Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 10-июну № 4-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жободо:
1) 137-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Бюджеттик мекемелер тарабынан мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугунда пайдаланылуучу, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттеринин астында жайгашкан жер участоктору жер участогун пайдалануу укугун ырастаган документтин (мамлекеттик актынын) негизинде бухгалтердик эсептин тиешелүү эсептеринде эсепке алынууга тийиш.”;
2) 232-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“232. Чыгымдар катары таанылган запастар кийин бухгалтердик эсептин эсептеринде контролдоо максаттары үчүн эсепке алынат.”;
3) 312-пункттун 1 жана 3-пунктчаларындагы “10” деген цифра “20” деген цифрага алмаштырылсын.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
|
А.К. Бакетаев |