Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 312
2021 жылдын 13-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосундагы Институттук өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 13-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосундагы Институттук өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатында өз ара түшүнушүү жөнүндө тиркелген Меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эмират тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кириш үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |