Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилди) |
Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 6-мартындагы № 134, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591, 2025-жылдын 28-майындагы № 284,
2026-жылдын 15-майынын № 344 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жер мунапысын жүргүзүү, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин калыптандыруу, коомчулукту кабарлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жобосун аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майынын № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жер мунапысынын объектилерине өзүнүн колдонулушун жайылтат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү маселелерин кароодо «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ушул Жобо күчүнө кирген датадан тартып жергиликтүү калкка жалпыга маалымдоо каражаттарында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыялоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан атайын көрүү жерлерине (такта, стенд) жайгаштыруу аркылуу жер мунапысын жүргүзүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт.
Жер мунапысын жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174, 2025-жылдын 28-майындагы № 284, 2026-жылдын 15-майындагы № 344 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Терминдер жана аныктамалар
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Арыз берүү тартиби, комиссияны түзүү жана
контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин
алдын ала тизмегин, жер мунапысынын объектилеринин
пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин түзүү жол-жобосу
9. Шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жер мунапысын жүргүзүү үчүн комиссиялар түзүлөт.
Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өзгөчө кырдаалдар органдарынын, энергетика чөйрөсүндөгү органдардын, экология органдарынын, суу ресурстары органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органдарынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
Комиссия зарыл болгон учурда тиешелүү ведомстволордун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрүн тарта алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн жер участогу жайгашкан жер боюнча комиссияга арыз менен кайрылат.
Арыздарды жана документтерди кабыл алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары тарабынан жер мунапысын жүргүзүү жол-жобосу башталганы жөнүндө жарыяланган күндөн тартып ишке ашырылат.
Арызга "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктунда каралган жер мунапысынын объектисинин түрүнө ылайык төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- жеке жак үчүн - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун көчүрмөлөрү (болсо);
- өкүлдөрдүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;
- объектини сатып алуу фактысын ырастаган документтер (болсо) (жер мунапысынын объектисин сатып алуу фактысын ырастаган документтер же тиешелүү тил каттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, жер салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана жер мунапысынын объектилерине тиешеси бар башка документтер);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүүнүн натыйжасында "айыл чарба" максаттуу багытына ээ жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар;
- "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган сугат айдоону жеке турак жай куруу үчүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук улантуучусу болуп саналган органдардын чечимдеринин түп нускалары же архив чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, мында жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары (айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечими, техникалык-экономикалык негиздемеси менен башкы план же шаар куруу документтери, жер участогун изилдөө актысы, экспликация жана жер участогунун планы) тиркелет - "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктунун б) пунктчасында каралган жер мунапысынын объектисине карата колдонулат.
Тапшырылган материалдардын аныктыгы үчүн арыз ээси жеке жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
101. Арыз ээси арыз бергенден кийин каза болгон же ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда комиссия тарабынан жер мунапысынын алкагында жер участогуна укуктарды бекитүүгө талапкер болгон адам алмаштырылат.
Адамды алмаштырууда комиссияга үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ага жер участогуна укуктарды бекитип берүү өтүнүчү менен арызы төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:
– мурунку арыз ээсинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
– мурунку арыз ээси менен туугандык байланышын ырастаган жаңы арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (арыз ээси мурунку арыз ээсинин баласы болгон учурда);
– мурунку арыз ээси менен никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (арыз ээси мурунку арыз ээсинин жубайы болгон учурда);
– үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине жер участогуна укукту бекитүүгө калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу.
Арыз ээси алмаштырылгандан кийин арызды кароо токтотулуп турбайт жана токтотулбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек жана Ош шаарларына кошулган аймактарда Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары коомчулукка билдирүүнү жүргүзүүдө тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан мурда колдонулган жер мунапысын жүргүзүү, чектердин тизмектерин, жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелерин бекитүү тартибин жетекчиликке алууга укуктуу.
Бишкек шаарынын мэри чектердин тизмектерин, жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелерин бекитүү жана пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда жайгашкан жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча функцияларды аймактык жана/же ведомстволук бөлүмдөргө өткөрүп берүүгө укуктуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша комиссия аларды компетенциясына ылайык корутундуларды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү аймактык бөлүмдөрүнө жиберет:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү - жер участогу боюнча сот органдарынын чечимдеринин бар же жок экендигине;
- тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө - белгиленген тартипте бекитилген Республикалык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин тизмелеринде тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине;
- саламаттыкты сактоо, санитардык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө - адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү объекттердин (көрүстөндөрдүн, мал көмүлүүчү жайлардын, таштанды таштоочу жайлардын ж.б. санитардык-коргоо зоналарынын) болушуна же жоктугуна;
- айлана-чөйрөнү, экологияны жана климатты коргоо чөйрөсүндө - айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү объекттердин болушуна же жоктугуна;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө - жер участогунун табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал зонасына түшкөндүгүнө.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн корутундулары комиссияга 3 жумуш күндүн ичинде акысыз берилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү каралган мөөнөттө корутунду бербеген учурда комиссия тарабынан бул мамлекеттик органдын оң позициясы катары чечим кабыл алынат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери корутундулардын тууралыгы жана аларды аткаруу мөөнөттөрү үчүн кылмыш-жаза, жер жана эмгек мыйзамдары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жеке жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Тиркелген документтер менен арыздарды ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу аяктагандан кийин комиссия жер участогунун жайгашуу схемасы жана жерлердин экспликациясы менен жер мунапысынын объектилерине туура келген контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин тизмегин (мындан ары - Чектердин тизмеги), ошондой эле жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш алдын ала тизмесин (мындан ары - Тизме) түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
121. 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулуштар бар болгон учурда, жер мунапысынын объектилеринин так тизмегин аныктоо максатында комиссия баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобун аныктайт.
Баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобу деп 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган, бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылган, бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан жер участокторунун жыйындысы эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майынын № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
122. 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирген бош жер участоктору боюнча арыздарды жана аларга тиркелген документтерди комиссия Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссияга (андан ары – Мамлекеттик комиссия) корутунду алуу үчүн жиберет.
Мамлекеттик комиссия кошумча маалыматтарды талап кылуу зарылдыгы келип чыккан учурларды кошпогондо, материалдарды келип түшүүсүнө жараша, алар катталган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө карайт. Материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
– жер участогун легалдаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө;
– жер участогун мамлекеттик менчикке алып коюу зарылдыгы жөнүндө (терс корутунду);
– кемчиликтерди четтетүү жана кошумча материалдарды берүү үчүн материалдарды кайтарып берүү жөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майынын № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле Мамлекеттик комиссиядан терс корутунду келип түшкөн учурда, же болбосо комиссия тарабынан жер участогу 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирбеген жана жер мунапысынын объектиси болуп саналбаган участок деп белгиленген учурда, комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган баш аламан курулушу бар жер участокторунун тобуна кирбеген жер участоктору боюнча терс чечим кабыл алынган учурда комиссия бул жер участокторун белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алуу маселесин кароо үчүн арыздарды жана аларга тиркелген документтерди Мамлекеттик комиссияга жөнөтөт.
Эгерде комиссия терс чечим кабыл алгандан кийин жер участогу ченемдик укуктук актылардын жана жаңы жагдайлардын негизинде жер мунапысынын объектиси катары таанылса, анда комиссия мурда кабыл алган чечимди кайра кароого укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майынын № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
14. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 344 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Коомчулукка билдирүү, жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмегин жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин бекитүү жол-жобосун
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Комиссия ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн жол-жоболор аяктагандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Чектердин тизмегин жана Тизмени коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жиберет.
Ушул Жобого ылайык Мамлекеттик комиссиянын корутундусун талап кылган жер участоктору боюнча коомчулукту кабарлоо үчүн Чек аралардын тизмегин жана Тизмени жөнөтүү Мамлекеттик комиссиядан оң корутунду келип түшкөндөн кийин жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Чектердин тизмеги жана Тизме келип түшкөндөн кийинки күнү аларды коомчулукка билдирүүгө алып чыгат.
Коомчулукка билдирүүнүн мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майынын № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмеги жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында болгон атайын кароо жерлерде (такта, стенд) же жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыяланууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ошол жер мунапысынын объектиси боюнча кызыкчылыктары бири-бирине байланышкан жеке же юридикалык жактар комиссияга жер мунапысынын объектисин көрсөтүү, Тизмедеги кандай болбосун каталарды же так эместиктерди баяндоо менен жазуу жүзүндө доомат коё алышат.
Дооматтар комиссия тарабынан 7 жумуш күндүн ичинде каралат, комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
Комиссия белгиленген 30 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин берилген дооматтарды карабайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия дооматтар жок болгон учурда жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмегин жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин 3 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөргө жиберет:
- арыз ээлерине андан ары токтоосуз билдирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына;
- багбанчылык-дача участокторунан тышкары, алдын ала Схемаларды жана жерге жайгаштыруу долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чытуу үчүн архитектура жана шаар куруунун тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 284 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр ушул Жобонун 18-пунктунун төртүнчү абзацында мамлекеттик тилинде, ", " тыныш белгиси кагаз түрүндө көрсөтүлгөн эмес
181. "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына киргизилген жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жалпы пайдалануудагы жерлерди эсепке албастан ээлеп турган жер участогунун иш жүзүндөгү чектерине жараша белгиленет.
"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына киргизилген жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак үй куруу үчүн ушул айыл аймагында же калктуу конушта бекитилген чектүү аянтка жараша жерге жайгаштыруу схемасына жана долбооруна ылайык белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 284 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Арыз ээлери кабарлоону алгандан кийин Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун белгиленген тартипте өз каражаттарынын эсебинен иштеп чыгуу үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорлорун комиссиянын кароосуна жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ушул Жобонун 15-20-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболордун жыйынтыгы боюнча комиссия Чектердин акыркы тизмегин, Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун жана Тизмени түзөт.
Чектердин тизмегинин, Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорунун жана Тизменин негизинде комиссия аларды жактыруу жөнүндө протоколду тариздөө менен чечим кабыл алат жана 3 жумуш күндүн ичинде аларды бекитүү үчүн аны жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же шаардын мэриясына жиберет.
Ушул Жобого ылайык Мамлекеттик комиссиянын корутундусун талап кылган жер участоктору боюнча комиссиянын жактыруу жөнүндө чечими Мамлекеттик комиссиянын оң корутундусу болгон учурда кабыл алынат.
Комиссия чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин кворуму болгон учурда комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрү кол коёт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174, 2026-жылдын 15-майындагы № 344 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтому менен ушул Жобонун 21-пунктунун экинчи абзацында мамлекеттик тилде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кагаз версиясында көрсөтүлгөн сөздөрдүн жөндөмө формасына туура келбейт
41. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын Бишкек жана Ош шаарларында жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
211. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарды бекитүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркеп, арыз менен кайрылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
212. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын өкүлдөрү, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишин жетектөө боюнча функцияларды администрациялык райондордун башчыларына өткөрүп берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)
213. Жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмү тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша тийиштүү корутунду даярдоо үчүн аларды архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жөнөтөт, ал белгиленген тартипте жер участогунун схемасын даярдайт жана жер участогунун схемасы даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен бир эле убакта тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга өздөрүнүн компетенциясынын алкагында 5 жумуш күндүн ичинде корутунду берүүсү үчүн жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
214. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү суроо-талап түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жер участогунун чектерин жана аянтын, бул жер участогуна карата үчүнчү жактын укуктарынын, жүктөөлөрдүн жана чектөөлөрдүн болушун тактоо менен корутунду жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)
215. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген учурларда, ошондой эле тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын терс корутундулары келип түшкөн учурда, тийиштүү корутундуну даярдоодон баш тартат, ал жөнүндө комиссияга жана арыз ээсине баш тартуунун себептерин негиздеген кат жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)
216. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнөн терс корутунду келип түшкөн учурда, комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө комиссиянын жүйөлөнгөн чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)
217. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды берүү мүмкүнчүлүгү белгиленген учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү:
- жер участогунун чектеринин сыпаттамасы каралган, аянты жана анын жайгашкан жери көрсөтүлгөн тийиштүү корутундуну даярдайт;
- арыз ээсине тийиштүү корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарламаны жөнөтөт. Корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө ыйгарым укуктуу органдарда берилген эсептөөлөргө ылайык арыз ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат;
- арыз ээсине бардык материалдары тиркелген тийиштүү корутундуну берет, арыз ээси аны жер мунапысынын объектисине менчик укугун бекитүү үчүн жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
218. Жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмү бардык материалдары тиркелген корутундуну алгандан кийин ушул Жобонун 16-пунктун эске алуу менен жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтердин пакетин түзөт жана коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
219. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмү бардык тиркелген материалдары менен корутундулардын келип түшүшүнө жараша жер мунапысынын ар бир объекти боюнча документтердин пакетин түзөт жана комиссиянын жыйналышынын датасын дайындайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
2110. Комиссиянын жыйналышында жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө же бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, ал протокол менен таризделет, ага катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү жана комиссиянын катчысы кол коёт. Протокол кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү укугу берилген мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө тиешелүү чечимди 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алуу үчүн жиберилет.
Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси жыйналышка катышса, комиссия чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн ичинен көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Багбанчылык-дача участокторуна укукту
бекитүүнүн тартиби
22. Ушул Жобонун 3 жана 4-главаларынын ченемдери багбанчылык-дача участокторуна жайылтылбайт.
23. Багбанчылык-дача участоктору боюнча жеке жак мунапыс жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына багбанчылык-дача китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечимин тиркөө менен жер участогуна укукту бекитүү жөнүндө арыз берет.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок багбанчылык-дача жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы 10 күндүн ичинде багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечиминин негизинде багбанчылык-дача жер участогун бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
6. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды
бекитүү жана каттоо
25. Чектердин, Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун тизмеги жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен бекитилет.
Багбанчылык-дача жер участокторун кошпогондо, жер участоктору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардын мэриясынын жер мунапысына туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына менчик ээлеринин макулдугусуз которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.
Тутумдук же өз ыктыяры менен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укук катары мамлекеттик каттоодон өткөн жер участокторуна жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн) арызынын негизинде коомчулукка билдирүү жол-жоболорун өткөрбөстөн жана ушул Жободо каралган жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун бербестен укук ээлеринин тизмесин бекитүү жөнүндө чечим чыгарат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн) арызынын негизинде коомчулукка билдирүү жол-жоболорун өткөрбөстөн жана ушул Жободо каралган жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун бербестен укук ээлеринин тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, багбанчылык-дача жер участокторун кошпогондо, жер участоктору менчик ээлеринин макулдугусуз "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.
Ошол эле учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы кабыл алган чечимин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулган (трансформацияланган) контурлардын жана аянттардын тизмеги менен жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү үчүн жергиликтүү каттоо органдарына жиберет.
Эгерде жер мунапысынын объектилери калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан болсо, жер участокторун “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) талап кылынбайт. Ошол эле учурда жеке турак үй куруу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери болбогон калктуу конуштардагы жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы архитектура жана шаар куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун жана жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан бекитилген Жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесинин негизинде жер участогун бекитип берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Шаарларда комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591, 2025-жылдын 28-майындагы № 284 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы бекитилген Чектердин тизмегинин, Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун жана Тизменин негизинде 3 жумуш күндүн ичинде “Жеке турак жай куруу үчүн” максаттуу багытын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Жер мунапысынын объектилери бар тигил же бул айыл аймагынын административдик чегине кирбеген райондук маанидеги жерлерге карата райондук мамлекеттик администрация айыл аймагынын калктуу конушу менен чектешкен жер мунапысынын объектилеринин жайгашуусуна жараша “Жеке турак жай куруу үчүн” максаттуу багытын милдеттүү көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын аныктайт.
Шаарларда жер участокторунун чектерин жана аянттарын көрсөтүү менен бекитилген Тизмелердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимди 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
Ошол эле учурда жер мунапысынын объектилерине кирген жана мурда кабыл алынган укук белгилөөчү документтердин негизинде укуктары катталган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча “Жеке турак жай куруу үчүн” максаттуу багытын милдеттүү көрсөтүү менен жер мунапысынын субъектине укукту бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу талап кылынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
27. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 134 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер мунапысынын объектилерине менчик укугун бекитүү жөнүндө чечими укук ээсине берилет, көчүрмөсү кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча органга берилет.
29. Жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын каттоо кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат:
– баштапкы менчик ээсинин айыл чарба жерлерине, анын ичинде жер үлүштөрүнө болгон анын укуктарын токтотуу жөнүндө арызы болгон учурда айыл чарба жеринин кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык кодун жокко чыгаруу жана калктуу конуштун идентификациялык кодун ыйгаруу менен жер мунапысынын субъектинин укугун каттоо жүргүзүлөт;
– баштапкы менчик ээсинин мурда катталган укуктарын токтотуу жөнүндө арызы жок болгон учурда мурда катталган укугун каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө жана жер участогуна чектөө катары берилүүчү укук күбөлөндүрүүчү документтин чектөөлөр бөлүмүнө которуу менен жер мунапысынын субъектинин укугун алдын ала каттоо жүргүзүлөт. Ошол эле учурда кыймылсыз мүлк бирдигинин (айыл чарба жеринин) идентификациялык коду чектөө алып салынгандан кийин гана жокко чыгарылат.
Жер участогу менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга бул чектөө алып салынгандан кийин гана мүмкүн болот.
Чектөөнү алып салуу мурдагы менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы же тиешелүү сот акты берилгенде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Жер мунапысынын объектисине укук мамлекеттик каттоодон өткөн жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ берилген учурдан тартып жер мунапысы аяктады деп эсептелет.
31. Жерлерди которуу жөнүндө маалымат белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине киргизилет.
311. Жер мунапысынын объектилериндеги жеке турак үйлөр жана калктуу конуштардагы жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жеке турак үйлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 240 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте турак жай курулуштары деп таанылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Жер мунапысын жүргүзүү үчүн жоопкерчилик
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)