Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-июну № 100
Кыргыз Республикасынын адал индустрия жөнүндө
1- берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам адал индустриясын өнүктүрүү жана адал продукцияга жана аны маркалоого, адал кызматтарды көрсөтүүгө болгон талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт жана адал индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу жеке керектөө үчүн өндүрүлүүчү адал продукцияны өндүрүүгө байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.
2- берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын бирдиктүү реестри - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары, сертификаттоо боюнча органдар, адал сертификаттоонун техникалык аудиторлору жөнүндө маалыматтар базасы;
2) "адал" шайкештик белгиси - жүгүртүүгө чыгарылуучу адал продукциясынын таңгагына түшүрүлгөн жана анын адал продукцияга жана (же) кызмат көрсөтүүлөргө стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктоочу жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилер жана (же) алардын айкалышы түрүндөгү белги;
3) адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын ишинин маселелери боюнча техникалык комитет - адал индустрия жаатында стандарттарды иштеп чыгуу боюнча адал индустрия чөйрөсүндө консультациялык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу консультациялык орган;
4) сертификаттоо боюнча органдар - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - резиденттери;
5) адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарт - стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынган стандарт;
6) "адал" шайкештик сертификаты - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашуу боюнча сертификаттоо органы тарабынан берилүүчү, адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктоочу документ;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты аныктоочу мамлекеттик орган;
8) адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме;
9) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрүн өндүрүүчү, экспорттоочу, сатуучу же импорттоочу катары Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык иштерди жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар;
10) адал продукция - адал продукцияга карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык өндүрүлгөн продукция;
11) адал кызмат көрсөтүүлөр - адал кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш.
3- берене. Адал индустрия жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Адал индустрия чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделет.
4- берене. Адал продукцияны өндүрүү жана кызмат көрсөтүү принциптери
1. Адал продукцияны өндүрүү жана кызмат көрсөтүү төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) адал продукцияны өндүрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу тартипте жүзөгө ашыруу;
2) продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына, ошондой эле белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык келиши;
3) продукцияны өндүрүү, таңгактоо, сактоо, ташуу (транспорттоо) жана сатуу процессинде алдамчылыктын жана көз боёмочулуктун жоктугу;
4) туруктуу өндүрүш методдорун колдонуу жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу;
5) тыюу салынган ингредиенттерди, анын ичинде ГМОну алып салуу.
2. Өндүрүлгөн адал продукция төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
1) адал продукцияга карата стандарттардын талаптарына ылайык келбеген жаныбарлардан алынган азыктардан жана (же) ингредиенттерден жасалган бөлүктөрдү же продуктуларды курамында камтыбоосу;
2) азыктар же алардын бөлүктөрү адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарын сактабастан союлган жаныбарлардан алынган азыктардан жасалбоого тийиш;
3) адал продукцияны өндүрүү үчүн талаптарга ылайык жабдууларды пайдалануу менен өндүрүлүүгө тийиш;
4) адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз болушу керек.
5- берене. Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) эл аралык талаптарга ылайык, экономиканын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
2) адал индустрия чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана катышуучулардын ишин координациялайт;
3) адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын ишинин маселелери боюнча техникалык комитет менен бирдикте адал индустрия чөйрөсүндөгү методологиялык камсыз кылууну жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
4) атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзөт.
2. Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:
1) адал индустрия чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашырат;
2) адал индустрия чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат;
3) ата мекендик адал продукция өндүрүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорттук дараметин жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
4) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучуларынын бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
5) "адал" улуттук белгисинин реестрин жүргүзөт;
6) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча органдардын реестрин жүргүзөт;
7) адал сертификаттоонун техникалык аудиторлорунун реестрин жүргүзөт;
8) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучуларынын, ошондой эле сертификаттоо боюнча органдардын адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарын сактоо иштерине мониторинг жүргүзөт;
9) адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын ишинин маселелери боюнча техникалык комитет менен бирдикте сертификатталган продукцияга мониторинг жүргүзөт;
10) адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарын сактабагандыгы үчүн "адал" шайкештик сертификатын артка кайтарып алуу жол-жобосун демилгелөөнү сертификаттоо органдарынан талап кылууга укуктуу;
11) адал индустрия чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтөт;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6- берене. Адал продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо
1. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктоо үчүн өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү улуттук аккредитациялоо тутумунда аккредитацияланган сертификаттоо органдары же аккредитациялоо жаатына ылайык аккредитациялоо боюнча эл аралык деңгээлде таанылган чет өлкөлүк орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Өлкөлөр ортосунда адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификаттарды өз ара таануу адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификаттарды өз ара таануу жөнүндө түзүлгөн эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат жана ар бир өлкөдө колдонулуучу жол-жоболорго ылайык адал индустрия боюнча тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын тизмесине (реестрине) киргизилген сертификаттарга гана жайылтылат.
4. Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо тутумун "адал" стандарттарына ылайык жүргүзүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жана өлкөлөр ортосунда адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификаттарды өз ара таануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Көңүл буруңуздар! Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүн, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7- берене. "Адал" белгиси менен маркалоо
1. Адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына шайкештиги тастыкталган продукция жана кызмат көрсөтүүлөр "адал" белгиси менен маркаланат. Этикеткаларда "мусулман азыгы", "халал", "адал", "halal", "حلال” деген жазууларды колдонууга жол берилет.
2. Адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттарга шайкештиктин "адал" улуттук белгиси адал индустрия чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет, ал экспорттолуучу продукция үчүн пайдаланылат.
3. "Адал" стандарттарынын талаптарына шайкештиги боюнча сертификаттоодон өтпөгөн продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "адал" белгиси менен маркалоого жана этикеткаларына "мусулман азыгы", "халал", "адал", "halal", “حلال” деген жазууларды чыгарууга жол берилбейт.
4. Адал продукт менен түздөн-түз катышта болгон этакеткалардын, ярлыктардын, кошумча баракчалардын материалдары адал продукцияны өндүрүү жана кызмат көрсөтүү принциптерине ылайык келүүгө тийиш.
5. Продукциянын этикеткаларында продукция адал продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык өндүрүлгөндүгү жөнүндө сатып алуучуну түздөн-түз же кыйыр адаштырышы мүмкүн болгон "адал" шайкештик белгисин маркалоого окшош жазууларды (сүрөттөрдү, белгилерди, символдорду, логотиптерди) пайдаланууга жол берилбейт.
6. Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоо тутумун "адал" стандарттарына ылайык жүргүзүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8- берене. Адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын реестри
1. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертафикаттоо органдары тарабынан берилген сертификаттардын реестри жүргүзүлөт жана адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга маалымат берилет.
2. Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертафикаттоо боюнча органдар берген маалыматтарга ылайык адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын бирдиктүү реестрин түзөт.
3. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертафикаттоо боюнча органдарды адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын бирдиктүү реестрине киргизүү алардын компетенттүүлүгү улуттук аккредитациялоо тутумунда же аккредитациялоо боюнча эл аралык деңгээлде таанылган чет өлкөлүк органда тастыкталган учурда жүзөгө ашырылат.
4. Адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү жана ага киргизүү тартиби адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
9- берене. Адал индустрия чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл (контроль) жана мониторинг
1. Адал индустрия чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл (контроль) көзөмөлдөө (контролдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучуларынын, сертификаттоо боюнча органдардын, адал сертификаттоонун техникалык аудиторлорунун адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарын сактоо боюнча ишине мониторинг жүргүзө алат.
10- берене. Адал индустрия жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучуларды бирдиктүү реестрден төмөнкүдөй учурларда чыгарып сала алат:
1) адал продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарын олуттуу же үзгүлтүксүз бузганда;
2) сертафикаттоо боюнча органга, адал индустрия чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жалган жана (же) адашууга алып келүүчү маалыматтарды бергенде;
3) ушул Мыйзамдын талаптарын сактабаганда.
2. Адал продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптары дайыма бузулган учурда, алар жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы мүмкүн.
3. Эгерде продукция ушул Мыйзамдын, адал продукцияга техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык келбей тургандыгы адал сертификаттоонун техникалык аудиторлору тарабынан аныкталса, адал продукцияны жүгүртүүгө чыгарган адал продукцияны жүгүртүүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн катышуучулары продукцияны жүгүртүүдөн артка кайтарып алууга милдеттүү.
4. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
11- берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүн кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |