Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-майы № 2080-VII
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2023-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2023-жыл үчүн ар жылдык баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) 2023-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы эске алынсын.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Улуттук борбордун төмөнкү сунуштамаларын аткаруу максатка ылайык деп эсептелсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноолор" беренесин БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесинде камтылган бардык элементтерге ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине "катаал мамиле жасагандыгы" үчүн жоопкерчилик жана жаза бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 494-беренесине Координациялык кеңештин мүчөлөрүн, Улуттук борбордун кызматкерлерин аларга карата кылмыш иштери боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулуучу адамдардын категориясына киргизүү жөнүндө өзгөртүү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55 токтому менен бекитилген Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого карата тартиптин талаптарын эске алуу менен аларды жаңылоого жана реконструкциялоого каражат бөлүү менен администрациялык камералардын иш жүзүндөгү абалына баалоо жүргүзсүн;
- талаптарга ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 190 буйругу менен бекитилген № 003-у Медициналык кароо формасы жок кармалган адамдарды убактылуу кармоочу жайга киргизүү практикасын алып салуу жөнүндө маселени карасын;
- жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына этап-этабы менен которуу боюнча ишти кайра баштасын;
- камакка алынган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөп жаткан жерлердеги адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча ишти күчөтсүн;
- камалгандардын жашоо шарттарын жакшыртуу, санитардык жана гигиеналык ченемдерди, бөлмөлөрдү жарыктандырууга, жылытууга жана желдетүүгө талаптарды сактоо, камалгандарды дене тарбия машыгууларына жана сергек жашоо ыңгайына тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- тергөө-камакка алынган адамдарды ТИЗО-1де кармоо үчүн камераларды жайгаштыруу максатында цоколдук, жертөлөдөгү жайларды пайдалануу практикасы алып салынсын;
- кармалган адамды ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторуна киргизүүдө медициналык кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 190 буйругу менен бекитилген № 003-у Медициналык кароо формасын толтуруусу боюнча талаптардын сакталышын камсыз кылсын;
- сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жөнүндө токтом чыгарган кылмыш жасаган адамдарды дарылоо үчүн бөлүмдү жана Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүн ачуу тууралуу маселени карасын;
- Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган ар кандай көрүнүштөрдү жокко чыгаруу боюнча иш жүргүзсүн;
- "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин Координациялык кеңештин сунуштамаларын жана Улуттук борбордун кыйноолорду, катаал мамилени колдонуу фактылары жөнүндө билдирүүлөрүн аткаруу бөлүгүндөгү талаптарынын сакталышына контролду күчөтсүн, ага ылайык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары сунуштарды алган күндөн тартып бир айдын ичинде көрүлгөн чаралар жөнүндө Координациялык кеңешке маалымдоого, ал эми кыйноолорду жана катаал мамиленин башка түрлөрүн колдонуу фактылары Улуттук борбор тарабынан аныкталган учурларда - ушундай мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызматкерге карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү;
- "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине, аларды кармоонун тартибине жана шарттарына, ошондой эле кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын алуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Улуттук борборго жиберүү жөнүндө маселени карасын;
- гумандуу мамилеге болгон укукту камсыз кылуу жана кыйноолордун курмандыктарынын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселесин карасын;
- эл аралык жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмин жөнгө салган мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- камакка алуу (кош бойлуулуктун, жаш балдардын, майыптыктын, оорулардын ж.б. болушу) түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жагдайларын кайра кароого, параллелдүү медициналык кызматтарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына которууга, түрмөдөгү психиатриялык жардамды саламаттык сактоонун жалпы системасына интеграциялоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон катуу оорулардын тизмесин жана катуу оорулардан жапа чеккендерди эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүүнүн жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууга сунуштоонун тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө маселени карасын;
- Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык оорукананын жана Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык оорукананын № 8 бөлүмүндө кармалып турган адамдарды кайтаруу боюнча функцияларды контракттык негизде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментине жүктөө жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик органдардын расмий сайттарында Улуттук борбордун ар жылдык баяндамаларын жарыялоо боюнча "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун аткарылышын контролдоону күчөтсүн;
- "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 405 токтомунда каралгандай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы интернат тибиндеги балдар мекемелеринде балдардын тамактануу ченемдерин 28 сомдон 220 сомго чейин жогорулатууну каржылоо маселесин чечсин;
- Улуттук борборду транспорт каражаты менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- иши тергөөдөгү камакка алынган адамдарды ички иштер органдарынын убактылуу кармоо изоляторлорунда кармоо жөнүндө түздөн-түз көрсөтмө менен аларга бөгөт коюу чарасын тандоо жана кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттордун токтомдорун чыгаруу практикасын жойсун;
- соттор тарабынан түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө маселени кароодо, ошондой эле катуу ооруп жаткан соттолгондорго карата жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну дайындоодо мыйзамдардын сакталышына контролду күчөтсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- кыйноолор жөнүндө арыздарды текшерүүгө карата, анын ичинде кылмыш жөнүндө билдирүүлөрдү алдын ала текшерүү баскычындагы минималдуу талаптардын аткарылышына, ошондой эле тергөө мөөнөттөрүнө болгон контролду күчөтсүн;
- курамга көз карандысыз эксперттерди киргизүү менен кыйноолор жөнүндө арыздар боюнча алдын ала текшерүүнүн сапатын текшерүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө маселени карасын;
- Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине Маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган иштерди ички ведомстволук эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- көз карандысыз эксперттерди тартуу менен соттук-медициналык экспертизаларды берүүнүн сапатына талдоо жүргүзүү жөнүндө маселени карасын;
- тийиштүү квалификациядагы прокурордук кызматкерлерди окутуу менен "Стамбул протоколунун" экинчи басылышынын негизинде Кыйноолорду колдонуу фактыларын иликтөө боюнча колдонмону иштеп чыгуу жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдү түзүү аркылуу кыйноолорду колдонуу фактыларын териштирүү боюнча көз карандысыз органды түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
3. Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан кабыл алган сунуштардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана кезектеги ар жылдык баяндаманы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдө маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |