Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезекcиз V сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 25-ноябры № 19
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 “Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 17, 25, 27, 30, 34, 39 жана 40-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы №08-6/1722 Ош шаарындагы коомдук транспортто жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин өзгөртүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 19-ноябрындагы №3 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 “Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин деген пункттун:
-1-пунктчасындагы “10 (он)” деген сан “15 (он беш)” деген санга алмаштырылып, “кичи автобустарда 15 (он беш) сом, кыш мезгилинде кичи маршруттук каттамдарда жол акы тарифи кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин жана жай мезгилинде кечки саат 21:00дөн 23:00гө чейин 20 (жыйырма) сом” деген сүйлөмдөр менен толукталсын.
-2-пунктчасындагы “автобустарда 8 (сегиз) сом” деген сүйлөм, “муниципалдык автобустук каттамдарда электрондук карталарды колдонгон жүргүнчүлөр үчүн 8 (сегиз) сом” деп окулсун.
-3-пунктчасындагы “троллейбустарда 6 (алты) сом” деген сүйлөм, “муниципалдык троллейбустук каттамдарда электрондук карталарды колдонгон жүргүнчүлөр үчүн 8 (сегиз) сом” деп окулсун.
-4-пунктча алынып салынсын.
Ал эми токтомдун 2-пункту өзгөртүлүп, “мектеп окуучуларына жол акы муниципалдык транспортто (автобустарда, троллейбустарда) 3 (үч) сом, кичи маршруттук автобустарда 5 (беш) сом өлчөмүндө белгиленсин” деп окулсун.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С.Назылбеков |