Редакцияот 25.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош шаардык кеңешинин кезекcиз V сессиясы (V чакырылыш)

2021-жылдын 25-ноябры №20

Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 115-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 17, 25, 27, 30, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 21-октябрындагы №08-6/1549, 2021-жылдын январь-сентябрь айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы менен кошумча келип түшкөн кирешелердин эсебинен 13 287 264 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 12-ноябрындагы отурумунун №6 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

 

 

1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-жылдын январь-сентябрь айында аткарылышынын жыйынтыгы менен кошумча келип түшкөн кирешелердин эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

 

2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу жүктөлсүн.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Назылбеков

 

 

Ош шаардык кеңешинин

2021-жылдын 25-ноябрындагы

кезексиз V сессиясынын

№20 токтомуна тиркеме

 

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-жылдын

январь-сентябрь айында аткарылышынын жыйынтыгы менен кошумча

келип түшкөн кирешелердин эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттар:

 

 

- 3500 000 сом акча каражаты, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, (транспорттук жана башка чыгымдарына кошумча);

 

- 463 800 сом акча каражаты, Ош шаарынын мэриясынын автогараж ишканасына (транспорттук чыгымдарына кошумча);

 

- 1500 000 сом акча каражаты, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кварталдык комитеттеринин төрагаларынын эмгек акысына кошумча иретинде;

 

- 1200 000 сом акча каражаты, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Орке айылындагы №34 “Ч.Түлөбердиев” атындагы орто мектебине баруучу жолго асфальт төшөө иштерине;

 

- 300 000 сом акча каражаты Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар патологиясынын бөлмөлөрүн оңдоп-түзөө иштерине;

 

- 1700 000 сом акча каражаты, №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын административдик имаратынын жылуулук системасын курууга, электр зымдарын тартууга, эмеректерди сатып алууга жана башка курулуш иштерине;

 

- 123464 сом акча каражаты, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын бөлмөлөрүнүн терезелерин алмаштырууга;

 

- 3500 000 сом акча каражаты,“Алай” футболдук клубуна машыгуу үчүн футбол аянтчасын курууга;

 

- 500 000 сом акча каражаты, Ош шаарында кыш мезгилинде жолдорду тейлөө иштерине.

 

Ош шаардык

кеңешинин

аппарат жетекчиси

 

 

К.Камчиев