КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-июну № 101
"Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 9-июну, № 46) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, жеке жактарга таандык, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан, атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышын жана ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоону кепилдөөнү камсыз кылуу болуп саналат.";
2) 2-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) активдер - атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган, 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банк эсептериндеги акчалай каражаттар, Кыргыз Республикасындагы жана/же анын чегинен сырттагы накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү катышуу үлүштөрү (пайлары);";
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны ушул Мыйзамда каралган тартипте күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;";
3) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Декларациялоонун субъектиси 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, атайын декларацияны күбөлөндүрүү датасына карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди декларациялоо үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылууга укуктуу.";
4) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Активдерди декларациялоо мөөнөтү
Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү болуп 2023-жылдын 9-июнунан тартып 2024-жылдын 31-декабрын кошо алган мезгил аралыгы саналат.";
5) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Бирдиктүү салык декларацияларын жок кылууга байланыштуу, мурда декларацияланган активдер декларациялоо субъектисинин ыктыяры боюнча атайын декларацияга киргизилиши мүмкүн.";
6) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде активдердин номиналдын ээлеринен" деген сөздөр "2025-жылдын 31-январына чейин активдердин номиналдык ээлеринен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул Мыйзамга каршы келген мыйзамдардын ченемдерин декларациялоо субъектисине каршы колдонууга тыюу салынат. Ушул Мыйзамда белгиленген кепилдиктер кайра каралууга тийиш эмес.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |