Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында болгон академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт.
2. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук оз алдынчалыкка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр кардиологии и терапии имени академика Мирсаида Миррахимова при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ УКжТБ";
- расмий тилде: "НЦКиТ МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
9. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү, ошондой эле Борбордун профили боюнча илимий-изилдөө ишин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери:
1) кардиология, ички оорулар, тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) калкка кардиология, ички оорулар, тоо медицинасы, молекулярдык биология жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү;
3) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
4) илимий-изилдөө иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
5) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
7) жүрөк-кан тамыр ооруларын алгачкы жана экинчи жолу алдын алуунун натыйжалуу системасын түзүүдө жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө илимий-практикалык жардам көрсөтүү;
8) кардиологиялык, терапиялык, кардиохирургиялык профилдеги оорулардын, ошондой эле бийик тоолуу шарттардын таасиринен келип чыккан оорулардын алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы, жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялуу, анын ичинде медикаментоздук эмес методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
9) республикада кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү координациялоо;
11. Борбордун функциялары:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуусун, каза болуусун жана майып болушун азайтууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларын тоо шарттарын эске алуу менен ишке ашырууну уюштурат;
2) жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагностикалоонун инвазивдүү эмес жана инвазивдүү методдорун жүргүзөт, калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу кардиологиялык жардам, ошондой эле кечиктирилгис кардиологиялык жардам көрсөтөт;
3) кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
4) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт;
5) басма ишин жүзөгө ашырат;
6) калктын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
7) кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий изилдөөлөрдүн аткарылышын жана координацияланышын камсыз кылат;
8) бюджеттик жана акы төлөнүүчү негизде, адистиги боюнча иштөө укугуна сертификаттарды берүү менен кардиология, ички жана тоо медицинасы, молекулярдык биология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адистерди окутууну, анын ичинде дипломдон кийинки окутууну жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун материалдык базасын өркүндөтүү жана анын кадрларынын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
10) кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды маанилүү илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
11) оорулууларды окутуунун жаңы түрлөрүн (астма-клуб, коронардык оорулуулардын клубу, кан басымы жогорулардын клубу, ж.б.) иштеп чыгат жана ишке киргизет;
12) Борбордун максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарат.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
12. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) дарылоо-алдын алуу, илимий жана илимий-техникалык иштин негизги багыттарын аныктоого;
2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө, анын ичинде эл аралык, филиалдарды түзүүгө;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
6) Борбордун медициналык кызматкерлеринин, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, кызыкдар окумуштууларды жана врачтарды, анын ичинен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окумуштууларын жана врачтарын кардиалдык патологияны, тоо шарттарына байланышкан ооруларды жана ички органдардын ооруларын диагностикалоонун, дарылоонун жана алдын алуунун жаңы технологияларына (чарбалык эсептешүүнүн негизинде) окутууга, ошондой эле клиникалык ординатура, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантурасы/профили боюнча докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
7) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
9) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
10) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.
13. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн саламаттык сактоого болгон керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимди иштеп чыгууга;
6) Борбордун интеллектуалдуу ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) кардиология, ички жана тоо медицина, молекулярдык биология жана жүрөк кан-тамыр хирургиясы жаатындагы илимий жана илимий-техникалык иштин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен Борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
12) Борборго оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктун популярдаштыруунун эсебинен жогорулатууга;
15) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
16) 5 жылда бир жолудан кем эмес илимий кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүүгө;
17) калкка Борбордун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
18) экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
19) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
20) чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
21) калкты сергек жашоо мүнөзүнө пропагандалоого жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
22) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
23) бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
25) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу боюнча эсептешүүлөрдө Бирдиктүү төлөөчүнүн агенти болгон банктагы учурдагы бирдиктүү эсепти пайдаланууга;
26) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
27) белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
28) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
4-глава. Борбордун түзүмү
14. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордун директор тарабынан бекитилет.
15. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. Борбордун ишин башкаруу
16. Борборду директор жетектейт.
17. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбордун директорун сунушсуз эле өзүнүн демилгеси боюнча кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга укуктуу.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
18. Борбордун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билими;
2) окумуштуулук даражасы;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы.
19. Борбордун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруу теорияларын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) илимий жетишкендиктерди жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим жана клиникалык иштин тармагын өнүктүрүү чөйрөсүн өнүктүрүү багыттарын (концепция, иштеп чыгуу, технология же план).
20. Борбордун директору жок болгон учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. Борбордун директорунун орун басары (орун басарлары) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
22. Борбордун директору:
1) өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
2) жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы, финансылык тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) Борбордун карамагында турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
6) кызматкерлерди ишке алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
8) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
23. Илимий-техникалык кеңеш Борбордун консультациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат. Борбордун илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Борбордо иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
24. Илимий-техникалык кеңеш, эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери эгерде алар үчүн илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө кагышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
25. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Борбордун директору эсептелет.
7-глава. Борбордун каржылоо булактары
26. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджет;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын илим фонду;
4) атайын эсептердин, анын ичинен тең төлөөнүн каражаттары;
5) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) кредиттер жана гранттар;
7) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттар;
8) чет өлкөлүк жана мамлекеттик инвестициялар.
27. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
28. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
29. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
30. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.