Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын “24” июну № 355 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо жаатындагы
айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө
кодексине, "Кыргыз Реепубликасындагы калкты социалдык
жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К. Кадырбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбооруна ылайык "өзүнүн курамында төрт жана андан ашуун жашы жетелек балдары бар көп балалуу үй-бүлө" деген түшүнүктү киргизүү сунушталууда.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык көп балалуу эне - беш жана андан ашык баланы төрөгөн жана тарбиялаган эне болуп саналат.
Ошол эле учурда, үй-бүлөнү же энени көп балалуу деп эсептөө үчүн балдардын санын кыскартууну караган ченем төреттүн төмөндөшүнө өбелгө болот деп эсептейбиз.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берилет деп сунушталууда. Ошол эле учурда көп балалуу үй-бүлөлөргө канча акча төленөрү жана республикалык бюджеттен канча акча талап кылынары тууралуу финансы-экономикалык эсептөөлөр айтылган эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен Мыйзамдын долбооруна тиркөө, ошондой эле негиздеме-маалымкатты жогоруда көрсөтүлгөн маалымат менен толуктоо зарыл.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджетинин 95 пайызы ар кандай жөлөкпулдарды, компенсацияларды төлөөгө жана социалдык колдоонун башка чараларына жумшалат:
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу;
- майыптыгы бар балдарга жаш курагына карабастан ай сайын 8000 сомго чейинки өлчөмдөгү "социалдык жөлөкпул";
- туруктуу багууга муктаж болгон балдарды багуу үчүн ата-знелерге ай сайын 6300 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөр;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарында жашаган адамдар үчүн эмгек акыга, үй-бүлөнү багуу боюнча жөлөкпулдарга, пенсияларга, стипендияларга жана башка социалдык төлөмдергө үстөктөрдүн коэффициенттеринин критерийлери жана өлчөмдөрү жана тиешелүү кошумча төлөмдөр белгиленген;
- жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүү жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандыруу, алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында айрым жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөргө 2022-жылдан тартып республикалык бюджеттен 100 миң сом өлчөмүндө грант түрүндө кайтарымсыз финансы каражаттары телөнүүдө.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 101 "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынды, анда 2024-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган томолой жетим калган ар бир балага "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү каралган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориялары бир эле учурда мамлекет тарабынан каралган жеңилдиктерди, компенсацияларды, пенсияларды, социалдык жеңилдиктерди жана төлөмдөрдү алууга укуктуу.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрүнүн жана өлчөмдөрүнүн толук тизмеси келтирилген жана көп балалуу үй-бүлөлөргө кандай жеңилдиктер берилери такталган эмес.
Көп балалуу үй-бүлөлөргө кандай жеңилдиктер берилип жатканы белгисиз болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык беш жана андан көп бала төрегөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялаган аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо курагы боюнча пенсия алууга укуктуу.
Ошондой эле, жогоруда аталган Мыйзамдын 13-статьясына ылайык "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Ушуга байланыштуу жогоруда керсөтүлгөн Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коомдук талкуулоо жүргүзүү максатында Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылгандыгы көрсөтүлгөн. Алсак, аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аны коомдук талкуулоонун нaтыйжaлapы жөнүндө маалыматтар да камтылууга тийиш.
Ошону менен бирге негиздеме-маалымкатта мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт деп көрсөтүлгөн.
Эгерде көп балалуу үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучу болуп эсептелсе, анда "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө, ошондой эле аларды мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучуларга жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин эске алуу керек, анда "мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийии Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат" деп белгиленген.
Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылаймк жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.