Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 15-январы № 7

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай

нормалары жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2022-жылдын 29-июлундагы № 405, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарын кошумча социалдык колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. 2008-жылдын 1-январынан тартып социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын эсептик акчалай нормалары тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессинде каражат болгон учурда чекене баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен тамак-ашка сарптоолордун акчалай нормаларын индексациялоого укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга республикалык бюджетте тамак-аштын акчалай нормаларынын өзгөрүшүнө байланыштуу кошумча сарптоолорду карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2008-жылдын 1-февралына чейин белгиленген тартипте төмөнкүлөр жөнүндө нускамаларды иштеп чыксын жана бекитсин:

- республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки мекемелерде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө;

- интернат мекемелеринде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомунун 3 жана 4-пункттары;

- "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 419 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү-төртүнчү абзацтары;

- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31 -июлундагы № 510 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун 1-пункту;

- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 528 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 15-январындагы

№ 7 токтомуна тиркеме

 

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай

Нормалары

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2022-жылдын 29-июлундагы № 405, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

бир күнгө сом менен

 

1.

Балдардын тамак-ашына эсептөө нормалары:

 

а)

балдар яслилеринде жана бакчаларда төмөнкү

курактагылар үчүн:

- үч жашка чейин

9-10 саат болуучуларга

 

 

 

13

12-24 саат болуучуларга;

18

- үчтөн жети жашка чейин:

9-10,5 саат болуучуларга

 

18

12 саат болуучуларга

20

24 саат болуучуларга

22

б)

санаторияларда, мектепке чейинки мекемелерде

төмөнкү курактагы балдар үчүн:

үч жашка чейин

 

 

22

2

Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаториядан тышкары)

60

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)

21

Кесиптик-техникалык окуу жайларда (камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алынган окуучуларды кошкондо)

30

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)

3

Атайын интернаттарда жана мектептерде, "Акылман" президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн

220

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)

4.

Санаториялык типтеги мектеп-интернаттарда:

- мектепке чейинки курактагы балдар үчүн

29

- мектеп курагындагы балдар үчүн

110

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404 токтомунун редакциясына ылайык)

5.

Атайын орто музыкалык жана көркөм-өнөр мектептеринин алдындагы мектеп-интернаттарда

 

110

- Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп - интернаты үчүн

213

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6.

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн

220

- бардык типтеги мектеп-интернаттардагы багуусуз (камкордуксуз) жетим балдар үчүн

 

 

220

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар үчүн;

50

 

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучулары үчүн;

110

 

 

Жайкы ден соолукту чыңдоочу, эс алуу мезгилинде Ош шаарындагы "Барчын" санаторий-профилакторийинде жана Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейинин базасында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка социалдык жактан аялуу категориялардагы окуучулары үчүн.

200

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)

8.

Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу

жайы үчүн

 

213

(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиялык окуу

жайы үчүн

 

213

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9.

Багууда (камкордукта) турган студенттер жана

окуучулар үчүн (окуу процессинин мезгилинде)

18

10.

Олимпиадаларды, слетторду, жыйындарды,

кароолорду, конкурстарды жана башка иш-чараларды

өткөрүүдө спортсмендер жана катышуучулар үчүн:

- спортсмендер үчүн (орточо)

 

 

 

83

- башка катышуучулар жана калыстар үчүн

55

11.

Мелдештердин жана мелдештерге даярдануу боюнча │ │

окутуу-машыктыруучу жыйындардын катышуучулары

жана спортсмендер үчүн:

- райондук спорттук мелдештер (бардык

 катышуучулар жана калыстар үчүн)

 

 

 

 

68

- облустук спорттук иш-чаралар (бардык

 катышуучулар жана калыстар үчүн)

 

90

- республикалык спорттук иш-чаралар, мамлекеттер│

 аралык мелдештерге даярдоого байланыштуу

 атайын жыйындар, мамлекеттик спорттук

 иш-чаралар:

спортсмендер үчүн

109

башка катышуучулар үчүн

83

- эл аралык мелдештерге, эл аралык спорттук

 иш-чараларга даярдоо боюнча окутуу-машыктыруу

 жыйындар:

спортсмендер үчүн

 

 

 

250

башка катышуучулар жана калыстар үчүн

210

- мамлекеттик жана эл аралык спорттук

 мелдештерге баруучу окутуу-машыктыруу

 жыйындарга катышуучу-спортсмендер төмөнкүлөр

 менен камсыздалат:

фармакологиялык калыбына келтирүү каражаттары

120

витаминдер жана белок-глюкоза препараттары

145

12.

Саламаттык сактоо мекемелери үчүн

41ден аз эмес

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)

13

Саламаттык сактоо системасынын балдар үйү үчүн

220

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборлору үчүн

220

балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборлору үчүн

220

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 405 токтомунун редакциясына ылайык)

14.

Социалдык мекемелер үчүн тамак-аштын эсептик нормалары:

улгайган жарандар жана майыптар үчүн жалпы типтеги

үй-интернаттарында

 

 

200

 

чоң кишилер үчүн психоневрологиялык

үй-интернаттарында

 

200

 

балдар үчүн

220

 

Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо

жана реабилитациялоо борборунун стационарынын

майыптары үчүн

 

 

200

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Эскертүү. Муниципалдык мекемелер тамак-аштын ушул нормаларын жетекчиликке алат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси - министр

 

 

М.Исмаилов