушуна;
2) өмүрүнө коркунуч келген абалда турган бардык жарандарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө;
3) ишинин профилине ылайык квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө;
4) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди, эрежелерди сактоого;
5) менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүгө;
6) бейтаптардын кабардар болушун жогорулатууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга көмөк көрсөтүүгө;
7) жарандарга алардын ден соолугунун абалы жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө;
8) бейтаптардын медициналык документтерин жүргүзүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формалар боюнча билдирүүлөрдү жана отчетторду берүүгө;
9) врачтык сырды сактоого.
174-берене. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин милдеттери
1. Медицина жана фармацевт кызматкерлери өз ишин врачтын антына ылайык, медицина кызматкерлери менен бейтаптардын, алардын туугандарынын, өздөрүнүн ортосундагы адеп-ахлактык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу медициналык этиканын гумандуу принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырат.
2. Медицина жана фармацевт кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарууга милдеттүү.
3. Медицина жана фармацевт кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүп турууга милдеттүү.
4. Саламаттык сактоо кызматкерлери санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди, ошондой эле ошол саламаттык сактоо уюму үчүн белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү.
5. Медицина жана фармацевт кызматкерлери илимий педагогикалык кызматкерлер сыяктуу эле, ошондой эле калк менен иштөөгө уруксат берилген студенттер жогору турган саламаттык сактоо уюмдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык анык маалымат жана отчет берип турууга милдеттүү.
6. Илимий, окуу, клиникалык максаттарда биоматериалдар менен иштөөгө уруксат берилген саламаттык сактоо кызматкерлери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү эрежелерди сактоого милдеттүү.
7. Медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бейтаптын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын так сактоого;
2) бейтап толук айыкканга чейин адекваттуу жана натыйжалуу дарылоону же эгерде толугу менен айыгуу объективдүү себептер боюнча мүмкүн болбосо, анын ден соолугунун абалын мүмкүн болушунча жакшыртууну камсыз кылууга;
3) ушул Мыйзамдын 168-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүүдө алынган жеке мүнөздөгү маалыматтарды сыр кылып сактоого;
4) кечиктирилгис жардамды көрсөтүүгө объективдүү себептер боюнча тоскоол болгон жагдайларды кошпогондо, убакытка, жерине карабастан баштапкы кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө;
5) ушул Мыйзамга ылайык сунушталган ар кандай медициналык кийлигишүүгө бейтаптын макулдугун алууга;
6) өзүнүн кызматтык милдеттерин билүүгө жана милдеттүү түрдө аткарууга;
7) кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого;
8) дары каражаттарын жана текшерүүлөрдү негизсиз дайындоого жол бербөөгө.
8. Медицина кызматкерлери өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда оорулуунун өмүрүнө коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, бейтапты анын макулдугу менен болсо да негизсиз тобокелдикке салууга укугу жок.
9. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери балдарды алты айлык курагына чейин эмчек эмизүүнү гана пропагандалоого жана коргоого, ошондой эле кош бойлуу, бала эмизген аялдарга, алардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчөлөрүнө жана башка адамдарга балдарды эмчек эмизүүнү эки жашка чыкканга чейин жана андан ары улантуунун пайдасы жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.
175-берене. Жумуш берүүчүлөрдүн жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы милдеттери
Жумуш берүүчүлөр кызматкерлердин коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого, аларды зыяндуу же кооптуу айлана-чөйрөдөн коргоого, иштеп жаткандардын, ошондой эле ишти жүргүзүү зыяндуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон бардык башка адамдардын саламаттыгын сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
176-берене. Билим берүү уюмдарынын милдеттери
Билим берүү уюмдары балдардын жана окуп жаткан жаштардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүүгө, билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окуу-эмгек жүгүн, окуучулардын иштөө режимин аныктоого милдеттүү.
14-глава. Жарандардын саламаттыгын сактоочу субъекттердин жоопкерчилиги
177-берене. Мыйзамсыз дарыгерлик кылууга жоопкерчилик
Тиешелүү медициналык билими жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок адамдын кесип катары дарыгерлик иш менен, анын ичинде элдик табыпчылык менен алектенүүсү, массалык түрдө табыпчылык сеанстарын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
178-берене. Жарандардын жоопкерчилиги
Жарандар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы, алардын ден соолугуна же айланасындагылардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келүүчү айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн;
2) айланасындагылардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон жугуштуу жана коркунучтуу илдеттери болгондо байкоо жүргүзүүдөн жана дарылануудан качкандыгы үчүн;
3) өздөрүнүн ден соолугуна жана жашы жете элек балдардын, кош бойлуу аялдардын ден соолугуна карата медициналык жазма буйруктарды аткарбагандыгы үчүн;
4) медициналык тез жардамды жалган чакыргандыгы үчүн.
179-берене. Медицина жана фармацевт кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Медицина жана фармацевт кызматкерлери врачтын этикасын бузгандыгы, жарандардын ден соолугуна зыян келтиргендиги, врачтык сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, жарандык мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
180-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги
1. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында, жарандык мыйзамдарында, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө жоопкерчилик тартышат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги калкка медициналык жана алдын алуучулук кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан иш-чараларга багытталуучу акча каражаттарына жана мүлккө жайылтылбайт.
3. Бейтап дарылоочу врачтын жазма буйругун сактабаганда, анын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн саламаттык сактоо уюмдары жооп бербейт.
4. Медицина кызматкерлеринин, башка адистердин, социалдык камсыздоо жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтүүчү чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
181-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу
1. Саламаттык сактоо уюмдары жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүдө алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдигин камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу уюмдары менен ыктыярдуу түрдө келишим түзөт.
2. Зыян келтирүү тобокелдигин камсыздандыруунун тартиби жана шарттары камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүдө алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурда, камсыздандыруу уюмдары жарандарга же алардын үй-бүлөлөрүнө врачтын катасынын кесепетинен тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берет.
15-глава. Корутунду жоболор
182-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, жарандык мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.
183-берене. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуу
1. Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында башка мамлекеттер менен кызматташуусу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык кызматташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуусунун алкагында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн макулдашуулар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык жарандардын саламаттыгын сактоого жана медициналык жардам алууга укуктарын чектебеши керек.
184-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган мөөнөттөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 60 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 531-ст.);
2) "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы № 2 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 227-ст.);
3) "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 4-октябрындагы № 83 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2000-жылдын 13-октябры, № 82);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 41 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 200-ст.);
5) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 460-ст.);
6) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-декабрындагы № 236 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2004-ж., № 3, 131-ст.);
7) "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 116 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74);
8) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.);
9) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 8-июнундагы № 73 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 631-ст.);
10) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 10, 734-ст.);
11) "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 9-августундагы № 166 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 22-августу, № 62);
12) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 224 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2006-ж., № 12, 1109-ст.);
13) "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 665-ст.);
14) "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1091-ст.);
15) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-февралындагы № 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 126-ст.);
16) "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 81 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 212-ст.);
17) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 351-ст.);
18) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);
19) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 137 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2748-ст.);
20) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2863-ст.);
21) "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-майындагы № 81 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 478-ст.);
22) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 27-июнундагы № 108 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 614-ст.);
23) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 63 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 243-ст.);
24) "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 951-ст.);
25) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-декабрындагы № 228 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 9, 1093-ст.);
26) "Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын 1, 2, 4 жана 5-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 303-ст.);
27) "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 304-ст.);
28) "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 544-ст.);
29) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 3, 4, 5, 6, 8 жана 9-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.);
30) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2, 89-ст.);
31) "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын 5 жана 6-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 8, 769-ст.);
32) "2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын 6 жана 11-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 12, 1013-ст.);
33) "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 9-январындагы № 1 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 1, 1-ст.);
34) "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 1, 5-ст.);
35) "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 260-ст.);
36) "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 29-июнундагы № 67 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 30-июну, № 50);
37) "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамынын 7-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 4-августу, № 61);
38) "Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын 3 жана 4-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 1-сентябры, № 69);
39) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 24-сентябры, № 99).
3. Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-январындагы № 5 (3558) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-ноябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |