Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/12
Айылдык кеңештин токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 12-июнундагы №11/1-Б-280-24 чыгыш сандуу “Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 5/1 токтомун жокко чыгаруу” жөнүндөгү каршылык билдирүү каты боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 12-июнундагы №11/1-Б-280-24 чыгыш сандуу каршылык билдирүү каты жетекчиликке алынсын.
2. Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 12-июнундагы №11/1-Б-280-24 чыгыш сандуу каршылык билдирүү катынын негизинде, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин төмөнкү токтомдору жокко чыгарылсын:
- Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 5/1 токтому;
- Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 5/2 токтому.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |