Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-июнундагы № 44
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңеинин 2022-жылдын 29-декабрдагы VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №77 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 1,3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун реализациялоо максатындагы Баткен шаардык Кеңеинин 2022-жылдын 29-декабрдагы VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №77 токтомуна толуктоолорду киргизүү максатында, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун жобосуна ылайык шаар аймагында жер аянттарын бекитип берүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Баткен шаарынын аймагында тургундардын ээлеп жүргөн жер аянттары аймактардагы белгиленген норма менен бекитилип берилсин.
3. Шаар тургундарынын калктуу конуштан алыс жайгашкан жер мунапысына кирген айыл чарба категориясындагы жерге мыйзамсыз курулган курулуш жана курулмалар “Багбанчылык-дача” катары эсептелип ,жалпы аянтын ичинен 0,10 га бекитилип берилсин
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирлсин.
5. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага |
| А.Мурзалиева |