Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 11-июну № 92
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 8-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоого кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адам;";
2) 17-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пунктта "бир айлык" деген сөздөр "бир айга чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пунктта "кошумча окуудан өтүү сунуштамасы менен 3 айга" деген сөздөр "кошумча окуудан өтүү мезгилине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пунктта "2 айлык" деген сөздөр "бир айга чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 7-пунктта "бир айлык" деген сөздөр "бир айга чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 18-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоого кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адамга карата кылмыш ишин жана/же кылмыш куугунтуктоосун кыскартуу жөнүндө токтомдун болушу;";
4) 29-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Нотариалдык палата менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн аныктоо методикасы менен аныкталат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 25-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |