Загрузка документа…
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 6/12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясынын
2024-жылынын 23-апрели №5/1
“Кум-шагыл алуу жана таш майдалагыч орнотуу боюнча жер аянтынын багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө”
Т.Балтагулов айылдык аймагынын Сафед-Булан айылынын Курук-Сай участкасынын № 61-контурунан 15,0 га жана Алтын-сай участкасынын № 78-контурунан 32,0 га жер аянтын кум-шагыл алуу жана таш майдалагыч орнотуу боюнча жеке ишкер Х.Ташбаевдин жеке арызын карап, жергиликтүү кеңештин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укук жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курук-Сай участкасынын № 61-контурунан 15,0 га жана Алтын-сай участкасынын № 78-контурундагы 32,0 га жер аянтынан кум шагыл алып иштетүү жана таш майдалагыч орнотуу боюнча, жеке ишкер Х.Ташбаевге уруксат берилсин.
2. Аталган жер аянттарынын багытын өзгөртүүдө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу- жеке ишкер Х.Ташбаевге жүктөлсүн.
3. Жеке ишкер менен келишим түзүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо-айылдык аймактын башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укук жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин
Төрага: | Т.Хамракулов. |