КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-июну № 298
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун туруктуу ишин камсыз кылуу, каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 4-пунктта "Премьер-министринин", "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын", "Президентинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6, 34-пункттарда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 36-пунктта:
он алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Ысык-Көл облусунун жашоочуларын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды тиешелүү финансылык келишим түзүү аркылуу каржылоого.";
- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 2,5 пайызынан көп эмес өлчөмдөгү каражаттар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун күтүүгө пайдаланылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |