Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XX сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 133
Тоң райондук прокуратурасынын сунуштамасы жөнүндө
Тоң райондук прокуратурасынын 25.01.2023-жылдагы №1115/23 сунуштамасы кароо жөнүндө К.Жумабек уулунун билдирүүсүн жана укук, депутаттык этика жана маданият боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң райондук прокуратурасынын 25.01.2023-жылдагы №1115/23 сунуштамасы кабыл алынсын.
2. Тоң райондук прокуратурасынын 25.01.2023-жылдагы №1115/23 сунуштамасынын негизинде Улахол айылдык Кеңешинин 14.04.2022-жылдагы №57 жана 23.11.2022-жылдагы №111 токтому жокко чыгарылсын.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-мартындагы №133 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Жолалиев |