Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 14-июну ПЖ № 157
Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында ырайым кылуу жол-жоболорун регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 3-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-октябрындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |