Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 157 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 28-октябры ПЖ № 266
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 8-августундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кечирим берүү маселелери боюнча комиссия жана кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Кечирим берүүнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "өлүм жазасы" жана "өлүм жазасына соттолгон" деген сөздөр тиешелүү түрдө тиешелүү жөндөмөлөрдө "эркиндигинен өмүр бою ажыратуу" жана "эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- I бөлүмдүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- III бөлүмдүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- эркиндигинен өмүр бою ажыратууну белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;";
- IV бөлүмдүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добушу укугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси, ал эми алар жок болуп калган учурда - алардын орун басарлары катышат.";
- VI бөлүм күчүн жоготту деп табылсын;
- VII бөлүмдүн биринчи абзацы "бир жылдан кийин" деген сөздөн кийин "эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор үчүн, - он жыл өткөндөн кийин," деген сөздөр менен толукталсын;
- IX бөлүмдөгү "ички иштер" деген сөздөр "жазаларды аткаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- XI бөлүмдөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- XII бөлүмдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- XV бөлүмдүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- эркиндигинен ажыратууга, шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратууга же өкүмдүн аткарылышын кийинкиге калтыруу менен, эркиндигинен ажыратпай туруп коомдук иштерге соттолгон адамдарга карата, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |