Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 312 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Институттук өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Дубай шаары, 2021-жылдын 13-декабры
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттары, биргелешип "Тараптар" деп аталып,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу тыгыз мамилелерге жана кызматташууларга таянып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун, мамлекеттик органдарда корпоративдик потенциалды жана натыйжалуулукту баалоо системаларын чыңдоонун маанилүүлүгүн эске алып,
кызматташууну өнүктүрүүнү жана тиешелүү тармактарда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты колдоо жана өнүктүрүү үчүн институционалдык алкактарды камсыздоону каалап,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасын өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, электрондук башкарууну киргизүү, мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоону жүргүзүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине баалоону жүргүзүү, чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлгөндүгүн көңүлгө алып,
Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнө караштуу Министрлер Кабинетинин иши боюнча министрликтин функцияларында БАЭ стратегияларын координациялоо, даярдоо жана ишке ашырылышын контролдоо; стратегиялык жана оперативдүү пландарга саресеп; федералдык министрликтер, уюмдар жана мекемелер тараптан сунушталган саясатка саресеп; федералдык министрликтерде жана мекемелерде аткарууларды баалоонун Институттук системасын башкаруу жана өнүктүрүү; федералдык мамлекеттик сектордун натыйжалуулугун, таасирдүүлүгүн жана иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча саясатты иштеп чыгуу; кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, БАЭ федералдык министрликтердин, уюмдардын жана мекемелердин лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча аракеттерди жетекчиликке алуу, ошондой эле БАЭ Өкмөтүнүн атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аракеттерди өнүктүрүү жана координациялоо каралгандыгын көңүлгө алып,
Тараптар төмөнкүлөрдү түшүнүүгө жетишишти:
I берене. Максаты
Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (мындан ары "Меморандум" деп аталат) мамлекеттик практиканы өнүктүрүү, Институттук потенциалды жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, ошондой эле мындан ары талкууланууга жана макулдашууга тийиш болгон кызматташуунун башка багыттары боюнча биргелешкен аракеттерден пайда чыгаруу жолу менен башкарууну өркүндөтүү процессинде Институттук потенциалды чыңдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди күчтөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.
Ушул Меморандум тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын эл аралык милдеттенмелерине ылайык ишке ашырылат.
Ушул Меморандумдун жоболору V беренеде каралгандардан тышкары, кандайдыр бир юридикалык укуктардын жана милдеттенмелердин келип чыгышы үчүн негиздеме болуп саналбайт.
II берене. Иштин көлөмү
Ушул Меморандум Тараптар ортосундагы кызматташуунун жалпы чектерин белгилейт. Тараптар билим, тажрыйба алмашуу, өкмөттүк жана Институттук иштерге тиешелүү иштелип чыккан сунуштамаларды жана моделдерди колдонуу менен өз ара тажрыйбадан пайда алуу аркылуу ишин жакшыртуу жана өнүктүрүү багытында кызматташат.
III берене. Кызматташуу тармагы
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын кызматташуусу төмөнкүдөй чөйрөлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
- мамлекеттик акселераторлор;
- программалоо;
- интеллектуалдык кызмат көрсөтүүлөр; өкмөттөрдүн ишинин натыйжалуулугу; алдынкы тажрыйба жана инновациялар; стратегиялык болжолдоо, пландоо жана башкаруу;
- Тараптар макулдаша турган башка чөйрөлөр.
IV берене. Финансылык милдеттенмелер
Ушул Меморандум Тараптарга кандайдыр-бир финансылык милдеттенмелерди жүктөбөйт. Ар бир Тарап биргелешип жүргүзгөн иштин алкагында өзүнүн жумушчу тобунун ишине байланыштуу бардык чыгымдарды, анын ичине кабыл алуучу Тараптын экинчи Тарапка каражаттары же башка ресурстары болгон шартта өзүнүн эсебинен жайгаштыруусу тууралуу алдын-ала макулдашуусу же сунушу жок болсо, семинарларга жана практикумдарга баруусуна жана катышуусуна байланыштуу чыгымдарды өз алдынча тартат.
V берене. Купуялуулук
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптар алмашуучу маалыматтар же башка документтер купуя болуп саналат жана алар бардык Тараптардын алдын-ала жазуу жүзүндөгү макулдашуусунан башка үчүнчү жактарга жайылтылбашы керек. Тараптар маалыматтардын купуялуулугун коргоо үчүн коопсуздуктун бардык тиешелүү чараларын камсыз кылууга жана анын ачык колдонуу мүмкүнчүлүгүн же ыйгарым укуктуу эмес жактын же уюмдун карамагына түшүүсүн алдын алууга милдеттенишет.
VI берене. Институттук деңгээлде жана техникалык өнөктөштөр арасында координациялоо
Тараптар ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу жана анын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен техникалык топ түзүшөт. Тараптар ошондой эле ар кандай демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду колдоо үчүн жумушчу топторду жана эксперттердин тобун түзүү укугуна ээ болушат.
VII берене. Конкреттүү макулдашуу
Өз ара макулдугу боюнча Тараптар ушул Меморандумда көрсөтүлгөн жалпы максаттарга жана иштин көлөмүнө ылайык конкреттүү макулдашууларды түзүшөт.
VIII берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Меморандумду чечмелөөдө же ишке ашырууда келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптар ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ынтымак жолу менен чечилет.
IX берене. Жалпы жоболор
Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Меморандум, эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Меморандумду колдонууну токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө аны токтотууга чейин (6) ай мурда билдирбесе, үч (3) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Меморандум 2021-жылдын 13-декабрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде кол коюлду. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Жапаров Акылбек Усенбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| Мохаммад бин Абдулла Аль Гаргави Министрлер Кабинетинин иши боюнча министри |