Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 267
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айрым мекемелердин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 18-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча
мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография"
геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн
аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата
ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1. "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси | ||
1 | Директор | 4,70 |
2 | Директордун орун басары | 4,48 |
3 | Талаа маселелери боюнча директордун орун басары - экспедициянын начальниги | 4,48 |
4 | Директордун жардамчысы | 3,74 |
2. Камералдык өндүрүш | ||
5 | Башкы инженер | 4,40 |
6 | Башкармалыктын начальниги | 4,21 |
7 | Карталардын башкы редактору | 3,84 |
8 | Башкы бухгалтер | 3,84 |
9 | Башкы бухгалтердин орун басары | 3,74 |
10 | Бөлүмдүн начальниги | 3,84 |
11 | Бөлүмдүн начальнигинин орун басары | 3,74 |
12 | Топтун, лабораториянын, фонддун, сектордун, штабдын начальниги (башчысы) | 3,74 |
13 | Жетектөөчү бухгалтер | 3,26 |
14 | Бухгалтер | 2,80 |
15 | Кассир | 2,56 |
16 | Жетектөөчү экономист | 3,26 |
17 | Экономист | 2,98 |
18 | Котормочу | 2,98 |
19 | Башкармалыкты документтик камсыздоо боюнча улук инспектор | 3,26 |
20 | Карталардын жетектөөчү редактору | 3,74 |
21 | Карталардын редактору | 2,80 |
22 | Жетектөөчү инженер-механик | 3,74 |
23 | Инженер-механик | 3,26 |
24 | Энергетик | 3,26 |
25 | Башкы адис | 3,55 |
26 | Жетектөөчү адис (инженер) | 3,26 |
27 | Адис (инженер) | 2,98 |
28 | Техник | 2,18 |
3. Кыргыз комплекстик аэрогеодезиялык экспедиция (ККАГЭ), талаа өндүрүшү | ||
29 | Башкы инженер | 4,30 |
30 | Экспедициянын начальнигинин орун басары | 4,13 |
31 | Талаа партиясынын начальниги | 4,03 |
32 | Талаа партиясынын начальнигинин орун басары | 3,84 |
33 | Транспорттук участоктун начальниги | 3,74 |
34 | Башкы адис | 3,55 |
35 | Жетектөөчү адис (инженер) | 3,26 |
36 | Адис (инженер) | 2,98 |
37 | Техник | 2,18 |
38 | Экономист | 2,98 |
39 | Башкармалыкты документтик камсыздоо боюнча адис | 2,84 |
40 | Карталардын жетектөөчү редактору | 3,74 |
41 | Карталардын редактору | 2,84 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн топографиялык-геодезиялык иштердин бардык түрүн аткарууда кызматтык маянанын 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.". | ||